presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Баскынчыны калкалаган соттор же жеңилбес имам
Улут аралык чатактардын эң башкысы - социалдык акыйкаттын жоктугу, соттордун мыйзамды бурмалап, калыстыкка каршы чечим чыгарып жүргөндүгү. Ушундай окуянын күбөсү болуп келаткан журналист Жолдош ТУРДУБАЕВ бизге буларды айтып берди.
- Азыр Ысык-Ата райондук соту менен Чүй облустук сотунда бир эле талашка байланышкан үч бөлөк иш алмак-салмак жүрүп жатат. Үчөө тең жер басып алуучу Юнузовдун арызы боюнча. Баскынчынын дооматтары толугу менен жалган экендиги далай ирет документтер менен далилденгендигине карабастан, соттор менин инимди төрт жылдан бери убара кылып келет. Буга Жогорку Кеңеш депутаттары, Сотторду тандоо кеңеши, Сот тутумун көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңеш, Кыргызстан элдеринин ассамблеясы көңүл буруп, чара көрсө болор эле.
- Бул талаш эмнеден башталды эле?
- Мамасыдык Турдубаевдин 0,8 га жерин басып алып, бедесин айдап салгандыгы үчүн Ивановка айыл өкмөтүнүн аксакалдар соту 2009-жылы 2-апрелде Абдулла Юнузовго 27 миң сом айып салган болчу. Соттун чечимин аткаруунун же мыйзамда белгиленген 10 күндүк мөөнөттө жогорку инстанцияга даттануунун ордуна ошол жылы 26-майда Юнузов өзү басып алган жерди биротоло ээлеп калуу максатында Чүй облустук райондор аралык сотуна кайрылды. Атайын түзүлгөн комиссия Юнузовдун басып алган жерден тышкары 0,72 га ашыкча жери бар экендигин аныктагандан кийин, ачкөз баскынчы райондор аралык сотко берген доо арызын кайра алды. Бирок ошол жылы Юнузов басып алган жерди ээсине бербестен күзгө чейин пайдаланды. Баскынчыны Кыргызстандагы Дунгандар ассоциациясынын ошол кездеги төрагасы Х.Маянху жана башка расмий кызматтагы шылуундар колдоп турду.
- Бирок маянхулардын доору өттү го?
- Ооба, ал качып кеткен дешет. Бирок 2010-жылы 7-апрелде мурдагы бийлик кулатылгандан кийин да Юнузов баскынчылыгын токтотпой, Турдубаевдин жериндеги бедени оруп кетүүгө аракет кылды. Муну уккан кыргыз жаштары ачкөз имамды жазалайлы деп Мамасыдык Турдубаевге бир нече ирет келишти. Баскынчыны калкалаган соттор жөнүндө 2010-жылы январда жарыяланган "Кто заботится об авторитете судебной власти?" деген макалаңызды окуганбыз, эми күнөөлүүлөрдү жазалай турган ыңгай келди деп мага телефон чалгандар да болду. Бирок биз элдик революциядан кийин соттор адилеттүү чечим чыгарат деп аларды тосуп койдук. Анүстүнө кандуу чыр-чатактар тынчыбай жаткан шартта бир шүмшүктүн айынан бүтүндөй дунгандарга да каршы тополоң башталып кетпесин дедик.
Баскынчынын пайдасына райондук жана облустук соттор чыгарган чечимдерди Жогорку сот 2010-жылы 1-ноябрда туура эмес деп таап, ишти кайра кароо үчүн биринчи инстанцияга жиберди. Ивановка айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун 2009-жылдын 2-апрелиндеги токтомун июнь айына чейин көргөн эмесмин, сот болгонун да билген эмесмин деген имамдын калпы документтердин негизинде толугу менен ашкереленген соң, 2011-жылы 4-февралда Ысык-Ата райондук соту Юнузовдун даттануусун четке какты. Бирок райондук сот Жарандык кодекстин туура келбеген беренесине шилтеме жасаган деп 2011-жылы 6-декабрда облустук сот ишти кайра биринчи инстанцияга жиберди. 2012-жылы 30-мартта райондук сот даттануу мөөнөтүн өткөрүп жиберген Юнузовдун даттануусун четке кагып, экинчи аныктамасын чыгарды.
