presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Байлыгыңа байпагым
Декларациядагы "кедейлер"
өлкөдөгү олигархтар

(Уландысы. Башы өткөн сандарда)


Кандай гана мекеме же ишкананын жетекчиси болбосун, ириде кол астындагы кызматкерлерге үлгү болушу керек. Ал эми башбакан Жантөрө Сатыбалдиев өзү баш болуп киреше булактарын бекиткени өкүнүчтүү. Мамлекеттик кадр кызматынын (МКК) расмий сайтында Жантөрө Жолдошевич өткөн жылы 812 миң 720 сомдук маяна алса, жакын туугандарынын кирешеси 1 млн. 854 миң сомду түзөрү көрсөтүлгөн. Мындан бөлөк үйү, машинеси тууралуу маалымат камтылган эмес, кайсы компанияларда үлүшү бардыгы так жазылбаптыр. Образдуу айтканда, премьерибиз жалаң айлыктын көзүн караган "бечара" экен. "Үстүндөгү кийиминен бөлөк мыдыры жок тура" деп Сатыбалдиевге боор оорубаңыз, Акаев, Бакиев, Отунбаева доорунан бери ээрден түшпөгөн эрен байлыгын жаап-жашыруунун ыкмасын мыкты өздөштүргөн. Тагырагы, өзүнө караштуу ишканаларды, кафе-ресторандарды ишенимдүү кишилерине каттатып коюп, алардан "доля" саап, курсагын сылап жыргап отура берет. Маселен, ордолуу Оштогу "Барсбек" (эски аталышы "Караван") баштаган белгилүү ресторандар, бассейн, бардык тендерге калбай катышып, көпчүлүгүндө жеңишке жетишкен 3-4 курулуш компаниясы өкмөт башчысына таандык экенин Оштун тургундарынын сурасаңар айтып беришет. Мындан сырткары, белгилүү уюлдук компаниялардын биринин 25% акциясы Жантөрө мырзага караштуу экенин укканбыз.
Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевдин шефине, дегеле бөлөк кесиптештерине салыштырмалуу үй-мүлкүнүн, фирмаларынын чет бучкагын ачыкка чыгарганын адилеттик үчүн айтышыбыз абзел. Былтыр 528 миң 720 сом айлык акы алганын жазган министр 331 чарчы/метр аянттагы үйдө жашап, аты аталбаган коомдук фонддун 100%ына кожоюндук кыларын декларациясында баса белгилеген. Ошондой эле жакын туугандарынын беш жер тилкеси, беш батири, эки унаасы жана бир нече компанияда үлүшү бардыгын жашырган эмес (таблицаны караңыз).
Осмонбек Мамбетжанович атайылап кошпой койгонбу же "унутуп" калганбы, айтор, айтылуу Чычкан капчыгайындагы "Oson" эс алуу борборун, "Өйүш-Булак" жана "Ак илбирс" кафесин мүлктөрүнүн тизмесине киргизбептир.
"Елизавета", "Авангард-стилди" жер жутуп кеттиби?
Олигархтардын катарында жүргөн Транспорт министри Калыкбек Султанов декларациясында "кедей" министрлердин "үйүрүнө" кошулуп алыптыр. Анын 400 миң сомдук айлыгынан сырткары үч кыймылсыз мүлкү, беш сотых жер тилкеси, "Lexus GX470" үлгүсүндөгү "темир тулпары" бар. Мамлекеттик кызматты аркалаганына байланыштуу ишканаларын жакын туугандарына өткөрүп бергенби десек, алар деле "кембагал" тура! Башкасына токтолбойлу, Калыкбек мырзанын жамы журтка таанылган "Авангард-стиль", "Елизавета" курулуш компанияларын көздөн далдоо кармаганынын себебине түк түшүнбөдүк.
Аргенбаевичтин "Тотону", сүт азыктарын өндүрүүчү фирмалары кайда?
Экономика министри Темир Сариевдин 2012-жылкы кирешеси 1 млн. 284 миң 800 сомду түзөт. Ушу тапта 922,1 чарчы/метр аянттагы хансарайда үй-бүлөсү менен күн кечирүүдө. Ошол эле учурда аты аталбаган компанияда 30% үлүшү бардыгын унутта калтырбаптыр. Ал эми жакын туугандарынын жылдык кирешеси, үй-мүлкү боюнча маалымат бербептир. Биз билгенден Темир Аргенбаевич Кыргызстандагы 100 миллионердин алдыңкы сабында турат, финансылык-өндүрүш багытындагы "Тотон" фирмасын түптөгөн. Учурда туугандары Сокулук районунда сүт азыктарын өндүрүүчү компанияны иштетишүүдө. "Тотон", Сокулуктагы компания, борбордун чок ортосундагы төрт кабаттуу имараттын ижара акысынан түшкөн каражатты декларациясына кошпогонунун себебин министр байкебиз чечмелесе жакшы болмок. Баса, Жал кичирайонундагы беш кабаттуу үйдөгү батирлер ижарага берилеби же жакын туугандары жашайбы? Бул дагы Сариев жооп узатчу маанилүү суроо.
Алымкуловду чынчыл экен десек…
Апрель окуясынын шарапаты менен жаралган Жаштар министрлигинин жетекчиси Алиясбек Алымкулов жаштарга үлгү көрсөткөндүн ордуна саясатчы аке-эжелеринин жолоюна түшүп, каратып туруп кулакка "кесме" илгендин кыныгын алгандай. МККнын расмий сайтындагы статистикага таянсак, Алиясбек Төлбашевичтин 627 миң 679 сомдук маянасынан бөлөк үстүндө үйү, астында машинеси жок. Накта "итке минип калган" чагы. Бирок буга ишенбеңиз. Алиясбек мырза анчалык "кембагал" эмес, "ЭлГаз КДЖ" ЖЧКсынын директорлор кеңешинин төрагасы, "Орус-кыргыз труба компаниясы" ЖЧКсынын генералдык директору, россиялык белгилүү компаниялардын биринин Ооган, Тажикстан жана Кыргызстандагы расмий өкүлчүлүгүн аркалаган кезинде опсуз байлык жыйнаганы белгилүү. Апрель окуясына чейин ишкерлик менен алектенип, ишканаларынын жарымын чет өлкөгө чыгарып кеткенин билебиз. Ошол компаниялары бүгүнкү күндө дагы сыртта жигердүү иштеп жатат. Ушунча байлыгы туруп "баш калкалар жайым, тепкенге унаам жок" деп "өлүмүш" болгону А.Алымкуловго окшогон келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаштардын кылар иши эмес.






