presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Чечилбес чек ара

Чек ара кызматы жума башында 11-январдагы келишим боюнча тажик-кыргыз эки тараптуу сүйлөшүүлөрү болуп өткөнүн маалымдады. Сүйлөшүүгө кыргыз тараптан Чек ара кызматынын биринчи орунбасары Искендер Мамбеталиев менен Ички иштер министринин орунбасары Курсан Асанов катышса, тажик тараптан Тажикстан чек ара аскеринин башчысы Раджабали Рахмонали, Тажикстан Ички иштер министринин орунбасары И.Раджабов катышкан. Эки тарап сүйлөшүү убагында чек арага жакын айылдардан аскер бөлүктөрүн жана түзүмдөрүн алып чыгууну макулдашышты.
Ошондой эле тажик тарап Көк-Таш - Ак-Сай жолун курууну токтотууну талап кылса, кыргыз тарап токтотпой тургандыгын билдирди. Буга улай кыргыз тарап бул маселени өкмөттөр аралык комиссиянын кароосуна коюуну сунуштаган.
Ал ортодо ак-сайлыктар тажик тарап аскер күчтөрүн алып кетпей эле кайра бышыктап жатышканын айтышууда.









??.??