presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Чыры бүтпөгөн Украина

Ноябрь айынан бери нааразылык акциясында турган украиналык оппозиция акыры Януковичтин бийлигин кулатып тынды. Бирок маселе бул менен чечилбесин эч ким күткөн эмес. Москванын камчысын чаап келген Януковичти алып түшкөнүнө ачууланган орус бийлиги Крымдагы орус тилдүүлөрдүн кайрылуусун шылтоо кылып учурда аскерлерин Крымга тизип коюп коомчулуктун көз карашын байкап турат. Бул ызы-чуунун негизги шылтоосу орус тилдүү калктын президент Путинге болгон кайрылуусунан улам башталган. Себеби, жаңы бийликке келген топ өлкөдө бир гана украин тили колдонулуп, расмий иштердин баары украин тилинде жүрөт деп демилге көтөрүп чыгышкан. Ал эми орус бийлиги биз орус тилдүүлөрдүн укугун коргогонго милдеттүүбүз деп ушул аракетти көрүштү.

Россия парламентинин жогорку палатасы Россия армиясын Украина аймагында пайдаланууга уруксат бергенден бери дүйнө коомчулугу Россиянын мындай кадамын сындап чыгышты. Путин туура кылып жатат деген бир дагы өлкө болбоду. Тескерисинче, Казакстан, Белоруссия, Кыргызстан сыяктуу орус тилдүү калкы бар өлкөлөр мындай тагдыр биздин башыбызга да түшүп калышы мүмкүн деп кооптонушууда. Ал учурда Украинада Россия кол салса согушканга даярбыз деп аскер бөлүктөрүнө ыктыярдуу түрдө аскер курагындагы эркектер келип жазыла башташты. Россия да эмнегедир мобилизация иштерин жандандырып ийгенде дүйнө коомчулугу согуш чыгып кетүү коркунучунун алдын алып орустарды сындап чыгышты.
Россиянын мындай аракетин орус өкмөтү коштой чаап, "Газпром" мурда сүйлөшүлгөн келишимди жокко чыгарып, жеңилдетилген баа менен буга чейин берилген газ кымбат баа менен төлөнө турганын кабарлады. Ошондой эле Россиянын Федералдык Кеңеши өлкөдөгү америкалык жана европалык компаниялардын менчигин конфискациялоо боюнча мыйзам долбоорун даярдап жаткандыгы айтыла баштады. Федералдык Кеңештин конституциялык мыйзам комитетинин жетекчиси Андрей Клишас билдиргендей, эгер бул мыйзам жактырылса президент Путин жана өкмөт "Россиянын суверендүүлүгүн коргоого" мүмкүндүк алат экен. АКШ жана анын союздаштары да Россияга каршы санкция даярдап жатат. Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус санкциялар жакынкы күндөрдө киргизилиши мүмкүн экендигин эскертти.
Ал эми Европа Биримдигинин чечими менен Украинадагы ууру-кескилик боюнча шектелген 18 кишинин банк эсептерин жана башка мүлктү пайдаланышына убактылуу чектөө киргизилди. Бул адамдардын ысымдары Евробиримдиктин расмий басылмасында кечээ жарыяланды. Мындай чектөөлөр бир жылга киргизилди.
Британия менен АКШ Украинаны колдоп согушка аттанышы мүмкүн
4-мартта АКШ президенти Барак Обама Россиянын Крым жарым аралына аскер киргизүүсүн "баскынчылык" деп атады. "Азыркыга чейин Крымдагы базалардан сырт жакта аскерлердин жүргөнү - ал жакта болгон окуяларга - Украинадагы россиялык жарандардын, же орус тилдүүлөрдүн тагдырына тынчсыздануу негиз болбогонун, Россия коңшу өлкөгө күч менен таасир этүүгө аракеттенгенин көрсөтөт. Эл аралык мыйзам мындай иштебейт" деп пикир бөлүштү.
Ал эми Россия президенти Владимир Путин ошол эле күнү Россия армиясынын Крымдагы окуяларга катыштыгы жок, Украинанын аскердик базаларын "жергиликтүү элдин өзүн коргоочу" күчтөрү курчап алды деп айтты. Бирок орус улутундагылар менен орус тилдүүлөрдү коргоо үчүн аскерлер Украинага жөнөтүлүшү ыктымалдыгын Путин жокко чыгарбады: "Аскерлерди пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө айтсам, азыр андай зарылдык жок. Бирок андай мүмкүнчүлүк бар" деп кол салуу болуп кетиши мүмкүндүгүн эскертти.
4-мартта Киевге шашылыш келген АКШнын мамкатчысы Жон Керри россиялык аскерлердин Крымдагы аракеттерин Украинага басып кирүү деп сыпаттап, Москва азыр дагы өлкө тереңине басып киргенге шылтоо издеп жатат деди. Ошондой эле Москва конфликтти деэскалациялоо үчүн аракет кылбаса, тиешелүү чара көрүүлөрүн эскерте кетти. Керринин сөзүн улай Украина аскерлери Россия чек арасына аскерлерин тизип алып шылтоо издеп гана турат. Эгер биз тараптан провокацияга азгырылып ок чыгып кетсе, анда Россия армиясы Киевге чейин кирип келгенге күчү жетет. Себеби Россия президенти дагы деле Януковичти легитимдүү президент деп кабыл аларын билдирген дешти.
Барак Обама Украинадагы кризистен чыгуунун планын Германиянын канцлери Ангела Меркель менен телефон аркылуу талкуулады. Сүйлөшүүгө ылайык, Москва Крымдагы аскерлерин Кара деңиз флотунун жарым аралдагы базаларына чыгарып кетип, ал жакта жашаган орустардын укуктарынын корголушун камсыздоо үчүн Крымга эл аралык байкоочуларды киргизүүгө макулдук бериши абзел. Андан тышкары Орусия менен Украинанын жаңы өкмөтү арасында түз сүйлөшүү өткөрүү планда каралган.
Британиянын Тышкы иштер министри Уильям Хейг Будапешт меморандумуна ылайык, Москваны Украинанын көз карандысыздыгын урматтоого чакырды. СССР кулагандан кийин 1994-жылы кол коюлган документте Россия, АКШ жана Британия Украинанын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн сактоо милдеттенмесин алышканын эскертти. Бул деген кокус Россия Украинага кол салса, Улуу Британия менен АКШ Россияга каршы Украинага аскердик жактан жардам бериши мүмкүн дегенди билдирет.
АКШ жана Канада сыяктуу өлкөлөр Сочиде өтчү Чоң Сегиздин саммитине даярдык иштерине катышууну убактылуу токтотушту.
Украина менен алыша коем деген Россия бүт дүйнө жүзүнө жаман көрүнүп өзүнүн экономикасына залал келтирип жатат. Анын айынан КМШ өлкөлөрү да жабыркай баштады.
Кубат КУДАЙБЕРГЕНОВ













??.??