presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Атамбаевди ким сотко берди?
Улуттук жазуучулар союзунун имараты Президент менен өкмөттүн иш башкармалыгына тиешелүү экендиги белгилүү. Аны Жазуучулар союзу ижарага алып отуруп, көп жылдардан бери ижара акысы төлөнбөй жүрүп 1 миллион сомго чыгып кеткен. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, жакында ошол иш башкармалык жазмакерлерди ижара акысын төлөбөгөндүгү үчүн сотко берип, сот "төлөсүн" деген чечим чыгарыптыр.
Бирок союздун төрагасы Чолпонбек Абыкеев Жазуучулар союзунун курамында Президент Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин бар экендигин эске алып жана маанилүү себептер менен ижара акысын төлөө кечигип жатканын, ал боюнча тишелүү жактарга маалыматтар берилгенин, андыктан сотко берүү адилетсиз экендигин сот аткаруучуга айткан экен. Ал "куйругун кыпчыган" бойдон жок дейт. Президенттин тизмедеги атын көргөн иш башкармалыктын далай кызматкерлеринин боконо сөөгү болкулдап турса керек. Президенттен болсо албетте, реакция боло элек...


"Даткайымдык" дал келеби?
Айымдардын эл аралык майрамына карата майрам-шоулар Бишкекте да өтүп жатат. Мына, кечээ эле Бишкекте айымдардын форуму өтүп, иштиктүү айымдар кыдыракей отуруп, коомдук абалды талкуулашты. Артынан форумдун ардактуу коногу Роза Айтматова парламенттеги 20 депутат айымды түгөлү менен "Даткайым" төш белгиси менен сыйлады. Албетте, төш белги тагынса кимге гана жарашпасын, бирок "Даткайым" деген наамга азыркы мыйзамчы айымдарыбыздын ишмердиги дал келеби деген күдүк суроо туулат. Ушинтип эле шагыратып сыйлык тапшыра берип, айрым жакшы айымдарды өзүбүз көптүрүп ийчү элек...

"Маргарет" министр
Саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева саламаттык сактоо тармагындагы шалаакылыкты, коррупцияны жоюп, тармакты реформалоо үчүн КСДПдан десант катары түшүрүлгөн эле. Бирок ал эмне кылды? Тынымсыз эле аракет кылып жатканы менен арымы арбыбай койду. Дары-дармек тармагы боюнча, оорулар менен күрөшүү боюнча өсүш байкалбады. Коррупция күчөп, ымыркайды сатуу, алмаштыруу токтобой койду. Бирок Динара айым КСДПдагы кыйындарга таянып алып, ишиндеги ичиркенткен маселелерге көз жумуп, өз арбайын согууда. Ошондон уламбы, аны тар чөйрөдө "темир айым" атап, кошомат кылгандар көбөйүптүр...

Салымбековдон жаңы долбоор
"Эмгек" партиясын эрмек кылып жүргөн Аскар Салымбеков байкебиз эртең жаңы долбоорду кыргыз калкына сунуштаганы туру. Бу жолу ал корей өндүрүшчүлөрү менен бирдикте Кыргызстандын катаал жаратылыш шартына керектүү жылытуу системасын калың журтка сунуштап, анын сапаттуулугу, экологиялык тазалыгы, экономикалык үнөмдүүлүгү боюнча кеңири маалыматтар менен бөлүшкөнү турат. Эгер Борбор Азия өлкөлөрү боюнча бул жылытуу системанын биринчи жолу ишке берилип жатканын эске алсак, эми көп кабаттуу үйлөрдү, имараттарды куруучулар Аскар акебиздин техникаларын сатып алууга кезекке туруп, капчыгын дагы кампайтышы мүмкүн.

Каныбек кайтып келет
Бийликтеги түкүрүгү алыска түшкөн "түшпөс хандардын" бири, мамкурулуш жана архитектура тармагын көп жыл башкарган Каныбек Нарбаев деген үлкөн бар эмеспи. Бул мырза "кызматындагы шалаакылыктар үчүн" делген өтө жумшартылган сыпаттама менен кызматтан четтетилгенине жарым жыл боло элек. Бирок артынан кылмыш иши козголбой, бийликте отургандагы "солго соломойлорун" сиңирип алган Какебиз кайрадан кызматка келүүнүн аракетин тымызын көрө баштады. ЖКдагы табакташ депутаттардын эшигин черткилеп, аларды чайга чакырып, азыркы мамкурулуштун башчысы Турдубек Мамбетовду парламент трибунасынан соктуруп, "алда-немедей иштеп аткан Нарбаевди бекер кызматтан алдыңар" дедиртип жатыптыр. Кызматтын кызыгы неге гана алпарбайт?!

