21.03.14 Микробдор - III

…акыркы кездерде көп күч жумшалып,
канча бир тонна микроб кырылыптыр.
Бирок да андан калган азырагы
миң эсе коркунучтуу болуп калды.
Пабло Неруда


Сөз жок, нааразычылык акциялары, демонстрация, митинг ж.б. коомдук кыймылдарды басуу жагынан азыркы бийликтин утушу арбын. Басып атат, мыйзам күчү менен да, күч мыйзамы менен да. Ал экөөнүн "эриш-аркактыгы" бу: каршылык кыймылынын катышуучулары, мейли уюштуруучулары дейли, мынчалык көп кармалып, камалып, мынчалык узак мөөнөткө кесилген (алды 7 жыл!) учур жаңы тарыхта учурай элек болчу. Мүмкүн сабалгандыр, мүмкүн бир-эки сутка камалгандыр, мүмкүн акчалай айыпка жыгылгандыр, бирок окуя оңуту мынчалык "мыкаачылыкка" айланганы эсте жок. Алардын кылмышы сот адилеттиги тарабынан аныкталып атыр дейсиз. Туура. Арийне, бийлик саясатына каш кайтарып, кайыр айткандарга "сот адилеттиги" совет доорунда эле өтө тайгалак түшүнүккө айланган. Сталин сот өкүмүсүз эч кимди аттырган эмес, ал кийин эгемен Кыргызстанда эбегейсиз өтүшүп кеткени анчалык далил талап кылбайт. Аны бийлик төбөсүндөгү төбөлдөр өздөрү да моюнга алып жүрү, аны бизге турмуш акең ар дайым эскертип келет. Биздин соттор акыйкатка караганда кимге "ак кызмат" өтөөрүн жакшы билесиз. Мыйзам күчү дегенибиз юридикалык маани-маңызынан ажырап, кайсы бийликтин болбосун ала бакан, куу союлуна айланганын анда оппозицияда жүрүп, мында бийлик башында отургандар билет, бирок айтпайт. Анткени алар бийлик кумарына батып кетип, мыйзамды буйлаланган төөгө кантип айландырып алганын өздөрү да байкабай калды. Анын айрым мисалдарына өткөн макалаларда учкай токтолдук. Дагы бир деталь.
Өткөн жылдын майында экс-депутат Камчыбек Ташиевдин жүздөгөн талапкерлери Жалал-Абад обладминистрациясын басып кирип (салыштырмалуу тынч жол менен), Медербек Үсөнов дегенди "эл губернатору" жарыялап жиберди дедик. Ал демилгеге М.Үсөновдун өзүнүн канчалык катышы бар же жоктугун билбейм, тек гана ал УКМК (КГБ) тарабынан кармалды, камалды, дүүлүккөн калктын канын суута туруу максатында үй камагына чыгарылды, кыскасы, "бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган", "Конституция түзүлүшүн күч менен өзгөртүү чакырыгын таштаган" айыбы менен ага кылмыш иши козголду. Туурубу? Тууру! 400-500 киши ээрчитип чыккандар аким-өкүмдөр кеңселерин басып алып, "элдик губернатор" боло берсе, мамлекет кайда калат жана кайда барат?
Арийне, коомчулук антип "кокуйлап" бүтө электе азыркы бийлик акыл айраң каларлык "реванш" жасап М.Үсөновдун үндөөсү анын алдында шоона эшпеген дагы бир "элдик губернаторду" шаар мэрлигине ар кандай айла-амалдар менен шайлатып жиберди (анын механизмин алдыда кеп кылабыз). Сөз республиканын түштүк борбору - Ош шаарынын жаңы мэри Айтмамат Кадырбаев тууралуу баратканын баамдап аткандырсыз. А киши кыргыз коомчулугунда албан түмөн аңгемеге каарман болгон; ал кишинин жайын 2010-жылдагы апрель төңкөрүшчүлөрү, асыресе ал кездеги Утурумдук өкмөттүн лидерлеринин бири, азыркы мамлекет башы Алмазбек Атамбаев жадыбалдай жат билет, бирок айтпайт. Анткени ал демилгени өзү колдогон. Алар айтпаган соң, төңкөрүш тарыхына такалуу из калтырган ал окуянын айрым моменттерин окурмандар эсине сала кеткен оң.
