02.02.14 Ташболот аке тажабайт
"Ата мекен" партиясынын аксакал депутаты мурда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевди кысмакка алып, күйөө баламды ИИМдин бир башкармалыгына башчы кыласың деп айтканын премьер коомчулукка тарс айтып таштап, абийирин ачканы бар. Ошондой эле ал киши ЖоКенин социалдык саясат комитетинен да таарынып чыгып кеткени жалпыга маалым. Көрсө, ал жерден да кадрдык маселелерге кийлигишип жибергени себеп болуптур. Биздин колубуздагы каттын көчүрмөсүнө таянсак, Ташболот Балтабаевдин аталган комитетте көтөрүп чыккан сунушу менен Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техникалар менен камсыздандыруу департаментинде 2012-2013-жылдар аралыгында 17 жолу текшерүү жүрүп, анын ырааттуу иш алып баруусуна чоң жолтоолор болуптур. Депутаттык комиссия, Башпрокуратура, Антимонополдук агенттик, Эсеп палатасы, ИИМ, УКМК, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүүчү кызмат, министрликтин атайын комиссиясы, айтор, текшерүүчү органдын баары топурап эле былтыр ошол жерде жүрүшүптүр. Бирок департаменттен бирөө да шектүү кынтык таба алган эмес. Ага карабай депутат быйыл да бул департаменттин ишмердигин текшерүүнү УКМКнын коррупцияга каршы кызматынан талап кылып жатканы, анын түбү барып эле аксакалдын жакын кишисин аталган департаментке дайындоо кызыкчылыгына такааларын айтышууда...


Мадеминовдо "мандем" бар...
"Кумтөр" маселесин кароодо "Ата мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевди алка-жакадан алып, ачуусунун чукулдугун айгинелеген КСДПчы депутат Мурадил Мадеминов Айдаркендеги сымап комбинатынын учурдагы деректири Толубай Салиевди кызматынан алдырып ордуна өзүнүн агасы, Кадамжайдын мурдагы акими Токтомат Ганиевди алып келүүгө катуу аракет кылып жатыптыр. Бул боюнча Ак үйдөгү таасирдүү чиновниктерге, тагыраагы, Президенттин администрация башчысынын орунбасары Икрам Илмияновго чейин кирип, агамды коюп бергиле, жердеш эмеспизби деп жүргөнүн уккандар бар экен. "Бийлик колдун кири, колдо барда пайдалан" деген кептин төркүнү ушул тура, көрсө...

"Наполеон" кайда?
"Кумтөр" маселеси Жогорку Кеңеште каралып жаткан мезгилде, КР Юстиция министри, "Кумтөр" кени боюнча өкмөттүк комиссиянын юридикалык жагын караган мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов көрүнгөн жок. "Жолдош министр саламаттыгына байланыштуу келе албады" деди орунбасары. Бирок айрым депутаттар Алмамбеттин куландан соо эле жүргөнүн, анын жыйынга катышпаганы өкмөттүн "Кумтөрдү" реструктуризациялоо долбооруна кол койбогондугуна байланыштуу экенин, депутаттык корпустан ыңгайсыз суроолор чыгып кетпеши үчүн атайын эле "жашырынып" жатканын жобурап жатышты. Канткен менен Өмүрбек Чиркешович кыраакы эмеспи, өкмөттөгү өз кишилерин буйткага коюп, калганын катуу "камчылоону" пландап койсо керек...

Жээнбековдун жегени чынбы?
ЖоКе депутаты Равшан Жээнбеков Акаев заманында Мамлекеттик мүлк министри болуп турганы менен эч кандай коррупциялык иштерге барбаганын жар салып келет. Бирок анын учурундагы мыйзамсыз менчиктештирилген биртоп мекеме-имараттардын изи ММКларга калкып чыгууда. Мисалы, укук коргоо органдарынан билдиришкендей, союз учурунда Кыргыз ССРнин Өндүрүш жана соода министрлигине караштуу Москва шаарындагы объектиси Равшан мырза министр болуп турган маалда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен экен. Аталган объект 2000 чарчы метр келип, жалпы аянты 3 гектар болуп, ошол кездеги Кыргызстандан өндүрүлгөн товарларды Москва шаарына жана облустарына таркатуучу кампалардан турган. Объект менчиктештирилген мезгилде АОЗТ "Кыргызснабимпорт" болуп каттоодон өтүп, 75% үлүшү эмгек коллективи үчүн жана 25% Кыргызстандын Өндүрүш, соода министрлиги үчүн деп бөлүнгөн. Бирок расмий маалыматтарга караганда, аталган министрлик жогорку 25%ды алган эмес. Демек, аталган менчиктештирүү, жоголгон 25 пайыздык үлүш боюнча ошол кездеги Маммүлк министри Равшан Жээнбековдун кабары барында шек жок. Ал эми адистер аталган объект азыркы базар баасы менен алганда 2-3 млн. АКШ долларынан кем болбойт дешет.

