presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Жакшылык
ШКУ саммити өзгөчө өтөт

13- сентябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт. Аны өткөрүү үчүн биз чакыра турган коноктордон жардам сурап, Кытай жана Россия ар тараптан колдоо көрсөтүүдө. Саммитте кабыл алына турган документтердин негизгиси Бишкек декларациясы болот.

Серепчилер "быйылкы Шанхай кызматташуу уюмунун Бишкек саммити дүйнөлүк алкактан алганда да, регионалдык алкактан алганда да маанилүү жолугушууларга бай болчудай" деп божомолдошот. Алардын арасынан дүйнөлүк саясаттан алганда Бишкек саммитине Ирандын жаңы шайланган президенти Хасан Роуханинин келиши жана анын Россиянын чоңу Владимир Путин менен жолугушуусу күтүлөт. Ал эми регионалдык саясатта Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан президенттери бет келишип, чечилбей келаткан маселелерди ортого салуусу да мүмкүн. Негизинен Бишкек саммитинин күн тартибинде Шанхай кызматташуу уюмун өркүндөтүү, регионалдык коопсуздук, экономикалык жана гуманитардык багытта кызматташууларды өнүктүрүү маселелери талкууланат.
Саммиттин алдында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга иш сапар менен келет. Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен Си Цзиньпиндин ортосунда Шанхай кызматташтык уюмунун ички жоболорун, андан сырткары эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык долбоорлорду, буга чейин сөз болуп келаткан ШКУнун Өнүктүрүү банкы жөнүндө сөз болору күтүлүүдө. Булардын ичинен эң негизгиси - коопсуздук көйгөйү. Тагыраагы, келерки жылы НАТОнун күчтөрү Ооганстандан кетет, андыктан ошол региондогу коопсуздук маселеси талкууланат.
Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин өткөрүү үчүн Кыргызстанга Кытай жана Россия олуттуу финансы-техникалык жардам көрсөттү. Тактап айтканда, Кытай тарап "Кадиллак" үлгүсүндөгү 50 автоунаа берсе, Россия "БМВ" үлгүсүндөгү жети машине, 10 чакан автобус жана бир МИ-8 үлгүсүндөгү тик учак бөлгөн.
Шанхай кызматташтык уюмуна алты өлкө - Кыргызстан, Россия, Кытай, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. Уюмга байкоочу статусуна ээ болгон беш өлкө бар. Алар: Индия, Иран, Монголия, Пакистан жана Ооганстан. Түркия, Беларусь жана Шри-Ланка диалог боюнча өнөктөш статусуна ээ.





Кайран эл
Кимге ишенебиз, элгеби же бийликкеби?

"Биз күрөштү токтотпойбуз, митингдерди улантабыз. Май айында болгон митингдер учурунда өкмөт "Кумтөр" маселеси боюнча биздин 18 талабыбызды аткарууга 10-сентябрга чейин убакыт сурашкан. 10-сентябрда Жогорку Кеңеш да "Кумтөр" маселесин карайт. Алардын жыйынтыгы боюнча биз курултай өткөрүүнү чечтик" деп билдиришти Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургундары.
Муну менен кошо Саруунун тургуну Жыргалбек Мажиков "алгач биз курултайды ысык-көлдүктөр эле өткөрөлү деп чечкенбиз, бирок Таластан, Жалал-Абаддан, Нарындан телефон чалышып биз да катышабыз дешкенинен жалпы республикалык курултай өткөрүүнү чечтик. Ошол курултайда мындан аркы пландарыбыз такталат, митингдер белгиленет. Биздин "Кумтөр" боюнча талабыбыз мурдагы бойдон кала берет: "Өндүрүлгөн алтындын 67%ы мамлекеттин казынасына түшүш керек, 33% алтынды канадалыктар алып кетишсин. Тактап айтайын, бизге кирешенин эмес продукциянын 67%ы калсын. Монголияда канадалыктар дал ушинтип иштешет. Монголия экономикасы тез бутуна тура баштады. Эмне үчүн бизде ушуну жасоого болбосун?" деди ал.
Саруунун тургуну Улан Калиевдин айтканына караганда, Бахтияр Курманов менен Эрмек Жунушбаевдердин видеотасмасы УКМКнын чагымчыл монтажы. "Бийлик 10-сентябрь жакындап калгандыктан жети-өгүздүктөр отчет сурайт деп биздин балдарга карата чагым жасады. Дегеле соттун чечими жок туруп аларды телеканалдардан айыптаган бул сабатсыздык. Биз алардын соттон акталып чыгышына ишенебиз. Анткени монтаждалган видеодон башка эч кандай далил жок" дейт.
"Кумтөр" ишканасынын өкүлү Дуглас Гриерден 3 млн. доллар талап кылган деп 30-августта камакка алынган Жети-Өгүздүн Саруу айылынын тургундары Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курманов 29-октябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында болушат. Мындай чечимди алардын баш коргоо чарасын караган Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.




Сакал-шоу
"Ажылык айтыш-2013", жеңүүчү ким?

