presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Жыргаганыбыздан ЖМК болуппузбу?
Чындык бир, жоопкерчилик эки баштуу
"Кыргызстан - демокртия аралчасы"
деп Акаев айтса, "Биз чыныгы демократияны сөз менен эмес, иш менен курабыз" деген болчу Бакиев. Азыркы президентибиз Алмазбек Шаршенович болсо 2010-жылдын апрелинен кийин Кыргызстан чыныгы демократиялык жолго түштү деп келатат. Ишенели, кубаттайлы, колдойлу десек, мамлекетибизди башкарып жаткан парламент, парламентти башкарган көпчүлүк коалициясынын айрым иш-аракеттери ишенимиңе суу сээп, алакан жайдырат. Айталы, жума башында коалициядагы биртоп депутаттар так ошол демократиянын бирден бир өзөгү болгон сөз эркиндигин ооздуктап, ММКлардын колун кыл аркан менен чырмоо демилгесин көтөрүштү...


Ток этер жерин айтканда, "ар-намыстуу", айына бир сүйлөп, анда-санда мыйзам долбоорун жаза калчу Эристина Кочкарова "Кылмыш-жаза кодексинин 329-беренесин басма сөздөгү, радио, телекөрсөтүүлөрдөгү жалган маалымат үчүн жоопкерчиликти күчөтүү жөнүндө ченем менен толуктоо тууралуу" делген мыйзам долбоорун комитеттин кароосуна алып чыкты. Өз түшүндүрмөсүндө ал "тигил же бул маалыматты таратуу менен ЖМК элге өзүнүн пикирин таңуулайт, коомдук пикир түзөт. ЖМК төртүнчү бийлик деп бекеринен айтылган эмес. Эгер алар кара бул ак деп айтып жатышса, аларга ишенишет. Акыркы учурларда "ушактар" деген терминология пайда болду. Биз имиштерден пикир жаратып жатабыз. Бул ЖМКларга гана эмес, пикирин билдирип жаткан коомдук адамдарга да тиешелүү, алар айтып жаткан нерсеси үчүн жоопкерчиликти тартышы керек. Кандай болгон учурда да күнөөнүн деңгээлин соттор аныктайт. Демократия десе эле баарына мүмкүн дегенди билдирбейт. Мыйзамдын үстөмдүгү да болушу керек. Бирок бул долбоор ММКны кысымга алууга жатпайт. Болгону саясатчылар өз атаандаштарына айрым учурларда далилсиз сындарды, айыптарды тагып, саясый упай топтоого аракет кылышат. Андыктан биз ММКларды эмес, алардын маалымат булактарынын жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштап жатабыз" дейт ал.
Анткен менен бул мыйзам долбоору талкууга коюлары менен көз карандысыз уюмдар, жарандык коом өкүлдөрү, ММК тармагындагылар катуу сынга алып, бул мыйзам долбоору барып-барып эле басма сөз эркиндигине доо кетирерин, анткени дал ушул беренени бетине кармаган тараптар коомчулукта өз орду бар, ачык-айкындуулук үчүн күрөшкөн ММКларды кысмакка алып, алардагы коррупция менен, мыйзамсыздык менен күрөшкөн журналисттерди эркинен ажыратып, беренени саясый куралга айландырышарын айтышат. Мисалы, "Медиа полиси" институту Эристина Кочкарова баштаган эл өкүлдөрүнүн бул демилгеси ЖМК тармагын жөндөгөн мыйзамдарды катаалдатуунун