10.01.14 Нарында сатып
алганга эмес, көргөнгө көмүр аз

Быйыл Нарын облусунда башка облустарга салыштырмалуу кышкы суук катуу. Теледе минус 27-28 градус деп берилгени менен суук 30-35 градуска чейин чыгып жатат дешет нарындыктар. Алтургай сыртта калган иттер тоңуп өлүп жатыптыр. Мындай суукта теңир-тоолуктар үйлөрүн кантип жылытып, мал-кел, отун-суусун кантип жатышканын билели деп Нарындын беш районундагы айыл тургундарына байланыштык. Демейде кабак-кашым дебеген нарындыктар арыз-муңун жашырышкан жок. Кайсы район, айылга байланышпайлы, баары айылдарга быйыл көмүр жетпей калганын, суукта эл үйлөрүн колунан келген отун,
көңү менен жылытып жатышканын билдиришти.


Турсун Жусупакматова,
Ак-Талаа районунун Муса Баетов айылынын тургуну:
"Карышкыр айылга чейин кирип жатат"
- Бизде быйыл суук катуу. Күндүз 15-20 градус суук болсо, түнкүсүн отузга чейин барып жатат. Күзүндө эл отун, көмүр камдап алышкан. Суук катуу болгондуктан көңгө үй жылыбайт. Бардар кишилер машинелеп көмүр түшүртүп алышат. Акчасы жоктор пенсия, пособиеге болсо да карыздап көмүр алышып, аз- аздап төлөп беришет. Быйыл күздө Туруктун көмүрүнүн тоннасы 2200 сомдон келген. Азыр көмүр келбей калды. Өзүбүз ар жылы 7-8 тонна көмүр жагабыз. Тыйыны чектелүүлөр бир-эки тоннадан көмүр алышып, аны отун-көмүргө аралаштырып жагып, эптеп кыштан чыгышат. Жарык жагынан болсо Кудайга шүгүр. Быйыл өчө элек. Өкмөт кышында жеңилдик катары пенсионерлерге жарыкка деп 200 сомдон кошуп берет. Бир кезде машинеси, телевизор, муздаткычы бар деп пособиени кыркып салган өкмөт. Эл чурулдап атып, кайра текши пособие берилип калган. Эми техникасы барларга пособие берилбейт деп чыгышыптыр. Техника сезон убагында эле иштеп, башка убакта токтойт да. Муну өкмөт эске алса жакшы болот эле. Чынын айтканда, аз болсо да пособие колунда жоктор үчүн жакшы эле акча. Отун, жарыкка болсо да кошумча болот. Сууктан уламбы айтор, карышкыр күч болуп, айылга чейин кирип жатат. Бая күнү айыл четинен эле алты тайды жеп кетти. Сууктан улам ооруканалар жаш балдарга толуп калды деп угуп жатам. Бул деле үйлөрдүн жакшы жылыбаганынан улам болсо керек.

Талант Жумакадыров,
Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын тургуну:
"Сатып алганга
көмүр жок"
- Акыркы бир жумадан бери суук катуу. Канча градус суук экенин деле ченеген жокпуз, бирок отузга чейин жетип жатат. Отун, көмүр маселеси азыр кыйын бизде. Айылга декабрь айында бир-эки КамАЗ көмүр келген, ошол боюнча кыйраткан деле көмүр келе элек. Эл азыр көмүргө аябай муктаж. Сатып алганга көмүр жок. Анча-мынча көмүр келет, бирок ал бир-эки эле кишиге жетет. Күзүндө 3200-3400 сомдон Туруктун көмүрү келген. Кара-Кеченики болсо анда-санда эле бир келет. Айыл элинин жетимиш пайызы азыр көмүр алып жагышат. Отун, көң жаксак ал түтпөйт. "Замандаш" партиясы кеч күздө жардам катары багар-көрөрү жокторго, майыптарга төрт-беш мүшөктөн көмүр тараткан. Айыл өкмөтүнүн бюджети чакан болгондуктан, элге отун жагынан деле жардам бере албайт. Башкасын койдук, өкмөт кышкысын ар бир айыл, райондорго көмүр базасын ачып койсо элге жакшы болмок. Тонналаганы тонналап, мүшөктөгөнү мүшөктөп ала бермек. Кара-Кечеде чыр болуп быйыл жабылып калып Ат-Башынын өзүндө деле көмүр аз. Туруктун жолу болсо кар калың түшкөндө эле жабылган. Айылдагы көмүр тарткан бала азыр Кара-Кече ачылбай бара албай турат. Миң-Куштун көмүрү келет, бирок ал жакшы күйбөгөндүктөн ага суроо-талап жок. Мектебибизге Миң-Куштун сапатсыз көмүрү келип эптеп жагып жатышат. Жарык жагынан болсо арыздана албайбыз. Авария болсо дароо оңдоп коюшат.
Кар жука болгон менен мал толук кол караган. Элдин көбү жазгы туутка өткөн. Азырынча мал төлдөй элек. Тоют жагынан элде көйгөй жок. Карышкыр тоого жакын жактарда күч болбосо, түзөңдөрдө азыр тынч.

