presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Жолго жуккан миллион
Тоң менен Бөкөнбаев айылдарынын ортосундагы жол жергиликтүү бийлик тарабынан жараксыз деп табылгандан көп өтпөй эле Ак-Сай айылынын жанындагы карьерде таш майдалоочу техника пайда болду. "Кумтөр" компаниясы бөлүп берген 1 миллион 400 миң сомду тескей тараптагы трассанын дал ушул бөлүгүнө жумшоо чечими кабыл алынды.

"Ташчайнар" техникасы чогултулган соң электр станцияларынын кызматкерлери өз иштерине киришип, трансформатор орнотулду. Бул гигант кийинки үч ай бою асфальт-бетон заводун тынымсыз шагыл жана кум менен камсыздап туруусу үчүн жасалды. Завод өндүргөн продукция жолду кайрадан мелтирете асфальттап чыгууга жумшалат.
Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы жолду жасап жаткан компаниянын менеджери Мукатбек Ибрагимовдун айтканына караганда, алар бул жерге жол салуунун адистерин жиберишкен. Алар алдын ала берген божомолго ылайык Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол трассасындагы жолдун бул аймагын реконструкциялоо кыйынга турары белгилүү болгон. Себеби жергиликтүү ландшафт татаал жана андагы чуңкур-тешиктер өтө көп.
Жол салуу тендерине жалпысынан төрт компания катышкан. Эң мыкты вариант катары Баткен облусунун тоо трассаларында иш алып барып, Сары-Таш айылынын жолун салган компаниянын кызматы тандалып алынды. Алардын тажрыйбасынан тышкары сунуштаган баасы да чечүүчү фактор болду. Компания түштүк жергесинде эки катмарлуу бир чакырым асфальтты болгону 350 миң сомго салган экен.
- Баанын төмөн болушу - өз техникабызды колдонуп, өзүбүз асфальт чыгарганыбызга байланыштуу. Натыйжада үч чакырым жолду эки катмарлуу асфальт кылып, эки тараптууу жол кылабыз, - дейт менеджер Мухатбек Ибрагимов.
Долбоор үнөмдүү болгонуна жараша курулушчулар жолдун сапатына да кепилдик берип жатышат. Алардын айткандарына караганда, оор жүк ташуучу унаалар тарабынан активдүү эксплуатациялана турганын эске алганда да трасса айдоочуларга аз болгондо он беш жылдан кем эмес кызмат өтөйт. Анүстүнө курулушчулардын ишинин сапатын сырттан текшерген адистер дагы болот.
- Долбоор иштелип жаткан учурда ландшафттын өзгөчөлүктөрүнүн бардыгы эске алынган. Андан тышкары, кыян жүргөндө суу асфальт бетинде жайылбашы үчүн жолдун четине тосмолор орнотулду. Кокус сел жүрсө деп суунун агып кетишине ыңгайлаштырылган эки чоң түтүк да коюлду, - дейт "Кыргыздотрансдолбоордун" инженери Мурат Касиянов.
Жогорудагыдай кооптонуулар жөн жерден чыга келген жок. Быйылкы жазда тынымсыз жааган жаан-чачындын айынан Ысык-Көл районунда сел жүргөнүн эске алсак болот. Анда трассанын бир нече жеринде кыян жүрүп, жол бекилип калган. Туңгуюкта калган унааларды куткаруу үчүн "Кумтөрдүн" оор техникасы жардамга келген эле.
Тендерди түштүк жергесинин компаниясы утуп алганына карабастан, курулуш иштеринде жергиликтүү эл эмгектенип жатат. Катардагы кызматкерлерден тартып жогорку адистиги бар жумушчулар да бар.
- Токсонунчу жылдары ушул жол салынып жаткан кезде таш майдалоочу техниканын оператору болуп иштегем. Кийин айыл чарбага өтүп, үй-бүлөмдү багып келдим. Азыр эми кайра жол куруулар башталып, кезинде алган билимимдин дагы пайдасы тийип жатат. Жубайыма да иш табылды. Ал жумушчуларга тамак-аш жасайт. Кыскасы жолубуз болду, - дейт жергиликтүү жумушчулардын бири Эсенбек Ашимбаев.

Наргиза АПСАМАТОВА




Билимтөр
Муратбек ЖУМАЛИЕВ, Бишкектеги №5 улуттук компьютердик гимназиянын директору:
"Бизге зирек балдарды алып келип жатышат"

