02.02.14 "Кумтөр": патриотизм, "популизм, тамсил...

Жогорку Кеңештин депутаттары бул жумада КР Айыл чарба жана мелиорация министри кылып Таалайбек Айдаралиевди шайлаганы болбосо, жалаң эле "Кумтөр" алтын кенин реструктуризациялоо маселеси менен алек болушту. Адегенде бул маселелер комитеттерде каралып, анда өкмөттүн "Центтерра голд" менен биргелешкен, пайыздык үлүшү 50-50 делген ишкананы түзүү боюнча мурдагы эле сунушталган долбоору каршылыктарга тушукканы болбосо, кубаттоого арзыган жок. Жеке жоопкерчиликтен корккон же болбосо жалпы фракциянын кандай чечим кабыл алаарына көзү жетпеген комитет башчыларынын көбү аталган долбоорду "палатага алып чыгылсын, көпчүлүк чечим кабыл алсын" деген ортозаар жыйынтык чыгарып тим болушту.

Жаргылчакка тартылган Жантөрө Сатыбалдиев
Жогорку Кеңештин "Кумтөр" боюнча өкмөт үлүштү 67 пайызга жеткирсин" деген токтомун аткара албаса да, Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн 9 ай тынымсыз иштеп, натыйжада "Кумтөр" кенин иштетип жаткан канадалык "Центерра голд" компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн биргелешкен 50-50 үлүштүк пайызы бар Кыргызстанда катталуучу ишкананы түзүү боюнча келишимге жетишкен өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бул жумада депутаттардын тебелендисинде калды. Ар бир ооз ачкан эле депутат "эмне үчүн 67 пайыз жок?", "иштей албаса кетсин!", "аракет кылса болот эле го?!", "Центтерранын адвокаты болуп калды" деген ачуу-таттуу сындарды, ачык жемелеп-жекирүүлөрдү айтып, жер менен жексен кылчудай омуроолоп турушту.
Бирок канткен менен өкмөт башчысы өлкөдөгү экинин бири эмеспи, чыдады. Чыдаганда да ачык айтып, "мен калган өкмөт мүчөлөрү менен биргеликте болгон аракетимди кылдым. Биз бардык жагдайларды эске алуу менен ушул чечимге келип отурабыз. Эгер ким бирөө "мен "Кумтөрдөгү" Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга жеткирип берем деп жоопкерчиликти алса, ордумду бошотуп берүүгө даярмын, атургай ага чай ташып жүгүрүп кызмат кылам" дегенге чейин барды. Чындап келсе аныкы да эп сыяктуу...

"Ата мекенден" жаңы убада
Аталган долбоорго тикеден каршы турган "Ата мекен" партиясы бул жолу да өкмөттү "өзөртө коюп", эсине келе электе ээрден шыпырууга болгон аракетин жумшады. ЖКнын үч чакырылышында тең депутат болсо да, "Кумтөр" боюнча убагында ачык позициясын айтпай келген Эркин Алымбеков бул жолу катуу кетти. "Азыркы келишим парламент тарабынан кабыл алынса, мен мандатымды тапшырам. Бул менин БШКга берген арызым. Буга менин абийирим жол бербейт. Анда мен жөнөкөй жаран катары оокатымды кылам. Мага премьерлик кызматтын кереги жок. Жаңы өкмөт шайлап, "Кумтөр" келишимин кайрадан түзүү боюнча мени вице-премьер-министр кылып дайындасаңар, 67 пайызды камсыз кылып берем. Эгер бир жылда 67 пайызды камсыз кыла албасам, жооп бергенге даярмын!" деди ал. Ага жооп кылган өкмөт башчысы "анда сиз келип 67 пайызды камсыз кылыңыз. Эркек деген сөзүнө турушу керек. Өткөндө дагы комитеттин төрагалыгын тапшырып берем деп убада бергенсиз, бирок сөзүңүзгө турган жоксуз" деп депутаттын кызылын чыгарды. Дегеле "мандатымды тапшырам" деген "ата мекенчилердин" төл сөзү. Аны илгери Өмүрбек Текебаев да, кийин Болот Шер да оозанган. Бирок мандаттары дале колдорунда...

