presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
"Кыргыз жери кооз,
бирок сервистик кызмат начар"
29-30- август күндөрү Талас жана Чаткал жергесине пресс-тур уюштурулду. Ага ылайык Таластын символикаларынын бири болгон "Манас Ордо" улуттук комлекси, Талас облусу, Чаткал жергеси жана башка көз жоосун алган кооз жаратылыш аймактары менен кеңири тааныштырылды.


Түндүк-Түштүктү бириктирген көпүрө курулду
Медет ТУРГУНОВ, Чаткал тургуну:
- Сел, көчкү жүргөндө көпүрө талкаланып, элдер суу кечип өтүшчү. Көпүрөнүн салынышы жергиликтүү тургундарга аябай жакшы шарт түздү десем жаңылышпайм. Мурда Бишкекке Жалал-Абад, Ала-Бука аркылуу узак жүрүп араң жетчүбүз. Эми минтип бир канча чакырымга жол кыскарды.


Элечек апа
"Манас Ордо" улуттук комплексинин кире беришинде тигилген бозүйлөрдүн биринде кийизден, долонодон, жаныбарлардын терисинен буюм-тайымдарды жасап, жыйырма бир жылдан бери иштеп келаткан Тинатин апа орус тилдүү журналисттерге "айланайын кызым" деп кайрылып жатты. Эң кызыгы, апа бул жерде иштегенден баштап элечегин чечпегендиктен, "элечек апа" деген атка конуптур. Бул тууралуу: "элечек Умай энеден калган баш кийим. Менин апам да көзү өткөнчө элечек кийген. Элечек кийип жүргөнүмө 25 жылдай болду. Себеби элечек кийген аялдын бели кайкалап, далысы түз болот, омурткалары кыйшайбайт, бүкүрөйбөй башын көтөрүп түз басат" дейт Тинатин апа.


Талас таңшыйт
Келген конокторго ырдап жаткан баланын үнү кулагыма угулду. Болгондо да уккулуктуу, мазмуну терең, жашоо-насаат ырларын созгондо туристтердин да, жергиликтүү элдин да оозу ачылды.

Эрмек ДҮЙШӨНАЛИЕВ, Жаңы-жер айылынын тургуну:
"Музыкалык беш аспапты нотасыз үйрөндүм"
- Бишкекке барып музыкалык мектепке окусам, белгилүү ырчы болсом дейм. Жетинчи класста окуйм. 5-класстан бери аккордеон, комуз, гитара, баян, пианинодо ойнойм. Ата-энем Таласта белгилүү ырчылар болгондуктан, жаш кезимден эле ырчылык өнөргө кызыга баштадым. Музыкалык аспаптарды нотасы жок эле үйрөндүм.


Таластын эң ири Киров суу сактагычында суунун деңгээли 50 метрге түшкөн
Таластын тургуну Медет Жамгырчиевдин айтымында, Киров суу сактагычындагы суу өзбек тарапка өткөндөн кийин 3-5 метрге эле азайып кетчү экен. Быйыл болсо өзгөчө кырдаал түзүлүп, суу 50 метрге чейин ылдый түшүп кеткен. "Бул мамлекеттин чектебей, эч нерсени эсепке албай, сууну өзбектерге сатып жаткандыгынын бирден бир мисалы" дейт Медет мырза.


"Кыргызстан согуш бүткөндөн кийинки аймакка окшош"
Мындай сөздү Таластын тургундарынан угууга болот. Себеби өлкөбүздүн башка аймактарындагыдай эле Талас, Чаткал айылдарында да абышка-кемпирлер менен жаш балдардан башка эч ким калган эмес. Жумушка жарамдуунун баары чет өлкөдө.


Артур ЗОТОВ, гид:
"Кыргызстанда керек болсо түнөөчү жерлер жокко эсе"
- Чынын айтканда бизде туристтер көрчү кооз жерлер көп. Анүстүнө Кыргызстан Кытай менен чектеш, Жибек Жолунун бир бөлүгү болуп саналат. Борбор Азиянын жүрөгү. Ошондуктан да Жибек Жолун басып өтүүнү кыялдангандар, көрүүгө ашыккандар четтен чыгат. Тилекке каршы, туристтердин арасында бир келгенден кийин кайра келүүнү каалабай калгандары да бар. Жөнөкөй эле мисал, мен кыркка жакын кытайга гид болуп жүрүп, Токтогулдагы Чычкан капчыгайына туш болуп калдым. Эми ал жердин шартын айтпай эле коеюн, жата турган жери аябай суук, шамал өтүп турат. Ысык тамак таппайсын. Биз тезинен сервисттик кызмат көрсөтүүнү жандандыруубуз керек.



Маалымат иретинде
Нарын, Ыссык-Көл, Чүй облустары экономикабыздын өнүгүүсүнө "жардам берчү" булактар. Туристтердин 90%дан ашыгы аталган облустарга келишет. Чет өлкөлүктөрдүн арасында Кыргызстандын кооз аймактарын, куш байырлабаган өрөөндөрүн көргүсү келгендер толтура. Буга себеп жолдордун начардыгы, көчкү, сел жүргөндө көпүрө, жолдордун жок болуп кетүүсү. Анан да сервистик кызмат көрсөтүүнүн начарлыгы.


Руфат ЭРГЕШОВ, Бишкек-Талас-Чаткал-Бишкек, сүрөттөр автордуку










??.??