14.02.14 Өлтүрүлгөн Магомедов менен Арчаевдин үчүнчү шериги кармалды
Өткөн жекшембиде, 9-февралда Боом капчыгайынан жол кайгуул кызматынын инспекторлоруна кол салган кылмышкерлердин изине түшкөн изкубарлар аларды Токтогул районунда кармоо учурунда кылмышкерлер каршылык көрсөтүп атышкан. Жыйынтыгында эки кылмышкер тең жок кылынган. Көрсө өлтүрүлгөн экөөнүн Заур Магомедов менен Бердимурат Арчаевдин кылмышынын башы андан биртоп мурда болгон каракчылыктан башталат экен.
Булардын дагы бир шериги жакында Бишкек шаардык Свердлов райондук ИИБнин оперативдүү тобу аркылуу колго түшүрүлдү. Бул туурасында Свердлов РИИБнин башчысынын орунбасары Айбек ЖАЙЛООБАЕВ буларды айтып берди:
- 2013-жылы 31-декабрда Свердлов РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө каракчылык окуясы боюнча маалымат келип түшкөн. Бул окуя Бишкек шаарынын Ибраимов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон экен. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлерине жабырланган үй ээси буларды айтып берген.
Ошол жаңы жыл күнү алардын үйүнө белгисиз үч адам келип, эшиктин коңгуроосун каккан. Бул учурда үй ээси жок, анын аялы жана балдары эле болгон. "Бул ким?" деп сураган аялга сыртта тургандар биз милиция кызматынанбыз, силердин машинеңерди жол кырсыгына байланыштуу териштирели деп келгенбиз дешкен. Үйдүн ээси жол кырсыгына биз кабылган жок элек, булар кимдер деген кыязда эшикти ачып жиберген. Алар эшикти ачканда эле үйгө киришип, күч колдонуп, аялды бир бөлмөгө, балдарын экинчи бөлмөгө камап, акча издей башташкан. Үйдү тинтип акча таппай, коркутуп-үркүтүү менен акчанын кайда катылганын айттырып, алардын 50 миң АКШ долларын алып качып кетишкен. Буларга кол салган үч адамдын бирөө жасалма сакал тагынып, экинчиси үй ээсин ишендирүү максатында милиция формасын кийип алган экен.
Бул иш боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатып 6-февраль күнү Свердлов РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бурканов Рустам Мырзакматович деген 1971-жылы туулган Кыргызстандын жараны кармалган. Тергөө амалдары жүрүп жатканда ал жасаган кылмышты толугу менен мойнуна алып, Боом капчыгайында өткөн жекшембиде милицияга ок аткан Арчаев Бердимурат жана Магомедов Заур үчөө тоногонун толугу менен айтып, көргөзмөлөрдү берген. Бурканов Рустамды кармаганда жанынан ок атуучу курал, беткап, колкаптар чыккан. Андан тышкары анын жашаган жерин тинткен учурда үйүнөн октору менен мылтык, милициянын погондору, колкап, жасалма сакалдар клейи менен жана көптөгөн Кыргызстандын жана Казакстандын жарандарынын паспорттору табылган. Азыр тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул документтер кылмышкердин колуна кантип тийип калганы, тигил же бул кылмышка тиешеси бар же жок экени тергөөдө такталып жатат.
- Бул жерде бир нече адамдын паспорттору бар экен, алардын даректери боюнча ким экендигин тактаса болобу?
- Ошол боюнча иликтөө жүрүп жатат. Балким паспорттордун ээлери уурдаткандыр же жоготкондур, ал иликтөө учурунда тастыкталат. Бул жерде болжол менен элүүдөй паспорт, документтер бар. Андан тышкары Рустам Буркановдун башка да кылмыштарга тиешеси бар же жок экенин Свердлов РИИБнин оперкызматкерлери тактап жатышат.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА,





