02.02.14 Манас кҮчҮ - биримдик!
Өтө кеч боло электе кепке келели
Жума башында Элдик курултай кыймылы анын Даанышмандар кеңеши жыйын куруп, өлкөдөгү акыбалды талкуулады. Коомдо тереңдеп бараткан жарака элибизди биротоло бөлүп-жарып сала электе бардык тараптардын катышуусу менен өлкөнүн саясый, социалдык маселелерин чечүү кечиктирилгис маселе экендиги айтылды. Андыктан март айынын орто ченинде Улуттук Улуу курултайдын үчүнчү чакырылышын өткөрүү алдыда турат. Төмөндө анда карала турган маселелерге бардык тараптардын ой-сунушун билүү үчүн Улуу курултайдын улуттук Кеңешинин жана Даанышмандар кеңешинин билдирүүсүн жарыялайбыз.


Кыргызстан бирөө. Анын эли-жерин эч бир байлыкка, бийликке алмаштырууга болбой турган, кунар баасы чексиз, жоготуп алса табылгыс ыйык дөөлөт!
Эки революция тең элдин күчү менен адилеттик үчүн жасалды. Бирок элдин күткөн үмүтү акталбай келет. Азыр кайрадан үчүнчү революциялык кырдаал түзүлүп келе жатат. Кан төгүлүү коштогон элдик көтөрүлүштөн тапканыбызга караганда жоготуубуз көп болду. Экинчи революциянын болгонуна төрт жыл толсо да апрель, июнь окуяларына саясый да, юридикалык да адилет баа бериле элек, күнөөлүүлөр жазасын алган жок.
Бийлик кумарына ууланган кээ бир мекендештер, партиялык лидерлер элди жумуш орундары менен камсыз кылып, жашоо турмушун оңдоонун ордуна өз ара бийлик, байлык талаш менен алек.
Азаттыктын жылдарында кандай мамлекет курарыбыз жөнүндө илимге негиздеп, акыл-кеңеш куруп, айкын максат коё албадык. Элибиздин улуттук менталитетине кайчы келген батышчыл башкаруу, коомдук-саясый система, идеологиялык багыт өнүгүүгө өбөлгө болбой, тескерисинче ичтен иритүүгө жол ачты.
Байыркы тарыхы, маданияты бар эл ар кайсы себептерден улам өтө эле майдаланып кеттик. Сырткы күчтөрдүн таасиринен, өзүбүздүн кенебестигибизден улам сансыз сапырылган партияларга, ондогон диний агымдарга, миңдеген өкмөттүк эмес уюмдарга атургай бир кыргыз эли түндүк-түштүккө бөлүнүп жатышына жол бергенибиз - тарыхта азыркы муундун жүзүнө кетпес кара так калтырат.
Андыктан урматтуу эл башчылары жана саясый күчтөрдүн лидерлери! Өтө кеч болуп кала электе ата-бабалардын салтын карманып кепке келели! Кан төгүлгөн кармаштан пайда жок экенин көрдүк.
Жараткан бир Кудуреттин алдында, ата-бабалардын арбактарынын алдында жана ар бирибиздин адамдык абийир-парасатыбыздын алдында элибиздин, мекенибиздин тагдырын терең ойлонуп бир чечимге келиш үчүн, 2014-жылдын март айынын экинчи он күндүгүндө Конституциянын 52-беренесине ылайык Улуу курултайдын үчүнчү чакырылышын оппозиция-бийлик дебестен бардык тараптардын катышуусу менен бирге уюштурууну сунуштайбыз. Сиздерден он күн ичинде жаңы долбоор, сунушуңуздарды күтөбүз.

