presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Ата журттан алыста
Мигранттардын акчасы керек, өздөрүнүн кереги жокпу?
Мындан бир ай мурун Россия мигранттарга байланыштуу жаңы беш мыйзам кабыл алганын жазган элек. Эки жумадан бери Россиянын ири шаарларында мыйзамсыз иштеп жүргөн мигранттарды тазалоо башталды. Текшерүүлөр шаарлардагы базар, курулуштарда жана ири соода түйүндөрүндө жүргүзүлүп, жүздөгөн Азербайжан, Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан жарандары камакка алынганын россиялык ММКлар, интернет-булактары айтып чыгышты. Ал жакта иштеп жүргөн мекендештерибиздин айтымында, жардамга кыргыз бийлиги, кыйкырып чыккан кыргыз "укук коргоочулары" эмес, Россиянын жарандары келип жатышыптыр.


Чынында кыргыз экономикасын азыр тышкы мигранттар көтөрүп жатканы анык. Муну эл да, бүгүнкү бийлик да сопсонун түшүнүп билип турат. Бирок так ошол чет өлкөдөгү, айрыкча Россиядагы мекендештерибиздин башына иш түшкөндө парламент, өкмөт, тиешелүү мамструктуралар талкан сугунгансып унчукпай отурушат. Кыргыз бийлиги кыймылдаар деген максатта россиялык интеллигенция өкүлдөрү фейсбук баракчаларына камалган мигранттар материалдык, юридикалык жардамга муктаж экенин жазып чыгышты. Атургай айрым активисттер интернет булактарына өз даректерин калтырып, жардамга муктаж мигранттар кайрылышса кол сунууга даяр экенин билдиришкен. Мигранттарга жардамга келген россиялыктардын билдиришинче, мындай тазалоо сентябрь айындагы "үлкөн сегиздиктин" саммитинин өткөрүлүшүнө жана 9-августта миграциялык процесстерди көзөмөлдөө мыйзамдарына өзгөртүүлөрдүн киргизилишине байланыштуу жүргүзүлүп жатыптыр. Москвадагы кыргыз жарандары болсо мындай текшерүүнү 8-сентябрда шаар мэринин шайланышына байланыштырышат. "Эгер кайсы бир мигранттын документтери туура эмес болсо ал бир суткага кармалып, андан соң сот алдында жооп берет. Сот бир нече чечим чыгарышы мүмкүн. Анын бири мигрантты өлкөдөн чыгаруу. Мындай чечим чыгарылгандар кайсы бир убакытка атайын жайларда кармалып турат. Аларга биз тамак-аш, юридикалык жактан жардам көрсөтүп жатабыз" деген "Азаттыкка" Санкт-Петербургдагы жарандык сектордун өкүлү Екатерина Косарева.