аракети экенин билдирип, "буга чейин депутат Галина Скрипкина да Кылмыш-жаза кодексинин 329-беренесине толуктоо киргизип, ЖМК аркылуу жалган маалыматтарды таратуу жана коомчулукка ачык чыгарууга жаза кийирүүнү сунуштаган эле. Андыктан бул демилге деле ММКны ооздуктоонун тымызын аракети десек болот. Эгер чындап эле сөз коомчулукту жалган маалымат, далилсиз айыптардан сактоо болсо, анда ал КР Жарандык кодексинин 18-беренесинде "Адамдык абийирине, ар-намысына жана ишкердик беделине шек келтирүүдөн коргоо" деп так жазылып турганын эске салабыз" дейт аталган институт.
Ал эми медиа-эксперт Акмат Алагушев болсо аталган мыйзам долбоору КР Башмыйзамына каршы келерин, андагы 33-беренин 5-пунктунда "Эч ким инсандын ар-намысы жана беделине доо кетирген жана басмырлаган маалыматтарды тараткандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылбоого тийиш" деп так жазылып турганын айтып, бул долбоорду колдоого алуу ЖМКларды кысмакка алуу эмес, Башмыйзамды тебелөөгө жатат деп билдирди.
Ошол эле маалда Эристина Кочкарованын долбоорун "кошо жазышкан" депутаттар Б.Кадыров, М.Тиленчиева, Н.Мадалиев, Э.Иманкожоева, Г.Жамгырчиева, Э.Сакебаев, И.Карамушкина, А.Измалкова, М. Мадеминов, Т.Мадылбеков, Т.Бакир уул, А.Алтыбаева, Ч.Султанбековаларды кесиптештери колдомок тургай каршы чыгышты. Айталы, демократиянын негиздерин булардан жаш болсо да жакшы түшүнгөн Ширин Айтматова "учурда бизде сотторго ишеним аз, бул мыйзам долбоору сот реформасы, акыйкаттуулук бар болгон идеалдуу Кыргызстан үчүн жазылган. Ал 10 жылдан кийин кабыл алынышы мүмкүн" деген оюн айтты. Ал эми эл өкүлдөрү Кенжебек Бокоев менен Мыктыбек Абдылдаев аталган берене ишке ашса, "жалган маалыматтар" деген сөз "жалган билдирүүлөр" деген сөзгө алмашып калганы үчүн бул мыйзам ЖМКларга басымдуу болуп каларын, ал эми эл өкүлдөрүн жоопкерликке тартууда кол тийбестик бар үчүн ишке ашпасын кошумчалашты.
Жыйынтыктап айтканда, акыркы кезде парламент депутаттарынын арасында ушундай бир прецедент жаралды, кайсы бир депутат өз ишмердигинде жаза басып, кайсы бир терс аракеттери же пикири менен ММКлардын сынына кабылса эле, "колуман келет" дегендик кылып ММКларды эптеп коркутуу үчүн ушул сыяктуу мыйзам долбоорун токуп комитетке көтөрүп чыгышат. Ошол эле учурда өздөрү ачык-айкын коом курууга каршы чыгып, өздөрүнүн дүнүйө-мүлктөрү, бизнестери тууралуу маалыматтарды жашырышат, декларацияны уялбай "кембагал" катары толтурушат. Жакындарынын кылмыш иштерин сотторду коркутуу менен жабышат, аларды майлуу кызматтарга да кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып отургузушат.
Демек, чындык бирөө дегенибиз менен, жоопкерчиликтин жолу башка экен да...