Азыр бийлик кабагына туура келбегендердин баарын эле "бакиевчи" деп башка чаап атышат. Бул эми кыргыз бийлигинин илгертен келаткан "ит оорусу". Бакиев оппоненттерин "акаевчи" деп бакылдачу, Акаев кылгылыкты "кызыл жиндер" - коммунисттер кылып атат маанисинде кыңылдаар эле. Өздөрү кудум Акаев режимине "ак кызмат" кылбагансып же "кызыл жиндердин" майлуу жилигин мүлжүбөгөнсүп. Алмазбек Шаршенович деле кечээ Бакиев баарын көтөргөн балбан экен, дөө экен маанисин дасторкон үстүндө эмес, басма жүзүндө бакылдап атып, Бакиевдин колунан орден алганын унутуп…
Бул эми кыпчынды сөз. Албетте, арабызда "бакиевчилер" өтө арбын болушу толук ыктымал. Арийне бир нерсе анык: алар оппозицияга эмес, абалы азыркы бийликке, Атамбаевдин өзүнө милдеткер. Анткени "бакиевчилер" оппозицияга караганда Ак үйдө өрүп жүрөт, алпечтеп багылып атат. Жергиликтүү бийликти айтпай-ак коелу. Анын албан султан мисалы мына, Айтмамат Кадырбаев.
Айтмамат Тентибаевич апрель төңкөрү-шүнө чейин Ош облгубернаторунун орунбасарлык милдетин аркалаган. Төңкөрүш албетте, ага да, шефине да, колдогон кожосу атактуу Үсөн Сыдыковго да жаккан эмес. Алардын акылман жетекчилиги менен ага-тууган, эл-журтту чогултуп келип, Ош обладминистрация имаратын басып алып, өзүн Бакиев режимине бекем "элдик губернатор" жарыялаган. Тилекке каршы, "губернаторлугу" эртеси эле күбүлүп түшкөн. Утурумдук өкмөттүн куралдуу күчү имаратты курчоого алып, ага "Ата мекен" сыяктуу "революциячыл" партиялардын "жоокерлери" жардам берип, алда-жалда менен кууп чыгарган. Ок атылган, имарат талкаланган, кагылышуудан жарат алгандар болгон, а өзү кайсыдыр бир айылга жашынып жаны калган. Ага окшогон окуялар, албетте, Оштогу кандуу каргашанын чыгышына от тамызгы болбой калмак эмес.
А.Кадырбаев анык кыргыз эмеспи, качып кайда бармак, ошондо козголгон кылмыш ишине бир жыл ашырып жооп берип, 2011-жылдын 29-августунда Ош шаар соту тарабынан үч жылга шарттуу кесилет. Кесилди эсебиндеги Айтмамат Тентибаевич караңгыдан калкып чыккансып 2012-жылдын мартында Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча деректирлик жетекчисинин орунбасарлыгына дайындалат. "МК Азия" журналистинин бул кандайча болуп кетти маанисиндеги суроосуна ал: "Мен 2012-жылдын 29-февралында Жогорку сот тарабынан толук акталгам" деп жооп бериптир. Маселенин тузу ушунда. Эсиңизге эч нерсе түшкөн жокпу? Кудум Батукаевдин сценарийи. Бүгүн акталат, эртеси акча суу сыяктуу аккан арыкка бутун салып отурат. Ал "суудай аккан" акчанын чыры али аныкталып бүтөлек, ага карабастын ордолуу шаардын олчойгон беги болду да калды. Батукаевдики сыяктуу эле "калыңы" кандай болду деп кабатырланбаңыз. Ансыз бизде ай чыгып, күн батпайт. Бирок эч качан далил таппайт.
