14.03.14 Мамлекеттүүлүктүн баасын дале билбей келебиз…

Эгерде быйылкы мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылында конкреттүү иштер менен катар мамлекеттүүлүктүн маани-маңызын, баасын аңдап билүүдө илимий, таанып билүүчүлүк, окуп үйрөнүүчүлүк багыттагы иш-чараларды өткөрүү да зарыл экенин эске алсак, анда "Бир бол" саясый партиясынын Кара Кыргыз автономиялуу облусунун 90 жылдыгынын урматына өткөргөн "Кыргыз Республикасы: автономдуу облустан эгемендикке жана көз карандысыздыкка" деген темадагы илимий-практикалык конференциясы маалында уюштурулду десек жаңылбайбыз.

1924-жылдын 27-октябрындагы тарыхый окуяны эскерүүгө арналган конференцияда мамлекеттүүлүк кантип кыргыздын колуна тийгендиги, андан кийинки суверендүүлүккө жетүүбүздө 90 жыл мурдагы фактынын кандай роль ойногону боюнча көптөгөн баалуу, кызыктуу маалыматтар айтылды. Конференцияга катышып олтуруп, мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылынын шылтоосу менен ушундай мамлекеттүүлүк, эгемендүүлүк жөнүндө сөз кылынган илимийби, практикалыкпы конференциялар көп-көп өткөрүлсө, жакшы болмок деген ойго жетелендик.
Калп айткан менен болобу, "эне тилин билбеген элин сүйүп жарытпайт" демекчи, тарыхын, өткөнүн билбегендер да эгемендиктин наркын, ордун билип жыргатпайт тура. Бүгүнкү жашообузда мамлекеттүүлүктүн баасын билбегендер жетишерлик. "Колдо бар алтындын баркы жок" дегендей, аз эмес учурда өзүбүз мамлекеттүүлүгүбүзгө, суверендүүлүгүбүзгө шек келтирип, өткөндөн сабак, үлгү ала албай келебиз. Маселенин ушундай талылуу жагынан алып айта турган болсок, "Бир бол" партиясынын иш-чарасы мамлекеттүүлүк жылынын башындагы жакшы башталыш, саамалык болду. Буга окшогон конференцияларды дагы да өткөрүп, керек болсо ушул жылдын 27-октябрында Кара Кыргыз автономдуу облусунун 90 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүп алганга неге болбосун?

Апсамат ЖУМАШЕВ




Жетимге жөтөлдүн кереги барбы?
Курултайлар, жаз жана оппозиция
Ырас, Кыргызстандагы саясый айдың жыл сайын жаз менен күздө ар кандай акциялар менен кызып турарына көнүп деле калганбыз. Бирок бүгүнкү күндө абал бир аз башкарак. Учурда айрыкча потсоветтик өлкөлөргө Сириядагы, Украинадагы абал, дөө-шаа өлкөлөрдүн Евробиримдик, Бажы союзу аркылуу кайрадан таасир талашуусу күчөп турганы ар тараптан таасир этип жаткан кез. Андыктан быйылкы жаз Кыргызстанга кандай өзгөрүүлөрдү алып келиши мүмкүн деген суроо актуалдуу болуп турат.

