presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Капчык кайгысы
Дооматыңды долларга айт!

Ансыз да өкмөтүбүздүн "өмүрүн кыскартабыз" деген эл өкүлдөрүнүн катары арбып, өлкөдөгү экономикалык-социалдык абал өсүү жолуна бурула албай турган маалда, кыргыз сомунун куну качып, валюта рыногундагы доллардын баасынын жогорулашы коомчулукту чочутуп туру. Ооба, өтүп бараткан жуманын башында Кыргызстанда 1 АКШ долларынын баасы 60 сомго(!) чейин алып учуп, көпчүлүктүн кирпигин кирдетти. Анткени биздин мамлекетте расмий акча жүгүртүү бирдиги кыргыз сому деп айтканыбыз менен турмуш-тиричилик, соода-сатык иштери негизинен дал ушул АКШнын акчасы менен алгы-берги болуп келе жатпайбы. Андыктан биз АКШ акча бирдигинин "асмандап" кетишинин себептерине үңүлүп көрөлүчү. Бул дүйнөлүк тенденциябы же саясый боегу бар атайын жасалып жаткан операциябы?
Биздин колубуз жеткен маалыматтарга таянсак, АКШ долларынын салмагы дүйнө мамлекеттеринин арасында анчалык деле артпаптыр. Кыргызстандан тышкары доллардын кымбатташы чарпышып турган Орусия менен Украинада гана байкалган. Аз күн мурун девальвация болуп, улуттук валютасынын куну учкан Казакстанда деле доллардын баасы мурдагы абалда кармалып турат. Анткен менен биздеги доллар менен сомдун катышынын өзгөрүүсүнө дал ошол казак туугандардагы девальвациянын, дээрлик 20 пайызга төмөндөгөн тенгенин биздин рынокко киришинин таасиринен болгонун адистер айтышууда. Экинчи фактор, Орусиянын Украинага болгон мамилесинин салкындашы менен куралдуу кагылыш коркунучунун жаралышы десек болот. Себеби Орусиянын бул аракеттерин дүйнө коомчулугу сынга алып, ошол эле АКШ, Евробиримдик, Балтика мамлекеттеринин Орусияга ар кандай экономикалык санкцияларды киргизүү ниетинен улам Орусияда доллар кымбаттап, анын кесепети орустарга карап түздөнгөн бизге келип тийүүдө. Үчүнчүдөн, Крым капсалаңына чейин эле Орусия валюта рыногунда рублдин наркы түшүп, алар бул көрсөткүчтөрдү көтөрүү боюнча жаналакетке түшүп келгени маалым. Ошондуктан бизге Орусиядан түз келген күйүүчү-майлоочу майлардын, азык-түлүктөр менен курулуш материалдарынын импорттук баалары доллардын катышына таасир эткен.
Мына ошондой жагдайлардан улам Кыргызстанда доллар доорон сүрүп, Улуттук банк же өкмөт анын тизгинин тартууга чамасы келбей калган тура. Бирок учурда доллардын баасын турукташтыруу ишке ашканын, мындан ары мындай саат санап баалардын өзгөрүшү болбой турганын Улуттук банктын төрага орунбасары Абды Сүйөркултегин ырастап, коомчулукту дүрбөлөң түшпөөгө чакырууда. "Азыр биз интервенция жасап жатабыз. Коммерциялык банктарга, каржы уюмдарына тиешлүү сунуштар менен талаптарды жөнөттүк. Мониторинг аркылуу көзөмөлдөп, тийиштүү чараларды көрүп жатабыз. Андыктан "доллардын баасы 70 сомго чыгат экен" деген жоромолдорго ишенип, кандайдыр бир каржылык ири кадамдарга барбай туруу абзел", деди Улуттук банктын өкүлү.
Бирок айрым депутаттар бул маселе Улуттук банктын иш-чаралары менен эле чечилбестигин, буга өкмөт да реакция жасап, баалардын турукташуусуна, айрыкча азык-түлүктүн баасынын кымбаттабашына шарт түзүш керек деп тынчсызданышат. Чын-чынына келгенде, ушул жуманын ичинде базардагы эт, сүт, ун азыктарынын баалары кескин болбосо да кымбаттаганын карапайым калк дагы белгилеп, социалдык тармактарда замандаштарыбыз сөз кылууда. Ал аз келгенсип, Кыргызстандагы мунайчылардын башчысы Медетбек Керимкулов "былтыркы жылдын аягынан берки төрт айда Кыргызстанда доллардын баасы 5 сомго чейин көтөрүлдү. Ал эми соода рыногунда 8 сомго жеткени чындык. Андыктан мунай импорттоочулар бааны жогорулатууга мажбур" деп калктын кулагын кызартууга жетишти. Ал эми мунай продукцияларынын баасынын кымбатташы менен бардык керектөөлөр кымбаттап келгени бизге белгилүү. Демек, дообузду долларга коюп, кейиш менен күн кечирет өңдөнөбүз.
Кошумчалап кетсек, АКШ долларына карата сомдун курсу 1993-жылдан бери 12 ирет өзгөргөн. 1993-жылы 1 доллар 4 сомго барабар болсо, 2014-жылдын 10-февралында 1 доллар 51 сом 25 тыйынга турду. 2008-жылдан 2013-жылга чейин доллардын курсу болгону 1 сомдон бир аз ашыгыраак эле жогоруласа, 2013-жылы доллар баасы 3,89 пайызга кымбаттаган. Бүгүн 1 АКШ доллары 55,50 сомго барабар экени УБнын сайтында илинип турат.





Кудайга тобо келтирип туралы
Аалымдар кеңеши үмүттү актайбы?

