17.01.14 Бийлик көксөгөнүнө жетти,
бирок тынчтыкты камсыз кыла алабы?
15-январда Кыргызстандын түштүк башкалаасында жаңы мэрдин шайлоосу жашыруун добуш берүү аркылуу жүрдү. Иш-чара адегенде эле Ош шаардык кеңешинде ар партиянын камчысын чапкан депутаттардын өз ара кермур айтышууусу жана акырында жеңилген талапкердин Ош облусунун райондорунан жана Ош шаарынын булуң-бурчунан агылышкан санаалаштарынын борбордук аянттагы нааразычылык акциясы менен коштолду.


Жыйын башында эле Мелис Мырзакматов негиздеген Ош шаардык кеңешиндеги "Улуттар биримдиги" партиясы түзгөн азчылык каолиция Ош шаарынын мэрлигине талапкерлер Айтмамат Кадырбаев жана Мелис Мырзакматов өз программаларын шаар депутаттарына кең-кесири ачыктоосун талап кылышты. Бирок бул сунуш бир нече партия курамына кирген көпчүлүк каолициясы тарабынан эч кандай колдоо тапкан жок.
Бул аралыкта Ош шаардык кеңешинде азчылыкты түзгөн "Улуттар биримдиги" фракциясынын лидери Рыспек Мырзаматов көз көрүнөө мыйзам тебеленип жаткандыгын катышуучуларга шардана кылды.
- Шаардык кеңештин көпчүлүк каолициясына кирген "Республика" партиясынын фракция жетекчиси Арфидин Аланов кудум урнанын жанына туруп алып, кайсы депутат кимге добуш берип жаткандыгын чийилген бюллетендерди бир бирден атайылап көрүп текшерүү аркылуу өзү көзөмөлдөп атат. Муну бул залдагылар неге баарыңар көрүп туруп унчукпайсыңар? Эч кимди көзүңөргө илбей ушинте берсеңер, акырында эл тегиз көтөрүлөт. Анда кантесиңер? - деп ызырынды Рыспек Мырзаматов.
Ага улай Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк каолициясынын айрым депутаттары Рыспек Мырзаматовго карай атырылышты эле, чырды шайлоо залында жайланышкан укук коргоо органдары жана жергиликтүү кеңештин парламентарийлери ырбатпастан ыкчам жөнгө салышты.
Ошентип добуш берүү токтотулган жок, андан ары улантылды. Мэрди шайлоого Ош шаардык кеңешинин 45 депутаты тең катышты. Жыйынтыгында талапкер Айтмамат Кадырбаев - 25, талапкер Мелис Мырзакматов - 19 добуш топтогондугун, ошондой эле бир добуш экөөнө тең каршы чийилгендигин, ошондуктан жараксыз деп табылгандыгын Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Рыспек Нурдинов жар салды. Тилекке каршы, добуш берүүнүн жыйынтыгын угузуу жараянына талапкер Мелис Мырзакматов өзү катышкан жок.
Бул аралыкта Мелис Мырзакматовдун түштүк башкалаасынын борбордук аянтына чогулган талапкерлеринин айрым өкүлдөрү Ош шаардык мэриясынын ичине кирүүгө жана депутаттардын эмне үчүн Мырзакматовду толук бойдон колдошпогондугун ачык териштирүүгө катуу далбаса жасашып, укук коргоо органдарын ташбараңга алышты эле, мындай жосунсуз жоруктарга өз убагында сокку урулгандыктан, максаты жүзөгө ашкан жок. Бирок кагылышуу маалында бир нече милиция түрдүү даражада жаралангандыгын кийинчерээк Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан "Жаңы Агым" гезитине маалымдашты.
- Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт. Бирок мен бүгүнкүдөй кир шайлоого жана мыйзамсыз жыйынтыкка мурдатан эле даяр элем, - деп агынан жарылды борбордук аянттагы таламдаштарына Мелис Мырзакматов. Анткени бийлик "кара жашик" атыккан КТРК жана ЭлТР телеканалдары аркылуу мени күн сайын жүйөсүз эле шыбатып, атүгүл качкын президент Курманбек Бакиевге жана анын туугандарына дагы уялбастан жармаштырышты. Бирок Ак үй бул ирет терең жаңылышты. Борбордук аянтта минтип кылкылдаган элдин үнүн угууга таптакыр дааган жок! Ошентсе да биз мансаптагылардын алдында эзели чөкпөйбүз жана чөгөлөбөйбүз! Күрөшүбүз мындан ары улантылат. Биз эми бу акыйкатсыз бийлик менен саясый таймаштын башкача жолун тандап алдык.
