presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Шапак Баатыр
шанс берди
Караколдо эрежесиз эр уруштун вале-тудо түрүнөн 5-эл аралык турнир болуп өттү. Шапак Баатырдын Кубогу аттуу бул абройлуу турнирге 6 салмак категориясына катышуу үчүн 70 мушкер барышкан. Жыйынтыгында өз салмактарында төмөнкү спортчулар чемпион болушту:
60 кг - Чыңгыз Акимов (Чолпон-Ата)
65 кг - Канат Келдибеков (Нарын)
70 кг - Алтынбек Маматов (Ош)
75 кг - Руслан Эмилбек уулу ("Боец")
80 кг - Кайрат Орозакунов (Ысык-Көл)
90 кгдан өйдө - Медербек Барибай уулу (Ош). Эске сала кетсек, бул турнирде чемпион болгон азаматтар жакында Түштүк Корея менен болчу командалык беттеште Кыргызстандын атынан чыгууга мүмкүнчүлүк алышат.


Шахматчылар шаабайды суутпасын
Кыргызстанда спорт өнүкпөйт эле өнүкпөйт дейбиз. Шри-Ланкада окуучулар арасында өтүп жаткан шахмат боюнча Азия чемпионатына кыргызстандык оюнчулардын катышуусу уланууда. Учурдагы мелдештин жүрүшү боюнча кыргызстандык Артур Жакыпов 1-орунда келе жатат. Эркектерден кем каламбы деп кыздар арасында эң жакшы жыйынтыкты Мирлан кызы Азалия көрсөтүүдө. Ал 5 жеңишке жетишип, бирөөндө тең чыгып, бир партия оюнду уттуруп ийди. Жаш шахматчыларыбыз чемпионаттын аягына чейин бекем турушса экен.


"Дордойдун" доору бүттүбү?
Жыл сайын эгемендик күнүндө өлкө Кубогу үчүн болгон турнирдин финалы болот. Адатта "Дордой" чемпион болду деген жаңылык көнүмүш эле. Быйыл финал Ош шаарында өтүп, тоолук жигиттерден турган "Алай" футбол клубу негизги убакытты 1:1 эсебинде жыйынтыктап, 11 метрлик тебишүүдөн 4:2 эсебинде Салымбековдун командасын утуп салды. Өлкө чемпионатында да лидерлик орунду "алайлыктарга" алдырып ийишкен "дордойчулардын" доору бүттүбү деген суроо бардык футбол сүйүүчүлөрүндө пайда болуп атыр.


Мирландын да
минусу барбы?
Эгемендик алгандан бери футбол боюнча Кыргызстан курама командасы бул оюнду жакшы ойногон өлкөлөрдүн командалары менен беттеше элек болчу. Футбол федерациясынын аракети менен бүгүн 6-сентябрда кечки саат 22:00дө Кыргызстан курама командасы Борисов шаарынын стадионунда Белоруссия курама командасы менен достук беттешке чыгышат. Кыргызстан курама командасынын фанклубу кабарлагандай, бул беттеш үчүн Кыргызстандан эч ким күйөрман болуу үчүн барбайт экен. Андыктан Белоруссияда жүргөн Курманбек Бакиев эле намысы ойгонуп кетип барып калбаса, биздикилер колдоочулары жок ойношот. Маалыматтын өзөгү бул эмес, күтүлбөгөн жерден башбапкер Сергей Дворянков биздин чемпионаттын эң мыкты футболчулары Мирлан Мурзаев менен Вадим Харченкону курамдан чыгарып ийгенинде болду. Булар өлкө чемпионатында мыкты оюн көрсөтүп жатса да командага кошулбай калганы жаратына байланыштуу болсо керек деп болжолдосок, бир кезде ушул эле машыктыруучу Азамат Байматовду сен "жылдыз" болуп кеттиң деп курамдан четтетип салганын билебиз. Жогорудагы эки оюнчудан сырткары Максим Агапов, Марат Аджиниязов жана Ахлетдин Исраилов да чакыруу алышкан эмес. Ошентип учурдагы Кыргызстан курама командасынын түзүмү төмөнкүдөй болуп турат:
Дарбазачылар - Павел Матяш ("Дордой"), Руслан Амиров ("Абдыш-Ата")
Коргоочулар - Курсанбек Шератов, Даврон Аскаров, Адыл Бекболотов, Элайджа Арий (баары - "Дордой"), Валерий Кичин ("Химик", Россия), Тахир Авчиев ("Абдыш-Ата"), Артур Муладжанов ("Алга").
Жарым коргоочулар - Турсунали Рустамов, Каюмжан Шарипов ("Дордой"), Азиз Сыдыков, Жыргалбек уулу Кайрат ("Абдыш-Ата").
Чабуулчулар - Ильдар Амиров ("Абдыш-Ата"), Дэвид Тетте ("Дордой").
Башкы машыктыруучу - Сергей Дворянков (Россия).