Кыргызстан күзгө жакын баягы эле таз кейпин кийип, кайрадан жыл сайын боло келген чыр-чатактардын кучагында калды. Дин, ишеним чөйрөсүндө деле ошондой. Тактап айтканда, Кыргызстан жана Орто Азия мусулмандар конгрессинин жетекчиси Бакыт Нурдинов ажылыкты уюштуруу иштеринде болуп көрбөгөндөй коррупция орун алып жаткандыгын айтып, буга муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевди күнөөлөп чыкты. Ал эми муфтият айыптоолорду четке кагып жатат.
Бакыт Нурдиновдун айтканына караганда, ажылык квотанын баасы эки эсе өсүп, чет элдик жарандар Кыргызстанга бөлүнгөн квотанын эсебинен ажыга барууга камынып жатат. Анын маалыматына караганда, атайын кыргыз паспортторун алган Өзбекстандын 40 жараны Бишкек шаарына бөлүнгөн ажылык квотанын эсебинен Меккеге жөнөөдө. "Ошондой эле быйыл ажылыктын баасы 2300 доллар деп бычылганына карабай, квота алып берем деген ортомчулар анын баасын 4 миң доллардан ашырып жиберди" дейт Нурдинов.
Бул дооматтар чындыкка коошпойт дейт Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы. "Ал бул айткандарын далилдеп бериши керек. Анткени бул муфтияттын эле үстүнө жалаа жабылып жаткан жок, бул мамлекеттик, укук коргоо органдарына да коюлган айып. Ага ишене турган болсок, бул Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алууга чет элдик жарандарга да шарт түзүлүп жатат дегенди билдирет. Эгер кимдир бирөө Кыргызстандын паспортун алып, ажыга барам деп бизге паспортун тапшырып кетсе, бул жерде биздин күнөөбүз жок" дейт муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев. Ошондой эле муфтий ажылыктын быйылкы баасы 2300 доллар гана экендигин айтып, акчаны паспорттун ээси өзү гана келип тапшырып, өзү келишим түзөрүн, ар бир түзүлгөн келишим таза, ачык-айкын болушу үчүн видеотасмага да тартылып, ага жеке номер жазылып берилерин айтты.
Быйыл ажылык сапар үчүн Сауд Арабия Кыргызстанга 3600 квота бөлгөн. Бул жылдагыга караганда 900 квотага аз. Сауд Арабия муну Мекке шаарында ири курулуш иштери жүрүп жаткандыктан дүйнө боюнча ажылардын санын 20 пайызга кыскартканы менен түшүндүргөн. Быйыл ажылар ыйык сапарга сентябрь айынын ортосунан тарта учуп баштамакчы.





"Тезекизм" башталды
Энергетика эң коркунучтуу абалда

Ушул жылдын 4-сентябрына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд. 677 млн. куб/метрди түздү. Ал эми 2012-жылдын ушул күнүндө 17,385 млрд. куб/метрди түзгөн эле. Эксперттер буга чейин эле суу аз топтолуп жатканына байланыштуу быйыл кышта электр энергиясына каатчылык болорун айтып жатышкан. Атургай Бакиев учурундай мөөнөттөшүп өчүрүлүп калышы да мүмкүн.
Өкмөт башчы Ж.Саты-балдиев 30-августта Нарын облусунун Кочкор районундагы Таш-Дөбө айыл округунун жашоочулары менен жолугушуп жатып, "бүгүнкү күндө өлкөбүздө байлар жана жакырлар үчүн электр жарыгына нарк көрсөткүчтөр бирдей - 1 кВт/саатына 70 тыйын, бул акыйкатсыздык. Биз азыркы учурда колунда бар жакшы жашаган абоненттер жана калктын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрү үчүн нарк көрсөткүчтөрдүн ар түрдүү варианттарын иштеп чыгуудабыз" деп билдирди. Кыскасы, Илич шамына болгон баа жакында жогорулашы ачык болуп калды. Бирок азырынча кантип, качан экени белгисиз.
Эксперттердин баамында, Кыргызстан кезектеги энергетикалык каатчылыктын алдында турат. Кышкы жылытуу сезонуна даярдык көрүү үчүн 4 млрд. 700 млн. сом жетишпейт. Жылдагыдай электр энергиясын экспорттоп, андан түшкөн акча менен көмүр, кара май сатып алуу да кыйынчылыкка учуроодо. Анткени Токтогул суу сактагычында суунун аздыгы электр энергиясын экспорттоого тоскоолдук жаратат. Энергетика жана өнөр жай министрлиги быйылкы жылы 500 млн. кВт/саат электр энергиясын экспорттомок. "Электрстанциялары" ААК ушул жылдын 19-августунда Казакстанга электр энергиясын экспорттоону токтотту. Быйыл 15 млн. долларга жакын суммага 350 млн кВт/саат электр энергиялары экспорттолгон. Бүгүнкү күндө бул тармакта суу көп топтолсо деле көйгөйлөр келип чыкмак. Себеби Кыргызстандын энергетика системасы быйылкы жылы суунун аздыгынан эле эмес, жабдуулардын эскирүүсүнөн да жабыркап турат. Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча Кыргызстандын энергетика системасын оңдоп-түзөө үчүн 870 млн. доллар талап кылынат. Тагыраак айтканда, Токтогул ГЭСин ремонттоого 260 млн. доллар, Үч-Коргон ГЭСине 130 млн. доллар, Ат-Башыга 25 млн. доллар керек. Андан сырткары электр зымдары, подстанциялар үчүн да 350 млн.доллардан ашуун каражат керек.
Эл аралык эксперттер жана Кыргызстандын Энергетика министрлиги энергетика тармагына каражат тартуунун булактарынын бири катары тарифтерди көтөрүүнү караштырып жатат. Тарифтерди көтөрүүнүн бир нече варианттары аталууда. Алардын бири электр энергиясын пайдалануу 300 кВт/сааттан ашкандан кийин башка тариф коюу сунушталган. Андан сырткары үч фазалуу токту пайдалангандарга бааны көтөрүү каралган.

Бетти даярдаган Зайырбек АЖЫМАТОВ










??.??