presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым

Бейиш Сирияда эмес, алданбагыла!
Буга чейин массалык маалымат каражаттарында Сирияга барып келген, ал жактан каза болгон кыргыз жарандары тууралуу көп маалыматтар ачыкка чыккан. "Жаңы Агым" гезити да мындай окуялардан четте калган эмес. Өткөн жумада Ош облусунун Ош, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарларында болуп Сирияга барып келген, Ошто курал менен кармалышкан кыргыз жарандарын жана алардын ата-энелерин кепке тарттык. Кармалгандардын көбү диний билими төмөн болгондуктан Сирияга адашып барып калышканын айтышса, айрымдары мусулман катары мусулмандарга жардам бергени барышканын айтышат. Айрымдарын угуп отуруп төбө чачыбыз тик турду. Улуттук коопсуздук комитетинин, бизге сүйлөп бергендердин өтүнүчү менен алардын аты-жөндөрүн жазбай, көздөрүн жаап бердик.


"Куралдар өтө чеберчилик менен жасалган"
- Биз кармаган топто Түркиянын сапаттуу берцылары, рациялары бар экен. Булар тоодо жүрүүгө, байланышууга өтө ыңгайлуу. Чыптамалар (жилет) автомат, тапанчанын магазиндерин, гранаталарды, рацияларды алып жүрүү үчүн сатылып алынган. Ошондой эле 7,62 калибрлүү Калашников автоматынын төрт башка партиядагы октору, мергенчиликке колдонуучу октор да бар. Көчөдө, машинеде алып жүрүүгө ыңгайлаштырылган кундаксыз (прикладка) винчестер бар. Куралдардын арасынан өтө тажрыйбалуу токарлар жасаган үн басаңдаткыч (глушитель), кадимки 5,45 калибрлүү, ок кутусуна (магазин) отуз ок бата турган армиялык автомат да чыкты. Бул автоматты аңчылыкка колдонууга тыюу салынган. Колго түшүрүлгөн 7,62 калибрдеги "Сайга" автоматына булар согуштук автоматтын ок кутусун бекитишиптир. "Сайганын" ок кутусуна он эле ок батса, согуштук автоматтыкына көп ок батат. Ошондой эле булар снайпердик винтовкаларда гана болуучу оптикалык мээлегичти автоматка орнотушкан. Негизи оптикалык мээлегич менен глушителдер атайын операцияларды жасоочуларга гана берилет. Баарынан кызыгы, глушителдер жеңил машинелердин амортизаторунан өтө чеберчилик менен жасалган. Аларды отуз-кырк ок аткыча колдонсо болот. Кармалган куралдардын эң негизгиси СВДнын (Драгунов снайпердик винтовкасы) кундагындай жасалма кундагы бар СКС (өзү октолчу Симинов карабини) автоматы. Бул автоматтын үстүндөгү оптикалык мээлегич "Бушнель" деген фирманын өтө сапаттуу, кымбат оптикалык мээлегичи. Эгер биз буларды колго түшүрбөгөндө эртеби-кечпи бул жердеги 150дөн ашык ок ошончо адамдын өмүрүн алмак, - дейт УКМКнын Ош шаардык башкармалыгынын кызматкери.


