23.01.14 Автандил КАДЫРКУЛОВ, милициянын подполковниги:
"Алгач милиция милицияны сыйлаш керек, анан гана аларды коом сыйлайт"

Редакциябызга милициянын подполковниги, соңку учурда бир катар маалымат каражаттарына ИИМ системасын реформалоо багытындагы өзөктүү ой-пикир, сунуштарын айтып келген Автандил КАДЫРКУЛОВ башбагып, өз ойлорун бөлүштү.

- Мен милицияга жаш кезимде коом оңолсо деген ой менен кирип, өлкөбүздүн ар кайсы аймагында иштеп жүрүп, ИИМ академиясына 2012-жылы май айында келгем. Бул жерге келгени курсанттардын ой-санаасын сыйлоого аракеттендим. Ал жерге келгендер окуйм деп келсе экен деп ойлодум. Мугалимдер сырттан окуу бөлүмүнүн курсанттарын көргөндө акча алам деп ойлобосо экен деп аракеттендим. Ар бир эле окуу жайда, айрыкча ИИМ академиясында эң башкы максат билим берүү жана билим алуу болушу шарт деп эсептейм. Аталган академияда бир жарым жыл иштеп көпчүлүк инсандарда ошол ойду жарата алдым деп ойлойм. Курсанттардын 70-80 пайызы өз күчү менен окуп, буга мугалимдер "МАИчи болуу үчүн окуп жаткандар да конспект жазат экен" деп таңкала баштаган. Мурда курсанттар окууга такыр мындай мамиле кылчу эмес экен.
Мындайча айтканда, мен ИИМ академиясынын сырттан окуу факультетинин деканы катары жандүйнөмдү берип иштедим. Бирок тилекке каршы ал жердеги коррупциялык системанын бетин ачып койсом, окуу жайдын жетекчилиги мени 8-декабрда жумуштан бошотуп, Чүй ИИБисинин карамагына которуп коюшту. Буга деле ызаланбайм, бирок ал жерге окуйм деп келген балдардын оюн эч ким сыйлабай жатканына кейийм. Аларга берилген тамак-аштын сапатын да карап коюшпай, окуу жайдагы мыйзам бузуулардын бетин ачкан мени жумуштан бошотуп коюшканына ичим ачышат.
- Негизи эле сиздин оюңузда милиция деген ким, ал бүгүн ким болуп калды?
- Менимче милиция бул - коомдун санитары. Алар коомду алдыга сүйрөй турган адамдар болуш керек. Эсиңиздеби, союз учурунда "Дядя Степа милиционер" деген мултьфильм бар эле. Мен ар бир милиция кызматкери ошондой болсо экен, ар бир адамдын кайгы-муңуна кайдыгер болбой, колдоп, коргогонду билсе экен деген ой менен иштеп келатам. Тилекке каршы, мен милиция жетекчилеринин дээрлик көбү андай ойдо жашабай калганына, коомду оңдоштун ордуна кайра бузуп жатканына таңмын. Мисалы, ИИМ академиясы келечекте милиция боло турган жаштарды өз уясында эле сындырып коюп жатышат. Албетте, башаламан, мыйзамды сыйлабаган окуу жайдан тарбияланып чыккан милиция кызматкери сөзсүз коомго алган тарбиясын көрсөтөт. Анан эл милицияны сыйлабайт деп жүрөбүз. Биринчи милиция милицияны сыйлап, аларга татыктуу тарбия бериш керек, анан гана аларды коом сыйлайт.
- ИИМ академиясын реформалоо тууралуу кандай ойлоруңуз бар?
- Академияда келечектеги милиция кызматкеринин беш жылдык өмүрү өтөт. Аларды милиция кызматкерлери окутат. Жалгыз гана ошолордун тарбиясын көрөт. Ал эми мен милиция кызматкерин тарбиялоого атуулдук коомдун өкүлдөрү да катышуусу керек деп айтып келем. Азыр курсанттын күн тартиби мындай: эртең менен саат жетиде сбор болот, мисалы, Кызыл-Аскерде жашаган бала саат беште туруп алып жөнөйт. Курсант таңкы саат жетиден кечки саат жетиге чейин жүрүп, анын он алты саат өмүрү академияда өтүүдө. Элестетсеңиз, беш жыл бою гезит, китеп окубай, телевизор көрбөй, ата-энесине жардам бербей робот сыяктуу жашаган бала кийин коом менен кантип аралашып кетет? Ошондуктан биз аларды казармага киргизип койбой башкача тарбиялаш керек. Аларды биринчи курста алты айга казармага киргизип