presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Оп, майда
Виртуалдык музейди көрдүң беле?
Кечээ Бишкекте мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун виртуалдык музейинин ачылышы болуп өттү. Музей Орто Азиядагы Америка университетинин электрондук библиотекасынын базасында түзүлгөн. Цифралык коллекцияда архивдик материалдар, макала, сүрөттөр жана анын ишмердүүлүгү, жашоосу тууралуу кыргыз, орус тилдеринде эскерүүлөр камтылган. Музейдеги документтер маданий жана илимий максаттарга колдонулмакчы. Аны ачуунун максаты - коомчулукту тарыхый окуяларга кызыктырып, Раззаковдун тагдыры, ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтарды элге жайылтуу.

Нарында куралдуу топ
кармалды
Нарын облусунда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 4-мартта кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. ИИМдин билдиришинче, бул күнү кечки саат жетилерде аталган кызматтын жана Кочкор РИИБинин кызматкерлери Сары-Чат постунан шектүү делген "Тойота Авенсус" машинесин токтотушкан. Текшерүү учурунда машинеден ок атуучу куралдар, беткап, жип-шуу, уюлдук телефондор табылган. Мурда сот жообуна тартылган Кемин районунун тургуну айдап бараткан машинедеги төрт адамдын үчөө Кемин районунун жашоочулары, бири аймактык кеңештин депутаты экендиги тастыкталган.

Министрдин орунбасары үй камагында
Шейшембиде Саламаттык сактоо министринин орунбасары, Кыргызстандын башкы мамлекеттик санитардык врачы Кубанычбек Чойбеков камакка алынды. Учурда ал Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып, анан үй камагына чыгарылды. Башкы прокуратура мамчиновниктин кандай айыптар менен кармалганын азырынча ачыкка чыгара элек.

"Ата журтчулар" жазда ойгонушту
"Ата журт" парламенттик фракциясы Кыргызстанда ар жылы 20-марттан 20-апрелге чейинки мезгил аралыгын Жашылдандыруу айлыгы деп жарыялоо демилгесин көтөрдү. Жашылдандыруу айлыгында ар бир жаран жок дегенде бештен кем эмес дарак көчөтүн отургузууга тийиш. Депутат Курмантай Абдиевдин айтымында, акыркы жылдары бак-дарактар башаламан аеосуз кыйылгандыгынан улам, Кыргызстандын токой аянттары кескин кыскарып жатат. Ошондуктан биздин алдыбызда жандуу жаратылышка аяр мамиле кылуу менен, дарактардын санын көбөйтүү милдети турат дейт ал. Жыйынтыгында көптөгөн депутаттардын колдоосу менен Жогорку Кеңеш Кыргызстанда ар жылы 20-марттан 20-апрелге чейинки мезгил аралыгында Жашылдандыруу айлыгын жарыялоо тууралуу токтом кабыл алынды.

Жаңы көрүстөн ачууга акча бөлүнөт
Бишкек мэриясы шаарда жаңы көрүстөн курууга 10 миллион сом бөлөт. Борбор калаанын түштүк-батышындагы көрүстөн толгонуна байланыштуу жабылат. Ал эми анын ордуна Аламүдүн районунда жаңы көрүстөн ачылат. Вице-мэрдин маалыматы боюнча, шаарга караштуу 7 көрүстөндү камсыз кылуу үчүн жыл сайын Бишкектин бюджетинен 7 миллион сом каралып турат.
Борбор шаарда мусулмандар жана христиандар үчүн өз-өзүнчө мүрзөлөр бар. Буга чейин КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы түрдүү диний конфессиялар ортосунда көрүстөн талашкан учурларды алдын алуу үчүн мамлекетке тиешелүү муниципалдык көрүстөндөрдү ачууну сунуштап чыккан.

