21.03.14 "Көпөлөктөр өрөөнүн көксөгөн Мурза Гапаров"

Мына ушундай аталыштагы китеп жакында жарыкка чыкты. Автору Абдыкерим Муратов. Ал жазуучу жана драматург Мурза Гапаров менен чогуу иштеген, чогуу баскан-турган. Бул эсселерден турган китепте Мурза Гапаровдун кандай адам болгондугу, анын кыял-жоругу, жүрүш-турушу, адамдар менен алака-катышы, чыгармачылыкка кылган мамилелери көркөм баяндалат. Таланттуу жазуучунун ажайып дүйнөсүнүн айрым жактарын ачып берген бул сүртүмдөр менен окурмандарды тааныштырууну биз да ылайык көрдүк.

Нооруз десек Мурзакени, Мурзаке десек Ноорузду түшүнөбүз…
Бу союз дегендин учурунда кыйла жазуучулар компартиянын катарына өтүп, саясатташып, динди жерип, өткөндүн баарын кылычтап шылып таштаган. Ошондо жаңы жылды Иисустун туулган күнүнө туштап белгилеп калыппыз.
Анан кайра куруу дегени башталып, эскини тикелейли десек, аларын билген пенде жок. Издеп-издеп Мурза аканы таптык. "Атылбай калган текедей" жүрүптүр, эски Ноорузду эсинде сактап. Кереги тийди. Биз жерип ийген, ыргытып таштаган, унутуп калган нерселерди быркырап сынган карапаны кайра бирден тергендей терип, чогултуп, кураштырып чыкты. Миң киши, бир система бузган нерсени бир киши оңдоп берди. Ал киши чоң майдандагы, окуу жайлардагы Нооруз майрамынын сценарийин жазып берди. Мурза акадан Ноорузду билдик.
Мурза ака жерден таап, асмандан нур келип, тили каткан парандаларга тил кирип, чээнде жаткан казандалар аптапка чыгып, кыш топтогон тоң кетип, топуракка тап келген, улустун улуу күнү кыргыздын жаңы жылы Ноорузда туулган.

Нооруз десек Мурзакени, Мурзаке десек Ноорузду түшүнөбүз…
Нооруз күнү туулгандар
Ал кезде Нооруз күнү анча белгиленчү эмес, ага тыюу салган. Көпчүлүк биле бербегени менен азчылык ал күн кыргыз адабиятына эң таланттуу эки инсанды тартуу кылганын билишчү.
Ноорузду кыргыз тилине "жаңы күн", "жаңы жылдын башталышы" деп которушат. Чын эле бул башталыш сыяктуу кыргыз адабиятынын жаңы күнү, жаңы башталышы болгон.
1915-жылы Нооруз күнү Сары-Өзөн Чүйдүн батышындагы Каптал-Арык деген айылда акын Алыкул Осмонов туулса, 1936-жылы ушул күнү Ноокаттын үстүндө Чечме-Сай айлында жазуучу, драматург Мурза Гапаров жарык дүйнөгө келген. Нооруз күнү туулган бул экөө кыргыз адабиятына өз үнү менен Нооруздай жаңырып да, кыштын акыр-чикирин тазалап да өттү. Алыкул дал ушул жаз келгенде эчен жолу Ата журтуна күйпөлөктөп:

