п»ї
Агым
Саруулуктар курултай өткөрмөй болду

Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылынын тургундары 15-январда курултай өткөрүүгө ниеттенишүүдө. Учурда саруулуктар "Кумтөр" боюнча жаңы меморандумду кайра кароого жиберүү чечимин колдойт, бирок "Кумтөр" боюнча маселенин чечилбей жатканына байланыштуу нааразылык акциясын улантууну көздөшүүдө. Курултайда "Кумтөрдун" жетекчилигине мурдагы жана жаңы талаптар коюлат. Ошол эле учурда бул жолку акция жалгыз эле саруулуктардын атынан эмес өлкөдөгү жалпы мекенчилдердин атынан уюшулат дейт курултай уюштуруучулардын бири. Саруулуктардын андан аркы иш аракети "Кумтөрдун" менеджеринен акча талап кылган Эрмек Жунушбаев жана Бактияр Курмановдун сотунан жана 7-октябрдагы митингдин катышуучуларынын сотунун жыйынтыгына жараша болмокчу.





а ­е¦Є.НҐй«