- Судьялардын арасында калыстары да бар турбайбы?
- Ооба. Бирок бул арада Юнузов жана анын адвокаты дагы эки даттануу жаза коюп, далай убарачылык жаратты. Бир арызында аксакалдар сотунун токтомун аткаруу жөнүндө райондук сот чыгарган 2011-жылдын 22-апрелиндеги аныктаманы (судья Б.Кашкарбаев) ушундай аныктама мурда эле чыгарылган деген шылтоо менен жокко чыгаруу талабы коюлган. Чындыгында 2009-жылы 21-августта Чүй облустук соту (судья Айтбаева) Ысык-Ата райондук сотунун жабыр тарткан тараптын пайдасына чечкен аныктамасын жокко чыгарган эле. Айтмакчы, райсоттун судьясы Б.Кашкарбаев 2009-жылы Юнузовдун пайдасына чечим чыгарып туура эмес кылган экенмин, эми ишти калыс чечип берейин деп бир нече ирет чакырып убара кылганда пара тилеген окшойт. Бизден эч нерсе өндүрө албаган соң сот ошол аныктаманы колубузга бербей койгон. Экинчиси, Юнузовдун "Жер үлүшүн пайдаланууга тоскоолдуктарды жоюп, пайдалануучулардын чектерин аныктоо жөнүндө" райондук сотко даттануусу. Дал ушул талаптар менен 2009-жылы Чүй облустук райондор аралык сотко кайрылып, талашкан жерден тышкары ашыкча жери бар экендиги экинчи ирет аныкталган соң арызын кайра алган эле. (Биринчисинде ашыкча жерди аксакалдар сотунун демилгеси менен түзүлгөн комиссия аныктаган).
Ысык-Ата райондук мамкаттоо кызматынын адистери жана Ивановка айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу адиси Юнузовдун талабы боюнча былтыр күзүндө анын жерин үчүнчү ирет өлчөштү. Бул ирет да Юнузовдун талашкан жерден тышкары ашыкча жери бар экендиги белгиленди. Мамкаттоонун бул тууралуу 2011-жылдын 14-ноябрында берген расмий жообу Юнузовдун сотко жолдогон "Жер үлүшүн пайдаланууга тоскоолдуктарды жоюп, пайдалануучулардын чектерин аныктоо жөнүндө" даттануусуна тиркелген. Ошого карабастан, райондук сот (судья Бекназаров) Юнузовдун даттануусун кабыл алып, Турдубаевди улам чакырып убара кыла берди. "Тоскоолдук" дегени - Турдубаевдин өзүнүн мыйзамдуу менчик жерин бас-кынчыга бербей койгону.
Акыры райондук сот ачкөз имамдын эч кандай жүйөсү жок талаптарын четке кагууга аргасыз болду эле, быйыл 24-июнда облустук сотко даттанышты. Булар деле документтерди карап көргөндөн кийин райондук соттун соңку чечимин күчүндө калтырды. Эми Жогорку сотко даттанышса, бир эле талашка байланышкан үч доого биротоло чекит коюу мүмкүн болот деп үмүттөнсөк, 29-августта бас-кынчынын ошол эле доо арызы боюнча биринчи инстанциядагы (!) сот кайрадан чакырып, биз барганда тигинин адвокаты бош эмес экен деп ишти кароону 25-сентябрга калтырышты. Юнузовдун дал ушул даттануусун караганга чейин деп ошол эле Юнузовдун биринчи (райондук соттун 2012-жылдын 30-мартындагы чечимине каршы) даттануусун кароону облустук сот кийинкиге калтырган эле.
- Баары эчак эле такталып бүткөн окшойт го?
