23.01.14 Жакшы коңшу туугандан артыкпы?
Эки президент сүйлөшпөсө элге зыян
Ушул жылдын 11-январында Баткен облусунун аты уйкаш районуна караштуу Ак-Сай кыштагында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары өз ара тирешип, акырында коңшулар кыргыз жоокерлерине каршы курал-жарак, анын ичинде автомат, гранатомет, миномет колдонушкан. Мунун айынан алты кыргыз жоокери ар түрдүү даражада жабыркаган. Ага удаа Кыргызстан чек ара тилкелериндеги көзөмөл-өткөрүү бекеттерин жаап таштаган.


Кыргыз-тажик чек арасына жанаша жайгашкан кыргыз кыштактарында акыбал абат эмес. Бул туурасында "Жаңы Агым" гезитине кабарлаган Кыргызстандын Ички иштер министринин орунбасары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов буларды кошумчалады.
- Жергиликтүү тургундар биринчиден, делимитация жана демаркация боюнча эки тараптуу паритеттүү комиссиянын кезектеги отурумун мөөнөтсүз өткөрүү, экинчиден, Көк-Таш - Ак-Сай, Ак-Сай - Тамдык автожолунун курулушун ыкчамдатуу, чек арада жашаган калк үчүн кабыл алынган "Чек арадагы айылдардын макамы туурасындагы" мыйзамды ишке тез киргизүү, үчүнчүдөн, чек ара аймактарындагы жерлерди турак жай куруу үчүн чукул арада трансформациялоо, төртүнчүдөн, чек ара тилкелеринде болуп жаткан ар кандай оң-терс окуяларды жалпы коомчулукка бурмалабастан массалык маалымат каражаттары аркылуу кең-кесири жана калыс чагылдыруу, бешинчиден, чек арада жайланышкан аймактын милиция кызматкерлеринин санын көбөйтүү, аларга такай камкордук көрүү жана акыркы үлгүдөгү заманбап техникалар менен жабдуу талаптарын кабыргасынан коюшту, - деди Курсан Асанов.
Анын айтымында, өткөн окуя боюнча фактылар, Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан оперативдүү түрдө чогултулган материалдар бүт Баткен гарнизондук аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Соңку тапта бул орган тергөөнү дароо баштагандыгы кабарланууда.
- Бул тажик чек арачыларынын коңшу өлкөдөгү кесиптештерине биринчи ирет сес көрсөтүүсү эмес. Ошондуктан кыргыз жетекчилиги чек арачылардын эмгек маянасын токтоосуз түрдө жогорулатып жана жашоо-шарттарын чукул арада жакшыртуусу абзел. Анткени биз билгенден чек ара кызматында бош орундар толтура. Буга эң башкы себеп - эмгек акы өтө төмөн жана иштөө шарты абдан катаал. Анан ким ушуга чыдасын? - деп чырылдады Баткен облус губернаторунун мурдагы орунбасары, учурда Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова.
