presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Жүз жаштагы апанын ак батасы

Кубат акенин "Бурактай буркуратып, чырактай чыркыратып туруп кемпирлерди асманга жаз" деген сөзү бар. Жүз жашка чыккан Токуш Бөрүбаева апаны дагы асманга жазсак жарашат. Чыныгы айылдык эненин жүзү, мээрими Токуш апада катылгандай. Канчалаган жылдар бою гектарлаган кыйырсыз талааларда орок оруп, машак терди. Көөрү төгүлгөн колунан көз жоосун алган буюмдарын жасап, экинчи топтогу майып абышкасын багып, анан дагы он баланы төрөп чоңойткон, куудураган колдоруна, айылдык апанын сүт жыттанган, нан жыттанган, береке, кут жыттанган колдоруна суктанасың.
Токуш апа Талас облусундагы Талас районуна караштуу Талды-Булак айылынын умай энедей болгон бактылуу тургуну.
Жаштайынан эмгектенип, жаны тынбады. Ал кезде азыркыдай баары даяр оокат жок. Алгач колхоздо иштеп жүрүп, кийин мал багып иштеп жаштыгын өткөрдү. Колхоз кайда жумшаса аскердей жөнөгөн далай жылдары өттү.
Эмгекке арналып өтүп жаткан өмүр жылдарында апалардан калган кол өнөрчүлүктү, узчулукту кошо ала жүрүп, кароо-сынактарда далай сыйлыктарга татыйт.
Мына эми кудайга шүгүр, жүздөгөн небере, чөбөрө, кыбыралардын эле эмес кыргыз элинин умай энеси болуп төрдө отурган кези.


