10.01.14 Кийинки жумада
Бийликтин булчуңу
кандай экенин көрөбүз

15- январга белгиленген Бишкек жана Ош шаар башчыcын шайлоодо күрөш кимдердин ортосунда жүрөрү билинди. Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясы экс-бажычы, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Кубанычбек Кулматовду сүрөөнгө алса, Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк Айтмамат Кадырбаевдин талапкерлигине токтолду. Ал эми "Улуттар биримдиги" партиясынын төрагасы Мелис Мырзакматов ага башкы атаандаш болору маалым.
Борбор калаага салыштырмалуу ордолуу Оштогу "ат чабыш" кызуу өтөрү шексиз. Себеби бийлик түштүк чөлкөмүн толук көзөмөлгө алыш үчүн экинчи борборго көздөй кишисин отургузууга бардык күчүн жумшоодо. Планды ийгиликтүү жүзөгө ашыруу максатында М.Мырзакматовду алсыздандыруу операциясы жүрүүдө. Буга түштүктүн мен деген тыңчыкмалары тикелей аралашууда. Анын алгачкы белгисин былтыр 25-декабрда байкаганбыз. Ошол күнү Ош шаардык кеңеши жыйын өткөрүп, КСДП (11 орун), "Республика" (8 орун), "Адилеттүү Кыргызстан" (2 орун), "Ата мекен" (1 орун) жана "Замандаш Современник" (1 орун) партиясынын катышуусунда жаңы коалиция түзүп, 21 мандаты бар Мырзакматовдун "Улуттар биримдиги" менен "Кыргызстан элдик-демократиялык" партиясы оппозицияга сүрүлдү. Жыйын жүрүшүндө депутаттар мэрдин, тагыраагы, Мелис Мырзакматовдун тогуз айлык ишмердүүлүгүнө "эки" деген баа коюшту. Бул "түшпөс ханга" урулган алгачкы сокку болду.
Экинчи сокку жаңы жылдын алдында урулду. М.Мырзакматовдун оң колу, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Таалай Сабиров Мамлекеттик архитектура агенттигинин директор орунбасарлыгына дайындалды. Анын партиялык жолбашчысын "сатып", берки жээкке өтүшүнө премьер Жантөрө Сатыбалдиевдин салымы зор.
Ош шаардык кеңешиндеги "Улуттар биримдигинин" беш депутатына кылмыш иши козголгондугу айтылууда. Бул Мелис Жоошбаевич беш добуштан айрылды дегенди билдирет. Бул үчүнчүсү деп туруңуз.
"Улуттар биримдигинин" бараандуу өкүлү, штаб башчысы Жаныш Рустенбеков партия катарынан чыкканын расмий жарыялады. Ал мындай кадамын Президенттин саясатын колдоорун, мамлекетибизде тынчтык болушун каалары менен түшүндүрдү.
Жаңы коалиция түзүлүп, "Улуттар биримдиги" партиясынын оппозицияга оошу, Т.Сабиров, Ж.Рустенбеков өңдүү үзөңгүлөштөрүнүн кол шилтеп кетиши, беш депутатына кылмыш иши козголушу - мунун бардыгы экс-мэрдин колу-буту кыскарып, "жылаңачтанышын" шарттады. Мындай сценарийдин арты кандай болорун убагы келгенде көрөрбүз.

Досту душманга айлантыш иттен оңой
Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк сунуштаган Айтмамат Кадырбаев "Замандаш-Современник" партиясынын өкүлү. Анын басып өткөн жолу туурасында так маалымат жок. Болгону Курманбек Бакиевдин убагында Ош облусунун губернатор орунбасары, 2012-2013-жылдары Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүчү мамлекеттик дирекциянын директор орунбасарлыгын аркалаганын билебиз. Мындан сырткары, 2010-жылдын 13-майында Ош облимаратын басып алуунун башында туруп, аз убакыт "элдик губернаторлук" ээрде отурганы маалым. Минтип учурунда азыркы бийликти ээрден оодарып түшмөкчү болгон "азаматтын" экинчи борбордун башчылыгына көрсөтүлүшү түркүн суроолорду жаратты. Коомчулуктун бүйүрүн кызыткан суроолордун жандырмагын чечкенге аракет кылалы.
Биринчиден, А.Кадырбаев Кара-Суу районунун кулуну. Мырзакматов шайлоодон жеңилсе Кара-Суунун эли көтөрүлүп чыгат. Мына ошондо: "Силердин дагы бир уулуңар Айтмамат Кадырбаев мэрликке отурду" деп тынчтандырууга оңой.
Экинчиден, А.Кадырбаев убагында М.Мырзакматовдун бизнес-өнөктөшү болгондуктан, анын алсыз жактарын билет. Мырзакматовдун "жигиттерине" каршы тура алчу спортчулары бар. Аны бийлик ушул максатта мэрликке көрсөтүшү ыктымал.
Үчүнчүдөн, шайлоо бир тур менен жыйынтыкталышы арсар. Мындай шартта А.Кадырбаев талапкерликтен чыгып калса, ордуна Мырзакматовго теңтайлаша ала турган эл арасында кадыр-барктуу, сөзү өтүмдүү "тяжеловес" талапкерди сунушташы ыктымал. Айтмамат Кадырбаев азыр "пробный шардын" гана ролунда.

