17.01.14 Кызматка келиш оңой, иштеш кыйын
Мэрлер шайланды,
эми иштешсин
Бишкек жана Ош мэрлерин шайлоонун алдында маалымат "согушу" курчуду. Өзгөчө борбордук бийлик менен "Улуттар биримдиги" партиясынын төрагасы Мелис Мырзакматовдун ортосундагы күрөш кызуу жүрдү. Мындай саясый өнөктүккө кримчөйрө да аралашканы каңкууланууда.


Мелис Жоошбаевичке тиешелүү Ош-ТВ телеканалы бийлик акени каралаган берүүлөрдү дембе-дем жарыялап турду. Ошол эле учурда Мелис мырза расмий Бишкекти кескин сындап, акыркы төрт жылда эч өзгөрүү жүзөгө ашпаганын, бийлик ишенимди актабаганын "Багыт" берүүсүнө курган маегинде билдирди. Ширшовдун схемалары дагы деле жашап, А.Батукаевдин тарыхый мекенине жылуу-жумшак узатылганына токтолгон экс-мэр Жаныш Бакиев менен мамилеси жоктугун, ансыз деле Кыргызстанда революция жүз бериши ыктымалдыгын айтып жыландын башын кылтыйтты.
М.Мырзакматовдун жогорудагы маегине жооп катары 13-январда Коомдук каналда аны "мокочо" көрсөткөн атайын берүү көрсөтүлдү. Тасмада Мырзакматовдун кантип бизнес баштаганынан тартып чоң саясатка аралашканы, Бакиевдер менен мамилеси, мэрлик кезиндеги кетирген кемчиликтери баяндалат. Мындай кадам коомчулукта нааразычылыкты туудурду. Таалай Сабиров, Жаныш Рустенбеков өңдүү үзөңгүлөштөрүнөн айрылып, колу-буту тушалып турган "түшпөс хан" акыры "тактан" түшөрү белгилүү болуп калган. Андыктан бийлик ага теңелип, мойнунан ылдый жугунду куюу аркылуу Мырзакматовду №1 оппоненти катары көрсөтүп койгонсуду. Мындан Мырзакматов гана упай топтоду.

Чилде чыккандан кийин билинет
Каалайбызбы, каалабайбызбы, мактайбызбы же сындайбызбы, Мелис мырзанын эмгегин, Оштогу аброюн туура баалашыбыз абзел. Анын эл арасындагы кадыр-баркы жогору экендиги шаршембидеги митингде байкалды. 15 миңге чукул адамдын жыйналып, Мырзакматовдун мэрлик орунга отурушун талап кылганы оңой эмес. Ушул жерден анын тарапташтарын сабырдуулукка чакырып, элди таратканы - келечекти көрө билген саясатчы экендигин айгинелейт. Болбой эле тырышып тура бергенде кырдаал курчуп, ансыз деле араң турган түндүк-түштүк ажырымы кеңейип кетүү коркунучу бар эле.
Экинчиден, күрөштү чилде чыккандан кийин улантарын, бардыгы мыйзам чегинде болорун убада кылды. Демек, кылчайнашкан күрөштөр али алдыда...
Үчүнчүдөн, "Ата журт" партиясы М.Мырзакматовду колдоорун билдиргени көп нерседен кабар берет. Ал тегерегине үлкөн саясатчыларды, саясый топторду чогулта алса, келечекте №1 оппозиция лидерине айланып, республикалык масштабдагы оюнчуга айланары калетсиз. Эң башкысы жашоо мэрлик орун менен гана чектелбесин түшүнүшү керек. Андыктан шайлоодон жеңилгенин трагедия эмес, тескерисинче, аны ири жеңиш катары кабылдаганы оң.

