presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
УКМК Өмүралиев өзү келди деди
УКМК Эрланбек Өмүралиев өзү атайын арыз менен кайрылып, өлкөнүн тынчтыгы үчүн оппозициянын бетин ачууга белсенгенин жар салды. Ал өмүрүнө коркунуч туулушу ыктымалдыгын, андыктан коопсуздугун сактоону өтүнгөн. Учурда анын кайсы жерде жүргөнү белгисиз.
Чуулгандуу тасмага байланыштуу түрдүү версиялар жаралды. Биринчи версияга таянсак, кандайдыр бир күчтөр 13-сентябрда башталчу ШКУ саммитин үзгүлтүккө учуратуу максатын коюшуптур. Ал эми атайын кызмат муну алдын ала билип калып, жогорудагыдай ыкманын негизинде аны болтурбай коюу аракетине өткөн делет.
Экинчи версияга кулак түргөн адам оппозициянын чындап эле бийликтин шаштысын тайдырып, керек болсо күч менен басып алуу планы болгонун эшитет. Аны жүзөгө ашырууда "Кубакы", "Юпи" сыяктуу пландар болгон-болбогону эч кимге белгисиз. Ошентсе да УКМК ошол окуяларды алдын алып, оппозициянын тизгинин тартканын боолголосок болобу?
Эрланбек Өмүралиевдин чыркыраган чындыкты шардана кылганын же оппозиция лөктөрү айтмакчы, атайын кызматтын буюртмасын аткарып жатканын тергөө амалдары аныктап, сот өкүм окугандан кийин белгилүү болот. Бул окуяны укук коргоо органдары тыкыр иликтеп, адилеттүү баа бериши абзел. Себеби кеп Э.Өмүралиевдин же оппозиция лидерлеринин тагдыры эмес, Кыргызстандын келечеги, элибиздин саламаттыгы туурасында жүрүп жатат. Эгер Өмүралиевдин айткандары далилденсе, ысымы аталган саясатчылар мыйзам чегинде жазасын алышы керек. Тескерисинче болсо карапайым калкты дүрбөткөн ушагы үчүн Эрланбек Өмүралиев жана аны коомчулукка жарыялаган УКМК, телеканалдардын жетекчилиги жоопкерчиликке тартылышы талапка ылайык. Юридикалык баа берилбесе, минтип оозуна келгенди оттомой же кырдаалды каалагандай чайпалтуу өнөкөткө айланып кетет.






Кимисине ишенебиз?
"Юпи-гейт" чатагындагы табышмактар
Күзгү саясый сезон тасма чабуулдары менен ачылды. Майдын аяк ченинде өткөн Жети-Өгүздөгү митингдин уюштуруучулары Эрмек Жунушбаев менен Бахтияр Курмановдун "Кумтөр" компаниясынын топ-менеджери Дуглас Гриерден 3 млн. доллар талап кылып жатканы тасма аркылуу ашкереленип анын буусу тарай электе, жергиликтүү каналдарда кезектеги чуулгандуу тасма жарыяланды. Тасмада Эрланбек Өмүралиев аттуу жигит оппозиция лидерлери 8-9-10-сентябрда бийликти басып алууну көздөп жатканын, анүчүн "Кубакы", "Юпи" аталыштагы үрөй учурган пландарын иштеп чыкканын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына (УКМК) өз каалоосу менен баяндап бергени көрсөтүлгөн. Коомчулуктун эсин эки кылган бул тасманын Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алдында жарыяланышы күмөндүү ойду жаратат. Ошол эле учурда оппозиция лидерлери муну бийликтин атайын жасаган чагымы катары баалашууда.

24- августта Соң-Көлдө болгон курултайдын башкы уюштуруучуларынын бири саналган Эрланбек Өмүралиевдин айтымында, Садыр Жапаров, Талант Мамытов, Аликбек Жекшенкулов, Кубанычбек Кадыров сындуу оппозиция бийликти басып алуунун үч планын түзүптүр. "Кубакы" деп аталган биринчи план 8-сентябрга белгиленип, "Чындык" партиясынын лидери Кубанычбек Кадыров ошол күнү 600-700 адамды Кубакы ашуусуна жыйнап, Ысык-Көл, Нарын жана Бишкек шаарына кетчү жолду буурун Өмүралиев баяндайт. Ошондой эле атайын даярдалган унааларда катылган арматура, таштар күч органдарына каршы колдонуларын кошумчалаган.
"Юпи" аталган экинчи планды уккан адамдын жүрөгү оозуна тыгылат. Бул план боюнча атайын даярдалган порошок Нарын дарыясына куюлат экен. "Юпи" планынын негизинде Семиз-Бел айылындагы колоттордун биринде Нарын суусуна цианид төгүшөт. Алдын ала цианид менен ууланган балыктарды сууга төгүшүп, Нарын шаарында өтө турган балыкчылар майрамына келгендер көрүп, ызы-чуу сала тургандай кылышат. Айыл аксакалдарын чакырып көрсөтүшөт. Анан сууну өкмөт менен "Кумтөр" уулантты деп оппозиция чыр чыгарат" дейт Э.Өмүралиев. Анын белгилешинче, акчанын, күчтүн бардыгы ушул планга жумшалат.
"Үчүнчү план кандай аталат?" деген суроого, Эрланбек муну өзү дагы билбестигин, бирок "Юпи" бул жакта эле каларын төмөнкүчө кыстара кетти: "Үчүнчү планды мага да айтышкан жок. Ал план жогорку экөөнөн да күчтүү чоң план деп жатышат. Эгер "Юпиден" дагы күчтүү болсо, анда ал жардырууларбы деп ойлоп калдым".

