presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Бир адамдын жоопкерсиздиги бүтүндөй мамлекеттин кадырына доо кетирет

Майрамдын алдында "миграция", "мигрант" темасынан кичине алыстап, биздин ишибизде кездешкен кызыктуу учурлар менен бөлүшкүм келди. Мамлекеттик кызматкердин этикасынан улам түзмө-түз бирөөнү атын атабасам дагы, чыныгы болгон окуяларды каймана айтсам коомго балким пайдасы тийип калар беле... Коомдук байланыш, маданият жана массалык маалымат каражаты менен иштегендиктенби, айтор мени менен жумуш аркылуу баштан өткөн бир нече көз ирмемди эстедим.
Бир министрдин орунбасарынын Россияга жумушчу иш сапары болуп калды. Иш сапарга даярданып, анын максатына ылайык жолугушууларды уюштуруп берүүсүн суранып тиешелүү кат жазып орус тарапка кайрылдык. Биз сураган жолугушууларды бергени менен акыркы күнгө чейин тиешелүү деңгээл чечилбей турду. Тиешелүү деңгээл дегенибиз, биздин министрдин орунбасарынын иш сапары болуп жатса, аны ал өлкөнүн департаментинин башчысы же орунбасары менен жолуктуруу дипломатияда ыңгайсыз учурду жаратат да, кыргызча айтканда, тиги тараптын сыйлабастыгы, теңине албастыгы катары бааланып калат. Акыры макулдашууга жетишип, эртеси саат 11ге алардын тиешелүү министрлигинин министр орунбасары менен жолугушууну белгиледик. Жолдун узактыгы такталып, саат ондо чыкмай болдук. Эртеси туура ондо күтүп турабыз. Биздин кишибиз жок, чалсак албайт. Ондон он мүнөт өттү, анан жыйырма мүнөт өтүп баратат. Айланып тегеренип кеттим, чоң державалар майда мамлекеттерди теңине албастыгы деген нерсе бар, баркыңды, билимиңди, жөндөмүңдү салмай, эң башкысы мамлекеттин кызыкчылыгы, анан намыс үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп отуруп араң белгилесек, анан биздин кишиден дайын жок. Жаткан номерине барып эшигин такылдатсам, "кечээ 20 жылдан бери көрүшө элек курсташтарыма Москвадан жолугуп...". Мына сага дедим ичимен... кыргыз Африкада дагы кыргыз. Тиштендим, жиндендим, чуркадык, уят...
"Концертибизге билет сатышкыла, тияктан силерди мактап интервью берем..."
Жумушта отурсам эшикти ачып кирип келди, ээрчиткен дагы эки-үч кишиси бар. Мурда-кийин жеке тааныш эмеспиз, бирок телерадиодон түшпөй ырдап, алып баруучу дагы болуп жүргөнүнөн эски тааныштай учураштык. Колунда бир министрликтин департамент башчысынан элчиликке (жалпы) каты бар экен, анда "баланчаев баланча Москвага маданий иш-чара өткөргөнү бара жатат, колдоо көрсөтүп коюңуздарды өтүнөбүз" деп жазылган. Катка кол койгон адам чынында ошол жерде иштейт, бирок кат каттоодон өткөн эмес. Демек ал киши деле көңүл улап берип койгон, бирок ошентип кат берүүгө укуктуу беле деген ой кетти.