Ошентип күз келип, миллондогон окуучулар жана студенттер билим каалгасын ачты. Жаңы окуу жылынын башталышы Кыргызстанда майрам экенин көчө толгон ак көйнөкчөн кыздар, балдардан билсек болот. Мектепке агылган окуучулар жайы бою тынчып турган шаарыбызды жандантып, жашообузга шаң кошот. Окуучулар жана студенттер кайрадан билим каалгасын ачып, мектептеринин, окуу жайларынын босогосун атташат. Быйыл Кыргызстанда 1 миллиондон ашык окуучуну тосуп алган 2 миң 204 мектеп ишке кирет. Окуу жылынын башталышы менен Бишкектеги №5 улуттук компьютердик гимназиянын директору Муратбек ЖУМАЛИЕВДИ кепке тарттык. Кыргыз интеллигенциясынын басымдуу бөлүгүн уясынан учурган мурдагы №5 мектеп, учурдагы улуттук компьютердик гимназияны билбегендер аз чыгар. Акыркы жылдары Кыргызстандагы эң таланттуу, жөндөмдүү балдар окуй турган өзгөчө мектепке айланган гимназияда окууну каалагандардын саны да жыл санап арбып барат. Бир жарым жыл аралыгында окутуунун жаңы ыкмаларын киргизип, башка мектептерге үлгү катары иштеп жаткан мектептин директору көп жаңылыктарды ортого салды.

- Мурат агай, жаңы окуу жылына карата быйыл гимназияда кандай өзгөрүүлөр болду?
- Биринчиден, биздин мектеп быйыл толугу менен оңдолуп, таза класстар менен окуучуларды тосуп алды. Жаңы окуу жылында №5 гимназиянын окуучулары үчүн бирдей окуучулук жаңы форма тиктирдик. Эркек балдар үчүн кадимкидей эле ак көйнөк, кара костюм-шым. Кыздар үчүн төрт бөлүктөн турган мектеп формасы. Бул формаларды тигип берүүгө үч-төрт фирма конкурска катышты. Ата-энелер кайсы фирманы тандашса, биз ошол фирмага заказ бердик. Анткени алар ар убак биздин кеңешчибиз, жардамчыбыз. Оңдоо иштеринде да ата-энелер материалдык жардамын аяшкан жок. Мектепке минтип өз каалоосу менен демөөрчүлүк көрсөткөн ата-энелерге ыраазычылык билдирем.
- Мектептердин жыйырмадан ашык ар кандай муктаждыгы мурун мамлекет тарабынан каржыланчу экен. Азыр каржылоо кандай?
- №5 улуттук компьютердик гимназия аты эле айтып тургандай мамлекет тарабынан каржыланат. Мугалимдердин айлык акылары, оңдоо иштери, социалдык төлөм жана коммуналдык кызмат өкмөттүн мойнунда. Мындан сырткары окуу куралдарына, мектепти оңдоп-түзөө иштерине ата-энелер жардам беришет. Башка мектептерден айрымаланып мугалимдер айлык акыларын банк аркылуу атайын эсебине котортуп алышат. Башкача айтканда, алар маянасын банкоматтардан алышат.
- Азыркы окуучулардын билим деңгээлине кандай баа бересиз?
- Буга ата-эненин, мугалимдин, окуучунун да талбас аракети керек. Биздин гимназиянын окуучуларынын билим деңгээли мурда 48% менен бааланса, акыркы жылы 58%га көтөрүлдү. Өткөн окуу жылынын аягында биздин мектеп абдан жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтө алды. Окуучулардын олимпиададагы жеңиштери гимназиянын дагы бир жетишкендиктери деп бааласак болот. Себеби шаар боюнча 8 окуучубуз алдыңкы окуучу катары биринчи, экинчи, үчүнчү орунду алышты. Ал эми республикалык олимпиадада экөө биринчи, бирөө экинчи орун алды. Бир окуучубуз биология сабагынан дүйнөлүк эл аралык олимпиадага катышууга укук алып, Швейцарияга барып катышып келди. Азыр анын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Кудай буюрса жакшы жыйынтык болот деген ишеним бар. Ошондой эл быйыл Билим берүү министрлиги кызыл аттестат алган окуучуларды текшерип, ага катышкан он эки окуучубуздун тогузу өздөрүнүн сапаттуу билими бар, мыкты бүтүрүүчү экенин тастыктады. Андан сырткары быйылкы окуу жылында жалпы республикалык тестирлөөдөн эки окуучубуздун бирөө 207, бири 208 балл алды. Бул биз үчүн чоң сыймык. Калган окуучулардын көпчүлүгүнүн топтогон баллдары 150дөн жогору болду. Орточо баллыбыз 140тын тегерегинде болду.
- Сиздерге келчү окуучулардын саны абдан арбын экен. Айрымдары экзаменге кире албай жатса, айрымдары экзаменден өтпөй калат экен...
- Эмдиги жылы бизге келчү окуучулардын саны мындан да көп болушу күтүлүүдө. Колубуздан келишинче билим сапатын жогорулатып жатабыз. Биздин ийгиликтерибизден улам бул мектеп-гимназияга агылган окуучулардын саны быйыл да абдан жогору болду. Орун жоктугуна байланыштуу көбүнөн айласыз баш тарттык. Өткөн жылы токсонго жакын бала экзамен тапшырып, 65и өткөн. Быйыл болсо 130дай баланын 80ге жакыны өттү. Кубанганым, биздин мектепке мыкты окуган, зирек балдарды алып келип жатышат.
Жамиля НУРМАНБЕТОВА











??.??