presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Бардыгы Айтбаевичтен көз карандыбы?
"Республика" фракциясы коалицияга кошулуу ниетин билдиргени белгилүү. Ал эми "ата мекенчи" Өмүрбек Текебаев сүйлөшүүлөр азырынча баштала электигин, бирок бир орчундуу талап коюларын айтып агынан жарылды. "Коалициялык келишимде кылмыш иши козголгон депутаттарды коргобоо талабы бар. "Республика" ушул талапты аткарышы керек" дейт ал. Текебаевдин мунусу Исхак Пирматовду жоопкерчиликке тартууга макулдук бересиңер, болбосо… деген ишараты эмеспи. Өмүке асылган Аскар Акаев Москвага качып кутулса, Курманбек Бакиев Минскиде чымын-чиркейлерге таланып жүрөт. Кыскасы, ал жабышкан саясатчы соо калбайт. Бул жолу кандай болор экен, "республикачылар" Исхак Айтбаевичтин кара башын ойлоп коалицияга кирбей коебу же асылганын жөн койбогон өжөр Текебаев максатына жетеби?


Токтоо болсоңчу, Токтакунов?!
Кээ бир укук коргоочулар 22 жылдан бери элдин укугун коргой берип чарчашты. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, учурда Нурбек Токтакунов деген укук коргоочу ШКУ саммити өтөр күнү жол тосом деп эдиреңдеп жатат дешти. "Атың чыкпаса жер өрттө" деген принципти туу тутабы же бирөөлөрдүн айгагына киреби, бекер жерден чыр чыгарбайт дешет. 22 жылдан бери кыргыздар жол бууганды жакшы өздөштүрүштү. Токтакунов да аздыр-көптүр тажрыйба топтосо керек. Бирок эмне үчүн ШКУнун катышуучуларын өткөрбөй жолду тосуш керек? Оппозициянын мамлекеттер аралык деңгээлдеги иш-чарага кедергисин тийгизгени - барып турган чектен чыккандык эмеспи. Бул жалпы кыргыз элинин бетине көө жабуу да. Муну алдын алуу керек. Болбосо дагы кыргыз элинин дүйнөлүк коомчулуктун алдында шагы сынат. Угушубузга караганда, Токтакунов учурда Кытайдагы уйгурлардын укугун коргоп жаткан имиш. Анысын жол тосуу менен далилдейт экен. Алардын укугун Кытайга барып коргобойбу.

Мадылбеков Ирсалиевге ор казганда
"Мародер-гейт" чатагынан кутула элек "ата мекенчи" Туратбек Мадылбеков жеке ишкер Рахатбек Ирсалиевге ор казып баштаганын кулагыбыз чалды. Ишенимдүү булагыбыздан алынган маалыматка таянсак, Туратбек мырза Ирсалиевдин курулуш компаниясын каздырып илинчек таба албай убара экен. Ошого карабастан ага маалымат чабуулун баштаганы неси? Эл өкүлүн кайсы "кара теке сүзүп", Ирсалиевге тиш кайраганын билбейбиз. Бирок апрель окуясындагы талап-тоноочулукка чекит коюлбай жатса, бул аракетине түшүнбөдүк.

Грузиядан салам кат
Курманбек Бакиевдин режимин түптөөгө опол тоодой салым кошкон Оксана Малеваная учурда Грузияда күн кечирүүдө. Ал күн сайын интернетке кирип, ЖоКедеги фракция лидерлеринин бири менен скайп аркылуу байланышып турат. Оксана айым бир жолку кат алышуусунда мекенин сагынганын, Кыргызстанга кайтып келүүгө көмөк көрсөтүүсүн өтүнүптүр. Береги фракция лидери билек түрүнө киришсе, Малеванаянын караанын көрүп калабыз го жакында.

Ким акыйкатчы болот?
Борбордогу "Хайат" мейманканасында башкы Акыйкатчылыкка ат салышкан талапкерлер менен Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын ортосунда "Акыйкатчы кандай болушу керек?" деген теманын тегерегинде талкуу жүрүп, талапкерлер өздөрүнүн программасын кыскача баяндап беришти. Жыйында талапкерлердин санынын 50дөн ашып кеткенинин себеби талкууланып, муну Акыйкатчы институтунун кадыры түшүп кеткендиги менен байланыштырышты. Ал эми тар чөйрөдөгү күбүр-шыбырларга караганда, шайлоо эки тур менен өтүп, экинчи турда Акылбек Сариев, вице-спикер Асия Сасыкбаева, Кыргызстандын Россиядагы экс-башкы консулу Турдали Орозбаев сыяктуу алптар чыгат экен. Булардын ичинен кимисине кресло буюрарын бир кудай, анан депутаттар гана чечери турган иш.

"Республиканы" Сабиров,
"Ата журтту" Жолдошева жетектейби?
Парламенттеги "Республика" жана "Ата журт" фракциясы кийинки жумада жаңы башчысын шайлайт. Максат Сабиров, Курманбек Дыйканбаев менен Нурбек Алимбеков "Республиканын" төрагалыгына ат салышса, Жылдызкан Жолдошева "Ата журттун" анабашчылыгына талапкерлигин коеру айтылууда. Садыр Жапаров ички ынтымагын бекемдей албаган фракцияны Жылдызкан айым тартипке салар бекен?

Аксыга ким аким болот?
Аксы районунун акими Медет Айдаралиев жакынкы аралыкта кызматтан айдалары күтүлүүдө. Башбакан Жантөрө Сатыбалдиев акимдикке үч талапкерди сунушташы керек. Мындан улам, парламенттеги КСДП менен "Ата мекен" фракциясы бул орунду талашып жатышыптыр. Ошол эле маалда райондук кеңештин депутаттары оппозиция жээгинде жүргөн жаш саясатчыны акимдикке таптап жаткан чагы.

Үчилтиктин талабы
Борбордогу Правда-Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде генерал Өмүрбек Суваналиев, коомдук ишмер Бегалы Наргозуев жана укук коргоочу Чолпон Жакупова чоң офис ачып, "Президент менен КСДПнын Кыргызстандагы бийликти узурпациялап алышына каршылык көрсөтүү" кыймылын түзүп, ишти башташты. ШКУнун жыйындары өтүп бүтөрү менен "Парк отель" мейманканасында кыймылдын бетачарын өткөрүшөт экен. Бетачарда бир катар талаптар коюлат. Аларды тизмектесек мындай: "2010-жылы кабыл алынган Башмыйзам толук кандуу иштеп, Жогорку Кеңеш Кыргызстандагы жалгыз легитимдүү бийлик катары иштесин! Бийликти президентке узурпациялоого жардам бергени үчүн КСДП башкаруучу коалициядан чыгышы керек!" Аталган кыймылдын ою боюнча КСДП оппозицияда калганда гана 2010-жылдагы референдумдун аркасында кабыл алынган Конституция иштеп, чыныгы парламенттик система орнойт. Чукул арада мындай кадамга барбаса, Башмыйзам шал болуп, президенттик бийлик орноп тура берет. Айтканынан кайтпаган Суваналиевдин орчундуу талаптарына бийлик кулак саларын же адатынча кол шилтеп коерун мезгил өзү көрсөтөр…

"Жаңы Агым" - пресс








??.??