presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Мусулмандар мартта курултай өткөрөт
Үстүбүздөгү жылдын 4-мартында Кыргызстан мусулмандарынын курултайы өтөт.

Буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын (КМДБ) уставын кайра иштеп чыгуу үчүн Чубак ажы Жалилов башында турган 11 кишилик комиссияга Уламалар кеңеши ишеним көрсөткөн. Аталган комиссия 2013-жылы бекитилген КМДБнын уставын диний эксперттердин, коомдук уюмдардын, мусулмандардын суроо-талаптарына ылайык кайрадан иштеп чыгып, толуктоолорду киргизип, мамлекеттик каттоодон мыйзамдуу өткөрүү милдетин алган. Эми 4-мартта Чубак ажы Жалилов башында турган комиссиянын уставы талкууга салынат.
Курултайга өлкөнүн ар кайсы аймагынан 200 делегат катышат. Учурда КМДБнын өкүлдөрү жана казыяттар тарабынан делегаттар такталууда. Бул иш- чара боюнча азирети муфтийдин орунбасары Замир кары Ракиев жана Равшан ажы Иратов талапкерлер тандалган аймактарда жүрөт. Бүгүнкү күндө Ош, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл облустарынан келе турган делегаттар такталып калды.








??.??