Мырзакматовдун "көзүрү" же шаардык кеңеш таркайбы?
"Ош шаарынын статусу жөнүндө" мыйзамга ылайык, шаардык кеңештеги 45 депутаттын үчтөн эки бөлүгү (30 депутат) катышканда гана шайлоо өттү деп эсептелинет. Мелис Мырзакматов дал ушу жагдайды пайдаланбасына эч ким кепилдик бере албайт. Жогоруда жазгандай, Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүктө 23 гана депутат бар, кворум болуш үчүн дагы жети добуш керек. Мырзакматов үч жолу жыйынды үзгүлтүккө учуратса Президент шаардык кеңешти таркатууга аргасыз болот. Ал эми өкмөт башчысы мэрдин милдетин аткаруучулукка бирөөнү дайындайт. Мындан Мырзакматов өзү жабыркап каларын көз карандысыз эксперт Руслан Ташанов "Азаттыкка" курган маегинде төмөнкүчө баса белгилеген: "Эгерде тиешелүү кворум болбой калса, анда мэр шайланбай калат, анан шаардык кеңеш таркоого мажбур болот. Эгер шаардык кеңеш таркай турган болсо, "Улуттар биримдигинин" мурдагы шайлоодогудай көп добуш алышы өтө күмөн".
Мыйзам боюнча премьер талапкер сунуштоого укуктуу. Бирок Жантөрө Сатыбалдиев мындай мүмкүнчүлүктү пайдаланбады. Бул жолу "эки тизгин, бир чылбырды" фракцияларга ыйгарды. Эгер Мырзакматов менен Кадырбаевдин добуштары бирдей чыкса, анда экинчи тур өтөт. Эгер биринчи турда экөөнүн кимиси арбын добуш жыйнаса, ошол талапкерге экинчи турда добуш берилет. Эки талапкерге тең көпчүлүк каршы болсо, анда жаңы талапкерлер сунушталат. Жантөрө Жолдошевич ошондо өз ыйгарым укугун пайдаланышы мүмкүн. Мында да шайлоо өтпөсө, Президент шаардык кеңешти таркатат. А Борбордук шайлоо комиссиясы жаңы шайлоонун мөөнөтүн белгилейт. Ага чейин башбакан дайындаган адам мэрдин милдетин убактылуу аткарып турат.

Россиянын жараны борбор калааны башкарабы?
Ордолуу Оштогу шайлоого караганда Бишкектин башчысын шайлоо жеңил өтөт. Себеби "Республика", "Замандаш-Современник" партиялары мэрликке талапкерлигин көрсөтпөсүн билдирди. Жыйынтыгында КСДПнын өкүлү Кубанычбек Кулматовго ийгилик ташы оочудай болуп калды. Бирок Кулматовго байланыштуу олуттуу маселе бар. ЖК депутаты Тынчтыкбек Шайназаров К.Кулматов 2010-жылдын августуна чейин Россиянын жараны болгонун, андыктан анын мамлекеттик кызматта отурууга моралдык укугу жоктугун жар салганы белгилүү. Ал ортодо эркин басылмалардын бири Кулматов 1995-жылы Россия жарандыгын алганын басты. Макаланын кыскача мазмуну мындай: "2010-жылдын 6-июлунда КР Башпрокуратурасы "Кулматов Кубанычбек Кеңешовичке Россиянын жарандыгы берилген беле?" деген суроо менен Россия Федерациясынын Башкы прокуратурасына кайрылган. Россиянын компетенттүү органдары жооп иретинде берген документтерге ылайык, Кулматов Кубанычбек Кеңешович 1995-жылы 11-октябрда СССРдин мурдагы жараны катары РФ жарандыгын алган экен. 2008-жылы 45 жашка толгондугуна байланыштуу паспортун алмаштырып, жаңы паспорт алат. Ошентип Кубанычбек Кулматов 1995-жылдан бери Россия Федерациясынын жараны болуп эсептелет.
КРнын "Жарандык жөнүндөгү" мыйзамынын 21-беренесинин 1-пунктуна ылайык, чет элдин жараны Кыргызстандын жарандыгын алыш үчүн мурдагы жарандыгынан баш тартууга тийиш. Бирок Кубанычбек Кулматов КР жарандыгын алганда РФнын жарандыгынан баш тарткан эмес.
Дал ошо жарандык маселеси 15-январда козголору калетсиз. Анда Кубанычбек мырза кандай жооп узатар экен? Дегеле бөлөк мамлекеттин жараны делип шектелген адамдын борбор калаанын башчылыгына талапкерлигин коюшу мыйзамга да, акылга да сыябы?