Болжолдуу күн тартиби:
1. Азаттыктын жылдарында Кыргызстанда түзүлгөн коомдук-саясый, социалдык-экономикалык абал жана "Өнүгүүнүн кыргыз жолу" концепциясы жөнүндө.
2. Кыргыз элинин улуттук менталитетине ылайык иштелип чыккан Башмыйзамдын долбоору жөнүндө.
Бул жалпы элдик жыйынга бийлик башчыларын, саясый күчтөрдүн лидерлерин, ар бир айыл аймагынын бирден аксакалын, айылдык, шаардык кеңештердин бирден депутатын, бир Улуу курултайдын делегатын жана аялдардын, жаштардын өкүлдөрүн чакырууну сунуштайбыз.
Кыргызды дүйнөгө тааныткан кеменгер бабаларыбыздын өрнөгүн үлгү тутуп, кут даарыган элибиздин ооматын колдон учурбай, азыркы опурталдуу мезгилде, калың-журтубузду Манас ата, Кыдыр ата колдоп ынтымак биримдикке келип, туура жолду тандайлы.
Курултай - бул тирешүүнүн эмес кеңешүүнүн жолу болгондуктан, бардык тараптардын, эл өкүлдөрүнүн катышуусу менен туура чечимге келели!

Даярдаган
Зайырбек АЖЫМАТОВ




Жантөрө Жолдошевич, бизди уксаңыз!
"Электр тармагы ашыкча штат, чыгымдардан оңолбой жатат"
Кыргызстан суу ресурстарына бай, электр энергиясын экспорттойбуз деп мактанганыбыз менен өзүбүз электрге жарыбай келебиз. Мунун себеби эмнеде экенин 1970-жылдан 1985-жылга чейин Нарын электр тармактар ишканасынын катардагы инженеринен башкы инженерине чейин иштеген, инженер-электрик Турдакун САПАРБАЕВ айтып берди.