Ушунун өзү эле коррупцияга каршы катуу күрөшүп аткан азыркы бийликтин эки жүздүү моралынын дагы бир бетин жарык кылбайбы? Белгилүү журналист Эсенбай Нурушев жакында "Вечеркага" жарыяланган макаласында "азия жолборстору" тажрыйбасынан бир аңыз келтирди. Сөз ыңгайы суранып атыр, которуп кошоюн. "Ишти өзүңдүн үч досуңду түрмөгө отургузуудан башта, - дептир атактуу Ли Куан Ю. - Ошондо сиз эмнеге отурганыңызды, алар эмне үчүн отурганын түшүнөт". Анын ким экенин билесиңер, биз сыяктуу эле өчөйгөн Сингапур мамлекетин (калкы 4 миллиондун тегереги) дүйнөнүн дүркүрөп өнүккөн өлкөлөрүнүн бирине айланткан адам. Өнүгүүнүн өзөгүн коррупцияга каршы катуу кармаштан көргөн жана тапкан. Э.Нурушев өтө сак, кылдат, аяр журналист. Даанышман эл башынын ал кеңешин жалпы кыргыз бийлигине багыштаптыр. Президент Атамбаевге деп эле ачык айтса болмок. Агитпроп коррупция менен жалгыз Атамбаев күрөшүп атат деп карапайым калкты катуу күтүрөтүп атпайбы. Анда акыйкат үлүшү жок эмес, бар.
Алмазбек Шаршенович чын эле коррупцияга каршы күрөштү колтугунда жашагандардын жана колтугунда жасалып жаткан иштерден баштаса болмок. Бул Өмүркулов же Калмурзаев өңдүү ашына-кошуналарын же банк уячаларынан миллиондорду сологон кесиптеш "революционерлерин" камаш керек эле деген кеп эмес, жок дегенде эки төңкөрүш элди эмне деп көчөгө ээрчип чыккандардан баштаса болмок деген тилек. Эсеби маселең, энергетикадагы, айрыкча электр тармагындагы, тоо-кен өнөр жайындагы, төтөн "Кумтөрдөгү", телекоммуникациядагы чайлап-коолап, тармакташып туташкан коррупцияны түп тамырынан бери жулуп, элге кызмат кылдырабыз дешкен. Алмазбек Шаршенович Бакиев өкмөтүнүн баш министри кезинде Майлы-Сай электр лампа заводу, Таш-Көмүрдөгү эң бир уникалдуу кристалл заводу жалган менчик ээлерине текейден арзан сатылып кетиптир, эл энчисине кайтарайын десем бийлигим жетпей атат маанисинде ыйламсырап, коомчулуктан аброй тапкан бир кыйла "коррупциялык схемаларды" айтпай-ак коелу. Экономикабыздын эң негизги өркөчү делген тиги тармактарда коррупциянын кылы кыйшайдыбы? Бирөө сурак берип, жоопко тартылган бирөө барбы? Коррупция баягыдай эле жайкалып гүлдөп атыр, анын акыл ээлери баягыдай эле чайкалып жашап атыр. Андан да кызыгы, анын аныгын Алмазбек Шаршенович өзү жарыя айтууда.