Атаны кокуй, алимент!
Кыргызстанда мындан ары алиментти төлөбөй жүргөндөргө жоопкерчилик күчөтүлөт. Мындай өзгөртүүлөрдү Үй-бүлө жана Кылмыш кодекстерине кечээ депутаттар киргизишти. Депутат Дамира Ниязалиеванын айтымында, мыйзам долбоорунда жоопкерчиликтин эки жолу каралган. Бири - алиментти өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жарандык-укуктук жоопкерчилик, экинчиси - алиментти төлөөдөн атайылап качкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу. Депутаттар азыркы алименттик айыпты үч эселеген айып менен алмаштырууну сунушташууда.


БОКко жараша ТОК
Илгерки бийликке каршы чыккан КЭК, БЭК сыяктуу жакында эле БОК (Бириккен оппозициялык кыймыл) түзүлүп, кошулган сөздөрдөгү баш тамгалардан уялып УОК болгон. Бул түзүлүп-түзүлө электе Бишкекте Кыргызстандагы эң таза, чынчыл, ыймандуу жана прогрессивдүү инсандардын республикалык II конференциясы өтүп, резолюция кабыл алышты. Резолюцияда ТОК (таза оппозициялык кыймылы) түзүлүп, ага Назарбек Нышановдун төрага болушу жана ТОК бийликти тынчтык жолу менен алмаштырары жазылган. Ошондой эле анда ТОК УОКту коррупциялык элементтерден түзүлгөн экстремисттик, ультра-радикалдык кыймыл катары баалары айтылат.


Көчмөндөр
1995-жылдан бери 51 миң 784 чет өлкөлүккө Кыргызстандын атуулдугу берилди. Ал эми 27 миң 584 адам өз каалоосу менен жарандыктан чыгарылган. Президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Нурбек Касымбековдун айтымында, атуулдук алгандардын 40 миңден ашууну этникалык кыргыздар. Алар кыргыз жарандыгы берилгендердин 78 пайызын түзөт. Көпчүлүгү Өзбекстан жана Тажикстандан келген. Кыргыз атуулдугун алгандардын саны соңку эки жылда өсүп, 13 миң 414 кишини түзгөн. Анын 11 миңден ашууну этникалык кыргыздар.
Орусиянын Федералдык миграция кызматы 4-мартта КМШ өлкөлөрүнүн консул кызматкерлери менен жолугушуу учурунда 516 миң 455 кыргызстандык Орусия жарандыгын алганын билдирген.


Майрам күнү кар жаап, суук болот
Келаткан 8-9-март күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Жамгыр жаап карга айланып, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болушу жана кар күрткүсү күтүлөөрүн Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы 9-10-мартта тоолуу райондордо түнкүсүн -25-30 градус суук, күндүз -12-17 градус суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30-35 градус суук, күндүз -15-20 градус суук болушу күтүлөт.


Чек ара ачылбасын!
Январь айындагы чек ара чырынан улам кыргыз-тажик чек арасы жабылганы белгилүү. Буга чейин эки өлкө ортосундагы чек ара толук такталмайынча чек ара тосоттору ачылбай турганын кыргыз тарап байма-бай айтып келген эле. Кечээ тажик ММКлары жакын арада чек ара тосоттору ачыларын жазып чыгышты. Алардын белгилешинче, мындай чечим талаштуу аймактарды делимитациялоо, демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйынынан кийин кабыл алынган. Биздин өкмөт болсо бул боюнча ооз ача элек. Баткендиктер болсо жер чыры чечилмейинче чек аралар ачылбай турса жакшы болмок деп канкакшап эле келатышат.