Жаз да башка… жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата журт, - деп ырдап, Ата журттун оорусун өзүнө алып, Адам менен, Табият менен сырдашып, кыргыз поэзиясында эң алгачкылардан болуп лирикалык каармандын ички дүйнөсүнө эң эле терең жерден үңүлүп кирди. Отуз беш жашында оо дүйнөгө кеткен акындын поэзиясынын ооматы жыл өткөн сайын кайра жашарып да, кайрадан оорбасырык тартып, ойго салып да келет.
Мурза Гапаров болсо тоталитардык-буйрукчул доордун гүлдөгөн мезгилинде жашаса да, колхоз-совхозду жазып, коммунисттин жалындуу образын түзбөптүр, ал жөнөкөй кишинин эң жөнөкөй турмушун сүрөткө алып өтүптүр. Адабиятка, театрга ак кызмат кылыптыр. Унутулуп калган, советтик коом жыгып салган Ноорузду тикелейм деп аябай убараланыптыр жана ошонун үзүрүнө эми жеткенде айла жок ажал ал кишини да алып кетиптир…
Ар бир жылдын Нооруз астынан мен ушул эки инсанды, адабиятыбыздын эки алп адамын эстейм. Ноорузда дыйкандар дың бузгандай, бул экөө адабиятыбыздын өз-өзүнчө дыңдарын бузушкан. Азыр эми биз алар бузган дыңдын түшүмдүн татып, ал нанды Нооруздун руханий дасторконуна коюп отурабыз.
Сөз менен сүрөт тарткан жазуучу
Мына Мурза Гапаров тарткан түштүк жазынын, айыл жазынын сүрөтү. "Ал таенемдин сөзүнөн кийин бат эле келгендей болгон. Адегенде түнкүсүн тоңуп калчу, мени мектепке чейин дадил көтөрүп барчу катуу кар эрип, кеч күздөн бери биздин бакта түнөөчү таандар учуп кетишкен. Тал боткоктоп, өрүктөр гүлдөп, айылдагы иттер өткөн жылдан калган, кыш бою кар астында жатып көктөп кеткен данектерди карс-курс чагышып, керели-кечке өрүктөрдүн астында шимшип жүрүшчү. Тооктор күнөстүү дубалдардан чымын тутуп жешип, же алыскы аңыздарга оттоп кетишчү. Биздин таргыл мышык эртеден кечке эски буудай кырмандагы чычкандардын ийинин аңдып отуруп, а анын үйдө калган жалгыз баласы таенемдин чимирилген ийиги менен ойночу… Анан ошол жаздын дагы бир белгиси катары, так эле биздин үйдүн үстүнөн каркыра-турналардын өткөнүн билем… Ошол замат аппак булуттардын арасында сүзүп бараткан, ыраматылык Кундуз жеңемдин туташкан коюу каштары сымак, ортолору ийин тийгизишкен, чоң-чоң кара куштарды көрдүм" ("Газала").
Элестүү бекен? Элестүү. Кол менен кармап көргөндөй, же көз менен карап эле отургандай болосуң…

"Кетем, кетем, сайдан түстүү таш терем..."
Мурза акани "узун сөздүн жана кыска аңгемелердин устасы" деп коюшат. Ошондой. Кыска жазат. Анан бирдекени айтып берсе, об-бо э-эй, узундан узу-уун айтат. Көбүнчө ошонусу жакшы. Бир жолу "Сезим империясы" деген жапон фильминин сюжетин айтып атат, мен угуп турам, курсак ач, анан кинодо аял ойношу менен оттон ысык болуп кетип, экөөлөп күйөөсүн о дүйнө кетирип, анан ошо балакет сөөктү жашырар жай издеп аппак карда, тоо-токойду көздөп, бир жагынан маркум айыпсыз күйөөсүнүн өлүгүн алып, бир жагынан тиги оттон ысык ойношту эш тутуп жөнөйт эмеспи, ошондогу узак жолдогу деталдарды айтып атат. Шундай ширин айтат, дүйнөлүк кино шедеври жолдо калат, курсагың да тоёт, Мурза акага суктанасың, ырахаттанасың, баарын таштап туруп ыраматылык Жолон акачесинен "кетем, кетем, сайдан түстүү таш терем, шаарда жүрүп ыр жазгандын ордуна" деп Мурза аканын сөзүн ээрчип, өзүн ээрчип, ажайып чөлкөмдөргө дервиш болуп кеткиң келет…
Баса десең, Жолон Мамытовдун "Арсланбап" деген жогорку саптары бар ыры да Мурза Гапаровго арналган, чамасы эчен жолу акын дилин да табият койнуна ээрчиткен белем…

Биз, кыргызбайлар...
Мурза ака айтат: "Бу чет элдиктер, америкалыктар, канадалыктар, немистер, жапондор, орустар шунча ажайып тоолорубузду метрме-метр аңтарып-теңтерип, кир колу менен кармабай изилдеп чыгышты, космосто жүрөт биздин жерлерге шилекейин куюлтуп сүрөткө тартып... Биз, кыргызбайлар ошерде эмне кылабыз дебейсиңби? - дейт да, суроосуна жооп бере албай көзү кызарып күлүп, кайра-кайра баш чайкап, суйдаң мурутун жанып, кол серпип, - биз, кыргызбайлар, ошерге сийип отурабыз" дейт.

