14.02.14 Меморандум акыркы чечим эмес, бирок...
Кыргыз коомчулугун кызыткан "Кумтөр" маселеси өткөн жумада Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында дээрлик эки күн бою каралды. Аягында өкмөттүн канадалык "Центерра голд" компаниясы менен үлүшү 50:50 пайызга теңделген Биргелешкен ишкана (БИ) түзүү боюнча долбооруна парламенттин 59 депутаты "макул", 31 депутат "каршы" добуш берди. Ага ылайык өкмөт үч айдын ичинде аталган долбоорду ишке ашырып, 8 пункттан турган келишим түзүп, кайрадан Жогорку Кеңештин кароосуна алып келмекчи.


Бирок коомчулукта ЖоКенин бул токтому буга чейинки Акаев, Бакиев доорундагыдай эле Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы болгондугун, мындан ары Кыргызстан канадалыктарды экологиялык, экономикалык доолорго жыга албастыгын, БИден түшкөн каражат өндүрүлгөн алтынга салыштырмалуу кыйла аз экендигин коомчулук айтып бүтө албай туру. Социалдык тармактагылар, ММКлар токтомду колдоого алган парламентарийлерди "эл душманы" аташып, учуру келгенде тарых алдында, мыйзам алдында жооп беришерин эскертишип, өкмөткө наалат айтышууда. Чындап эле бул жолу да "Кумтөр" чет элдиктердин олжосу болуп, эл ишенген депутаттар, өкмөт өз кызыкчылыктарын жогору коюштубу? "Кумтөр" алтынынан дагы кол жуудукпу? Жооп издеп көрөлү...
Адегенде эле "Кумтөр" боюнча өкмөттүн аракеттерин сынга алып, Кыргызстандын үлүшүн 67%га жеткирүүнү талап кылган "Ата мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин пикирине келсек, ал "Кумтөрдөн" кол жуудук дешке эрте экендигин, бирок токтом чалажан бойдон турганын билдирет. Бирок ал чет элдик компаниянын кызыкчылыгы мындан ары да алдыда болоруна жол ачылып бергенин да танбайт. "Ошентсе да акыркы чечим кабыл алынган жок. Анткени парламент акыркы келишимди так колдободу. Ал эми өкмөт алып келген келишимде Жогорку Кеңеш сөзсүз колдош керек деген шарт турат. Демек, үч айдын ичинде өкмөт менен "Центерра" биргелешкен келишимди Жогорку Кеңешке алып келүүгө мажбур болот деп ойлойбуз" дейт ал.
Анткени менен эртең парламент 50:50 пайыздан турган БИ түзүлүп, аны парламент колдоп берсе, өлкө көп нерседен автоматтык түрдө баш тартып, буга чейинки "Центеррага" коюп келе жаткан доолорун өндүрө албай калуу коркунучунда. Биринчиси, өкмөт буга чейинки Кыргызстандын "Кумтөр" ишканасындагы 33 пайыздык акциясына кирген "Кумтөрдөн" башка чет өлкөлөрдөгү кендерден түшүүчү пайдадан баш тартат. Экинчиси, БИдеги салык саясаты 2009-жылкы режимде уланат делинип, өкмөт кошумча салыктарды киргизүүдөн же консолидациялык салыктын өлчөмүн жогорулатууга кудуретсиз. Ал эми үчүнчүсү болсо эң маанилүү экологиялык маселелерде Кыргызстандын позициясы экинчи орунда калат. Анткени БИни түзүү менен Кыргызстан буга чейинки КР Жаратылышты коргоо агенттиги тарабынан "Центеррага" коюлган доосунан баш тартат. Себеби, келишимде эки тарап тең "АМЕК" аталышындагы эл аралык эксперттик компаниянын чечимдерин, тыянактарын моюнга алабыз жана жетекчиликке алабыз" деп кол коюшат. Ал эми аталган компания болсо кыйыр түрдө канадалыктардын кызыкчылыгын коргоп, Кыргызстандагы экологиялык зыяндарды "анча-мынча" деп сыпаттаганы баарыбызга белгилүү. Демек, кыргыз тарап коюп жаткан 5 млрд. доллар зыян боюнча сөз БИнин түзүлүшү менен кан буугандай токтошу турмуштук шарт.