Кыргызстан боюнча
8 миңдей баатыр эне бар
"Ар-намыс" фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаеванын айтымында, учурда Кыргызстан боюнча 8 миңдей баатыр эне бар. "Айрым баатыр энелерге наам берилип, бирок каражаттын жоктугунан медаль берилбей калган. Учурда 8-март майрамы келип калды. Андыктан баатыр энелерге медалдарын тапшырып койсоңор жакшы болмок. Ага жетишпей калсаңар Энелер күнүнө карата тапшырууну камсыз кылсаңыздар" деп суранды депутат айым.
"Кош жебе" колуңарда
Жакында КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Б.Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлыктын ээси, акын Тургунбек Бекболотовдун "Кош жебе" аттуу китеби жарык көрдү. Китеп эки бөлүктөн туруп, биринчи бөлүгүнө анын мурда-кийин жазылган сегиз сап кайрыктары кирсе, экинчисине кийин жазылган ыр түрмөктөрү топтолгон. Таланты кечирээк ачылган айылдык акындын курч, чындыкты таамай айткан ырлары эч кимди кайдыгер калтырбайт.

"Жаңы Агым" - пресс




Жазгы "даярдык"
Милиция эмитен эл менен иштейт

Бишкек шаардык ички иштер Башкы башкармалыгы 4-мартта "Милиция эл менен бирге" аттуу чоң жыйын өткөрдү. Борбордогу бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү, кайтаруу агенттигинин жана элдик кошундар союздарынын өкүлдөрү менен Бишкек шаардык ИИББ коомдук тартипти сактоо жана өз ара кызматташуу боюнча пикир алышты.
Жыйынга Ички иштер министри А.Суранчиев, Бишкек шаарынын мэри К.Кулматов, Бишкек шаардык ИИББнын начальниги М.Турганбаев, Бишкек шаарындагы жеке кайтаруу агенттиктеринин, бизнес чөйрөсүнүн, Бишкекте жайгашкан чоң соода түйүндөрүнүн, зер буюмдар дүкөндөрүнүн, азык-түлүк дүкөндөрүнүн, борбордогу базарлардын директорлору жана Бишкек шаарындагы бардык элдик кошундардын жетекчилери катышты.
Жыйын жүрүшүндө кайтаруу агенттиктеринин жана элдик кошундар союздарынын өкүлдөрү менен Бишкек шаардык ИИББи коомдук тартипти сактоо жана өз ара кызматташуу боюнча резолюция кабыл алышты. 2005-2010-жылдардагы Кыргызстанда болуп өткөн коомдук башаламандык, революция акыры мародерлук, талап-тоноочулук менен коштолуп, биринчи кезекте карапайым калк жана соодагерлер, бизнесмендер жабыркашкан. Ошол учурда ички иштер кызматынын тартип сакчылары кылмыштуулукка жана коомдук тартипти орнотууга күч берген эле. Мындай кырдаалда тартип сакчылары эле эмес, элдик кошундардын да чоң көмөгү болгон.
Учурда кичинекей эле учкундан жалын тутанып массалык башаламандык болуп кетиши мүмкүн. Мындай көрүнүш башка өлкөлөрдө да болууда. Андыктан өлкөбүздү ар кандай жагымсыз кырдаалдан сактоо үчүн биргеликте, бардык күч аракет менен тынчтыкты камсыздоо керек. Ал үчүн милиция эл менен бирге өлкөбүздүн тынчтыгын сактоого аракеттенерин баса белгилешти жыйындын катышуучулары.
Өткөн 2013-жылдын 12 айында Бишкек ШИИББнин милициясы 254 расмий иш-чараны, анын ичинен мамлекеттик деңгээлдеги 62, диний - 5, маданий жана 152 спорттук иш-чаранын, расмий иш-чаралардын - 7 жана мындан башка дагы 28 иш-чаранын тартибин көзөмөлгө алышкан. Андан тышкары 452 митинг-пикетти, жана саясый мүнөздөгү 303, социалдык экономикалык мүнөздөгү 149 нааразычылык акцияларын да көзөмөлгө алышкан. Бишкек шаары боюнча жогоруда айтылган иш-чарага 1 миллион 316,74 адам катышып, миңдеген милиция кызматкери көзөмөлдө турган.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА











??.??