КСДП - ак куу,
"Ата мекен" - чаян, "Ар-намыс" - балыкпы?
КСДПнын квотасы менен парламентке депутат болгон эркин депутат Исмаил Исаков "Кумтөр" маселесин кароодо коалициялык көпчүлүк Иван Крыловдун тамсилиндеги ак куу, балык, чаян сыяктуу бир пикирге келбей жатканын айтып, "өкмөт араба болсо, фракциялар ак куу, чаян, балык болуп бир пикирге келбей, үч түрдүү чечим чыгарышты. Булар эч качан бирикпейт. Андыктан мен "Кумтөрдү" улутташтырууну колдоого алам жана баарыңарды ошого чакырам" деди.
Ооба, "Кумтөр" маселесин чечүүдө коалициялык көпчүлүктүн биримдиги жоктугун дагы бир эркин депутат Бакыт Төрөбаев да баса белгилеп, "биз коалициялык көпчүлүктөгү фракциялардын чечимдерин карап чыктык. Ырыс алды ынтымак деп көпчүлүктүн биримдигин түзүп тургандыгына карабастан, үчөөнүн чечими үч башка экен. Жантөрө Жолдошевич, өкмөттү ушул коалиция түзгөн, андыктан сиз ушул фракциялардын жетекчилиги менен өз ара жолугуп, маселени чечүү боюнча иш алып бардыңызбы? Өкмөттүн жоопкерчилиги - коалициянын жоопкерчилиги. Андыктан кеңешип, бир альтернативдүү чечим кабыл алышыңар керек" деп кошумчалады. Ошондон кийин гана "эл көзүнө" дештиби, фракция жетекчилери эшик артында эки сааттай масилет курушту. Бирок бир жыйынтыкка келе алышпаптыр...

"Кумтөр" калсын, өкмөт кетсин!
"Республика" фракциясы "күрүчтүн арты менен күрмөк суу ичет" болуп, "Кумтөр" маселеси менен кошо өкмөттү кетирүүгө шымалана киришти. Фракция башчысы Назарали Арипов фракциянын чечимин окугандан кийин эле вице-спикер Чолпон Султанбекова кагазын көтөрүп алып депутаттардын ар бирин кыдырып жөнөдү. Баарынан кызыгы, буга чейин "сөөк өчтү" душман болуп келген "республикачылар" менен "ата мекенчилер" бул күнү өзгөчө ынак болуп, топтошо калып кеңешип, эс алууга да чогуу чыгышып, көпчүлүктүн көңүлүн бөлүштү. Андан соң өкмөттү кетирүүнүн демилгечилери "Ар-намыс" менен "Ата журттун" депутаттарын бурчка такап, колтукка ныкып кол койдуруп жатканын көрдүк. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, азырынча өкмөттү кетирүүгө 50гө чукул депутат кол коюп берген имиш. Демек, Сатыбалдиевдин да "сааты чыкылдап" калганбы?

Абай салган
Тынчтык Алтымышев




Жыйынтыгы жок жыйын
Коомчулук күткөн Коопсуздук кеңеши ушу беле?
Чү деген эле жерден айтылчу сөз, кийинки мезгилде Кыргызстанда дин коопсуздугу күчөгөндөн күчөп баратканы чын. Муфтияттын тегерегинде болуп жаткан ызы-чууну мындай кой, учурда ислам дини менен улуттук баалуулуктарды карама-каршы коюуга аракет кылып жаткандар бар экенин жашырганга болбойт. Президент айткан "чала молдо дин бузарлар" акыркы жылдары өздөрүн эптей албай жатып, ачыктан ачык эле улуттук каада-салттарга кол салып жатканын айта кетиш керек.