"Мага аялдарды зордуктап, балдарды өлтүрүп жаткан тасманы көрсөтүштү"
- Менин намазга жыгылганыма бир жыл болду. Жыйырма үчтөмүн. Мечитте жүрсөм бир досум Сириядагы өкмөттүк аскерлер аялдарды зордуктап, жаш балдарды өлтүрүп жаткан видеотасманы көрсөттү. Анан ал "зордукталган аялдардын ордуна өз эже-карындашыңды, апаңды, өлгөн наристелердин ордуна өз балдарыңды коюп көрчү? Карапайым эл кыйналып жатат, жардам беришибиз керек" деп айта баштады. Аны угуп элге боорум ооруду. Ошентип 2013-жылы июль айында экөөбүз Стамбулга бардык. Жол кирени досум төлөдү. Ал жерден бир түрк тосуп алып Сириянын чек арасына чейин барчу автобуска салып жиберди. Чек арадан бизди бир араб тосуп алып Сирияга киргизип койду. Биз аскердик лагерь бош эмес болгондуктан жаңы келгендер турчу лагерде арабдардын арасында эки жума болдук. Үч жумадан кийин аскердик даярдыктан өтүүчү лагерге жиберишмек. Мусулман менен мусулман согушуп, чоң саясат жүрүп жатканын түшүнгөн соң кайра келем деген убада менен кайтып келдим. Ноябрда Сириядан балдар келишти. Аларга Оштон Сирияга кетүүчү балдарды топтоп, кайтарып туруу тапшырмасы берилиптир. Биз балдарды топтоого жардам берип жүрүп колго түштүк. Азыр мен бул жолго диний билимимдин жоктугунан адашып түшүп калганымды түшүнүп отурам. Мен өз катачылыгымды сезип жалпы кыргыз элимден, тууган, досторумдан кечирим сурайм.


"Бир ай оор куралдар менен машыккан соң качып келдим"
- Мен 2013-жылы жай айларында бейтааныш адамдар менен кокусунан тааныштым. Алар бизге Сирияга барууга даабат кылышып, силерге жакшы акча беребиз, Алла жолунда жүрүп шейит кетсеңер бейишке чыгасыңар дешти. Сирия калкы кыйналып жатат, жардам беришибиз керек, жихад кылышыбыз керек деп үгүттөштү. Ишенимге кирген соң бизди Сирияга жиберишти. Ал жакта бизге окшогон жаш балдар жамаатына кошулуп бир ай ок атуучу оор куралдар менен таанышып, алардан атууну үйрөндүк. Калашников АК-47, АК-74, пулемет, снайперлерден атып, гранаталарды жардырууну үйрөндүк. Бизди окуткандар түрмөлөрдө жаткан ага-инилерди бошотуп, жер жүзүндө Алла Таала буюрган халифатты орнотобуз дешти. Урушуп жаткан эки тарап тең мусулмандар экенин билген соң мен адашканымды билдим. Эки тарапты уруштуруп ортодо акча жасап жаткандар бар экенин көрдүк. Паспортум өзүмдө болгондуктан мен эптеп качып келдим. А паспорттору жок кете албай жаткандар толтура ал жакта. Айтарым, бизге окшогон жаштар ал жакка барбагыла, алданып каласыңар.


"Кетем десем өлтүрүп салабыз дешти"
- Мени Сирияга бир адам чоң акча берем деп алып кеткен. Жол киремди төлөп, айына 200-300 доллар алып турасың, согушка киргенде дагы көбөйөт деди. Барганда бир айдай аскердик даярдыктан өткөн соң мен кетем десем, андайды бизге угузба, болбосо сени өлтүрүп салабыз дешти. Анан мени шаардын чекесиндеги бир постко жөнөтүштү. Бир ай постто туруп лагерге кайтып келдим. Капысынан Кыргызстанда терракт уюштурууга топ түзүлүп жатканын угуп аларга кошулдум. Максатым эптеп эле үйүмө жетип алуу болду. Жол кире сурасак бербей коюшту. Бир кишиден кийин берем деп 500 доллар алып Ошко кайтып келдим. Бул жактагылар менен байланышты үзүш үчүн акырындап оолактап жүрүп, бир жолу кезигип калдык. Мен силерден чыктым десем алар чыга албайсың дешти. Мени менен келгендерге Ошто байларды тоноп, акча, курал топтойсуңар деген тапшырма болгон. А мен ал жактагы адам өлүмүн, бомбалардын жарылганын көргөн соң балдарым, ата-энем көздөн учуп экинчи мындай жолго барбоону чечтим. Мен, мени менен бирге келген балдардын баары кармалдык. Азыр алданганыма өтө өкүнүп жатам.