- Cиздин да селкилдеген секелек кезиңиз өттү. Ошол күндөргө кылчайып, алыста калган күндөрдү эскере отурсаңыз?
- Атам байдын тукумунан эле. Сүргүнгө айдалып кетти. Түйшүк башыма эрте түштү. Орок ордум, машак да тердим, кой да кайтардым, жылкы да кайтардым. Каардуу ачарчылыкта калган, тегерегиңдегилердин баары кара кийген согуш жылдарын баштан кечирдим. Азыр канчага чыгып, канчага койгонумду деле билбей калдым. Жүзгө чыктың дешет. Жүз жаштан деле ашып кеттим окшойт. Туулган күнүм да жок. Канчасы экенин билбейм.
- Канча жашыңызда турмушка чыктыңыз? Ал убактагы келиндер кандай эле?
- 12 жашпы, 14пү өзүм деле жакшы билбей калдым. Илгери ошондой 12-13 жашка чыкканда эле күйөөгө берип коюшчу. Ал убакта келиндер ыймандуу болчу. Үйдө үч келин болобу, беш келин болобу бир үй-бүлөдөй биримдикте жан сактачубуз. Ошол беш келинди бир кемпир эле башкарчу. Сен баланчаны кыл, сен түкүнчөнү кыл деп койчу. Сен тезек тер. Сен от жак дейт. Үндөмөй жок. Сүйлөмөй жок. Ошо кемпирдин айтканы мыйзам болчу. Эми азыркы келиндер божурабай ары отурчу деп азыркы кемпирлерди тоготуп да коюшпайт да.
- Ал учурда дасторконго кандай тамактар коюлчу эле? Кандай тамактарды жасачу элеңиздер?
- Кандай тамак болмок эле. Оокат жок ал учурда. Арпадан нан. Буудай жок. Биздин жогорку айылга жарытылуу эч нерсе өспөйт да. Буудай тургай арпа деле жетишсиз. Кичине колунда барлар төмөнкү айылдардан буудай алып келип алышат. Арпа нан жейбиз. Арпадан жарма ичебиз. А учурунда ачкачылык мезгилде бир айылдын эли болбосо да биртоп үй-бүлө бир казан жармадан бир чыныдан ичишип, кадимкидей ошого топук кылып, ыраазы болушаар эле. Ээ кагылайын кудай, азыр ар бир үйдүн дасторконунда баары жайнап турат. Бирок үйгө эч ким кирбейт. Орустай болуп эшикти чертип турат. Айылда деле ошондой. Эч кимдин эч ким менен иши жок. Өздөрү менен өздөрү. Эшиктери бекилүү.
- Абышкаңыз тууралуу айтса-ңыз. Канча жашыңызда айрылып калдыңыз?
- Абышкам согушка кетип жамбашына ок тийип экинчи топтогу майып болуп келди. Бир буту түптүз болуп бүгүлчү эмес. 1987-жылы көзү өтүп кетти. 70 жашымда жесир калдым. Ошентип оомал-төкмөл бир өмүрдү баштан кечирдик. Он бала төрөп, бешөөнү жерге бердим. Мен го мен, бул келиним эң кичүү уулумдун келинчеги 31 жашында жесир калган. Уулум мындан жыйырма жылдай мурун каза болуп, келиним алты баласы менен калган. Мен ушуларга тирек болдумбу- болбодумбу, айтор жашап келе жатам.
- Согуш жылдары өттү. Анан гүлдөгөн совет доору келди. Колуңуздун көөрү төгүлгөн уз болуп бозүй көтөрүп нечен кароо-сынакта жеңүүчү болупсуз?
- Кол өнөрчүлүк боюнча көп кароо-сынактарга катыштым. Ал кезде анчалык бааланчу эмес. Алакийиз, шырдакты азыр баалап жатышыптыр. Кытайдын килем, паластары ден соолукка зыян болуп жатыптыр. Азыр аны кыла турган жаштар саналуу. Баары эле оңоюна качырып жатышат. Илгертен кыргыз элим ошол бозүйдө эле кыштыр-жайдыр күн кечиришчү. Бозүй баардык оору-сыркоо, жаман нерселерден коргочу. Кыргызым бозүйдө жашап этти жеп, кымызды иччү. Азыркыдай түркүн оорунун бири жок болчу. Анан каза болгон адамдар анда-санда болчу. Адам каза болгондо айылдагы келин-кесек, бала-чака дегендер эшикке чыкпай калчу. Эркектер топурак салчу. Азыркы заманың менен курусун. Кырсык көп. Жакында эле биздин айылда он күнгө жетпей 10дон ашык адам каза болду. Бири коюла электе бири каза болуп аябай жаман болду. Илгери андай жок болчу.
- Биздин залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовго да жасалгасы менен бир бозүй тартуу эткен экенсиз. Ошол жолугушуу тууралуу айта отурсаңыз?
- 1982-жылы бардык облус, райондордон борборго бозүй алып келип тигишип, бир сынак болду. Кылкылдап аябай көп бозүй тигилди. Ошондо биздин бозүй биринчи орунга ээ болду. Чоңдор менен Чыңгыз Айтматов биздин бозүйгө отуруп тамак ичти. Анан бозүйгө суктанып "апа, мага бир бозүй жасап бериңизчи" деди. Ошол сөзү жүрөгүмдө калып, 1988-жылга чейин Чыңгызга арнап бозүй жасалгаладым. Төрт шырдак, эки алакийиз, алты жер төшөк, бир карышкыр ичик, күмүш менен чегилген бакан, Чыңгызга тебетей, чепкени менен өз колум менен даярдадым. Чыңгыз 60 жылдыгын белгилеп дүңгүрөп турган учуру эле. Ошондо Шекер айылына айылдаш ага-тууган коштоп алып бозүйдү жүктөп алып бардык. Өзүнө жолуктук. "Ай Чыңгыз, сен китеп жазат экенсиң. Менин тагдырым да ошондой. Менин турмушум деле сенин китептериңдей. Мени да жаз" дедим. "Оо бул кемпирдин айтышын карачы" деп Чыңгыз күлүп калды. Өзүнүн бир портретин, бир алтын шакек белекке берип, шуба кийгизди.
- Апа, эми күттүргөн көктөм келди. Апалардын майрамынын алдында турабыз. Элибизге арнаган ак батаңызды угалы?
Адам ата балдары,
Акыл менен иш кылсын.
Үрөн сээп, мал багып,
Эмгек менен күн көрсүн.
Кайыптарды сыйласын,
Чер токойду кыйратып,
Кайың, талды кыйбасын.
Ой-тоодогу кайберен,
Ойрондолуп ийбесин,
Көк теңир жар болсун,
Пейилдери оңолуп,
Согушкандар жоголсун,
Ыймандары оңолуп,
Каниет кылса баарына,
Кайыр берсин көбүрөөк,
Жетим, жесир, карыпка.
Өкүмчүлүк кылбасын,
Карыларын урматтап,
Кичүүлөрүн сыйласын.
Узун болсун өмүрү,
Оорубасын, оңолсун,
Учуктары узарып.
Бала күтсүн, бар болсун.
Кылган ишин жактырып,
Теңирим өзү колдосун. Оомийин!




