presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Бийлик жасалма демократиянын "революциячыл" аракетин тосуп алууга даярбы?

Байкоочулардын күлкүсүн келтирип, республика бюджетин санаага салган жаздагы "Кумтөр" митингдери күз мезгилине да акырындык менен жылып жетти. Бул тууралуу ар башка демилгелүү топтор билдирип, Нарын жана Жети-Өгүздө мите митингдер пландалып жаткандыгын ачыктап беришти. Андагы ураандарды айтып кагаз бетин коротуунун кажети жок. Бирок так ушул акциялар аркылуу алар кандай максатта эмнени көздөп жаткандыктарын кеңири талкууласа болот. Ал үчүн биз инфраструктуралык долбоорлор боюнча эксперт, "Smart Business Sokutions Central Asia" компаниясынын жетекчиси Кубат РАХИМОВду кепке тарттык.
- Жоопсуз суроолордун көптүгү көңүлдү айнытат. Азыркы аракет, жандалбас уруулардын бардыгын ар тараптан алып карасак болот. Кашкайып турган фактылар бул аракеттердин артында аты аталбаган үчүнчү күчтөрдүн бар экендигин айгинелеп турат. Алар өз кызыкчылыктарын конкреттүү адамдар аркылуу жаңы структурага киргизүүгө умтулуп, аны бирдиктүү өндүрүш катары көргөзүп жатышат. Булар жасалма демократия, жасалма революция, жасалма митинг ж.б.у.с. жардамы менен аткаруу органдарына өз адамдарын коюуну көздөшөт, - дейт Кубат Рахимов.
Кубат Калыевич өзүн министрлер кабинетинин жетекчисин жактоочулардын катарына кошпойт, бирок "Центерра" менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдө бийлик абройлуу аудиторлорду жана юристтерди тартып келип аз да болсо кандайдыр бир иштерди жасаганын четке кага албастыгын айтат.
- Айтмакчы, рынок мындай көрүнүштү позитивдүү кабыл алды. Мисалы, ушул жылдын май айынын аягында "Центерранын" акциялары биржада 2,90 доллар турса, бүгүнкү күндө алардын баасы 6 доллар. Башкача айтканда, инвесторлор болуп жаткан процесстерди оң кабыл алып, ишеним арта башташканы көрүнүп турат, - дейт премьер-министрдин ишин жактырган К.Рахимов.
Ошол эле учурда ал күздө боло турган митингдер өндүрүштүн ишин токтоторуна көзү жетпесин билдирди. Акыркы митингден бери бийлик "революциячыл" маанайларды нейтралдаштыруунун камын көрүп жатканы шексиз экенин билдирет аталган компания жетекчиси.
- Атайын бөлүмдөрдү киргизип, башаламандыктарды күч колдонуп басуу тажрыйбасы бар. Бийлик да күзгү күрөшкө кызуу даярдык көрүп жатат. Андан тышкары Токон Мамытов тууралуу унутуп коюу болбос. Ал бир нече ирет кызмат алмаштырса да акыры күч структурасынын вице-премьерлигине келип токтолду. Майдын соңундагы конфликттерди чечүүдө Токон Мамытовдун ролу чоң. Демек, жазында чогулткан тажрыйба күзгө чейин жок болуп кетпесе керек. Ал эми бийлик акыл калчап, "Центерранын" менеджменти менен бирге эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсө, бул реалдуу контрмитингдик күч болуп калмак. Башкача айтканда, аксакалдар, аркы-беркини жакшы түшүнгөндөр кызуу кандуу жаштардын ачуусун басууга жарайт болчу. Эл болгону бирөөнүн колундагы курал экенин түшүнүшү керек, - дейт эксперт.

Мария ӨМҮРКУЛОВА




Кеп чынынан бузулбайт
Акылды күтсөк омоктуу, ажобуз айтты жомокту
Эгемендүүлүк майрамын утурлай президент Алмазбек Атамбаев "Азаттык" үналгысы менен "Мир" телеканалына кенен маек курду. "Айтылган сөз, атылган ок", "дилде эмне болсо ал тилге чыгат" дегендей, бул маеги менен өлкө башчысы эл алдында дагы бир жолу өзүнүн ажолук дараметин ачып берди. Президенттин айрым жооптору ынанымдуу болсо, айрымдары Кыргыз Республикасынын президентинин алсыздыгын, чечкинсиздигин алаканга салгандай ачып берди. Жаманбы-жакшыбы ал биздин президентибиз жана анын айткандарын талкуулоодон деле пайда чыкпайт. Бирок өлкө башчынын айрым алешемдиктерине да кайдыгер кароого болбойт.