Парламентарийдин баамында, мындан тышкары Баткен мамлекеттик университетинин базасында токтоосуз түрдө аскер кафедрасын ачуу керек.
- Мурда аталган ЖОЖдо аскер кафедрасы бар эле. Жөн эле жоюп жиберишти. Бирок негизги база дагыле турат. Болгону аскер кафедрасын жандандырып, кайра иштетүү гана зарыл. Дал ушинтип Баткендеги че кара кызматынын кадрларга таңкыстыгын жайгарса болот. Ушул максатта бир-эки миллион сом чыгымдалат экен. Каржы министрлигине атайын эсеп-кысап ачууну сунуштадык. Чынында өлкөнүн коопсуздугу үчүн бул каражат арзыбаган эле акча, - деп кошумчалады эл өкүлү Карамат Орозова.
Баса, өкмөт башчысынын коргонуу жана коопсуздук маселелери боюнча орунбасары Токон Мамытов массалык маалымат каражаттарына курган маегинде Кыргызстан чек арасын бир тараптуу жапкандыгын мындайча туюндурду.
- Тирешүү курчуп отуруп улуттар аралык араздашууга алып келиши толук ыктымал. Ошон үчүн мурда келишкендей, чек араны эки мамлекет биргелешип кайтарууну дагы азырынча токтоттук. Аз күн мурда кол коюлган бири-бирине курал колдонбоо туурасындагы эки тараптуу келишимди Тажикстан өзү көз көрүнөө бузду, - деди вице-премьер-министр Токон Мамытов.
Ал эми ЖККУ (Жамааттык коопсуздук келишим уюму) дагы учурда эки өлкөнүн өз ара тирешүүсүн токтотуу камын жеп жаткан чагы. Бул туурасында аталган уюмдун башкатчысы Николай Бордюжа ачык моюндады.
- Биз ушул тапта бул эки өлкөнүн башчылары менен үзгүлтүксүз байланышып жатабыз. Атүгүл чырды чукул арада тынч жайгаруунун жол-жоболорун дагы кең-кесири сүйлөштүк. Ошентсе да Кыргызстан көзөмөл-өткөрмө бекеттерин алигүнчө ача элек. Атүгүл эки тарап тең чек араларындагы аскерлерин алып чыгып кетише элек, - дейт.
Жергиликтүү серепчилер эки өлкө башчысынын өз ара диалогго барбай жатышкандыгын жаман жышаан сыңары сыпатташууда.
- Кыргыздар айтмакчы, өткөн ишке өкүнүп, кеткен ишке кекенүүнүн кажети жок. Президенттер Алмазбек Атамбаев да, Эмомали Рахмон да бир үстөлгө олтуруп, маңдай-тескей сүйлөшүп, өз ара касташууга сөзсүз чекит коюушу абзел. Эгер антүүгө эрктери жетпесе, азабын эки мамлекеттин карапайым калкы эле тартат. Анан эки президент чек араларды такташтырууда 1924-жылкы жана андан кийинки эмес, тээ Орус падышачылыгы убагындагы Кыргызстан менен Тажикстандын карталарына басым жасоосу абзел. Ошондо гана азыркыдай жер талашып, өз ара кырчылдашууга биротоло чек коюларына бөркүмдөй ишенем, - дейт география илиминин доктору, профессор Курманаалы Матикеев.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Баткен облусу