Ал эми парламенттеги бийликчил КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков болсо бул меморандум болгону мындан аркы келишимдерди ачык-айкын, Кыргызстандын кызыкчылыктарын эске алуу менен түзүлүшүнө шарт түзө турган гана документ болгонун, эми ошол эле Жогорку Кеңештин, өкмөттүн, экономикалык-экологиялык эл аралык эксперттердин катышуусу менен үч айдын ичинде макулдашылган акыркы келишим кайрадан парламентке алынып келинээрин айтат. "Азыркы шартта Кыргызстандын "Кумтөрдөгү" үлүшүн 67%га жеткирүү мүмкүн эмес экендигине баарыбыз ынанып турабыз. Андыктан биз көшөрүп отура бербей, Кыргызстанда биздин мыйзамдарга баш ийип иштей турган ишкананы түзүп, андан азыркыдан дээрлик 70-80 пайыз киреше алып, өлкөнүн жашоо-шартын оңдоого жумшоону туура деп эсептейм. Азыр ошол бизге ыңгайлуу келишимге жетишүү үчүн баарыбыз аракет кылып, келишимдин ар бир пунктун чогуу иштеп чыгышыбыз керек. Жогорку Кеңеш кабыл алган токтомдун маани-маңызын коомчулукка туура жеткирип, "Кумтөрдү" дагы алдырдык деп кыйкырып жаткандарга да жол бербесек. Анткени азыр "Кумтөр" бир жактуу чечиле элек, ал дагы да болсо талкууда, кайра иштеп чыгууда турат" дейт КСДПнын парламенттеги лидери.
Кыскасын айтканда, ушул тапта "Кумтөр" маселеси толук чечилип, Кыргызстан да, канадалык компания да канааттанарлык келишимге жете элек. Бирок биздин бир катар өнөр жай, тоо кендери же экономика боюнча эксперттердин пикирине таянсак, азыр "Кумтөр" кенин бир тараптуу улутташтыруу же келишимдерди жокко чыгарып жаңы инвесторлорду издөө, өлкөнүн экономикасына чоң жоготууларды алып келе турган келечеги бүдөмүк жол болчу. Анүстүнө азыркы абалы менен "Кумтөр" Кыргызстандын колунда калса, экологиялык маселелерди чечүүгө чама-чаркы чак келбейт. Андыктан мындан аркы кендин иштеши алды менен ошол бузулган экологияны калыбына келтиүүгө жана экономикага көрүнөрлүк киреше берүүнү шартташы керек. Ошондой эле буга чейинки айтылып келген коррупциялык ыкмалардын иштен чыгышы да маанилүү маселе.
Бул жагынан алганда, өкмөттүн позициясын дайым сынга алган, парламенттеги эркин депутат Өмүрбек Абдрахмановдун пикири да жөндүү көрүнөт. Ал ЖКнын токтомун колдоого алып жатып, "Кумтөрдү улутташтырып алсак аны банкрот кылабыз. Биздеги бардык мамлекеттик ишканалар банкроттук абалда. Андан көрө Кыргызстандын юрисдикциясына алып келип алып, анан биздин пайданы (үлүштү эмес, түшө турган пайданы) 67%га көтөрсөк болот деп мен добуш берип жатам. Популисттерге жакпаса мейли" деген сөзүн айтты эле...

Тынчтык Алтымышев




Үстүбүздөгү жылдын 25-январында көз ачырбай жааган жамгырдан Өзгөн районуна караштуу Бостон айылындагы эскилиги жеткен Орозалы Жусупбеков атындагы мектептин экинчи корпусу кулап түшкөн.
Бул күтүлбөгөн кырсык дем алыш күнү болгондуктан, бактыга жараша эч ким жапа чеккен эмес.