Эки мэрдин таржымалы
51 жаштагы Кубанычбек Кулматов Бишкек шаарында төрөлгөн. Кыргыз, орус, англис тилдеринде сүйлөйт. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы. Эки жогорку билимдин ээси. 1982-жылы улуттук университеттин тарых факультетин аяктаса, 1986-жылы Ленинграддагы А.Жданов атындагы окуу жайдан билим алган. Ошондой эле 2003-жылы И.Арабаев атындагы окуу жайдан менеджмент адистигине ээ болуп чыккан. Мындан сырткары, тарых илиминин кандидаттыгын жактаган.
Кубанычбек мырза эмгек жолун 1988-жылы улуттук университетте катардагы окутуучулуктан баштаган. 1992-1995-жылдар аралыгында "Айлатан" фирмасын жетектеп, бизнес чөйрөсүндө жүргөн. Мамлекеттик кызматтын босогосун 2004-жылдын 9-январында аттаган. Ошол жылы бажы кызматындагы кирешелер башкармалыгынын башчылыгына дайындалып, 2010-жылга чейин ушул тармакта эмгектенген. Ал эми 2010-2014-жылдары бажы кызматынын жетекчиси, президенттин кеңешчиси, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүн башкарган.
Бийликтин Кулматовго мынчалык өнтөлөгөнүнүн себеби, анын өзүнүн да, бир кездеги көрүнүктүү советтик партфункционер, атасы Кеңеш Кулматовдун да Россия бийлик төбөлдөрүнө жакындыгында дешет билгендер.
2011-жылы ЖоКедеги "республикачылар" Кулматовдун Россия жараны экендигин ырастаган документтерди коомчулукка жарыялашкан. Бирок анын кылы кыйшайып койбоду. Мындан улам: "Кубанычбек Кеңешович президенттин ишенимдүү адамы, болочоктогу мураскору. Мындан аркы планга ылайык, эмки жылы өтүүчү парламенттик шайлоодон кийин премьерликке дайындалып, ажонун мураскорлугуна жолу ачылат" деген божомолдор тегин жерден жаралбаганына ынанасың. Албетте, муну убакыт көрсөтөр. Ага чейин ал Бишкек шаардык кеңешиндеги депутаттардын, жалпы эле борбор калаа тургундарынын ишенимин акташы абзел. Эгер убадаларынын өтөөсүнө чыкпаса, мындан аркы карьерасына көлөкө түшөрү шексиз.
К.Кулматов сыяктуу эле Оштун жаңы мэри Айтмамат Кадырбаевди көпчүлүк жакшы тааныбайт. 48 жаштагы бу жигиттин кичи мекени Ош облусундагы Кара-Суу шаары. Улуттук университеттин экономика факультетин аяктаган. 1990-жылы облустук мекемелердин биринде экономист, башкы эсепчиликтен эмгек жолун баштаса, 1993-1996-жылдар аралыгында "Ош азык-түлүк соода" мекемесинин катардагы инспектору, директорлугун аркалаган. 2000-жылдары Чүй облустук ички иштер бөлүмүндө экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери болгон.
Айтмамат мырза 2005-жылы чоң саясатка аттанган. Март окуясынан кийин азыркы атаандашы Мелис Мырзакматов менен чогуу маркум Баяман Эркинбаев менен кармашканын оштуктар жакшы билишет. Натыйжада Кара-Суу базарынын директор орунбасарлыгына бекиген. А 2007-2010-жылдары Ош облусунун губернатор орунбасарлык креслосунда отурганы маалым.
А.Кадырбаевдин ысымы апрель окуясынан кийин "дүң" эткени бар. 2010-жылдын майында убактылуу өкмөткө каршы чыгып, Ош облустук имаратты басып алып, "элдик губернаторлукка" шайланганы белгилүү. Бирок "элдик губернаторлугу" көпкө узаган жок. Деген менен, 2012-жылы жылдызы балбылдап жанып, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүчү дирекциянын директор орунбасарлыгына дайындалган. Ал эми 15-январдагы өнөктүктө Ош мэрлигине шайланды. Анын "Замандаш-Современник" партиясына кантип кошулуп калганын тактай албадык.
Анүстүнө бүгүнкү бийликке "ор" казган адамдын мэрликке көчүк басышы кадрдык кризис тереңдеп кеткенин далилдейт.
Экинчи борбордун жаңы жетекчисинин бизнес булактары тууралуу так маалымат жок. Болгону Кара-Суу базарында контейнерлери, шаардын чок ортосунда кафелери бардыгы айтылып жүрөт. Ошондой эле Ак-Буура дарыясынын боюндагы "особнякта" жашары, "Лексус-460" үлгүсүндөгү унаа теберинен кабардарбыз. Эми арабаны сүйрөп кете алабы же: "М.Мырзакматов кылган иштин бирөөнү да жасай албады. Жок дегенде анын баштаган иштерин улантып кетсе болмок" деген наалатка калабы? Бул мезгил суроосу.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ




Жоошбаевичке "устукан" сунулабы?
15-январда өткөн шайлоого байланыштуу түрдүү пикирлер айтылды. "Шайлоо таза өтпөй калды" деп сындап, жаңы мэрлерге каалоо-тилектерин билдиргендер да болду.

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ, ЖК депутаты,
"Ата мекен" фракциясы:
- Ош шаар башчысын шайлоону тааныбай коюуга мүмкүн эмес. Мырзакматовдун башында жеңүү мүмкүнчүлүгү жогору болчу. Анын тагдырын шаардык кеңеш чечти. Мырзакматов эми келечек пландарын тактап, командасын бекемдеши керек.

Равшан ЖЭЭНБЕКОВ,
ЖКнын эркин депутаты:
- Бизде бардык мамлекеттик институттар "дежурдук" ролду аткарат, президенттик институттан башкалары. "Дежур" өкмөт, "дежур" парламент, "дежур" прокуратура, "дежур" сот.... Эми "дежур" Ош мэриясы пайда болду. Бийлик бир караганда өз максатына жете алды көзкаранды мэрди бекитип. Бирок менин оюмча, бул бийлик үчүн жеңиш эмес, бул аябагандай маанилүү УТУЛУШ ("Фейсбуктагы" баракчасынан).

Азимбек БЕКНАЗАРОВ, коомдук ишмер:
- 15-январь - Кыргызстандагы жаңы революциянын башталышы деп атайм. Ушул күнү өткөн Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо Кыргызстандын тарыхында эң уят күн болуп калды. Бийлик чындыгында узурпацияланды. Атамбаев Акаев жана Бакиевдин жолуна түшүп, өз каршылаштарын түрмөгө камап жатат. Эл буга чыдабайт, чыдамы кетет. Азыр эл мындай көрүнүшкө араң чыдап турат (Ысык-Көлдүн Саруу айылында өткөн курултайда сүйлөгөн сөзүнөн).

Кайрат ОСМОНАЛИЕВ,
көз карандысыз эксперт:
- М.Мырзакматовдун жеңилиши - борбордук бийликтин позициясы күчтөнүп баратканын түшүндүрөт. Мамлекетибиздин түштүк борборундагы саясаттын борборлоштурулбагандыгы, ал жакта чыга калып келген сепаратисттик маанай мамлекетке зыян алып келди. Бүгүнкү күндөгү Ош шаарына мэр шайлоонун жыйынтыгын эсепке алганда, бийликти борборлоштуруу тренди жеңишке жетти. Эгерде Мелис Мырзакматов акыл-эстүүлүгүн көрсөтсө жана борбордук бийлик диалогго барса, андан жалпы Кыргызстан утат. Менимче, Ош шаарынын мурдагы башчысына өзүнүн шык-жөндөмүн көрсөтүүсү үчүн аткаруу бийлигинин органдарынан кызмат орундарын сунуш кылса болот ("АКИ-пресс" агенттигине курган маегинен).