Турсунбек АКУН, мурдагы Акыйкатчы: - Мындай ыплас шайлоо жана административдик ресурстарды ачыктан ачык пайдалануу Кыргызстандагы эч бир президенттин тушунда болгон эмес. Унутпагыла! Акыры өлкөбүздө чындык орноп, акыйкат сөз бир күнү баарыбир айтылат. Ошондо азыркы бийликте отурушкан уятсыздар калкынын бетин кантип карашаар экен, ыя?
Абдылда КАПАРОВ, ыңкы-лапчы: - Кыргызстандагы акыркы эки ыңкылаптын тең тилеги биротоло ташкапты. Ушул тапта бийликтин бардык бутактарында көзүн жалаң гана май баскан аткаминерлер отурушат. Билесиздер, мен 2010-жылдагы Ош коогалаңы маалында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси элем. Ошондо Жалал-Абадда кандуу тополоң башталганда Ош облустук бийлигине бир нече ирет айтсам дагы мени таптакыр укпай, кенебей коюшкан. Ош шаарынын ошондогу мэри Мелис Мырзакматовго аргасыздан кайрылганымда, бизге дароо каралашып, ага удаа Оштун элинин бейпилчилигин туруктуу кармаганга көмөк көрсөткөн.
Шайлообек АТАЗОВ, Ош шаардык кеңешинин депутаты: - Айланайын эл-журт! Бүгүнкү мэрди шайлоо жалаң мыйзам бузуулар жана биздин партиялаштарыбызга ачык эле кысым, ошондой эле басым көрсөтүүлөр менен коштолду. Андыктан "Улуттар биримдиги" партиясы жана анын талапташтары мэрдин шайлоосунун жыйынтыгын таптакыр тааныбайбыз! Бийликтен жаңы жана адилет шайлоону талап кылабыз! Ансыз тарабайбыз!
Деген менен Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаарынын мэрин шайлоо бул ирет абдан тынч жана уюшкандыкта өткөндүгүн байма-бай билдирүүдө.
- Орчундуу мыйзам бузуулар дегеле катталган жок. Талапкерлерден дагы алигиче эч кандай доомат түшпөдү, - деп жар салды БШКнын Ош шаарында жүргөн мүчөсү Жеңиш Акматов. - Оштогу иш-чараны башынан аягына дейре кең-кесири жана калыс чагылдыруу үчүн массалык маалымат каражаттары тоскоолдуксуз катыштырылды. Бул сапар алар үчүн атайылап күн мурунтан каттоо тартибин деле кийирген жокпуз.
Акырында Мелис Мырзакматовдун элге кайрылуусунан кийин Ош шаарындагы борбордук аянтка чогулгандар тарап кетишти.
Ал эми Ош шаарынын жаңыдан шайланган мэри Айтмамат Кадырбаев "Жаңы Агым" гезитине курган алгачкы маегинде буларды катуу убада кылды.
- Биринчиден, Ош шаары - көп улуттар илгертен байырлаган тарыхый калаа. Андыктан адегенде эле улуттар арасындагы ынтымакчылыкты жана алаканы мындан ары чыңдоого өзгөчө басым жасамакчымын. Экинчиден, Борбор Азиядагы эң байыркы шаардын инфраструктурасын тынымсыз өнүктүрүүгө, ыйык Сулайман Тоо аркылуу анын чыныгы туристтик Меккеге айлануусуна өбөлгө жаратмакчымын. Мындай өңүттө кошумча каражаттарды табууга мэрия тарабынан чоң өбөлгө түзүлмөкчү. Үчүнчүдөн, алакан жайып отурбастан сырттан байма-бай инвестиция тартууга дагы батыл киришебиз, - деди Айтмамат Кадырбаев.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ош шаары, сүрөттөр автордуку