Мавлян АСКАРБЕКОВ,
жаш саясатчы:
"Мэрлер шайланбай эле дайындаларына көз жетти"
- Бишкек менен Ош мэрлери шайланбай эле жогору жактын буйругунун негизинде дайындалганы жатканын маалымат жыйынында билдирдиңиз. Фактылар барбы?
- Далилдерибиз жетиштүү. Биринчиден, өткөн жылдын аягында "Бишкек жана Ош шаарларынын статусу жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу өзгөртүлдү. Анын негизинде Ош шаардык кеңешинде жаңы коалиция куралып, "Улуттар биримдиги" партиясы оппозицияга ооду. Мунун бардыгы 15-январда өтүүчү шайлоого байланыштуу экени белгилүү.
Экинчиден, 2014-жылдын 1-январынан тартып 8-январга чейин дем алыш болду. Ага карабастан, шаардык кеңештеги фракциялар жыйын өткөрүп, талапкерлерин сунушташты. Атүгүл мамлекеттик тилден сынак тапшырышты. Расмий эс алуу күндөрүнө карабастан жыйын өткөрүү, экзамен тапшыртуу мыйзамдуулукка жатабы?
Үчүнчүдөн, президенттик шайлоодо талапкерлер түз эфирде мамлекеттик тилден экзамен тапшырышкан. Эмне үчүн шаар башчылыгына талапкерлер түз эфирде сынактан өтүшпөйт? Кубанычбек Кулматовго окшогон талапкерлер кыргыз тилин жеткиликтүү деңгээлде билет деп гана чечим чыгарып коюшту. Кубанычбек Кулматовдун эне тилин канчалык деңгээлде билерин чындап келсе эч ким билбейт.
Ушундай жагдайлар мэрлер атаандаштык негизде эмес, жогору жактын каалоосу менен дайындалат дегенди билдирет.

Талантбек СЫДЫКОВ


Ош мэрин шайлоо башаламандык менен коштолобу?

Экинчи борбордун жетекчисин шайлоонун арты ызы-чуу менен коштолору божомолдонууда. Мындай версияны "Вечерний Бишкек" сайты да ырастады. Аталган сайттын өкмөттөгү ишенимдүү булагына таянып жазышынча, Жаныш Бакиев өлкөдө башаламандыкты уюштурууну көздөгөнү тууралуу маалымат УКМКда бар экен. "Бизге маалымат берген булактын айтышынча, башаламандыктар Ош шаарындагы мэрди шайлоого байланыштуу уюштурулат. Ал эми Ж.Бакиев учурда Үрүмчү шаарында Мелис Мырзакматовдун шайлоодон жеңилишин күтүп жатат. Буга байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Укук коргоо органдарына болсо жашыруун тапшырмалар берилип, өлкөдө башаламандык болуп кетиши тууралуу эскертүү берилген" дейт "Вечерний Бишкек".
15-январда жеңилген тараптын жактоочулары нааразычылык акциясына чыкса, жеңген тараптын өкүлдөрү аларга каршы митинг уюштурары турган иш. Мунун кесепетинен эки тарап кагылышпайт деп ким кепил боло алат? Андыктан "оюндан от чыгат" болуп мамлекетибиздин бүтүндүгүнө доо кетирип албайлы. Бийлиги дагы, оппозициясы дагы жеке кызыкчылыгын, амбициясын жыйыштырып, Кыргызстандын эртеңин ойлогону оң...