Президент чу дегенде эле күзүндө өлкөдө башаламандык кылуу аракеттери болорун, ага даяр болушубуз керектигин айтты. Ажонун минтип ачык айтканы го жакшы. Бирок өзү айтмакчы, башка өлкөлөрдүн атайын кызматтарына чуркап жүргөн саясатчы "динозаврларды" президент неге кылмыш жоопкерчилигине азыртадан тартпайт? Алардын аттарын бийлик убагы келгенде ачыктаса алар коркуп калышабы? Бул эл ишенген ажонун кайра элге жашынганы эмеспи.
Баарынан да ажонун "жашоо үч жарым жыл ичинде катуу өзгөрдү. Эч нерсе өзгөргөн жок деген жазмакер, саясатчыларга көчөлөрдөгү "Жигули", "Москвич" эмес, чет өлкөлүк машинелер, жолтандабастар тыгынын көргүлө дээр элем" деген салыштыруусу кызык. Мындай экономикалык салыштыруу үч уктасам түшкө кирбептир. Мындай логика менен карасак быйылкы жылдагы автокырсыктардын көп болушу да экономикалык өсүш экен.
"Эгер Кыргызстанда президенттик башкаруу болсо мен биртоп нерсени өзгөртүп, айрым министрлерди кызматынан айдамакмын" деп муңканат президент. Буга удаа эле "жагабы-жакпайбы, парламенттик системада бир да жабык тема болбойт. Кайсы маселе көтөрүлбөсүн чындык чыгып жатат, ошондуктан парламент керек" дейт өлкө башчы. Мындан ким болбосун өкмөттөгү начар иштеген министрлерди президент жакшы билет экен деген тыянак чыгарат. Министрлерди фракциялар сунуштаганда президент аларды жакшы билбей кол коюптур дейли. А эмнеге азыр президент ошол "айрым министрлердин" атын ачык айта албай турат? Же ошол президент колу жетпеген министрлер башка фракцияларданбы? Башкасын билбейбиз, бирок КСДП фракциясынан министрликке келгендер деле кыйратып иштегенин көрө элекпиз.
Баса, сөз арасында президент анын мүлкү 10 млн. доллар экенин, аны текшерип чыгууга болорун "балп" эткизди. Президентке ишенсек, Акаев, Бакиев доорунда болгон анын бизнесин, Көлдөгү пансионаттарын бийлик тартып алыптыр. "Кыргызавтомаш" да азыр ага тиешелүү эмес экен. "Кыргызтемиржолуна" жетекчи, Бишкек мэри болгон Нариман Түлеевдин байлыгы 400-500 млн. доллар делинип жатканда, бир канча ирет өкмөт башчы, кийин президент болгон Алмазбек Шаршеновичтин байлыгы 10 млн. доллар дегенге ким ишенет? Эске салсак, 2004-жылы ал Кыргызстандагы эң бай жүз адамдын катарына кирсе, 2011-жылы айрым басылмалар Алмазбек Атамбаевди эң бай он адамдын үчүнчүсү экенин жазышкан. Агезде жаңылбасак ажонун жалпы байлыгы 600 млн. доллар деп көрсөтүлгөн.
Президенттин дагы бир карапайым эл макул болбой турган сөзү - анын Кыргызстан чек арасына жакын жашаган элдин жашоосу жакшы дегени болду. Башкасын санап отурбай эле Баткен, Ош облусунун чек арага жакын жайгашкан айылдарынын тургундарынын Ош, Баткен, Бишкек шаарларына агып келип жатканын алалы. Жашоо жакшы болсо алар туулган жерин таштап борборду көздөй агылат беле? Буга чейин көп эле гезиттер чек арага жакын айылдарда таза суу, жарык, отундун жетишсиздигинен жана жумушсуздуктан ар кай жакка кетишип, жалаң кары-картаңдар калганын канча жолу жазып чыгышты. "Ким эмне айтпасын, биздин чек арага жакын аймактардагы элибиз башка өлкөлөрдүн калкына салыштырмалуу жакшы жашашат" деген президент айыл элинин жашоосун кайсы мамлекеттики менен салыштырганы түшүнүксүз. Чек арага жакын аймактарда жашоо жакшы болсо өзбек, казак, тажиктерге карапайым кыргыз эли кор болуп, алардын огунан өлмөк эмес.
Эң өкүнүчтүүсү, өлкө башчынын "көмүскө президент" болуп алган президенттик аппарат жетекчисинин 1-орунбасары Икрамжан Илмияновду аппак кылып актаганы болду. Учурда "серый кардинал" ролун мыкты аткарып жаткан бир кездеги айдоочу азыр кадрдык маселелерди чечип жатканын президент кантип эле билбесин. Президенттин бул киши боюнча берген жообу элди ынандырбай эле, тескерисинче ого бетер күдүк ойлорду жаратып койду. Айдоочунун укмуштай тездик менен көтөрүлүшү карапайым элге чабан президент болгондой эле таасир калтырып келаткан. Тилекке каршы, президент жообу муну да толук жое алган жок.
"2010-жылы түзүлгөн убактылуу өкмөт башынан эле бирдиктүү команда болгон эмес. Мисалы, мен убактылуу өкмөттүн декретине каршы чыккам. Конституцияны шашпай кабыл алалы дегем" дегенине да эл таң калып туру. Буга удаа эле президент 2010-жылдагы морадерлукка кайрылып, Юсуповду да, Текебаевди да эмес, Кыргызстанды тандаганын билдирди. Андай болсо өлкө башчы буга эбак киришип, акты ак, караны кара деп тактап бериши керек эле.

Мелис СОВЕТ улуу










??.??