"Сары кыргызды" сабап кетишти
Сары кыргыз деген аты бар Алексей Федосеев аттуу кикбокс боюнча дүйнө чемпионубуз бар. Ошол чемпион Лешаны 10 бала жакында сабап кетиптир. Жаагы сынып ооруканага түшкөн Федосеевдин окуясын уккан машыктыруучусу Александр Воинов аларды жазалатуунун артынан чуркап жүрөт. Сары кыргыз болсо "ал балдар мастык кылып коюшту, мен үчүн тагдыры сынып калбасын, жөн гана дары-дармектерди алып беришсе мен алардын үстүнөн арызданбайм" деп жигиттик кылыптыр. Эске сала кетсек, Федосеев бир нече күндөн кийин дүйнө биринчилигине катышуу үчүн Бразилияга учуп кетмек. Ушундай акмактардын айынан дагы бир спортчубуз карьерасына тыныгуу жарыялады.


Августтун азаматы ким?
Ай сайын спорт сүйүүчүлөрү интернеттен добуш берүү аркылуу өткөн айдын мыкты спортчусун аныктамайды салт кылып алышкан. Жыл этегинде 12 айдын мыктыларынын ортосунда жарыш болуп, жылдын мыкты спортчусу аныкталат. Жайдын акыркы айында төмөндөгү спортчуларыбыз өзгөчөлөнүп, күйөрмандардын добуш берүүсүнө мүмкүнчүлүк алышты:
№1. Валерий Кичин (футбол).
№2. Айсулуу Тыныбекова (эркин күрөш).
№3. Манас Стамалиев (оор атлетика)
№4. Алибек Чороев (дзюдо).
№5. Станислав Карнаухов (сууда сүзүү).
№6. грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасы
№7. Эрмек Сакенов (бокс). Бул спортчулар август ичинде ар кандай ийгиликтерди багынтышып, өлкө намысын коргошкон.
Эске сала кетсек, буга чейин төмөнкү спортчулар ай мыктылары болушкан: январь - Ольга Ханина (волейбол), февралда - Каныбек Жолчубеков (грек-рим күрөшү), март - Дэвид Тетте (футбол), апрель - Айбек Ибраимов (карате), май - Мирлан Мурзаев (футбол), июнь - Айсулуу Тыныбекова (эркин күрөш), июль - Азат Үсөналиев (бокс).


Сезон али бүтө элек
Ушул күндөрү Чолпон-Ата менен Бостериде XIII Эл аралык Ысык-Көл оюндары өтүп жатат. 12-сентябрга чейин созула турган бул абройлуу турнирге жылдагыдай чет өлкөдөн көп конок келе бербеди. Анткени май айындагы Жети-Өгүздөгү жол тосуу, кара тумоонун пайда болушу көпчүлүк өлкөлөрдү чочутту. Ошентсе да спорттун айрым түрлөрүнөн Казакстан, Россия, Азербайжан, Түркмөнстан жана Монголия командаларын көрө алдык. Быйылкы жылдын өзгөчөлүгү - улуттук спортту өнүктүрүү максатында эл аралык турнирге жамбы атуу жана кум үстүндө күрөшүү боюнча жарышты киргизгенинде болду. Бул иш-чараны өткөрүү үчүн бюджеттен 7 миллион сом каражат бөлүнгөн.










??.??