Дүйшөнбек Айсаракунов,
Нарын районунун Дөбөлү айылынын жашоочусу:
"Түтүн чыккан үйдү балкачы, түтүн чыкпаган үйдү светчиси кармайт"
- Суук 28-30 градуска чейин жетип жатат. Айылда көмүр деген жок. Кара-Кече иштебей элдин баары кыйналып жатат. Нарындан аттын жем баштыгындай мүшөктөгү көмүрдү 220 сомдон алышат, жол киресин кошкондо 300 сом болот. Бир мүшөгүн кырк килограмм чыгат деп коюшат. Чындап келсе анысы 25-30 эле килограмм. Бир мүшөк көмүр эки күнгө жетпейт. Күзүндө биз жакка көмүр келбейт. Сезон башталганда делинип, суук күчөп, кыш түшкөндө гана тоннасы 3800 сомдон көмүр келе баштайт. Анысы деле элге толук жетпейт. Элдин баары көмүргө акчаларын эбак эле чогултуп берип коюшкан. Көмүр жок, эл көмүргө суусап турат. Карапайым эл Кара-Кечедеги криминалды башкара албаган өкмөт да өкмөтпү деп нааразы. Мурунку жылдары айылга көмүр жакшы эле келип атчу, быйыл жок. Коңшу айылдарда деле көмүр издегендер көп. Мамлекет тарабынан кары-картаңдарга бир тоннадан көмүр берилчү, быйыл берилбей деле калды окшойт. Акчасын алып чуркагандар таппай жатса, аларга кайдагы көмүр. Бир үй-бүлө аяп жакса кышкысын 3-4 тонна көмүр жагат. Көмүр жоктугунан үйдү "Бакиевдин тезектери", кой көң менен жылытымыш болобуз. Отунга чыгайын десең балкачылар шак эле кармайт. Түтүн чыккан үйдү балкачы, түтүн чыкпаган үйдү светчиси кармайт. Дагы жакшы, жарыгыбыз өчкөн жок. Малыбыз болсо бүт колубузда. Тышка калтырбайбыз. Кайтарып жүргөн жерден карышкыр жула качып азыр эл жайбай калган. Кыскасы, жашоо кыйын эле. Башкасы бүтүп эми көмүрдү сатуу же сатпоо криминалдарга байланыштуу болуп калды.

Нобелбек Байдалиев,
Кочкор районунун Дөң-Алыш айылынын тургуну:
"Бизде негизги көйгөй жол, жарык"
- Быйыл аябай суук бизде. Учурда жарыгыбыз эптеп эле чырак. Трансформатор, линиянын баары эскирген. Бир трансформаторго 25-30дан киши отуруп жатабыз. Дөң-Алыш айылы Кочкор районунун эң түпкү айылы. Чолпон айылынан өткөндөн кийин эле электр кубаттуулугу азаят. Электрдин начардыгынан телевизор да көрө албайбыз. Экинчи көйгөй, жол маселеси. Кочкордон алтымыш чакырым алыс турабыз. Ак-Учуктан берки жолду оңдомуш этишкен, азыр кайра баягы таз кейпине түштү. Былтыр көмүр жакшы келди эле, быйыл көмүр жок. Келсе да Миң-Куштун сапаты начар көмүрү 4 миң сомдон келет. Кочкордо жер кара болуп эл тезек терип жагып калды. Мал кол карап, чөп тартыш. Мурда талаага жайылчу эле, быйыл жерде от жок. Ит-куш күч. Айылдыктар карышкырга чыкса экологдор кармап алышат.

Темир Рысмамбетов,
Жумгал районунун Байзак айылынын тургуну:
"Пенсия, пособие албагандар, малы жоктор кыйналып жатышат"
- Суук катуу эле. Көмүр тартуу токтоп калды. Кичинекей машинелер менен 2500 сомдон көмүр сатып келишет. Анысынын да сапаты начар. Эптеп укуп-чукуп казылган көмүрлөр. Суук күчөгөндөн бери электр жарыгы да начарлады. Күздө көмүрдүн тоннасы 2800 сом эле азыр бир аз арзандамыш этти. Бирок көмүрдү москвич, девиттер менен эле алып келишет, чоң машинелер жок. Айыл өкмөт тарабынан бечараларга аз-маз көмүр берилген. Өзүм бир тонна көмүр сатып алгам. Ошону көңгө аралаштырып чакан үйүбүзгө жагабыз. Акчасы, отун-көмүрү жоктор жол боюндагы чырпык-сырпыктарды сындырып жагып калышат. Айылда болсо жумуш жок. Пенсия менен анча-мынча чай-чамек алып жашап жаткандар көп. Пособие, пенсия албаган, малы жок жаш үй-бүлөлөргө кышкысын кыйын эле. Түндө катуу суук болуп, сыртта калган кошуна балабыз каза болуп калды. Негизи өкмөт тарабынан отун, көмүр жагынан жардам күткөн үй-бүлөлөр көп эле.

Турдакун Сапарбаев, "Аян" эркин телеканалынын жетекчиси.
Нарын кышы
Түгөл аппак карабагын каякты,
Түгөнбөгөн ызгаары күч аяздуу,
Түгөнгүрдүн ыдыгына чыдабай,
Түтүн болуп дарыядан чыгат буу.

Калтыратып теребелдин муздагы,
Кол жабышат кармаганда тутканы,
Чаалыкпаган бул аяздын күчүнө,
Чарт жарылат чыдабастан муз дагы.

Тартат аяз терезеге боекту,
Түшкө кирбес эх капырай, жомокпу?
Боз адырдын жонун сылап бүтүрүп,
Бороон жойлойт кокту менен колотту.

Өзөн жээги тал-теректер бүт бубак,
Өксүк менен муз алдынан үн чыгат.
Өзгөчө суук болсо дагы Нарыным,
Өмүрүмө жагып турат шам чырак.

Бетти даярдаган
Мелис СОВЕТ уулу