Агым

п»ї
Өзүнчө "мамлекет"
Саруулуктар сабыр
кылалы дешти

Укук коргоо кызматкерлеринин атайын операцияларына каршылык катары Саруу айылынын жаштары 10-ноябрда айылга "өзгөчө кырдаал" киргизишкен. Алар айылдын кире бериши менен чыга беришине өткөрмө постторун уюштурушуп, кечки саат ондон кийин айыл ичинде жүрүүгө тыюу салышкан. Ошондой эле саруулуктар 23-декабрга чейин эч кандай радикалдык чараларды көрүшпөй тургандыктарын, бирок бийлик дагы деле күч менен коркута берсе Бишкекке же "Кумтөргө" барып митинг кылышарын билдиришти. Эске салсак, ага чейин тартип сакчылары суракка келбеген митингчилерди күч менен алып кетүүнү билдиришкен болчу. Учурда Жети-Өгүз районунда абал тынч, бирок камалган сегиз адам бошобосо митингди уланта беришерин билдиришүүдө.
Ошол эле учурда Саруу айылына жакын айылдардын аксакалдары, жаштары саруулуктардын өз алдынча өзгөчө кырдаал киргизип алышканына нааразы болуп райондук акимиятка кайрылышып, саруулуктарды бул акцияны токтотууга чакырышкан. Бирок саруулуктар аларды угуучу түрү жок дейт район акими.






 

Пикир:








??.??