"Эшегине жараша тушагы" демекчи, Кыргызстандын туруксуз мамлекеттик саясатына үндөшүп, мусулмандар башкармалыгынын да ичи тынч эмес экени жалпыга маалым. Чындыкты айтыш керек, Ак үйдөгү саясатчылар сыяктуу эле Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгынын (КМДБ) ичиндеги аалымдар ортосундагы ажырымдар өлкөдөгү ислам динин тутунгандарды эле кыжаалат кылбастан, Кыргызстанды исламга шек келтирген жагынан дүйнөгө тааныта турган болду. Ошол опурталдуу окуялардан кийин бийлик да "мамлекет динден тышкары" деген мыйзамдык беренеге жамынып отура берүү катачылык экенин түшүнүп, дин тутунуу, дин таануу, дегеле диний абалды Коргоо кеңешинде талкууга алган эле. Биртоп убакыттан соң ушул аптанын шейшембисинде КМДБнын жогорку органы болгон Уламалар кеңешинин кезексиз курултайы өттү. Курултайда негизинен биртоп орчундуу маселелер каралып, ислам динин тутунгандарга үмүт жандырарлык аракеттер байкалып турду десек болот. Себеби...
Кезексиз курултайга жер-жерлерден атайын делегат болуп келген 200гө чукул ислам дин ишмерлери жана 50дөн ашуун көз карандысыз байкоочу, эксперттер менен бийлик өкүлдөрү негизинен Коргоо кеңешиндеги айтылган сунуш-пикирлерди, өлкө Президентинин сын-сыпаттамаларын талкууга алып, Дин башкармалыгын реформалоо боюнча аракеттерге токтолушту. Алды менен убактылуу муфтийлик кызматты аткарып жаткан Максатбек ажы Токтомушевди курултайчылар көпчүлүк добуш менен КР муфтийи кылып шайлашты. Андан соң Уламалар кеңешин жаңыртып түзүү демилгеси каралып, мында Уламалар кеңешинин аталышы Аалымдар кеңеши деп өзгөртүлдү жана бул кеңештин курамы мурдагыдай 35 адамдан турбастан, 21ге кыскартылып, санга эмес сапатка басым жасалды. Баса белгилей кетүүчү нерсе, курамына аймактык квота менен эмес, адамдык бедели, билими менен кадыр-баркына карап тандалган аалымдардын төрагалыгына Кыргызстанга таанымал дин ишмери Абдышүкүр Нарматов дайындалды. Устав боюнча ал бир жылдан кийин төрагалыкты башка аалымга өткөрүп берүүгө тийиш. Дагы бир жаңылык, жаңы шайланган муфтий буга чейинки кесиптештерине салыштырмалуу кара кылды как жарган калыстыгын, саясый эрктүүлүгүн көргөзүп, Аалымдар кеңешине мүчө болуудан баш тартты. Ошону менен бул жогорку органга анын орунбасарлары, облустук дин башкармалыктардын башчылары да киришкен жок.
Дагы бир орчундуу маселе, бул кезексиз курултайда мусулмандар жамааты КМДБнын жаңы уставын бекитишти. Бул жолку устав негизинен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана көз карандысыз эксперттер менен биргеликте иштелип чыгып, Бишкекте жана Ош шаарларында ислам динин тутунган коомчулуктун талкуусунан өткөнүн, андыктан мындан ары устав мусулмандардын коомдогу беделин көтөрүү үчүн жакшы кызмат кылаарын айтышууда. Аталган комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев да бул кабыл алынган устав аркылуу Аалымдар кеңешин бекитүү, жаңы муфтийди шайлоо иштери КМДБда реформанын башталышы экендигин айтат. "Буга чейинкидей муфтиятты кайсы бир чакан топтун кызыкчылыгы үчүн иштетүү, чаржайыт ислам динин жайылтуу, пропагандалоо, ошондой эле исламды экстремисттик көз караштар менен алмаштыруу, тармакты коррупциялаштыруу сыяктуу терс көрүнүштөргө жаңы кабыл алынган устав каршы иштейт деген ойдомун. Ага Аалымдар кеңешинин курамын түзүүдөгү ийгиликтер далил боло алат" дейт ал.
Ал эми курултайдагы кабыл алынган устав жана резолюция боюнча түшүндүрмө берген муфтийдин орунбасары Равшан ажы Эратов болсо Коргоо кеңешинин чечимдери КМДБнын уставында жана иш пландарында камтылганын билдирип, "Коргоо кеңешинин чечиминдеги КМДБнын көз карандысыз болушу, ажылыкты ачык, коррупциясыз уюштуруу, өлкөдөгү исламий ар кандай ажырымдарды болтурбоо, ханафи масхабын түптөө жана жайылтуу, жергиликтүү имамдарды жергиликтүү бийликтер менен биргеликте шайлоо, дин таанытуу боюнча калыпка салынган системаны иштеп чыгуу, сырттан диний билим алууга укук берүүнүн жана сырттан билим алып келгендерди аккредитациялоо маселелерин жолго коюу боюнча иш-пландар, негизги жоболор уставда камтылды. Ошондой эле КМДБ жакынкы келечекте буларды аткаруунун иш пландарын иштеп чыгып бекитет" дейт муфтийдин орунбасары.
Кыскасын айтканда, ар кандай жүрүм-турумдары менен абийири ачылып турган КМДБ эми чындап реформаланууга аракет кылып жаткан сыяктанат. Ооба, иштери илгери жылып, дин бузар чала молдолор менен жихадка чакырык таштаган экстремисттерден арылганыбыз өлкөнүн коопсуздугу менен ынтымагына шарт түзөт эмеспи.
Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ













??.??