Россияда негизинен тышкы мигранттарды тартипке келтирип иргөө маселеси мурда эле айтылып келген. Бирок буга 27-июлдагы Москвадагы Матвеев базарындагы чатактан россиялык полиция кызматкеринин оор жаракат алышы мигранттарды текшерүүнү күчөтүүгө себеп болгон. Бул окуяга чейин Москвада "Заслон-1" операциясы өткөрүлүп, ага "Светлая Русь" улуттук кыймылынын өкүлдөрү да волонтер катары катышышкан. Муну Москва мэри Сергей Собянин натыйжалуу иш-чара катары бааласа, укук коргоочу уюмдар текшерүү өтө орой болгонун айтып чыгышкан. Бул операциядан соң тышкы мигранттар менен коррупциялык кызматташууга барган полиция кызматкерлери, полиция бөлүмдөрүнүн начальниктери да кызматтарынан кол жууган.
Мигранттарды өлкөлөрүнө кайтаруунун дагы бир себеби, Россия капиталынын тышка агылышы. Алсак, "Forbes" журналынын орусча басылмасы 2012-жылы Россиядан КМШ өлкөлөрүнө 18,2 млрд. доллар жеке адамдар тарабынан которулганын жазып чыкты. Булардын ичинен Россиядан Тажикстанга которулган сумма Тажикстан ИДПсынын 50 пайызын түзсө, Кыргызстанга чыккан акча ИДПнын 30 пайызын, ал эми Молдовага Россиядан которулган акча өлкө ИДПсынын 15 пайызын түзөрү аныкталган. Ошол эле мезгилде Россияга кирген каражат (3,29 млрд. доллар) өлкө ИДПсынын 0,17 пайызын гана түзгөн. Бул жагынан караганда Москванын мигранттарды азайтууга болгон аракетин түшүнсөк болот.
Эми тартип маселесине келсек, мигранттарда да, россиялыктарда да ашынып кетүү бирдей. КМШ мигранттары уурулук, талап-тоноо, жол эрежесин бузуу, каттоосуз жашоо менен көп кармалышса, ошол эле учурда мигранттардын россиялыктардан кордук көрүп, каза болгондору да аз эмес. Тартип бузуу жагынан өзбек жарандары азыр алдыда экен. Алардын саны учурда 900 миңден ашса, бейбаштык кылган украиналыктар 500 миңден ашкан. Ошондой эле ар кандай мыйзам бузуулар менен 400 миңден ашык тажиктер катталган. Бул жагынан алганда кыргыздар башкаларга салыштырмалуу тартиптүү экен. Август айынын ортосунда Москвадагы кыргыз диаспорасынын аксакалдар кеңешинин жыйыны болуп, анда бир жылда 1,5 миң кыргыз жараны жасалма кылмыш иши менен сот жоопкерчилигине тартылганы айтылган. Россиядагы кыргыз элчилигинин юристи Мырзабек Карагуловдун айтымында, жалпы мигранттарга козголгон кылмыш ишинин 50 пайызы жасалма. "Мунун баары россиялык тартип сакчыларынын сыйлык, наам алып, планды толтуруш үчүн жасап жаткан аракети экенин түшүнүшүбүз керек" дейт ал. Мунун өзү учурда Россия абактарында жүздөгөн мекендештерибиз бейкүнөө жаза тартып жатканын айтып турат. Учурда депортациялануучу кыргыздардын айрымдары да балким план толтуруу үчүн кошулуп калгандыр. Муну парламент, өкмөт тез арада карап, ТИМ да тим турбай аракет кылышы керек.

