Агым

п»ї

Башчылардын баары чогулду

Кечээ саммитке катышуу үчүн уюмга мүчө Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия президенттери келишкен. Ал эми Кытайдын президенти 10-сентябрь күнү кечке жуук келип түшкөн. Алардан тышкары ШКУга байкоочу өлкөлөрдүн ичинен Ооганстан, Иран жана Монголиянын президенттери, Индия менен Пакистандын Тышкы иштер министрлери да келди. Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин 400дөн ашуун кабарчы чагылдырууда. Аккредитациядан 350 чет өлкөлүк журналист жана 100дөн ашуун жергиликтүү кабарчы өткөн. Алардын көпчүлүгү "Ак-Кеме" мейманканасында атайын ачылган пресс-борбордо иштейт. Саммиттин өтүшү "Ала-Арча" резиденциясынан түз эфир аркылуу көрсөтүлөт. Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде каралчу негизги маселе - аймактагы жана жалпы дүйнөдөгү коопсуздук. Сирия боюнча да пикирлер айтылышы мүмкүн. ШКУ саммитине катышуу үчүн келген Иран президенти Хасан Роухани кечээ Бишкекте бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Ал Россия жана Кытай президенттери менен жолугуп, эки тараптуу жана аймактык кызматташтык маселелери талкууланды.






 

Пикир:








??.??