Сергил Аманбаева,
Токуш апанын келини:
"Апабыз жаш
болсо Москва, Америкага чейин кетмек экен"
- Менин беш уул, бир кызым бар. Апам экөөбүз тырышып-тырмышып жүрүп төрт уулумду үйлөндүрдүк. Турмуш кура элек бир уулум менен кичүү кызым калды. Апам байкуш колунан келген жардамын аябай эриш-аркак болуп жүрүп атасыз балдарыбызды жетилттик. Күйөөм 1998-жылы 36 жашында каза болуп калды. Кудай буюрса сегизинчи неберемди күтүп жатабыз. Апамдын болсо небере, чөбөрө, кыбыралары жүздөн ашты.
Апамдын кол өнөрчүлүгү, узчулугу ушул неберелеринде да бар. Эркек балдар апамдын өнөрүн жакшы үйрөнүштү. Өрмөк өрүшөт. Бозүйдүн жабдыктарын жасашат. Тебетейге чейин тигишет.
Апамдын азыр карып калган кези. Жаш кезинде кол өнөрчүлүгү менен далай элдик уздардын сынактарында жеңүүчү болуп, грамота, дипломдор менен сыйланды. Далай жерди кыдырды. Колунан жаралган көз жоосун алган эчен сонун буюмдар эстелик болуп калды. Азыр да айрым буюмдарын тойлордо колдон колго өткөрүп пайдаланып келишет. Апам жашыраак кезинде биринчи жүн тытчу эле. Анан чийге салчу. Жайдын күндөрү чоң-чоң алакийиздерди, түркүн оймо-чиймелүү шырдактарды жасачубуз. Кол өнөрчүлүгү боюнча апамдын өнөрүнө баа берем. Менин балдарым кичинекей кезинен апам өз колу менен тебетей, чапан тигип берип ошолорду кийип жүрүп бой жетишти. Ал учурда кол өнөрчүлүк көп бааланчу эмес эле. Кыргыздын баалуулуктары эми бааланып, өз баасын алып жаткан кез. Союз убагында кол өнөрчүлүк азыркыдай бааланса апабыз Москва, Америкага чейин кетмек экен. Жакында эле нарындык бир апа алакийизди алты миң долларга сатып кетти. Алакийизден бир жылуу энергия чыгып, адамдын ден соолугуна аябай пайдалуу экен.





Кымбат Байматова, чебер:
- Эми бул киши карыды. Мына жесир келини бир бөлмөлүү үйдө ошончо бала-чакасы, неберелери менен үйдүн азабын тартып келет. Айылдагы үйү турганы менен жер титирөөдөн дубалдары ачылып кулайын деп турат. Эптеп эле майлап, шыбап койгон. Ушул Чыңгыз агабыздын жакындарыбы же башка бир ишкерлер болобу, 100 жаштагы энебиздин батасын алып, неберелерине жардамы тийип калаар деген ниетте Токуш апа менен айылдан келип отурабыз. Ширинге кайрылсак ал бозүйдү жакшы билет экен. Сүрөттөрү бар экен. Ушул апабызга жардам болуп калар деп Ширинге да кайрылып жатабыз. Бул кишинин абышкасы согуштун катышуучусу эле эмес, экинчи топтогу майып эле. Ошол абышкасын, он баласын багып, алардан ажырап канча ирет кан жутуп, көрбөгөнү көр болуп, эми чүкөдөй болуп апабыз ушул бир бөлмөлүү үйдө ушул күндүн суусун ичип отурат. Апанын абалын мамлекет, айрым аткаминерлер туура түшүнөт деген ойдобуз.
Жамиля НУРМАНБЕТОВА











??.??