Равшан Жээнбеков башында турган УОКтун февраль айында өткөн жыйынынан кийин россиялык "Правда" гезити "жаңы бириккен оппозициялык кыймылдын стратегиясын Кыргызстандагы Евромайдан деп атасак болот. Азыркы бийликке нааразы болгон саясатчылардын башын кошкон бул оппозициялык топтун негизги максаты бийлик башындагыларды алмаштыруу эле эмес, Россиянын таасиринен чыгып, Батышка багыт алуу" деп жазган. Антип биздикилер деле айтты. Чындап байкасак УОКтун кээ бир кадамдары ал пикирлерди ырастап жаткандай. Мисалы, жакында эле аталган кыймылдын жетекчиси Равшан Жээнбеков 17-мартка белгиленген Садыр Жапаров башында турган топтун курултайына катышпай тургандыктарын билдирип, "алар биздин кыймылга мүчө эмес, ошондуктан биздин кыймылдын координациялык кеңеши бул курултайга катышпайбыз деп чечкенбиз" деген жүйө келтирди. Демек бул эки топтун кызыкчылыгы, максаты эки башка. Биз ишенгендей бардык эле оппозициялык топ "элдин жыргалчылыгы үчүн" деген максат менен күрөшкө чыкпайт.
Ошол эле учурда мындан эки күн мурун УОК Мелис Мырзакматовго байланыштуу билдирүү таратты. Анда УОК 2014-жылдын 11-мартында "Улуттар биримдиги" партиясынын лидери Мелис Мырзакматовдун Ош шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакырылышын бийликтин УОКтун активдүү мүчөлөрүнө карата саясый куугунтугу деп баалаган. Мындан улам УОКтун Жапаровдун идеясын колдобой Мырзакматовго жан тартып жатканы кандай? Же буга чейин айрым маалымат булактарынын АКШ түштүктүк саясатчылардын ичинен Мелис Мырзакматовду өз тактекесинде ойнотууну пландап жатат деп жазып чыкканы чындыкпы деген суроолор жаралат.
Ал ортодо Садыр Жапаровдун 17-мартка белгиленген курултайы 31-мартка жылдырылды. Бул боюнча лидер өзү ММКга "17-мартка бийлик тараптан атайын провокациялык топ түзүлүп жатканы бизге белгилүү болду. Мындан сырткары үчүнчү күчтөр да пайдаланып кетпеши үчүн бир аз убакытка жылдырып, мекенчил жигиттерден турган элдик кошуун түзүп, курултайды ызы-чууга айландырбастан, провокацияга алдырбастан жогорку деңгээлде өткөрүп алуу максатын көздөйбүз" деп түшүндүрдү. Ага аралаш Ысык-Көлдүн Саруу айылынын тургундарынын 12-мартка белгилеген "Кумтөрдү" улутташтырууга байланыштуу жыйыны болбой калды. Себебин айыл активисттеринин бири Кайрат Качаганов "ушул тапта Ысык-Көл облусунда жаштар форуму өтүп жатканына байланыштуу эл келбей калганы" менен түшүндүрдү. Курултай 20-22-март күндөрү өтмөй болду. Сарууда өтө турган курултай 31-мартта Бишкекте өтө турган курултайга даярдыкпы? Эмнеге эки жыйын тең жылдырылды?
Баса, 12-мартта Башкы прокуратуранын алдында "Келдибековду коргоо комитети" өз лидерин бошотууну талап кылып, ал эми ЖоКенин алдында "Калыс" кыймылынын кумсаларга каршылык билдирген акциясы өттү. Келдибековду коргоо комитетинин нааразычылык акциясын түшүнсө болот, бул эми боло келген көрүнүш. Мындай жеке адамдарды колдоо акциялары эгер ал адам кайсы бир дөө-шаа күчтөргө керек эмес болсо барып-барып өз күчүн жоготот. Бирок ошол эле учурда кээ бир долбоорлор үчүн курал болушу да мүмкүн. Ал эми кумсаларга каршы акция кимдерге каршы курал катары пайдаланылууда? Албетте, кумсалык биздин элдин менталитетине таптакыр туура келбеген көрүнүш. Ал жөнүндө сөз кылып да кереги жок. Биз билгенден "Калыс" саясый кыймылы сексуалдык азчылыктарга каршы акциясын ушуну менен экинчи жолу өткөрдү. Элге кайра-кайра эле кумсалык боюнча жарнама кылуунун пайдасы канча? Ушундай соболдордон улам бул акциянын артында кайсы бир өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн батышты болушунча жек көрсөтүү аракети тургандай сезилет.
Эмне болгон күндө да Атамбаевдин бийлиги, жалпы эле өлкө учурда өтө опурталдуу мезгилде турат. Бирок анын чылпагын алам деп Кыргызстандын көзүн чукуп алуунун кереги жок. Президент өзү "Украинадагыдай мезгил бизде 2010-жылы болуп өткөн" маанисинде ток пейил тартты. Бирок Украинада 2004-жылы болуп өткөн мандалак революциясы бизде 2005-жылы кайталанганын да унутпаш керек. Мындай абалды жөнгө салуу Президенттин кылдаттыгына байланыштуу.