КСДП кырылыш
Парламенттеги бийликчил КСДП фракциясынын ичинен кырдыбычак болуп жүз карашпай бара жаткандары ачыкка чыгууда. Айталы, социалдык саясат комитетин жетектеген Дамира Ниязалиеваны комитет башчылыгынан чакыртып алуу үчүн ошол эле фракциянын үч депутаты Абдыманап Кутушев, Эркингүл Иманкожоева, Мурадил Мадеминов демилге көтөрүп, ЖКнын жалпы депутаттарынан жашыруун кол топтоп киришти. Азырынча алардын өтүнүчүн 30дан ашык депутат колдоп беришиптир. Чырдын чыгышына өз ара көралбастык, ичи тардык себеп болуп, фракция лидери Чыныбай Турсунбеков чырды баса албай, кимисине тартарын билбей турган чагы.

Эрлан мырза Феликсти жеңе алар бекен?
Ушу тапта Мамкаттоо кызматынын жетекчиси Эрлан Сапарбаев менен "Ар- намыс" фракциясынын лидери Феликс Куловдун ортосундагы кармаш катуу жүрүп жаткан чагы. Эрлан мырза "Аксакал мамлекеттик маалымат системасын, паспорт чыгаруу, каттоо иштерин мамлекеттин колунан алып, жеке бир компанияга берүүгө, ал аркылуу алдыдагы шайлоого акча топтоого умтулуп жатат. Мына, 750 миллион сомдук инвестиция тартып келем дейт. Ал акчаны инвесторлор менен бирге кайра карапайым элдин чөнтөгүнөн чыгарып алууга кызыкдар" деп канкакшоодо.
Ал эми Феликс Шаршенбаевич болсо "мен Сапарбаевди жакшы иштесең, коррупцияга каршы турсаң бай болосуң дегем. Бюджеттин тартыштыгынан улам эл аралык конкурс жарыялап, инвесторлордун жардамы менен автоматташтырылган маалыматтык системаны түзөлү дегем" деп сыр алдырбай турган кези. Кимди ким жеңээр экен?

Жазгы "жарыш" февралда башталабы?
Жазгы саясый жүрүштөр марттын орто ченинде башталары салтка айланган. Бирок быйыл жазгы "жарыш" эрте келчүдөй. Абактагы Акматбек Келдибековдун жактоочулары ушул айдын этегинде үлкөн митинг өткөрүп, Келдибековду боштондукка чыгаруу талабын коеру күтүлүүдө. Ошол эле учурда Азимбек Бекназаров жетектеген топ "Кумтөр" маселеси, "Кыргызгаздын" орустарга итбекер сатылышына каршы акцияларды уюштурарынан кабардарбыз. Демократиялык коомдо пикет-митингдердин болушу кадыресе көрүнүш деп шыпшынабыз, бирок "оюндан от чыгарып" мамлекетибизди талкалап албайбызбы?

Бабанов балабайчик…
"Республика" партиясынын жолбашчысы Өмүрбек Бабанов башбакандыкка жетүү максатында билек түрүнө киришти. Анүчүн парламенттеги партиялаштарын премьер Жантөрө Сатыбалдиевге каршы айдактатып, анын Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүчү мамдирекцияда иштеген учурундагы "косяктарын" чукутуп жатыр. Бул маселе кийинки жумада каралып, өкмөт башчысын отставкага айдоо демилгеси көтөрүлөрү күтүлүүдө. Чабуулдарга башы бышып бүткөн Сатыбалдиев бу саам ээрдин кашын бекем кармай алар бекен?

Феликстин "фокустарынан" абайлагыла
"Ар-намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов эркин басылмалардын бирин сатып алганын эшиттик. Бир нерсенин жытын сезгенби же парламенттик шайлоого алдын ала даярданганыбы, азырынча белгисиз. Ошентсе да бир окуя аргасыздан эске түшөт. Феликс Шаршенбаевич 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин гезит түптөп, президент болмокчумун деп чамынган эле. Кийинчерээк Курманбек Бакиевдин этегине эрмешип, баягы гезитти жана гезиттин эмгек жамаатын ай талаага таштап кеткенин журналисттер жакшы билишет. Ошол окуя кайрадан кайталанып, кесиптештерибиз бекеринен күйүп кетпейби деп чочулап турганыбыз…

"Жаңы Агым" - пресс