14.02.14 Диниң кайсы, бурадар?
Кыргызстанда ханафий масхабына гана уруксат, башкаңар жакшы баргыла

3- февралда Бишкекте президенттин катышуусунда дин маселеси боюнча Коопсуздук кеңеши өтүп, анда акыркы жыйынтык белгисиз бойдон калганын жазганбыз. Жабык эшик артында өткөн жыйналыштын корутунду чечимдери биздин гезит чыккандан кийин белгилүү болуп, 7-февралда Президент А.Атамбаев "Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө Коргоо кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу тууралуу" жарлыкка кол койду.
Жарлыкта айтылгандай, мамлекеттик органдардын эгемендиктин биринчи жылдарында диний чөйрөдөгү процесстерди жөнгө салуудан алыстаганы жаңылыштык деп таанылган. Ошол эле учурда аалымдарды жана муфтийди тандоо, мечиттердин имамдарын аттестациядан өткөрүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен болушу сунуш кылынат. Аны менен бирге мечиттердин имамдары жана имам-хатибдери милиция тарабынан экстремисттик жана деструктивдүү уюмдарга тиешеси бар же жок экени дыкат текшерилгенден кийин гана дайындалары так айтылды. Албетте, Башмыйзамда белгиленгендей дин тутуу эркиндиги сакталуу. Бирок диний уюмдардын ишин жөнгө салуунун так системасын түзүү зарылдыгы мамлекеттин милдети болуп калды.
Ошол эле учурда диний билим берүүнү жакшыртуу, диний жайларды курууну тартипке келтирүү менен бирге ажылыкты уюштурууга байланыштуу маселелерди жөнгө салуу жана диний экстремизм менен радикализмге бөгөт коюу жолдору тууралуу да кеп болгон. Өлкөдөгү мусулмандардын ислам дининин жетектөөчү органына болгон ишенимин чыңдоо, азыркы кырдаалды жөнгө салуу, иштин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында КМДБга биртоп сунуштар берилген.
Алардын айрымдары: аалымдар кеңешинин өз алдынчалуулугун, ревизиялык комиссиянын көз карандысыздыгын, муфтийдин үзгүлтүксүз отчет берүүсүнүн, ажыга барууга акы төлөөнү эсепке алуунун электрондук системасын киргизүү, КМДБнын Уставына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу финансылык иштин ачык-айкындуулугун жогорулатуу; фундаменталдык кыймылдардын жана агымдардын экстремисттик доктриналарынын бетин ачуу боюнча системалуу иш жүргүзүү; Кыргызстандын мусулмандары үчүн салттуу болгон ханафий масхабын туткандардан гана мечиттердин имамдарын, имам-хатибдерди, казыларды дайындоо жана аалымдар кеңешинин мүчөлөрүн, муфтийди шайлоо; Кыргызстанга жат болгон жүрүм-турум моделдерин, кийим-кечени жана кебетени жайылтууга каршы туруу ж.б.
Жарлык соңунда атайын токтом кабыл алынып, анда жарандык коомдун уюмдарына, диний уюмдарга, Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгына өздөрүнүн практикалык ишин конфессиялар аралык ынтымакты жана диний сабырдуулукту бекемдөөгө багыттоо айтылды. Ошондой эле Коргоо кеңешинин жогоруда аталган чечиминен келип чыккан милдеттерди аткаруу боюнча мамлекеттик органдар менен өз ара жигердүү аракеттенүү сунуш кылынды.
Зайырбек АЖЫМАТОВ