Сырткы күчтөрдүн "кулагы" көрүнөбү?
"Юпи-гейт" чыры ЖоКенин шаршембидеги жыйынында кызуу талкууланды. Соц-демчи Исмаил Исаков тасманы иликтөөгө алууну сунуштады. Бул маселени алгач фракциялар жана профилдик комитеттерде карап чыгуу демилгесин көтөргөн Исаков мунун артында чет өлкөлүк атайын кызматтар турушу ыктымалдыгын жашырган жок. "Мындан кийин аны пленардык жыйында карап чыгуу зарыл. Баарын текшерүү кажет, анткени аталган видео улуттук коопсуздукка коркунуч келтириши мүмкүн. Аталган видео чет элдик атайын кызматтардын тымызын аракети болушу ыктымал" дейт эл өкүлү.

Оппозиция
бир ооздон жалган деди
Тасмада ысымы аталган фигуралар маалымат каражаттары аркылуу Өмүралиевдин айткандарын жокко чыгарышты. Ал эми "Акыйкат" партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов маалымат жыйынында муну бийликтин чагымчыл аракети катары баалап, өзүнүн актыгына ишенерин, кызматка алданбастан аягына чейин күрөшөрүн билдирди.

Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ, "Акыйкат" партиясынын төрагасы:
- Эрлан Өмүралиев саясый курмандык болуп калганына боорум ачыйт. Ал жигит менин тууганым болмок тургай, өзүн жакшы тааныбайм. Мага саясатка аралашкысы келген жаштар өкүлү катары келгенде кеп-кеңештеримди айтып койчумун. Ал эми 24-августта болгон курултайга конок катары баргам. Ал жактан өлкөдөгү азыркы абал тууралуу кептер айтылып эле тарап кеткенбиз. Ал эми өлкөнү туруксуздаштыруу боюнча эч кандай пландар айтылган эмес. УКМК төрагасы Бусурманкул Таабалдиев бул ишти өз териштирүүсүнө алып, юридикалык баасын бериши керек. Ал эми тасмадагы Эрланбек Өмүралиевдин айтып бергендери баары жалган, аны далилдеш үчүн калпты аныктоочу детектордон өтүүгө даярмын.

Садыр ЖАПАРОВ, экс-депутат:
- Бул карандай калп, чындыкка коошпогон фантазия. Мындай кадамдарга баруудан мурда терең ойлонуш керек эмеспи. Видеодогу жигиттин айтымында, биз 8-9-10-сентябрда жолдорду тосуп, революция кылып, мындан тышкары, нарындык балыкчыларга 5-6 мүшөк балык заказ берип, шприц аркылуу аларды ууландырып, кийин цианидден ууланды деген бүтүм чыгармак экенбиз. Мен УКМКда сурак берип жатып, видео боюнча өздөрүнө "силерде ушундай мүмкүнчүлүктөр болуп жаткандан кийин дагы 4-5 күн күтүп туруп, мындай оор кылмышты жасап жаткан жерден кармап албайт белеңер?" деп суроо бердим. Антсем алар өздөрү күлүштү. Демек, бул кезектеги "кара пиар", фантастика деп түшүнсөк болот.
Бийликтин максаты - видео аркылуу бүтүндөй кыргыз элине бизди жаман көрсөтүп каралоо экендиги ачыктан-ачык көрүнүп турат. Эгер бийлик ушундай кадамдар менен бизди каралап, жалган жалаа жапса, биз дагы тиешелүү чараларды көрөбүз. ШКУ саммитинен кийин мыйзам чегинде митинг өткөрөбүз.

Кубанычбек КАДЫРОВ,
"Чындык" партиясынын лидери:
- УКМК видеосунун каарманы Эрланбек Өмүралиевдин оппозициянын бийликти алуу тууралуу телевидениеден сүйлөп бериши үчүн Бишкектен квартира жана жеке күзөт сунуш кылышкан. Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнөн алдым, бирок бул такталбаганын эскерте кетейин. Албетте, бул жомок, бизде андай план болгон эмес.

Курманбек ОСМОНОВ,
ЖК депутаты,
"Ата журт" фракциясы:
- Коомдук канал аркылуу көрсөтүлгөн атайын кызматтын тасмасы иликтениши керек. Оппозициянын пландары тууралуу Эрланбек Өмүралиевдин айткандарынын негизинде кылмыш иши козголуп, дыкат иликтөөгө албаса болбойт. Бул боюнча депутаттык комиссия да түзүлүшү зарыл.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ
P.S. Учурда Эрланбек Өмүралиевден дайын-дарек жок. Атургай аны туугандары да таппай жатышат. УКМК аны кайда жашырганы белгисиз.








??.??