Ташчайнардын бир чоросу

Кыргызстанда көпчүлүктү таң калтырып, учак сүйрөп, темирди нандай бүктөгөн Ташчайнардан кем калбаган өнөрлүү адамдар эл арасында бар экен. Бүгүнкү биздин каарманыбыз Ринат Исмаилов айнектин үстүнө жылаңач жатып, алты баланы үстүнө чыгарып көтөрөт. Ошондой эле мискейди бир нече секунддун ичинде бурап салат. Эмесе, Ринаттын өзү жөнүндө айтканына баам салсак.
- Мен 1995-жылы Каракол шаарына караштуу Чоң-Арык айылында туулуп өскөм. 19 жашыма чейин бокс, каратэ менен машыкчумун. Интернеттен, сыналгыдан балбандардын оор таштарды көтөргөнүн, калың темирлерди бураганын көрүп, мен дагы бул өнөргө кызыга баштадым. Нурлан Алишеров (Ташчайнар) менен байланышып Бишкекке келдим. Нурлан байке дагы өз кеңештерин айтып, өзү курап жаткан өнөрлүү кырк чоронун катарына кошту. Кокус колума мискей тийсе бир нече секунддун ичинде бурап салам. Айнектин үстүнө кийимсиз жатып, үстүмө жалпы салмагы 470 кг болгон алты бала чыккан. Муну жасаарда эч кандай машыкпай туруп эле Куран окуп, Кудайга жалынып жасап коем. Булардан кийин денем тытылып же оорубайт. Кудайга шүгүр, буга чейин бир жерим ооруп дарыгерлерге кайрылган эмесмин.
Чоң аталардан калган өнөр
Алгачкы жолу өнөрүмдү досторума, тааныштарыма көрсөткөм. Алар мага таң калышкан. Ошентип отуруп эле менин өнөрүм элге жайылып кетти. Кээ бир адамдар баа беришсе, айрымдар көрө албастык кылып йога менен машыгат деп чыгышты. Бирок мен далилдеш үчүн антип айткандарды ээрчитип келип, айнектин үстүнө жатып, балдарды үстүмө чыгаргам. Ошондон кийин алар мага ишенип калышкан. Мени көпчүлүк биле баштагандан кийин Караколдогу тойлорго чакыра башташты. Тойлордо өз өнөрүмдү көрсөтүп жүрдүм. Кээ бир акчалуу адамдар тыйын-тыпыр берчү. Бирок менин жасаганым апама жакпайт. Ошентсе да баштаган ишти таштабайм. Атам, бир туугандарымдын эч кимиси айнек тепселеп же темирлерди тез убакытта бурай алышпайт. Атамдын чоң атасы лампочканы чайнап, жолдогу айнектерди жылаңач тепселечү экен. Балким ошол кишинин өнөрү мага жуккандыр деп ойлойм. Тааныштарым Кыргызстанда эле жүрө бербей, Орусиядагы "Минута славы" программасына барып өз өнөрүңдү көргөз деп айтышат. Келечекте Орусияга барып өнөрүмдү көргөзчү күн алыс эмес болуш керек.
Азыркы тапта ар кандай жаңы ыкмаларды ойлоп табууга аракет кылып жатам. Айнектин үстүнө жылаңач жатсам, үстүмөн машине тебелеп өтсө, андан кийин айнектин үстүндө 100 кг оордукту көтөрүп басайын деп жатам. Ташчайнардын учак сүйрөгөнүн көрүп аябай таңыркап калгам. Азыркы учурда учак сүйрөгөнгө күчүм жете элек, бирок белгилүү куракка келгенде мен дагы учак сүйрөп калам деген оюм бар. 23-февралда Нурлан байке менен биргеликте борбордук циркте өз өнөрүбүздү көрсөтөбүз. Бул күнү алгач ирет көпчүлүк алдына чыгып өнөрүмдү тартуулайм. Кудай буюрса бул өнөр менен эле жүрө бербей, аскер адамы болуп иштесем деп кыялданып жүрөм. Нурлан байке менин устатым. Мага оор нерселерди кылба дейт. Алың жеткен нерсени кыл деп дайыма кеңешин берип турат. Азыркы тапта менин атаандаштарым деле жок. Менимче күчтүүлөр эч качан бири-бири менен эрегишип, атаандаш болбойт. Жасагандарым үчүн төш кагып мактана албайм. Кудайдын кудурети менен ушуну жасап жатам.