Тарбия башаты үй-бүлө
Жаштарды азгырган китепчелер
"Репродуктивдик ден соолук боюнча альянс" коомдук бирикмеси тарабынан өспүрүмдөрдү жыныстык катнашка кыйыр түрдө мажбурлаган сексуалдык мамилелер тууралуу китепчелер коомчулукта чуу жаратканы эсиңиздедир. "Балалуу болуу же болбоо кандай чечилет?", "Мен кичине бала эмесмин, бирок чоң киши да боло элекмин", "Балдар кайдан пайда болот?", "Жаш муундар саламаттыкта болуу үчүн" ,"Тыюу салынган жемиш таттуу" ж.б.у.с. жети китепчеде жыныстык катнаш жөнүндө ар кандай маалыматтар берилген эле.
"Эмне үчүн турмушка чыккычакты кыздарга секске уруксат жок, балдарга болот?"
"Биздин коомдо эркектер аялдарга караганда көбүрөөк эркиндикке ээ деген пикир болууда. Бул абалга улуттук, диндик адат-салттар дагы таасирин тийгизет. Балким кыздардын боюна бүтүп (жигиттерден айырмасы) жана жалгыз энелик кыйынчылыктарына жолугуп калуу мүмкүндүгүнө байланыштуудур.
Турмушка чыкканга чейин эркектер менен ceн жашайсыңбы же жашабайсыңбы - ал сенин чечимиң"... мына ушундай, мындан да ашыкча түшүндүрмөлөрү менен, биздин менталитетке жат сөздөрү менен чочуткан китепчелердин тагдыры эмне болду? Бүгүн аталган коомдук бирикме иш алып барып жатабы? Китепчелердин артынан жаралган чуу эмне менен аяктады? Бул көйгөйдү коомчулукка көтөрүп чыккан "Эркин эл" партиясынын теңтөрагасы Айбек Бузурманкуловго кайрылдык.
- Жети облуста иш алып барып жаткан "Репродуктивдик ден соолук боюнча альянс" коомдук бирикмесинин ишин токтотууга аракеттендик. Бул маселени Жогорку Кеңешке да алып чыкканбыз. Ар кандай оң-тетири пикирлер болду. Көпчүлүгү бизди колдошуп, Билим берүү министрлиги тарабынан ал китепчени колдонууга, ал бирикменин мектептер менен иштешүүсүнө тыюу салынган чечим чыккан. Эгер алар көмүскө түрдө баягы аткарып келген иштерин жүзөгө ашыра беришсе, сөзсүз жазага тартылышат. Мектеп жетекчилиги да жазага тартылат. Бүгүн өлкөбүздө жаштардын жана өспүрүмдөрдүн сексуалдык ден соолугу татаал абалда турат. Мындай кырдаалдын негизги себеби интернет маалымат булактары, массалык стихиялык башаламандык, жогоруда айтылгандай китепчелердин таратылышы, буга кошумча биздин жетилип келе жаткан муундун сабатсыздыгы.
Биз бир китепченин таратылбай калышы менен эле чоң ийгиликке жеттик деп айта албайбыз. Муну менен өспүрүмдөрдүн кош бойлуулугунун өсүшү жана бойдон алдыруусу токтогон жок. Төрөлгөн баладан баш тартуу жана башка көрүнүштөр, социалдык жетимдердин санынын жогорулашы токтогон жок. Ыйык Валентин күнү деп ал түнү жалгыздашып квартиралаган өспүрүмдөрдүн сайрандаганы, ар кандай кылмыштарга барганы токтогон жок.
Өспүрүм курак өткөөл курак эмеспи. Сууну кандай бурсаң ошол тарапка агылат. Анын сыңарындай, мындай учурда оң, туура жолдор улуулар тарабынан багытталып туруусу керек. Азыр кимди ким көрдү болуп, Батыштагыдай интернетте да, башкада да баары ачык-айкын айтылып жатат. Бирок биз кыргызбыз, ата-бабалардан сакталып келген менталитетибиз бар. Ал менталитетти бузуп, тебелеп-тепсеп салууга эч кимге уруксат берилбейт. Ошон үчүн ар бир ата-эне балдарынын бактылуу келечегин, алардын орундуу үй-бүлөлүү болушуп, коомдон татыктуу ордун табышын көргүсү келсе, уул- кызына тарбия берүүнү биринчи орунга коюулары керек. Алардын кемчиликтерине көз жумуп койбоо керек. Мындан башка аларга үлгү болчу, күзгү кылып карап жүрө турган мекенчилдер көп болушу керек.
Жамиля НУРМАНБЕТОВА