- Бирок эми райондук сот жерди төртүнчү ирет өлчөө керек деши мүмкүн. Төрт эмес төрт миң ирет өлчөсө да жер желимдей чоюлбайт же жыйрылбайт. Юнузовдун жалаң жалган шылтоолорго негизделген даттанууларын соттор кабыл алуудан, бизди убара кылуудан тажабай келет. 2009-жылдын жазынан бери сотторго дээрлик жүз ирет чакырышты. Ошончо күн жумуштан калып Бишкек-Кант-Ивановка ортосунда каттоого аргасыз болдук. Баскынчынын ашыкча жерди мыйзамсыз (менчик укугусуз, салыгын төлөбөй) пайдаланып келгендиги үчүн айып салуунун ордуна биздин соттор жер ээсин доого жыгып берүүгө аракеттенип жатат.
- Эмне үчүн?
- Анткени ортодо Юнузовдой ачкөздөрдү алдап сааган Зухра Вудунян деген адвокат "саанчы" бар. Соттор анын оркойгон грамматикалык каталарына эле эмес, тексттеринде карандай логиканын жоктугуна да көңүл бурбайт. Иш чачтан көп, караганга үлгүрбөйбүз деп даттанган судьялардын көбү эмне менен алектенип жүргөнүн карагылачы! Мындайлар качан кызматынан айдалат? Же сот бийлиги дагы бир Маевка башталып, Искра тутанышын каалап турабы?

Маектешкен
Зайырбек АЖЫМАТОВ





Өз жанын кыйган окуучулар неге көбөйдү?
Жылдан жылга жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук күч алып бараткандай. Жашы жете электердин кылмышка тартылуусунун негизги себеби жашоо айынан чет жактарга агылган ата-энелер. Ата-эненин көзөмөлүсүз жүргөн бала каалаганын кылганга өтөт. Ал гана эмес өз өмүрүнө кол салгандар көбөйдү.

Өткөн жылы Кадамжай районунда 9 өспүрүм өз өмүрүнө кол салган. Алардын ичинен үч окуучу Айдаркен шаарындагы №20 Маканов орто мектебинен билим алышкан. Өз өмүрүнө кол салгандардын басымдуу бөлүгүнүн ата-энелери чет жактарда мигрант болуп жүрөт. ЖЖӨИнын (ИДМ) инспекторлорунун айтымында, өз өмүрүнө кол салган өспүрүмдөрдүн көбү кыздар. Мода, сүйүү, жетишпестик сыяктуу шылтоо менен жандарын кыйышат.
"Кадамжай районунун аймагында 2012-жылы 9, ушул жылдын 8 ай аралыгында 2 өспүрүм өз жандарын кыйды. Биз ар бир мектепке барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Райондо 68 миң 453 өспүрүм бар. 8 ай ичинде 4 окуучуга уурулук, 2 окуучуга тоноочулук, 1 окуучуга бейбаштык боюнча кылмыш иши козголгон. Жакында "Подросток" аталышындагы операция өткөрдүк. Анда соода-сатыкка тартылган балдарды кармадык. Алардын көбү спирт ичимдиктерди сатышат. Кармалган 44 өспүрүмгө эскертүүлөр берилди" дейт райондук ЖЖӨИнын башчысы Замирбек Камалов.
Чындыгында акчага азгырылган өспүрүмдөр спирт ичимдиктерин сатып жатышса, эртең ал ичкиликсиз жашоо кечирет деп эч ким кепилдик бере албайт. Мектеп рекетчилиги, суицид сыяктуу аянычтуу окуялардын арбып баратышы балким мыйзамдын иштебегендигинде болуп жүрбөсүн. Ушул жылдын 24-январь күнү Кадамжай шаарындагы №17 мектепке бычак көтөрүп кирип окуучуларга жулкунган эргулдун соттон акталышы, ошол окуядан 3 күндөн кийин окуучу кыздын сырдуу өлүмү сен мага тийбе, мен сага тийбейм дегендей жабык бойдон калды.
Бир гана акча деген идеология жүрүп жаткан заманда, келечек ээлерине туура багыт берүү ар бирибиздин милдетибиз.
Азамат АБСАТТАРОВ, Баткен облусу











??.??