Андай эмес, мындай
Ашуудан берген отчеттун кереги барбы?

Жети облус ичинен тоолуу Нарын облусунда кыш өтө суук болуп, узакка да созулат. Ошол себептен нарындыктардын негизги көйгөйлөрү эле отун, электр энергиясы, тоют. Быйыл Кара-Кече көмүр кени жакшы иштетилбей калып, теңир-тоолуктарга көмүр күз, кыш айларында аз барган. Бул тууралуу бизге облустун беш районунун жашоочулары өздөрү айтып беришкен эле. Жума башында өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов облус калкынын 97 пайызы көмүр менен камсыз болгонун айтып оозду ачырды.

Жакында эле аталган кызматка барган Аманбай Кайыповдун айтымында, 2013-жылы 2012-жылга караганда Нарын облусунда көмүр 32 миң тоннага көп өндүрүлүптүр. Өкмөт өкүлүнүн айтканы чын болсо, Нарын эли Миң-Куш, Туруктун сапатсыз көмүрүнө жалдырабай эле Кара-Кеченин көмүрүн сатып алып жыргабайт беле. Ушундан эле мамчиновниктердин супсак отчетторду жогору жактарга узатып көнүп алганын көрүүгө болот. Болбосо беш ай бейиште, жети ай кейиште жашаган нарындыктар Кара-Кече көмүрүнө жетпей жатканда, Чүйдө Кара-Кече көмүрү мүшөктөп сатылып жатканын өкмөт өкүлү билбейби? Баарынан кызыгы, Аманбай мырза облуста 13 ишкана көмүр өндүрсө, анын төртөө "кандайдыр бир себептер" менен иштебей турганын айтат. Ошол эле мезгилде Жумгал районундагы көмүр өндүрүүчүлөр Бишкек ТЭЦи былтыр алган 7 миң тонна көмүр үчүн акчасын которбой, каражаттын, күйүүчү майдын жоктугунан көмүр каза албай турушканын айтып чыгышты. Көмүр казуучулардын айтымдарында, Кара-Кече филиалынын жетекчиси Белек Саманчиев "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынан 8 млн. 400 миң сом которуларын айтып, бирок андан декабрь айынан бери дайын жок. Ошондой эле Энергетика жана өнөр жай министринин орунбасары Райымбек Мамыров 9-январда Кара-Кечеге барып 20-январга чейин акча которуларын убада кылып, ал убада да аткарылган эмес.
Көмүр өндүрүүчүлөр минтип арыз-муңун айтып жатса, Нарын шаардык электр тармактары жетекчиси Азим Алиев шаарда өткөн жылы 339 рейд жүрүп 41 мекеме-ишкана менен 557 жеке түтүнгө акт жазылганын жана 207 юридикалык, 1522 жеке адамдардын электр энергиясы өчүрүлгөнүн айтып мактанат. Биз билгенден Нарын облусунун ичинен эң жарды район Нарын району. Райондо иштете турган сугат жерлер, жайыттар да аз. Башкасын айтпаганда да Нарын шаарынын өзүндө кыйраткан жумуш жок. Саналуу гана мамлекеттик ишканалар, окуу жайлар, ооруканалар иштегени болбосо элди толук жумуш, маяна менен камсыз кыла турган да ишканалар жок. Нарын облусунун башка аймактарына салыштырмалуу Нарын шаарында кышкысын суук өзгөчө катуу болот. Шаарда элдин капчыгына жараша баадагы көмүр жетиштүү көлөмдө сатылбаса, же башка айыл-кыштактардагыдай отун ала койгонго токой болбосо, же башка облус борборлорундагыдай жаратылыш газы болбосо эл электр энергиясын колдонбогондо не кылат?!
Облус аткаминерлеринин оозунан жыйырма жылдан бери Нарын элине отун-суудан, электр энергиясынан жардам керек деген сөз чыга элек. Эгер Нарын эли өзү накталай акчага көмүр таппай жатса, Нарында 13 ишкана көмүр өндүргөнүнүн мааниси канча? Өкмөт болсо тоолуу район демиш болуп айрым пенсионерлерге кышкысын 100-200 киловаттын акчасын пенсияга кошуп берген болот. Ит өлгөн кышкы суукта Нарын үчүн бул арзыбаган эле нерсе. Анан калса, айылдыктарга эч себепсиз эле колдонулган электр энергиясына олчойгон туумдар чыгып келе берет. Буга Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмесинин жетекчиси Улан Айтиевдин айтканы эле далил болуп тургандай. Анын айтымында, аталган бирикме "Чыгышэлектр" ААКсынын Нарын филиалына 71,7 млн. сом карыз болсо, анын 42 млн. сому эле үстөк акча экен. Бул 42 млн. сом үстөк акча кайдан пайда болгон?
Электр энергиясы демекчи, союз доорунда Нарын облусунун электр тармагын чакан эле жамаат үзүгүлтүксүз жакшы тейлесе, азыр штаттар да өтө көбөйүп кеткен. Жеке эле Нарын эмес Кыргызстан боюнча да электр тармагынын кызматкерлери эсепсиз көбөйтүлүп кеткен. Өлкө бюджетинен алардын маяналарына эле миллиондогон сумма сарпталат. Мунун эсеп-чотун алып, өкмөт башчысына жеткирген жан жок. Буюрса бул боюнча кийин кенен маалымат беребиз. Нарын кышынын аякташына дагы эки-үч ай бар. Ага чейин премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, өкмөт мүчөлөрү, борбордон алыс чыкпаган депутаттар Нарын элинин жашоосунан кабар алып коюшса дурус эле болмок.
Жайкысын барып алып Нарын элинин жашоосу жакшы турбайбы, малы көп экен деп курсакты сылап эт жеп, кымыз ичип кете бербей, кышкысын деле Теңир-Тоого бир башбаксаңар, урматтуу элбагарлар.

Мелис СОВЕТ уулу