Жапон саякатчысы
Мурза акага Жапония тууралуу суроо берсең, бүттү, буудай ыраңына кан жүгүрүп токтобойт эле, ак бубактуу Фудзияма, Күн чыгыш өлкөсүнүн эски ордосу Киото, самурайлар, сакуранын гүлдөрү, рикша, сакэ, бийикке чыккан кууш таш жолчолор, андагы чырак кармаган адамдар, күңүрт турмушту көрсөткөн киносу, куурчак оюндары, жалгыз адам ойногон салттуу театры... ошентип кете берет, кете берет, айта берет, айта берет. Сааттап, күндөп, айлап токтобойт.
- Мурза ака, сиз Японияда канча жолу, кай жерлеринде болдуңуз? - деп сурап коём.
- Жол түшө элек, бара элекмин үка, Кеңеш досум барган, - деп коёт ал да айыптуудай.
Түш сатуучу
Өмүр күзүнүн кайсы бир жылдары ал кайсы бир гезиттен түшүн сатып жүргөн жапон кишиси
тууралуу жомок окугандыгын, аны орус тилине Маркова деген аял которгондугун, ошол китеп жүдаа керек экендигин жолуккан сайын айта берчү. Кийин зайыбы экөө ал китепти түк эч жерден таппай, акыры маркум болгон Маркованын кызын сүрүштүрүп, ага телефон чалат. Кызы болсо сөзсүз жардам берерин айтып, анан бир нече күндөн соң деги эле апасы андай китеп которбогондугун, деги эле андай жомок жапондордо болгон-болбогонун, өзүнө жакын кишилер билбегендигин телефондо билдириптир. Андай болсо Мурза ака эмне, түш сатуучуну түшүндө көрдүбү дейсиң?..
Деги эле ал биртоп чыгармаларынын идеяларын, каармандарын түшүнөн тапчу окшойт дейсиң…
Өлгүм келет...
Мурза ака соңку жылдарда эгемен Кыргызстандагы таланттардын тебеленип, талантсыздардын бааланганына ичи чыкчу эмес. Биздин кимге керегибиз бар дечү. Көзүндө арман турчу. Балким "Өлгүм келет, спонсор керек" деген пьесасы ошондон улам жаралды го деп ойлойм.
Сууктан
коркуу
Мурза ака дайыма айтчу, кыш келатканда эле корком дечү, сууктан корком дечү. Ушундай дечү да чыйрыккансып, ичиркенип алчу. Быйылкы кыштан кандай чыгаар экемин деп басып кетчү.
Коркуп калчумун. Мурза ака… кыштын суугунан корккон Мурза ака 2002-жылы 11-июнда, жайдын ысыгында - балким кылымдын эң ысык күнүндө - саратандын асатинде үзүлдү…
Мурза акесиз
күн
Мурза аканы коюп, көрүстөндөн чыктык. Кара ашын жеп-жебей шашылгандар жумушуна кетишти. Мен да жумушка келаттым. Көчө башкача боло түшкөндөй. Ошол көчөдө Мурза ака эми эч качан баспашын билгенде жүрөгүм ачышып-ачышып кетип атты. Көчө мага бейтааныш шаардын көчөсүндөй сезилди…
Ташпанар - эстелик
Мурзаке сүрөтчү уулу Исраилге айтыптыр, өлгөндө бейитбашыма сүрөтүмдү койбогула дептир. Жапан стилиндеги ташпанар коюп койгула дептир. Ошентишти. Өлгөнгө чейинки элиталардын заңгыраган мүрзөлөрүнүн арасында жөпжөнөкөй бир эстелик - фонарь турат. Белгисиз бир кол дал ошол фонарды көтөрүп, жапандардын байыркы шаары Киотого, же тазалыктын тоосу Фудзиямага быжырап аябай көп ажайып гүлдөрүн самсалатып төгүп турган сакураларды аралап, дервиш сымал жай басып бараткандай…

Даярдаган
Жамиля НУРМАНБЕТОВА