Мелис СОВЕТ уулу





Айтылбай турган сөз эле...
"Мамлекеттик кызматкерлер экстремисттерден да опурталдуу"
Аймактагы саясый таймашка активдүү катышкан элдик партия Кара-Суу шаарында өткөн шаардык кеңеш шайлоосун тааныбай тургандыгын жар салды. Ошондой эле анын мүчөлөрү бийлик чукул арада кайра шайлоо дайындабаса, сентябрь айынан баштап мөөнөтсүз нааразычылык акциясын өткөрүшөрүн ачыкташты. Бул жагдай боюнча өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы райондор аралык керектөөчүлөрдүн укугун жана жарандардын саламатыгын коргоо кызматынын жетекчиси Төлөгөн КЕЛДИБАЕВди кепке тарттык.

- Төлөгөн мырза, 19-августта сиз жетектеген партия Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоодо жетиштүү добуш топтой албай ара жолдо калды. Мунун себеби эмнеде?
- Шайлоо көп партиялардын катышуусунда таза өтөт деп ишенгенбиз. Бирок тилегибиз таш капты. Экинчиден, Кара-Суу шаарындагы бардык шайлоо чөлкөмүндө массалык башаламандык өкүм сүрдү. Атүгүл бардык жерде уюшкан кылмыштуу топтор үстөмдүк кылып, алар эл көзүнчө добуштарды урналарга каалашынча тышташты. Ошентип карапайым калкты булар өз эркине коюшкан жок.
- Административдик ресурстардан тышкары жергиликтүү бийликтин дагы кандай ыкмаларды колдонгондугун баамдадыңыздар?
- Жергиликтүү аткаминерлер Кара-Суу шаарындагы алты шайлоо чөлкөмүндө тең КСДПга 70 пайыздан ашуун добуш алып беребиз деп катуу иштешти. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбековдун мафиясы, Кара-Суу районунун акими Тилекбек Матраимовдун кланы шайлоонун калыс жана таза өтүшүнө таптакыр мүмкүнчүлүк берген жок. Алар биз мурдатан билген сценарий боюнча абдан "дыкат" иштеп, аны эч кынтыксыз жүзөгө ашырышты.
- Демек, шайлоонун жыйынтыгын таптакыр тааныбайсыздарбы?
- Ооба. Кара-Суу шаардык кеңешине болгон шайлоону тааныбай тургандыгыбызды биринчилерден болуп жар салдык. Бул сапар Ош облустук жана Кара-Суу райондук, ошондой эле Кара-Суу шаардык бийликтери президенттин саясатына караманча каршы иштешти. Тагдыр чечүүчү мааниге ээ өнөктүктү адилет, калыс өткөрө алышкан жок. Кыскасы, шайлоону артык кылабыз деп тыртык кылып тынышты. Кара-Суу шаарында оюндан от чыгарып мушташ уюштуруп, жарышкан тараптарды бири-бирине аттырышты. Мунун кесепетинен күнөөсүз дарыгер бейажал өлүмгө кабылып, ок, бычак жеген кээ бир жарандарыбыз ооруканада жатышат.
- Эми мындан ары саясый күрөштүн кайсы жолуна түшмөкчүсүздөр?
- Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, анын биринчи орунбасары Байыш Юсупов, Ош бажысынын жетекчиси Раим Матраимов токтоосуз түрдө кызматынан кетишсин. Антпесе сентябрь айынын башында жер-жерлерде массалык түрдө нааразычылык акцияларын бир мезгилде баштайбыз. Баса, биздин каршылык акциябызды айрым бийликчил арам күчтөр пайдаланып, жер-жерлерде массалык башаламандыкты уюштурушу дагы толук ыктымал. Мындай кырдаалда толук жоопкерчиликти өз мойнубузга ала албайбыз. Бирок кандайдыр бир чагымчыл күчтөрдүн тынымсыз бут тосууларына азгырылбастан, өзүбүздүн мөөнөтсүз акциябызды татыктуу уланта беребиз.
- Мамлекеттик кызматты аркалагандардын өздөрү мыйзам бузуштубу?
- Дал ошол мамлекеттик кызматтагылар "Аль-Каида", "Хизб-ут тахрир" сыяктуу диний экстремисттик уюмунан дагы опурталдуу күчкө айланышты. Алдыбыздагы парламенттик, андан кийинки президенттик шайлоолордо булар сөзсүз түрдө өтө чоң роль ойношот. Атүгүл Кыргызстандын тагдырын көз ачып-жумгуча чечип коюу буларга кеп эмес!
- Төлөгөн мырза, кырдаал ушинтип улам курчуп отуруп, өкмөт кулап, Жогорку Кеңеш тарап, акырында Президент качып тынбайбы?
- Биз деле мекендеш катары Президент Алмазбек Атамбаевдин өз мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетишине караманча каршыбыз. Бирок жергиликтүү бийлик бутагында отургандар аны уят кылбай толук кандуу таза иштеши абзел. Антпесе губернатор, акимдер кырдаалды нукка сала алышпагандыгы, эл менен тил табышууга жарабагандыгы үчүн кызматынан айдалып, арабыз токтоосуз тазаланышы кажет. Ансыз мунун кесепети Президентке да тиет.

Алишер ТОКСОНБАЕВ,
Кара-Суу району











??.??