салабыз. Киргенде эле алар түндүк-түштүк болуп бөлүнүп, мушташып өз укуктарынан ажырап калууда. Мындай жол менен тажрыйба алалек бала академиянын жатаканасынан эле сынып, тебеленип калып жатат. Мен өзүм ошол жатаканада жашайм. Офицерлер балдарды түнкү саат ондон кийин пол жуудурат. Андай болбойт да. Эгер милиция болом деген баланын укугу күнүгө тебеленип жатса, ал кийин кимдин укугун коргойт? Милицияга башкача мамиле кылыш керек. Окуйм деп келген баланы тажатпайлы. Мындай тарбия XIX-XX кылымда өз натыйжасын берсе бергендир, азыр андай эмес. Ошентип өскөн баладан жакшы милиция чыгышы мүмкүнбү? Ошондуктан болочок милиционер алгач граждандык коом өкүлдөрүнүн сынын, мактоосун укканга көнүш керек. Кийин алар өмүр бою граждандык коомдо иштейт. Биз аларды ата-энеси менен чогуу тарбиялашыбыз зарыл. Ал эми беш жыл бою жалаң милиция кызматкерлеринин сөгүнгөн-сагынган тарбиясын көргөн балакай милиция албетте өзүн кыйын эсептеп, граждандык коомдун өкүлдөрүн киши ордуна көрбөй кагып-силкип, анын айынан элге бата албай, сыйдан ажырап калууда.
- Академияга пара берип өтүш керек дешет. Ошол жерде иштеген кызматкер катары бул сөздү ырастай аласызбы?
- "Жел жүрбөсө чөптүн башы кыймылдабайт". Алардын билим деңгээлин карап туруп эле кайсы жол менен окууга өткөнүн билсек болот. Эгер бул жерде окуп жаткандардын билим деңгээли жакшы болсо, эмне үчүн республикалык олимпиадаларга катышпайт? Эгер бул академияга кыйын спортчулар алынып жатса, алардын арасынан эмне үчүн дүйнө чемпиону чыкпайт? Эл бекер айтпайт да. Аны мен деле көрүп турам. Керек болсо бою 1,50 болгон кыздар окуйт. Албетте алар тааныш аркылуу келген десе болот. Кыздар үчүн бой 1,68ден өйдө болуш керек эле да. Бою кичинекей балдар да бар. Эгер мындай боло турган болсо, анда бардык балдарды "теректей бой бергенче теменедей акыл бер" деген улуттук менталитеттин негизинде кабыл алыш керек.
- ИИМ академиясынын окуу программасына токтоло кетсеңиз...
- Бул боюнча да мен окуу жайдын жетекчиси Жеңиш Жакыпов менен талашып кеткем. Ал киши милицияга улут аралык мамилелерди жөнгө салуу сабагын киргизбей эле коюш керек дейт, мен каршымын. Кыргызстандын шартында милиция кызамкерлери так ушу улут аралык мамилелерди жөнгө сала албай жаткандыктан улут аралык чыр-чатактар чыгып кетүүдө. Же болбосо "милицияга өзгөчө кырдаалдар кезинде эмне кылууну окутпайбыз, бул сабактын кереги жок, практикадан окуп алышсын" дейт. Буга да мен каршымын. Жер титиреп же болбосо сел жүрүп кеткенде жакындары өлгөн адамдар стресске кабылып, мал-мүлкү уурдалып, мародерлук болот, аны ким караш керек? Албетте милиция кароого милдеттүү. Митингдерди, психологияны окутпай эле коюш керек деп психология кафедрасын жоюп жатышат. Ботом, митинг менен милиция иштебегенде ким иштейт? Ошол эле учурда ар кандай кырсыктарда жакындары өлгөн адамдарды тынчтандыра турган милиция кызматкерлери эмеспи. Милиция эң биринчи кезекте психолог болуш керек. Бул жерде милицияны дубинка көтөрүп документ текшерген адам катары караганы жатышат. Андай эмес. Милиция адамдар менен сүйлөшө алган коомдун билимдүү бөлүгү болуш керек эмеспи.
- Окуу программасын кимдер бекитет? ИИМби же Билим жана илим министрлигиби?
- Окуу программасын Билим жана илим министрлиги бекитет. Бирок бизде алардын атайын куратору да жок. Милиция менен байланышкылары келишпейт. Ал эми азыркы жаңы жетекчилик коррупциялык системаны коргоп, одоно түрдө эле өзүмбилемдикке салып окуу программасына да кол салып жатышат.