- Энергетика системасы негизи өзгөчө көңүл бура турган тармак. Азыр мамлекеттик коопсуздук десе эле чек ара, жоокер, жарандар коопсуздугун козгоп калабыз. Булардан сырткары мамлекеттик коопсуздуктун негиздери экономика, экология жана энергетика тармагы болуп эсептелет. Өзгөчө энергетикалык коопсуздук мамлекеттүүлүк менен байланышта болуп, экология, экономикага түз таасирин тийгизет. СССРдин өнүгүүсү да так ушул энергетика тармагына байланыштуу болгонун баарыбыз эле билебиз. Кыргызстан союздук республикалар арасында энергетика тармагы боюнча үчүнчү орунда турчу. Союз доорунда эле азыр көтөрүлүп жаткан Нарын дарыясына каскаддарды куруу маселеси каралып, долбоорлору чийилип калган. Жараткан берген сууларыбыздын жогортон кескин ылдыйлап отурушу ГЭСтерди курууга, алардын кубаттуу болушуна өтө ыңгайлуу.
Бирок кыргыз энергетикасы мурда кандай эле, азыр кандай деген суроону койсок, учурда тармак "койчусу көптүн кою арам өлөт" болуп турат. Тактап айтканда, азыр бизде энергетиктер көп, натыйжа аз. Мисалы, Кыргызстан СССРдин курамында кезде энергетика тармагын бир эле "Кыргызглавэнерго" деген мекеме башкарып турчу. Анын ичине ГЭСтер, жогорку, төмөнкү чыңалуудагы көмөк чордондор жана электр чубалгылары (линия) кирчү. Азыр анын баары башаламан башкарууга өткөндүктөн, энергетика тармагыбыз күндөн күнгө начарлап баратат. Алсак, азыр бул тармактын башында өкмөт турат, андан кийин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду, Энергетика министрлиги, ошол эле министрликтин алдында Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департамент жана Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциясы турат. Ошентип булардын кимиси кимисине баш ийери билинбей, башкаруу системасында чыгым ашкере көбөйүп кеткен. Өнүккөн демократиялык өлкөлөргө теңелишибиз керек деген болбогон ой жүгүртүүнүн натыйжасында биз ушуга келдик.
1990-жылдардан соң айыл чарбасы кандай талкаланса, энергетика тармагы да ошондой талкаланды. Ошол мезгилде Нарын электр тармактар ишканасында 1500 киши эмгектенип, Нарын облусу боюнча электр энергиясын текши жеткирип, Ат-Башы ГЭСин да башкарчу. Ишкананы бир директор, бир башкы инженер жетектеп, аларга баш ийген структуралык мекемелер калганын үзгүлтүксүз тейлечү. Азыр Нарын облусунда жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын, көмөк-чордондорду тейлеген улуттук мекеме бар. Ат-Башы ГЭСи "Электрстанциялары" ААКсына караган өзүнчө мекеме болуп турат. Мындан тышкары "Чыгышэлектрдин" бир бөлүгү Нарында. Ошентип бир бүтүн мекеме үчкө бөлүнүп, үч директор, үч башкы бухгалтер, үч электр монтеру болуп отуруп штаттар көбөйгөн. Эң кызыгы, бул мекемелердин каттоо күбөлүгүндө жеке менчик ишкана деп көрсөтүлгөн. А жеке менчик ишканалар тууралуу мыйзамда жеке менчик ишкана Экономика министрлигинин жана прокуратуранын макулдугу менен жылына бир гана жолу текшерилет деп жазылган. Иттин өлүгү так ушу жерде көмүлүп жатат. Бир жыл бою аталган мекемелер эмне кылат, эмнени чыгымдайт, кандай жабдык сатып алат өз эрки. Ошол эле мезгилде электр энергиясын кымбаттатпасак болбойт, жабдыктар эскирди, жоготуулар көп деген шылтоо менен коррупция гүлдөп жатат. Болжол менен эсептесек, республикадагы коррупциянын 30-40 пайызы так ушул электр тармагында болуп жатат. Ошондуктан мындай мамлекеттик кызматты эч качан менчикке чыгарбаш керек.
Менимче, мурунку "Энергосбыт" азыркы РЭСтин деңгээлиндеги мекемелерди, төмөнкү чыңалуудагы подстанцияларды электр чубалгылары, трансформатордук пункттары менен кошо менчикке чыгарса болот. Ал эми жогорку чыңалуудагы көмөкчордон, линияларды, ГЭСтерди менчикке чыгаруу бизди азыркы акыбалга алып келди. Бул саясат 90-жылдан кийинки жетекчилердин түшүнүгүнүн тайкылыгынан, инвесторлордун ошого түртүүсүнөн улам болгон. Анткени мамлекет канчалык алсыз болсо инвестордон ошончо карыз алып, алардын ырын ырдайт.
Эгер 10 киловольттон ылдыйкыларын акционердик коом кылып, калганын илгеркидей бириктирсек, көзөмөл, тартип күчөп, жоготуулар, коррупция өзүнөн өзү азаймак. Союз доорунда 1 кВт/саат энергия 3 эле тыйын болсо, азыр 70 тыйын. Болуптур, союз доор өттү-кетти дейли, бирок азыркы 70 тыйын өзүн-өзү укмуш эле актайт. Чындап эсептеп келсе электр энергиясынын өздүк баасы кыйла эле арзан. Менин билгеним, Тогуз-Торо району Нарын облусуна карачу. Азыр ал башка облуска карап, райондогу "Кыргызалтындын" Макмал ишканасына "Чыгышэлектр" мекемеси далдалчылык менен сатып жатат. Бул облустагы бир эле көрүнүш. Ушундай көрүнүш бир эле Нарында эмес жалпы республика боюнча болуп жатат. Ошондон улам электрдин өздүк баасы көтөрүлүп жатат. Эгер президент, мамлекеттик коопсуздук кеңеши муну колго алса, электр тармагы жолго салынып, өнүгөрүнө бөркүмдөй ишенем.

Мелис СОВЕТ уулу