Бир пикир
Украинанын келечеги федерациябы?

Досаалы ИМАНБЕРДИЕВ акыркы жылдарда Украинанын Киев шаарында жайгашкан Украина президентинин алдындагы улуттук мамлекеттик башкаруу академиясынан билимин жогорулатып, мамлекеттик башкаруу боюнча докторлукту жактап, кечээ жакында өз мекенине кайтып келди. Биз окумуштуудан ал жактагы окуялардын өнүгүшү боюнча сурадык.

- Досаалы Чойбекович, сиз Киевде окуянын келип чыгышына саресеп салып турдуңуз да. Бизге маалым болбогон кандай көрүнүштөрдү байкай алдыңыз?
- Негизи Украина көп жылдардан бери Евросоюз менен интеграция багытында иштешип, өздөрүнүн укуктук базаларын аларга жакындатып келаткан. Бул темада көптөгөн конференциялар өтчү. Мен окуган окуу жайда да ушул маселе боюнча эл аралык деңгээлде бир нече жолу илимий конференциялар өтүп келген. Саясый акциялар баштала электен мурун Прибалтикада Европа өлкөлөрүнүн жолугушуусу болуп, Украина Европага болгон өзүнүн мамилесин тактап, ассоциацияга кол коюш керек эле. Ал ММКда талкууланып, бийлик жогорудагы документке кол коет дегендей маалымат таратыла баштаган. Бирок ал ассоциацияга кол коюу аталган биримдикке кирүү эмес болчу. Мисалы, Түркия ассоциацияга кол койгону менен 1960-жылдан бери Евросоюзга кире албай жүрбөйбү. Ага кирүү үчүн өздөрүнүн укуктук базасын толук европалаштырыш керек. Кыскасы, Европа өлкөлөрүнүн жолугушуусунда Украина бул документке кол кое албай калып, чатак ушундан улам башталды.
- Бийлик алмашканда мародерлук болдубу?
- Эч кандай. Мен украиналыктардын ички маданиятына таң калдым. Ооба, бул ызы-чууга ар кандай радикалдык күчтөр кошулду. Бирок ызы-чуунун баары Майданда гана өтүп жатты. Ал эми борбор шаары Киев баштаган башка шаарларында турмуш-тиричилик кадимкидей эле уланып, театрлар, мектептер, окуу жайлар тынбай иштеп турду. Дүкөндөрдү чаап кетмей, тономой, кол салмайды көргөнүм жок.
- Антсе деле Украинанын алдыдагы тагдыры бүдөмүк болуп турат. Окумуштуу катары сиздин көз карашыңыз кандай?
- Жогоруда айтып жаткан илимий конференцияларда мамлекеттик башкаруу тармагы боюнча бул ызы-чуулар баштала электен мурда эле Украина келечекте бир нече федерацияларга бөлүнгөн өлкө болорун айтып келген. Эмне үчүн? Биринчиден, батышы менен чыгышынын маданияты эки башка. Бир жагы Европалык маданиятка жетишкени менен экинчи жагы орусташып калган. Ал эми орус маданияты менен Европа маданиятынын айырмасы ат менен төөдөй. Ушундай себептерден улам алдыда Украина экиге эле эмес ар бир облуска бөлүнүп, 23-24 федерациядан туруп калышы мүмкүн.
Зайырбек АЖЫМАТОВ