Сапар АКУНБЕКОВ




Реформалай бербей кыргызча эле өзгөрөлүчү
Кыргыз чиновниктерине, билермандарына, саясатчыларына таң калам. Неге дебейсиңерби? Акыркы убакта президент, премьер-министр баш болуп, парламент депутаттары төш болуп, анысы аз келгенсип жерде туруп асманды гана сүйлөгөн жаш саясатчы сөрөйлөр да реформадан башканы сүйлөбөй калышты. Чындап келсе кайсы бир тармакты же системаны реформалаш керек деп өкүргөндөрдүн өздөрү реформа деген эмне экенин кыйратып түшүнбөсө керек.
Белгилүү сынчыбыз Салижан Жигитов айтмакчы, кыргызга орусча айтсаң гана жакшы түшүнөт дегендей, реформа деген эмнени билдирерин орус тилинде карап көрөлү. "Реформа (reformo) - усовершенствование в какой-либо сфере жизни, не затрагивающее функциональных основ, или преобразование, вводимое законодательным путем. Конечная цель любой реформы - укрепление и обновление государственных основ, что, однако, не всегда несёт за собой улучшение, уровня жизни сокращение государственных расходов и наоборот - увеличение доходов. Реформа может трактоваться как "re-" и "form", то есть изменение формы, изменение содержания или сути чего-либо. Реформа в таком случае, по сути, коренной перелом устоявшихся процессов, традиций и т. д." деген аныктама бар. А бизде мамлекеттик башкаруунун, бийликтин өкүлдөрү өз ара ит-мышык болуп жатышса кайдагы реформа?! Башкача айтканда, ошол реформа жүргүзө турган бийликтин учурда башы кайсы, аягы кайсы билинбей турат. Аныктамада айтылгандай "кыргыз реформасы" мамлекеттик негиздерди жаңыртуу, бекемдөөгө багытталбай эле, кызмат талашуу, акча бөлүштүрүүгө айланган. Дат баскан, иштебеген процесстерди өзгөртмөк тургай, сот, билим берүү, бажы, салык кызматтары сыяктуу тармактарда "көнгөн адат калабы" болуп коррупция, өң-тааныштык, алдым-жуттумдук өркүндөп, өнүгүп эле жатат. Жемкорлор реформа кылып жатабыз демиш болуп беткаптарын өзгөртүп, өзүнө керексиз, бирок өлкө үчүн иштей турган кадрларды өз жолунан шыпырып салып жатканы жашыруун деле эмес.
Баарынан кызыгы, реформа деп кыйкырган айрым "жарма патриоттор" өлкөнү койдук, өз үй-бүлөсүн алдыга сүйрөп өздөрү тың жашай албагандар. Андыктан жөн эле оозду чоюп кыйкыра бербей, ар бир кыргыз жараны реформаны өзүнүн аң-сезиминен, жандүйнөсүнөн, үй-бүлөсүнөн же туулган айылынан баштап көрсө натыйжалуу болмок. Жалпак тил менен айтканда, өз жашооңду жакшыртуу, жерди иштетүүнүн, мал багуунун, заманбап техникалар менен иштөөнүн, талантты өстүрүүнүн жаңы ыкмаларын таба билүү да реформа. Кайсы бир тармактын жетекчиси ал тармакты бир аз оңдосо ал да реформа. А ошонун баарын өз убагында баамдап, айкалыштырып андан ары өркүндөтүү мамлекеттик башкаруудагы чиновниктердин түздөн-түз милдети.
А реформа болбой жатат, реформа кылыш керек деген куру кыйкырыктан пайда чыкпаганына быйыл туура 24 жыл болгонун өзүбүз деле жакшы түшүнүп калдык.

Мелис СОВЕТ уулу