Келген киши маселени түз койду, "эмне жардам бере аласыңар?" Мен ага "эмне жардам керек?" дедим. "300-500 орундук концерт залын бекер кылып бергенге жардам бериңиздер, экинчиси, финансы жактан кыйналып жатып Москвага кеч келип калдык, билет көбүрөөк сатыш керек болуп жатат, мигранттар менен иштешип жардам берип жатабыз деп эле айтып жатасыңар, алар менен силердин байланыш болсо керек, билет сатышып бергиле". Жылмайдым... "Жардам беребиз" дедим. Көздөрүндө үмүт пайда болду, сөзүмдү аягына чейин уккан жок. "Жакшы болот анда, буюрса Кыргызстанга барганда элчилик мыкты иштеп жатыптыр" деп интервью берем бардык гезиттерге" деп бакылдап кирди. "Бирок бир шарт менен дедим, эгер концертиңерди мигранттар үчүн бекер коюп берсеңер". Чалкасынан кетти. "Биз соопчулук уюму эмеспиз, Кыргызстанда чыгармачыл адамдарга иш жок, бул жакка биртике акча кылып кетели деп келдик" деди. "Мигранттар дагы жыргаганынан келген жок, алар дагы биртике акча кылып кетели деп жүрүшөт бул жакта, эгер патриоттук сезимиңиздер болсо көптөн бери кыргыз ырларын уга электери бар, руханий колдоо көрсөтүп кетсеңиздер ырас эле болмок" дедим. "Анүстүнө билет сатылып, акча айланган жерге элчилик аралашпайбыз, болбосо биздин коомду билесиз, эртең эле "баланчаев экөөлөп концерт коюп, билет сатып акчасын бөлүшүп жатыптыр" деп чыгышат". Москвада 300-500 орундук бекер зал жок, бир чарчы метр бир нече миң акча турарын түшүндүрүп, бир гана жолу бар, эгер концерт кайрымдуулук концерти болсо гана бекер болорун айттым. "Мамлекеттин маданиятын башка өлкөгө таанытууга колдоо көрсөтө албасаңар, анда эмне мамлекеттен акча алып отурасыңар, жанагы жардам бербейт деп айтып жаткандар чын турбайбы" деди. Ачууланды. Акыры кетишти.
Мына кызык, мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара менен жеке адамдын чөнтөгүнүн кызыкчылыгын айырмалабай, бардык жерге мамлекетти колдонууга аракет кылганына таң калып, бирок бул биздин коомубуздагы кадыресе көрүнүш экенин эстеп тим болдум.
"Ал менин балам эмес..."
Телефон чалышты "жаңы эле төрөдү, төрөт үйүнөн квартирасына чыгып барса, чогуу жашагандары киргизбей коюшуптур", "эмнеге?" "бардыгы иштешет, ыйлаган баланын үнүнө уктай албайбыз" дешиптир. "Баласынын документтери жок, Кыргызстанга жөнөтүү керек" деп бейтааныш аял чалды.
Баласы менен келди, элчиликтин конок үйүнө жайгаштырдык. Баласы ыйлайт. Энесинин жашы кыркка чамалап калган экен. "Атасы кайда?" дедим, "баладан баш тартып койду". "Кыргызстанда каралашар кишиңер барбы? Жолго акчаң барбы?". " Жок, ичим чоңойгондон бери иштен чыгым алгам, акчам жок, күйөөм карабай кетти (ыйлайт), үйдө 73төгү карыган энем бар, анан биринчи күйөөмдөн 12 жашар кызым бар". Жиним катуу келди. "Бериңизчи бул баланын атасынын телефонун, мен бир сүйлөшүп көрөйүн". "Жөн эле койсоңор, ал дагы жини келет... кичине баласы чоңойсо кайрылып калар..." деп муңайып бизди карайт. Болбой эле чалдым. Ачуумду араң кармандым, айла жок кармандым... "Баладан баш тартканыңыз кандай?" деп эле бир тийдим. "Сиз кимсиз мага, эмне кыйкырасыз!?" "Мен элчиликтен, келиңиз элчиликке, балага документ жасаш керек, атасынын документи керек". "Ал менин балам эмес!" "Кандайча?!" "Чогуу жашаган кызы менен биз иштеген жерге келип жүрчү, ким күзөттө турса, кези келгени менен жатып жүргөн неме болчу, анан мен кайдан билем кимдин баласы экенин!" деп үнү өкүм чыкты...
Мына тагдыр, эми канттик... Кантип документ жасайбыз, жолуна кайдан акча табабыз, кантип кетиребиз Кыргызстанга? Атасы ким болду экен... Ким-ким менен жатканын териштиребизби... Айла куруган кырдаал...
Айымкан КУЛУКЕЕВА,
Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилигинин экинчи катчысы











??.??