21.03.14 Тарыхка деле тактык керектир
Эртең эле
архивге күнүбүз түшөт

Көпчүлүгүбүз сезбеген менен архив кызматы да мамлекеттин кечээкиси менен бүгүнкүсүн эртеңкиге калтыра турган маанилүү тармак. Анткен менен демократиянын шарданы, ошондой эле маалыматтык технологиянын өнүгүшү менен айрымдар "ой, койчу, азыр архивдин эмне кереги бар?" деп кол шилтеши деле мүмкүн. Бирок эртең, эртең болбосо бүрсүгүнү баарыбыздын күнүбүз ошол архив кызматына түшүп, "архивден мени карап тастыктама берип коесузбу?" деп суранып турушубуз турган кеп. Себеби архив ар бирибиздин ишибизди, эмгегибизди эртең чагылдыра турган күзгү экени талашсыз. Биз бүгүн КР Мамкаттоо кызматына баш ийген Архив агенттигинин директору Орунбай АХМЕДОВ менен бул тармактын абалы, келечеги тууралуу кеп кылдык.

Архив - карт тарыхты камтыган жай!
Архив - байыркы гректердин сөзүнөн алганда "сактоочу мекеме" деген түшүнүктү берет. Демек, архивде мамлекеттик маанилүү расмий документтердин топтому жана адабий, маданий, тарыхый, саясый материалдар сакталат. Кыргыз архивинин тарыхына келсек, 1927-жылдын мартында Кыргыз автономдуу облусунун облаткаруу комиссариаты тарабынан архивдик бюро болуп түзүлүп, кийинчерээк борбордук архив деп аталган. 1928-жылдары архивдик материалдарды топтоо иши жанданып, алгач 1500 документ архивге кабыл алынган. Учурда республика боюнча архив тармагында тээ XIX кылымдан берки 4 миллионго жакын документтер сакталып турат. Алардын 100 миңге жакыны сүрөт, кино, аудиодокументтер.


Архивдик документ деген эмне?
КР "Улуттук архив фонду тууралуу" мыйзамында так көрсөтүлгөндөй, архивдик документтер болуп менчиктин түрүнө карабай, Кыргызстандын аймагында жайгашкан мекеме-ишканалар тарабынан жана дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун КР жарандарына тиешелүү, ал жарандар тарабынан иштеп чыккан документтер, расмий иш кагаздар архивдик материалдар болуп эсептелет. Ал эми архивдик документтер сактоо мөөнөтү боюнча экиге бөлүнөт. Убактылуу сактоо 75 жылга чейин болуп, буга жеке жарандардын керт башына тиешелүү расмий документтер, ишканалардын жеке курамдары тууралуу иш кагаздары кирет. Ал эми туруктуу, түбөлүк сакталууга тийиш болгон ишканалар, мекемелер, мамлекеттик структуралар тууралуу расмий документтер. Ошондой эле буга фото, видео, аудиоматериалдар, тарыхый, адабий чыгармалар да кирет. Мыйзамга ылайык, бул документтерди жаралгандан үч жылдан кийин архивге тапшырууга милдеттүү. Ага чейин жеке секторбу, мамлекеттик органбы, саясый партиябы, баардыгы милдеттүү түрдө архив кызматкерлери менен иштешип, алар сураган документтерди көрсөтүп турууга тийиштүү. Бул мыйзамды аткарбагандар үчүн КР Административдик кодексинде жоопкерчилик каралган.

Эски жайларда эптеп турабыз...
Республика боюнча Архив агенттигинин карамагындагы үч борбордук (Борбордук мамлекеттик архив, Киносүрөтабаз (Кинофотофоно) документтеринин борбордук мамлекеттик архиви жана саясый документтердин борбордук мамлекеттик архиви) архив, Документтештирүү борбору, Маалыматтык технологиялар борбору, 8 облустук (Ош облусунда экөө), 54 райондук жана шаардык мамлекеттик архивдер бар. Абалына токтолсок, башкасын айтпаганда да Сокулук, Ала-Бука, Ак-Талаа жана Кара-Буура райондук архивдеринин имараттары өткөн кылымдын 30-50-жылдары колдонууга берилген. Бүгүнкү күндө стихиялык абалда. Кызыл-Кыя шаардык мамлекеттик архиви 2011-жылдын июль айында болгон жер титирөөдөн жабыр тартып, бүгүн башка имарат куруу талабын коюп турат. Мындан башка биртоп райондук архивдер алигиге чейин өз имараты жок көрүнгөн жерде түрткүнчүк болуп ишин улантууда. Ал эми карт тарыхты камтыган архив кызматында жалпысынан 700дөн ашык кесипкөй инсандар иштешет.