Өкүнүчтүүсү, өлкө президенти "ким биз менен жүрбөсө, ал бизге душман" деген эски эрежеге азгырылып, коррупцияга каршы күрөштү саясый оппоненттерине сасыган, бүксүгөн компроматтарды каздырып, аларга кылмыш ишин ачтыруу менен баштады. Азыркы бийлик менен "жүрбөгөн" ким? Албетте "Ата журт" партиясы. "Ата журттун" позициясы түштүктө күчтүү, лидерлери, депутаттарынын көпчүлүгү түштүктүн кулундары. Президент Атамбаевдин аброю түштүктө анчалык эместиги эч кимге жашыруун эмес. Демек өлкөгө темирдей тартип орнотуу, коомду коррупциядан тазалоо жалаң "Ата журттун" "башын алмайга" багытталганы "түштүктүн тыңчыкма кулундарынын белин сындырып, алдыдагы шайлоолордун жолун тазалап атат" сыягындагы түкшүмөл жаратышы ыктымалбы? Ыктымал эмес, ырасталды. Иштин андай жагдайы айтылып да, жазылып да жатат. Айрыкча бийликтен ыдык жеп өчү күйгөн, бийликке жетпей көзү күйгөн саясатчылар ошентип түшүндүрдү жана түшүндүрүп атышат. Баса айтам, түштүк элине. А эл деген эл. Толстойдун "Согуш жана тынчтыгында" болжолу момундай бир байкоо айтылат: ар кимибиз өз алдыбызча аң-сезимдүү жашайбыз, бирок чоң шарданга кирип кетсек, аң-сезимсиз куралга айланабыз. Калктын же калдайган калың топтун "аң-сезимсиз куралга айланышы" арзандыгын өлкөдө өткөн эки төңкөрүш далилдедиби же далилдеген жокпу?
Баса, түндүк-түштүк маселеси барбы? Бар! Бүт дүйнөдө бар. Кыргыз бийлигинин баардык учурунда айтыла жүргөндөй, карапайым калк арасында эмес, кадрлар маселесинде. Мына, кечээ эле түштүк оппозициясы бийликке биз тараптан алса тыңдарын эмес, эт менен челдин ортосундагы кадрларды алат маанисинде Акаевди катуу айыптап жүрүп акыры алып түштү. Анда акыйкат үлүшү арбындыгы, менимче, азыркы бийлик Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматовду аттан оодарып түшкөндө байкалды.
Тан бериш керек, М.Мырзакматов төңкөрүштөн кийин азыркы бийликтин мээлеген огуна көкүрөк тосуп, көжөлүп иштеди. Жакшы иштеди. Жаңы бийликтин "баатырлары" Мырзакматов "бакиевчи" деп бакылдап атпайбы. "Бакиевчилерге" деле калыстык керек го? Баса, Бакиев Жалал-Абадга качып, оштуктардан жардам сурап митинг өткөрүү аракетин Мырзакматов четке кагып, өткөртпөй артка айдаганы деле оң бааланууга тийиш эле. Эми ал тарыхтын иши. Оштогу кандуу, каргашалуу окуяны басууда, кыргыздар менен өзбектердин кайрадан эриш-аркак жашоосуна шарт түзүүдө, Ош шаар келбетинин ойго келбегендей өзгөрүшүнө салым кошууда Мырзакматовдун өтөгөн эмгеги менен өткөргөн сабагын санап отуруу, менимче кажетсиз. Ал белгилүү. Эң негизгиси, эл билет, Оштун эли билет. Ушунун өзү эле Алмазбек Шаршенович мамлекеттин баш арбитри катары жаштык-мастык кылып жатасыз, оңол-түзөл, баарыңар ырылдашпай, чырылдашпай өлкөнүн өнүгүшүнө күч жумшагыла маанисинде Мырзакматовду мунасага чакырууга шарт түзмөк. Антпеди. Каршылыктын каяшасына алдырып жиберди. Төңкөрүшчүл бийлик Мырзакматовду аттанганда эле "төңкөрүп" түшүүгө аракет жасаган. Эли "төңкөртпөй" койду. Азыркы бийликтин башын мыкчыгандардын бирөөсүнүн да Ошто Мырзакматовдой кадыр-баркы жок экен. Жөн эле алып салалы десе, бунт чыгып кетеби деп коркту. Анысы албетте, мамлекеттик бийликтин алсыздыгын гана айгинелеп тим болду. Акыры аны мыйзам күчү менен, б.а. шайлоо жолу менен алалы чечимине келди сыяктуу. Анысы туура болучу. Бирок мыйзам күчү адаттагыдай күч мыйзамына айланып кетти.

(Уландысы 7-бетте)