Өзгөндө мектеп кыйрады.
Бактыга жараша окуучулар аман калышты

- Тээ союз маалында Төрт-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Бостон айылына төрт бөлмөлүү таш үй курулган. Бул кыштактын балдары жайы-кышы үч чакырым жол басып, коңшулаш Ана-Кызыл кыштагындагы А.С.Пушкин атындагы орто мектепке каттап окушчу. Ата-энелер жогорку жактарга тынбай арыздангандыктан, бийликтегилер жанагы таш үйдүн алкагында аргасыздан башталгыч мектеп ачышкан. Андан көп өтпөй айтылуу Кемпир-Абад суу сактагычы курулуп, анын чеке-белиндеги айылдардын тургундары жогорку тараптагы кыштактарга көчүрүлөт. Ошентип окуучулардын саны улам өскөндүктөн, аталган мектеп адегенде сегиз жылдык, анан 1986-жылдан баштап орто мектепке айландырылган, - деп эскерди Бостон айылынын тургуну Айтажи Сулайманова.
- Көрдүңүздөр го, мектептин полу минтип чекесинен чирип, ар кайсы жеринен улам жамаачыланып келатат. А жабылган шиферлер кайрадан эле тешилип, анын кесепетинен мектептин чатырынын үстү минтип жамгырга тосулган идиш-аяктарга толуп кетти. Дагы коркунучтуусу, мектептин негизги түркүгү кулаганы араң турат, - деп кепке аралашты О.Жусупбеков атындагы орто мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Роза Осмоналиева.
Ысак Жолдошев, Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу: - Балдардын окуусун бир күн дагы токтотууга мүмкүн эмес. Ошон үчүн бостондуктар мектепке жанаша жайгашкан Алибай аксакалдын үйүнүн үч бөлмөсүн жалдап, ал жерде үч класс эки нөөмөттө окутулуп жатат. Баса, айылыбызга жаңы мектеп куруу үчүн 1992-жылы жер аянты берилип, чиймелери бүтүп, атүгүл бюджеттен жетиштүү каражат бөлүнгөн. Кашайып дал ошол жылы Өзгөн районундагы Заргер айыл өкмөтүндөгү Тосой айылы жер көчкүдөн кыйрап, бийликтин көңүлү жалаң гана ошол апааттын кесепеттерин жоюуга бурулуп калбадыбы. Ошентип бостондуктардын арыз-муңун таптакыр унутуп ташташты.
Заманасы куурулган бостондуктар 1994-жылдан баштап КР Президентине, өкмөт башчысына, Билим берүү жана илим министрине далай ирет кайрылышкан. Буга улай арыз-муңун Жогорку Кеңеш депутаттарына дагы айтышкандыктан, алардын айрымдары көйгөйдү жеринде көрүп кетишкен. Тилекке каршы, андан эмдигиче майнап чыга элек.
- Мындан тышкары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг департаменти дагы "Орозалы Жусупбеков атындагы орто мектепте балдарды окутууга мүмкүн эмес. Алардын өмүрү чындап коркунучта" деп канкакшап коңгуроо какканбыз. Жогорку жактагылар бизди таптакыр укпай келатышат. Кесепетин өзүңөр көрдүңөр го, - деп ийинин куушурду Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг департаментинин түштүк башкармалыгынын жетекчиси Турдубек Ажибаев.
Баса, материал даяр болуп калганда, Өзгөн районунун акиминин биринчи орунбасары Алишер Бакышев менен телефон аркылуу араң байланыштык.
- Атайын комиссия силердин алдыңарда Орозалы Жусупбеков атындагы мектептин шартын толук караштырып, анын чындап эле жараксыз абалга такалгандыгын тастыктады. Анын негизинде Бостон айылына заманбап типтеги жаңы орто мектеп курууну чечтик. Атүгүл мектептин курулушу быйылкы жылдын планына киргизилди, - деди Алишер Бакышев.
Канткен күндө да Кыргызстанда бала ыйлабаса эмчек бербей калышпадыбы. Өкмөт жогоруда көтөрүлгөн убадасын канчалык деңгээлде аткарат, аны аман турсак көрө жатаарбыз.

Алишер ТОКСОНБАЕВ,
өз кабарчы, Өзгөн району, сүрөттөр автордуку