Азимбек аңыз
Азимбек Анаркулович "2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуудан кийин күч структураларына координатор боло калып, милийсалар менен чекисттер, соттор менен прокурорлорго кыргыйдай тийип, бошогон орундарды "камчыга ченеп" бөлбөдү беле? Кайыш папкени көтөрүп, карт кекирип жөтөлүп, далай банктардын сейфтерин аңтарып, далай начальниктердин иш бөлмөлөрүн тинткен Азикенин андагы "революциясы" тууралуу кийин ар кандай аңыз кептер да чыккан. Бирок ошол алабармандыгынын азабын азыр тартып турган кези. Мисалы, азыркы оппозицияга тутка болчу Артур Медетбеков, Элмурза Сатыбалдиевдер Азикенин оппозицияга кошулушуна каршы туруп, кеткен кектерин алып жаткан учуру. Бийлик болсо мыйыгынан жылмаюуда.

Насир жүрүш
Акматбек Келдибековдун досу, жердеши, анын "амири" менен Мамкаттоонун майлуу жеринде иштеген Насир Алмаматов тууралуу кеп уктук. Бийликтин коррупцияга жасаган аракетинен, айрыкча Акматбектин артын казып жатканынан улам, досун чыгарып алуу үчүн күндүн жылышы менен борборго үлкөн митинг уюштуруу, Алай - Эркечтам жолун тосуу боюнча аракеттерди көрүп, өз кишилерин эки күндүн биринде чогултуп жатканын көргөндөр айтышты. Баракелде, чыныгы достор ушундай болот! Баса, ал ошону менен бирге эле өзүнүн да укугун эми коргоого өтүп, "кызматтан негизсиз кеткем" деп Мамкаттоону сотко бергенин уктук. Кыскасы, эки фронттун биринен ийгилик жаратаарына ишенет окшобойбу.

Койчиевдин коррупциясы
Энергетиктердин шаары делген Кара-Көл шаарчасынын башчысы Мамбет Койчиевге жакында кылмыш иши козголуп калышы мүмкүн. Себеби "Өнүгүү" партиясы аркылуу шаар башчылыгына келген Мамбет мырзанын ишмердиги боюнча шаар депутаттары ар кандай ачуу сындарды айтып, шаар бийлигинин коррупциялык схемалар менен коштолгон кадамдары тууралуу кагаздарды УКМКнын антикоррупциялык кызматына тапшырганы турушат. Көрсө, шаардык кеңештин сессиясында депутаттар шаар бийлигин 2013-жылкы ишмердиги боюнча отчетун угуп, андагы "асмандан алынган" суммаларды оңой эле кайырмакка түшүрүшкөн.
"Кара-Көл төрт тарабынан таш менен курчалып турганына карабай, мэр Мамбет Койчиев менен муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Кылычбек Сарыбалаев мэрдин жакындарынын дүкөнүнөн таш сатып алдык деп документ толтурушкан. Биз буга чейин дүкөндө таш сатыларын билген эмеспиз" деп алакан жайышат шаар депутаттары.

Атанын кадыры
Кечээ ЖК депутаты Назарали Арипов өкмөттүн отставкасын талап кылып, бул боюнча 47 депутаттын колу коюлганын жарыялаган. Аз өтпөй эле анын 14ү "кайра ойлондук" дегенди карманып, колдорун кайтарып алганы маалым болду. Кызыгы, арасында ашкере демократ, азыркы өкмөттүн айныгыс душманы Равшан Жээнбеков да бар экен. "Ракебиз принципиалдуу жан эле, не болду?" деп ойлонгуча, табышмактын жандырмагы айкын болду. Көрсө, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев кол алдындагы антимонополдук агенттикти жетектеген Бабырбек Жээнбековду чакырып алып, "же кызматты бер, же уулуңду тый" деген талапты туурасынан таштаптыр. Мунун өзү саясый соодалашуу эмей эмне?

"Жаңы Агым" - пресс









??.??