Тынчтык Алтымышев




Сунушка кандай дейсиңер?
Эл ишениминдеги өкмөт түзүү үчүн эмне кылыш керек?
Кыргыз эли эгемендик жылдары өкмөт башчысын 24 жолу алмаштырды. Азыркы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев биздин 25-өкмөт башчыбыз. Дүйнөлүк практикада мындай көрүнүш жокко эсе. Учурда да Кыргызстанда өкмөт башчысын кетирүү аракеттери жүрүп жатат. Кечээ жакында ЖКда өкмөт башчысын жыга чабуу үчүн кол топтолуп, ага 45 депутат макулдук бергени айтылды. Буга улай "Республика" фракциясынын айрым депутаттары өз колдорун кайра чакыртып алып жатканы тууралуу кеп кетти.

Парламенттик системага өттүк деген акыркы жылдардан баштап өкмөт менен ЖКнын ортосунда жеке маселелер боюнча ар кандай соодалашуулар жүрүп турары да ачыкка чыгып кетүүдө. Батукаев маселеси буга ачык мисал боло алат. Ошол эле учурда жогорку эшелондо "сен мага тийбе, мен сага тийбейм" принциби менен күн көрүп жүргөндөр да бар. Дегеним, коррупцияга каршы күрөш оппозиция өкүлдөрүнө же алардын тууган-уруктарына, жердештерине каршы жасалары байкалып, ал эми "өз" балдарга өздөй мамиле кылынганын көрүп жатабыз. Ага мисалдар көп. Албетте мындай жерде иш жүрбөйт. Анын өйдө-төмөнү жалпы журтка тез эле белгилүү болуп, учурда Кыргызстанда Жантөрө Сатыбалдиевди ашата сөгүп тургандар көп. Айтор бул жагын түздөшсө деле, ал жагын түздөшсө да мамлекеттик башкаруу бир нукка түшпөй жатат. Эмне үчүн?
Парламенттик системанын табиятына ылайык, өкмөттү ЖКга барган партиялар түзөрү белгилүү. Биздин системада фракциялар ошол мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланып жатабы же Кыргызстанда парламенттик түзүлүш жөн гана формалдуу түрдө иштеп жатабы бул өзүнчө сөз. Бирок партиялар өз мүмкүнчүлүгүн так, таза пайдаланып кеткен күндө да азыркы саясый кырдаалыбыз менен карапайым калк арасында өкмөттүк түзүмгө болгон нааразычылык токточудай эмес. Анын негизги себебине токтолсок, изилдөөлөргө караганда учурда Кыргызстандын калкынын болгону 3 пайызы гана кайсы бир партиянын мүчөсү экен. Кыскасы акыркы төрт жылда өлкөдөгү жүздөн ашык партиялардын бири да эл ишенимине кирип, карапайым калк менен жуурулушуп кеткен эмес. Мамлекетти башкаруу боюнча бардык окууларда "Бийлик элге таандык" болгон күндө гана ошол өлкөда стабилдүүлүк орноп, алдыга кадам ташталат эмеспи. Ал эми бизде азыр өлкө тагдырын калктын 3 пайызы гана ары-бери калчап жатат. Элдин калган бөлүгү шайлоодо гана пайдаланылып, калган учурда талаага ыргытылып калат. Мамлекеттин негизги рычагы болгон ишенимдүү өкмөт түзүш үчүн эмне кылыш керек?
Бул боюнча "Элдик курултай" кыймылы өз демилгесин сунуш кылып, "Эл тараза" коомдук социологиялык изилдөө борборун ишке киргизген. Байкап көрөлү.
Аталган социологиялык изилдөө борбору бул жолку талкууга жана добуш берүүгө www.uluu-kurultai.kg интернет сайты аркылуу: партиялык эмес, эл ишениминдеги өкмөттүн түзүлүшүн колдойсузбу жана эл ишениминдеги өкмөттүн курамына кимдер кирсе дейсиз деген маселелерди эл алдына алып чыккан. Шарты боюнча биринчи баскычтагы тандоодо сурамжылоо иштери элдик жыйындар, ММК, интернет сайттар, СМС билдирүүлөр жана атайын баракчалар аркылуу жүргүзүлөт. Ар бир талкууга катышкан абонент (адам) эл ишениминдеги өкмөттүн курамына татыктуу адамдарды сунуштоого акылуу.
Экинчи баскычта элдик талкууда эң көп аты аталган 300 адамдын тизмеси "Элдик курултай" кыймылындагы Даанышмандар кеңешине берилет. Алар өз жыйынында карап, талкуулап көрүшүп, 100 адамдын тизмесин улуттук улуу курултайдын 3-чакырылышынын делегаттарынын кароосуна алып чыгышат. Курултайдын жүрүшүндө Даанышмандар кеңешинин, коомдук социологиялык топтун өкүлдөрүнө маалымат берүү үчүн сөз берилет.
Ал эми үчүнчү баскычында курултайдын делегаттарынын добуш берүүсү аркылуу 3-ирет иргөө жеңил рейтинг формасында жүргүзүлүп, эң көп балл алган 40 адамдан турган курам эл ишениминдеги өкмөт мүчөсү болууга татыктуу деген сунуш Конституциянын 52-беренесине ылайык бийлик бутактарына жөнөтүлөт. Бул чечимдин мыйзамдуу, тынчтык жол менен аткарылышы коомдук көзөмөлгө алынат. Бул долбоор 14-февралдан баштап старт алган.
Биздин өлкө эгемендик алгандан бери башкаруу тармагында ар кайсы өлкөдөн көчүрүлгөн мыйзамдар, нормалар, укуктар менен жашап келди. Бирок алардын бири да кыргыз кыртышына сиңип кете алган жок. Тескерисинче, ошол көчүрүлгөн мыйзамдардан калыптанган ар кандай башкаруу системалары өлкөбүздү эки ирет аласалдырып, жоголуп кетүү коркунучуна кептеди. Бийлик алмашуудан сумма өзгөргөн жок. Экономикалык жоготууларга учурадык. Андыктан эл өлкөнү революциялар менен эмес чыныгы элдик реформалар менен гана өзгөртүшү зарыл.

Зайырбек АЖЫМАТОВ








??.??