Зайырбек АЖЫМАТОВ




Ажыраш аяк ордуна
2008-жылдын 21-январы өмүрүмдөгү маанилүү күндөрдүн бири катары түбөлүккө эсимде калат. Себеби бул күнү алгачкы жолу "Агымдын" босогосун аттап, журналистиканын даңгыр жолуна багыт алган элем. Жашырганда не, 3-курстун студенти үчүн гана эмес, дегеле мен журналистмин дегендер үчүн "Агымда" иштөө өзгөчө чоң мектептен өтүү экени талашсыз.
"Агым" мага эмне берди? Кандайдыр бир деңгээлде журналист катары такшалып, бу жашоодо орун-очок алышыма "Агымдын" салымы зор. Мындан алты жыл мурдагы студент, боз баш бала учурда үй-бүлөлүү, азырынча бир баланын атасы. "Агым" мени тарбиялады, өстүрдү, чыныгы турмуштун сырларын үйрөттү. Кыскарта чапканда, "Агым" мен үчүн акжолтой гезит, акжолтой жай болду.
"Жаңы Агымдын" башредактору Аскер Сакыбаева, "родная мамочкам" Назгүл Калмамбетова, бүгүнкү замандын алп акыны Зайырбек Ажыматов, "шибегечи", куйкум сөз айтмайынча тура албаган Мелис Совет уулу, обондуу хит ырлардын "кожоюну", спорт, шоу-дүйнөcүндө орду бар Кудрет Тайчабаров, эртең менен "саламатсыңарбы", кечинде "жакшы калгыла" дегенден бөлөк кеп айтпаган эжекем Жамиля Нурманбетова, жооптуу катчыбыз Дамира Токтосунова сындуу кесиптештерим мага бир тууган, кеңешчи болуп беришти. Менин экинчи үй-бүлөм, жакын туугандарым болушту.
"Бир жолу даам таткан үйүнө миң жолу салам айт" дейт кыргызда. Ал эми менин "Агымда" эмгектенип, даам сызганыма алты жыл толуптур. Демек, "Агымга" миң эмес миллиард жолу салам айтыш адамдык парзым. Дегеним, кийинки жумадан тартып башка жакка жумуш которуп, тагыраагы, ЖК төрагасы Асылбек Жээнбековдун басма сөз катчылыгын аркалай баштадым. Алты жылдан берки окуяларды эстегеним ошондон. Ананчы, студент кезден торолткон гезитти, бир туугандай болгон адамдарыңды таштап кетиш оңой бекен!
Канчалык көп нерсени жазайын десем да жаза албадым. Жаза турган нерселер балким алдыдадыр...

Нурканбек КЕРИМБАЕВ