п»ї
Агым
Ой, шумду-ук!
"Аалам сырлары" КТРКдан алынды

Эки жылдан бери КТРКдагы "Аалам сырлары" телеберүүсү көрөрмандардын оозун ачырып келатканын баарыбыз билебиз. Айрымдар бул телешоудагы көзү ачыктардын айткандарына жандили менен ишенсе, айрымдар мунун баары жасалма экенин айтып келишкен. Ал ортодо дин жолундагылар, парламент депутаттары бул теледолбоорду жабуу талабын да коюшкан болчу.
Мурдагы күнү "Аалам сырлары-2" долбоорунун сыноолорунан өтүп, алдыга чыгып келаткан көзү ачыктардын бири менен Дана аттуу аялдын телефондогу сүйлөшүүлөрү интернет булактарына жарыяланды. Азырынча бул аудиожазуу кимдерге таандык экени аныктала элек. Кечээ бул боюнча КТРКнын коллегиялык жыйыны өтүп, аудиожазуунун чын-бышыгы аныкталгыча долбоорду көрсөтүүнү токтотуп, телеберүүнү даярдоого жана уюштурууга катышкан чыгармачыл топту толугу менен кызматынан четтетүү чечими чыкты. Бул коомдо кызуу талкуу жаратып, дин жолундагылар биздин дубабыз кабыл болду дешсе, айрымдар бул Назира Айтбекова кезинде сотко берген гезиттин өч алуусу дегендер да жок эмес.







а ­е¦Є.НҐй«