Жуп дүйнөгө каршы чыккандар
Кыргызга каршы Батыш саясаты
Кечээ жакында Сочидеги кышкы олимпиада комитетинин өкүлдөрү менен жолугушууда БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун сексуалдык азчылык өкүлдөрүнө карата түрдүү дискриминация жана кыстоо болуп жатканын айтып, муну токтотууга үндөдү. Бирок В.Путин бул маселе көтөрүлүп жаткан кезде "гейлер Чеченстандын бир айылында биздегидей өз укуктарын коргоп чыгышсынчы, кандай мамилеге туш болор экен?" маанисинде бурк этти. Орус бийлиги буга чейин эле гомосексуализмге, аны жайылтууга тыюу салган мыйзам кабыл алып койгон. Ал эми биздечи?

Төлөйкан Исмаилова гейлер аркылуу кимге отчет бергиси келет?

Кыргызстанда 1998-жылы Кылмыш-жаза кодексинен бир жыныстагы адамдардын катнашы боюнча жаза алынып салынган. Андан бери бул тема алардын кылыгын колдогон коомдук уюмдардан баштап ЖКнын кээ бир жыйындарында козголуп отуруп, бүгүнкү күндө акырындап коомго сиңип бараткансыйт. Жакында эле Кыргызстандагы өздөрүн "ЛГБТ"(лесбиянкалар, гейлер, бисексуалдар, трансгендерлер) уюмунанбыз дегендер маалымат жыйынын өткөрүп, өздөрүнүн укугун коргоп берүүнү коомчулуктан жана бийликтен суранышты. Алардын айтымына караганда, тартип коргоочулар булардын артынан түшүп, дайыма зордук-зомбулук кылышат. Аларды кармап алып, "гей же лесбиянка экениңди жакындарыңа жарыя кылам" деп коркутуп, акча талап кылышат имиш. "Биз көппүз, бизди дайыма коркутушат, сабашат. Милицияга кайрылсак биздин арызды карабай, ошол жакта да зордуктап салышат. Ушунун баарын айтуу коркунучтуу болууда" дейт уюмдун мүчөсү Дастан аттуу жигит.
"Хьюман Райтс Уотч" эл аралык уюму да өз баяндамасында сексуалдык азчылыктар боюнча кыргыз милициясын айыптап чыкты. Анда тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү мындай адамдарды ар кандай жолдор менен кармап алып коркутуп-үркүтөөрү, ур-токмокко алып кордук көрсөтөөрү, ошондой эле акча өндүрүп алаары айтылган. Муну менен бирге чет элдик уюм Кыргызстанда милициянын зордук-зомбулугуна кабылган гейлердин укугун коргоо үчүн көз каранды эмес орган түзүлүшү керек экенин белгилейт. Ага жооп кылып Ички иштер министрлиги "Хьюман Райтс Уотч" укук коргоо уюмунун айыптоолорун четке каккан.
Бул маселе боюнча Кыргызстанда расмий жактардан эч ким ачык пикирин билдирбей турганда 29-январда Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы №001-14 фатвасын чыгарды. Бул фатвада: "Кумсалар же окшош жыныстагылар өз ара сексуалдык мамилеге барса, андайлар Жараткандын каарына калат. Лут алейсаламдын коому ушундай ыплас иштерге барганы үчүн Теңирдин наалатына калып, жексен болуп, алар жашаган жер өлүк деңизге айлантылган" деп айтылат. Соңунда жалпы мусулмандар мындай күнөөдөн алыс болуп, Алланын шариятына моюн сунуп жашоолору зарылдыгы эскертилип, мамлекеттик органдар жана Жогорку Кеңештин депутаттары бул маселеге олуттуу карап, баа бериши суралган.

(Уландысы 13-бетте)