Абал ушундай болуп турган үчүн Президент Атамбаевдин 3-февралда Коргоо кеңешинин кезектеги жыйынында сүйлөгөн сөзү коомчулукта чоң талкуу жаратты. Айрыкча мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзүнөн "сербейген сакалчандар", "дамбалчандар", "айрым мусулман сөрөйлөр" деген сөз айкаштарын жулуп алып ар ким өзүнө жаккан жагына буруп алып, бир тарабы президентти "жерден алып көргө чапса", экинчи тарап "мурда эле ушинтиш керек болчу" деп колдоп жатышат.
Чын-чынына келгенде бул маселелер коомчулукта биртоп убакыттан бери айтылып келет. Бирок Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткенден бери дин маселеси президент, министрлер, депутаттар, эксперттер жана диний чөйрөнүн өкүлдөрү катышкан жогорку деңгээлдеги жыйында биринчи ирет талкууланды. Бул аралыкта коомчулуктагы руханий боштондукту жүздөгөн ар кандай секталар жана агымдар башаламандык менен ээлеген. Албетте, алардын арасында билинип-билинбей жүргөн экстремисттик-радикалдык мүнөздө иш жүргүзгөндөр да бар. Андыктан ушул маселелерге мамлекет чекит коюп, конкреттүү багытты көрсөтпөсө болбойт эле. Себеби диний билими тайкы сакалчандардын ислам дини менен араб, бангладеш, пакистан маданиятын чаташтырып, элибиздин маданиятын, жадагалса улуттук кийимин чанып аны башкаларга да таңуулап жатканы жылдан жылга күчөп баратат.
Бирок Дин, укук жана саясат аналитикалык борборунун жетекчиси Кадыр Маликовдун айтканына караганда, Президенттин аталган маселе боюнча жогорудагыдай кийим-кечеге, сербейген сакалга токтолгону көйгөйдүн сырткы гана көрүнүшү, өзөгү эмес. Ошол эле учурда ал "биздин эксперттик пикирибизде, дааватка тыюу салуу менен маселе оң жагына чечилбейт. Биздин өлкөнүн өзгөчөлүгүн эске алсак, катуу же репрессиялык чаралар бизге ылайык келбейт. Менин пикиримде, дааватчылардын ишмердигин улуттук кызыкчылыктарга жооп бергидей кылып, жакшы нукка салып көзөмөлдөө кажет" дейт.
Мамлекет башчы муфтияттын да ишмердигин сынга алып, "Дин башкармалыгы ыйык ислам динин, бабалардан калган ханафи масхабын жайылтуунун ордуна финансылык чатактардан арылбай, жалаң гана акча менен алек болгон коммерциялык борборго айланып бараткандай сезилет" деди. Муфтияттын коммерциялык иштерге аралашып кеткенине буга чейин да коомчулукта нааразычылыктар болгон. Туура, Башмыйзамда дин мамлекеттен бөлүнгөн. Андыктан 3-февралда Президенттин төрагалыгы алдында өткөн Коргоо кеңешинде мамлекет менен дин ортосундагы мамиле кандай болушу керек, муфтиятка жаман сөздөрдүн жабышканына ким күнөөлүү деген маселелердин айланасында кеп болду.
Президент диний конфликттерге жол берилбеши керектигин эскертип, "айрым мусулман өлкөлөрүн карасак, ал жерде саясатчылар динди өз максатында пайдаланып, саясый курал кылып алышкан. Динчилер саясатка киришкенде мамлекет эмне болорун Ооганстан, Ирак, Мисир, Сирияга окшогон өлкөлөрдөн так көрсөк болот. Бул өлкөлөрдө эл экиге бөлүнүп, жарандык согуш жүрүп жатат. Кыргызстанда да айрым саясатчылар кээ бир дин кызматкерлери менен бирге динди саясатка аралаштырууга аракет кыла баштады. Бул өтө терс көрүнүш. Бул саясый оюндарга бөгөт коюш керек" деди.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Орозбек Молдалиевдин айтуусунда, мыйзамсыз диний ишмердик кылгандарга жаза өтө жумшак, аларга болгону 500 сом айып пул салынат.
Дин темасы өтө аяр болгондуктан Коргоо кеңешинин Президент Атамбаевдин жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчисинин Орозбек Молдалиевдин сөзүнөн кийинки бөлүгү жабык эшик артында өттү. Молдалиев Коргоо кеңеши аяктаганда журналисттерге маалымат берип жатып, Кыргызстан ханафи масхабы менен кетиши керектиги, ал салттуу масхабды колдоо жана жайылтуу маселеси козголгонун айтты. Ошол эле учурда Коргоо кеңешинде таблиги жамаат же дааватчылар маселеси да козголгон. Президент сөзүнүн башында эле "көчөлөрдө сакалдарын сербейтип, дамбалчан жүргөндөр толуп кетти" деп катуу баштаса, Дин агенттигинин жетекчиси Молдалиевдин айтканына караганда, Кыргызстандагы дааватчылардын жамандыгы көрүнө элек жана аларды каралоо туура эмес.
Кыскасы, бул Коргоо кеңешинде өтө олуттуу маселе козголуп, бирок серепчи Кадыр Маликов айткандай, жөн гана жалпы сөздөр айтылып калды. Мындан улам аталган маселени козгоп жаткандар өздөрү бул маселени ийне-жибине чейин түшүнбөй жатканы, конкреттүү бир сунуштары жок экенин айтсак болот. Туура, учурда мусулмандар арасында дин коопсуздугу жаралды. Бирок Коргоо кеңешинде аны мамлекет кантип жөнгө салары дайын болгон жок.
Муфтийдин милдетин аткаруучу Максат ажы Токтомушев "Ирандан, Түркиядан ханафи масхабын алып келип жатат, бирок алардын маданиятын да кошо алып келип жатат да. Ханафи масхабынын концепциясы, жол-жобосу иштелип чыккандан кийин иш-чаралар жүргүзүлөт" дейт. Ал эми мамлекеттик тийиштүү жетекчилер үчүн өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясына ылайык, жакын арада адистер диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын жаңы концепциясын иштеп чыгып, бекитүү милдети турат.
Акырында бул жолку дин маселеси талкууланган жыйында кандай чечим кабыл алынганы белгисиз боюнча калды.
Зайырбек АЖЫМАТОВ