Өмүрбек АБДРАХМАНОВ,
ЖКнын эркин депутаты:
"Декларациянын
кереги жок"
- Депутаттардын көпчүлүгү мүлкүн, кирешесин жашырышат. Сиз декларацияны ачык толтурдум деп эсептейсизби?
- Ооба, болгон мүлкүмдү декларациямда ачык жаздым. Мисалы, эки дүкөнүмдү, үйүмдү, машинемди декларациямда көрсөткөм. Ал эми эмерек чыгарган фабрикамды Бакиевдин заманында арзан баада сатып жибергем. "Азат" корпорациясынын курамындагы мүлктөрүмдүн көпчүлүгү сатылып кеткен.
2012-жылдагы декларацияга ылайык, Жогорку Кеңештеги 120 депутаттын арасынан 4-орунду ээлептирмин. Чыныбай Турсунбековго окшогон олигархтар "байкуш" экен. 24 депутат көчөдө тентип жүргөн "селсаяктын" кейпин кийип калышыптыр. Эгер депутаттар байлыгын ачыкка чыгара албаса, анда декларация толтуруунун эч кандай кажети жок.
- Мамлекеттик кызматкерлер канткенде декларацияны ачык-айрым толтура алат?
- Бүгүнкүдөй системада эч мүмкүн эмес. Себеби ошол эле чиновниктер бизнесин гүлдөтүп жатышат. Алар эч качан мынча мүлкүм бар дешпейт. Бул кыялыбызда аткарылчу иш.
- 2015-жылдан тартып карапайым жарандар дагы декларация толтура баштайт. Мындан оң натыйжа чыгабы?
- Ири чиновниктерге алы жетпеген сот, прокурорлор карапайым кишилерди кысмакка ала башташат. Жалпы жарандык декларация - куугунтукка алуунун ыкмасына айланышы ыктымал. Эгер ачык айрым коом түзөбүз десек, биринчи кезекте коррупцияны жоюп, таза коом куруу зарыл.












??.??