Санаага салган санарип
Ооба, азыркы технологиялык мүмкүн-чүлүктөрдүн заманында көптөгөн өлкөлөр архивдик материалдарды санариптик форматка өткөрүүнүн үстүндө үзүрлүү иштеп жатышат. Биз деле элден калбай, архивди заманбапташтырууга акырындап аракет кылып жатабыз. Азырынча беш архивге: Бишкек, Ысык-Көл, Чүй, Жалал-Абад, Ош облархивдерине китеп сканерлери орнотулуп, сакталган документтердин уникалдуулугуна жараша акырындап сканерден өткөрүп, компьютердик базага сактоону улантып жатабыз. Тилекке каршы, санарипке өтүүнүн түйшүгү көп экен. Айталы, бардык документтерди санарипке которуу үчүн биринчиден техникалар жетишпейт. Экинчиден, ал материалдар атайын автоматташтырылган материалдардын базасында сакталууга тийиш. Бизде андай бирдиктүү базалык система жок. Үчүнчүдөн, жумуш күчү жетишпейт. Биз бул боюнча биртоп донор уюмдарга кайрылып, демөөрчүлүк кылууну сурандык. Алар "силер мамлекетке керектүү мамлекеттик документтерди сактайт экенсиңер, мамлекет жардам бериши керек" деген жоопту айтышты. Мамлекет болсо бюджеттин тартыштыгына байланыштуу архив тармагын өнүктүрүү боюнча биздин 2013-15-жылдарды ичине камтыган өнүгүү программабызда көрсөтүлгөн 157 млн. сомду бере албай турганын айтып келет...

Кубанганыбыз ушул
Арманыбызды эле айта бербей, алгылыктуу иштерден кеп кылсак, Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясынын жардамы менен Ош шаарында акыркы 40 жылда биринчи жолу заманбап архив имараты курулуп, ишке берилди. Бул жертөлөсү менен төрт деңгээлден турган имараттын ишке берилиши биздин кызматкерлерге үмүт отун жандырып, "бизге деле мамлекет көңүл бурат экен" деген ишеним пайда болуп, иштерине дем берди. Ошондой эле Алай, Токтогул, Жайыл, Аламүдүн, Тоң райархивдеринин имараттары капиталдык ремонттон өттү. Жумгал райархивинин имаратын баланска алдык. Ак-Талаа райархивинин имаратынын курулушу үчүн Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан 225 миң сом бөлүнүп, иштелип чыкты. Буга кошумча, Жогорку Кеңештин колдоосуна ээ болуп, архив кызматкерлеринин айлык маянасын көтөрүү, аларга социалдык жардамдарды кароо, алардын статусун жогорулатуу боюнча биртоп мыйзам долбоорлорун бирге иштөөдөбүз. Жакында эле биз үчүн маанилүү болгон дагы бир мыйзам долбоору ЖКнын 3-кароосунан өтүп, Президентке сунушталып отурат. Анда негизинен архив кызматчыларын айрым жеке тараптар же мамлекеттик эле органдар кабыл албай, керектүү документтерди көрсөтпөй, убагында архивге документтерди өткөрбөй келген учурларда ал тараптар административдик жоопко тартылуу жагы каралган. Эгер бул мыйзам ишке кирсе, биздин архив кызматкерлери мурдагыдай ар кимден жеме угуп, чогулуштарга чакырылбай, жыйындарда унут калбай, баштарын көтөрүп, ишенимдүү иштеп калышат.

Тынчтык Алтымышев,
сүрөттөр автордуку