Агым

п»ї

Кытай Орто Азия менен ойногусу келбейт

Быйыл Кытайдын өлкө башчысы болгон Си Цзиньпин 15-сентябрга чейин Түркмөнстан, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстанда болот. Күтүүсүздөн болгон Кытай президентинин мындай иш сапары көпчүлүктү таңдандырбай койбойт. Себеби буга чейинки Кытай башчылары бул өлкөлөрдү минтип кыдырган эмес. Мунун өзү эле Кытайдын Борбор Азия өлкөлөрү менен жакшы ымалада болгусу келерин көргөзүп турат. Белгилей кетсек, 2014-жылы АКШ аскерлери Ооганстандан чыгарылат. Ошол себептен Си Цзиньпин Борбор Азиядагы коңшулар менен жакшы алака түзүп, Кытайдын батыш чек араларындагы коопсуздукту бекемдөөнү көздөп жатканы айтпасак да түшүнүктүү. Чек арадан сырткары Пекинди Борбор Азиядагы уйгурлар менен Кытайдагы уйгурлар ортосундагы байланыштар, уйгур экстремисттик топтору, баңгизат ташуу өтө чочулатат. Бул жагынан караганда, "улуу ажыдаар" өлкөсүнүн лидери көрөгөчтүк кылып, туура кадам жасап жаткандай.





 

Пикир:








??.??