Алайбек НУРГАЗИЕВ, УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы, подполковник:
"Кармалган-дардын негизги максаты курал топтоп, Сирияга материалдык жардам жөнөтүү болгон"
- Бул уюшкан топко көптөн берки оперативдик иш-чараларын Кылмыш-жаза кодексинин 295, 299, 241-беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Кармалгандардын үйлөрүнө тинтүүлөр жүргүзүлүп, сиздер көргөн чалгынчыл-диверсиялык топко тиешелүү болгон курал-жарактар, беткаптар, аскердик кийимдер табылып отурат. Булар кылмыш кылганга чейин эле камакка алынышкан. Азыр тергөө иштери жүрүп, булардын башка шериктери тууралуу да маалыматтар топтолуп жатат. Учурда УКМКнын Ош шаардык жана облустук башкармалыгында эле тогуз адам кармалып турат. Булардын ар биринин экиден-үчтөн шериги болгондо эле дагы канча адам шектүү болуп жатат. "Вербовщиктер" негизинен жаш балдарды тандап, диний окууга барасыңар деп азгырып Сирияга жөнөтүп жатышат. Биз кармаган топтун негизги максаты Ош облусундагы бай, дин жолунда эмес адамдарды тоноп, жарымына курал алып, жарымын материалдык жардам катары Сирияга жөнөтүү болгон. Топтолгон куралдар менен террордук актылар да болуп кетиши толук ыктымал болчу.


Рахат Сулайманов, УКМКнын расмий өкүлү:
"Сирияда кыргызстандык кыздар бар экени аныкталды"
- Бул террордук топ жөн жерден кармалган жок. Алардын арам ойлору болгон. Булар эртеби-кечпи Бишкек, Ош шаарларында террордук актыларды жасашмак. Алардан алынган курал-жарактар, ок-дарылар, кийим-кечектер буга далил болуп отурат. Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстан боюнча 7 террордук топ, тактап айтканда, жыйырмадан ашык адам кармалды. Алардын көбү Сириядагы согуш аракеттерине катышып келгендер жана арасында Казакстандын эки жараны бар. Бул экөө Бишкекте өзүнчө уюм түзүп, ал жерге курал-жарактарды топтошкон. Каражат жетишпегендиктен алар чак түштө Ош базарынын жанындагы РСК банкын тоноп, 1 млн. 200 миң сомду алып чыгып кетишкен. Акча менен кошо алар күзөтчүнүн винчестерин алышкан. Кармалган учурда алардын жанынан күзөтчүнүн винчестери табылды. Биздин расмий маалыматтар боюнча учурда Кыргызстандан Сирияга элүүдөй адам кеткен. Алардын бешөө каза болду. Азыр Сирияга кеткендер акча үчүн кетип жатышат. Адамдарды азгырып алып баргандарга киши башына 500 доллар берет экен деген маалымат бар. Эгер ушул чын болсо биздин кырчындай бир жигитибиздин өмүрү 500 эле доллар болуп калабы деген суроо туулат.
Биздин баамдашыбызча Сирияга кетүү акча үчүн эмес идея үчүн болуп жаткандай. Бир мисал, Кызыл-Кыя шаарында онго жакын жигит диний үгүттөөлөрдөн улам Сирияга кетмек болгон. Аларга атайын түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндө алардын ата-энелери биздин балдар жакшы жолдо жүрсө коркутуп жатасыңар деп нааразы болушкан. Жыйынтыгында алардын бешөө ар кандай жолдор менен Сирияга барып экөө каза болуп, сөөгү келди. А үчөөнүн дайыны чыкпай ата-энелери эми балдарыбызды алып келип бергиле деп бизге кайрылып жатышат. Аларды алып келүү оор болгонуна карабай азыр аракеттер болуп жатат. Ошондой эле Сирияга үй-бүлөсү менен кеткендердин тагдыры да оор. Биздин бир жаран Сирияга үй-бүлөсү менен кетип, ал жактан тогуз жаштагы баласы менен өзү каза болуп, аялы жалгыз калган. А Сирияда жесир калган аялды башка бирөөгө нике кыйып берип коет. Азыр ал жакта аялдар, жаш кыздар бар экени аныкталып жатат. Бул кырдаалды дагы оорлотпош үчүн баарыбыз биргеликте аракет кылышыбыз зарыл.

(Уландысы кийинки санда)
Мелис СОВЕТ уулу, Ош, Кызыл-Кыя







??.??