presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Итке түшкөн ишеним
Теңирчиликти дин катары каттоого эмнеге болбойт?
17-августта Бишкектин райондор аралык соту теңирчиликти дин катары каттоо сунушун берген "Манас Ордо" коомунун арызын карамак. Бирок аталган коомдун өкүлдөрү ишти карай турган судья Бермет Карагуловага ишеним көрсөтпөгөндүктөн сот отуруму белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Эске салсак, теңирчилер теңирчиликти дин катары каттоо сунушун Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга ушул жылдын башында берген. Мамкомиссия теңирчиликти дин катары каттоо өлкөнүн коопсуздугу үчүн опурталдуу деген жүйө менен андан баш тарткан. Алдыда теңирчилик дин боло алабы, дин катары каттоонун зарылдыгы канчалык деген суроолорго жооп издейбиз.

Сотко ишеним көрсөтпөөгө эмне себеп?
Өзүн баш теңирчи санаган "Манас Ордо" коомунун төрагасы Анарбек Усупбаев Бишкектин райондор аралык сотунун судьясы Бермет Карагуловага ишеним көрсөтпөө себебин анын теңирчиликтен кабары жоктугу менен түшүндүрдү. Анын айтымында, судья өзүнүн момун мусулман экендигин, теңирчиликке караманча каршы экендигин ачык эле айткан. Теңирчиликти түшүнбөгөн, ага каршы адам калыс чечим чыгармак беле дейт Усупбаев.
Анарбек мырза теңирчиликти толук кандуу дин катары каттоо зарыл деген пикирде. Анын айтымында, теңирчиликти дин катары каттоону колдогондордун арасында интеллигенциядан да жоон топ өкүлдөр бар экен. Алардын аттуу-баштуулары катары Арсланбек Малиевди жана Илгиз Айтматовду мисал келтирди. Сунушту демилгелеп жаткан "Манас Ордо" коомунун миңден ашык мүчөсү бар экен. Коом төрагасынын айтымында, теңирчиликти дин катары каттоону колдогондордун арасында орус жана башка улуттагылар да бар. Ошол эле учурда бул сунушка кошулбагандар да аз эмес экен.Теңирчиликти дин катары каттоо сунушу эмнеден улам чыкканын Усупбаев "биз ар түрдүү дүйнөлүк жыйындарга катышып келебиз. Анан бизди башка диндегилер басынтышат. Айрыкча мусулмандар теңирчилик дин эмес деп кемсинтип келишет. Ошон үчүн каттоодон өткөрүшүбүз керек. Теңирчилик кыргыздын байыртан келаткан улуттук дини. Кыргыздын байыркы динин ордуна коюшубуз керек. Бул деген чоң идеология" деп жооп узатты.

Теңирчиликтен эмнеге коркушат?
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын юристи Жаныбек Ботоев теңирчиликти дин катары каттоо коомчулуктун коопсуздугу үчүн опурталдуу жана дин катары каттоого эч кандай негиз жок экенин айтат. "Булардын документтеринин баары мыйзамга туура келбейт. Шаардык кеңештен макулдук алышкан эмес. Конституциянын 20-беренесинде коомго, диний аралык араздашууга жол берилбейт деп даана жазылып турат. Биз коомчулук үчүн опурталдуу нерселерге жол бербешибиз керек. Теңирчилик дин катары каттала турган болсо, коом арасында бөлүнүп-жарылууга жол ачылып кетиши толук ыктымал" деген оюн ортого салды.
Дин иштери боюнча мамкомиссия теңирчиликти иликтеген атайын эксперттик топтун бүтүмүнөн кийин гана каттоодон баш тарткан. Теңирчиликти эксперт катары Кыргыз-Түрк "Манас" жана Кыргыз-Орус "Славян" университеттеринин диний окутуучулары карап чыгышкан. Эксперттик топтун мүчөсү Кадыр Маликов дин тутуу эркиндиги өлкөнүн коопсуздугунан жогору турбаш керек деп эсептейт. Диний аалым "биз теңирчилердин сунушуна эксперттик баа бердик. Менин жеке позициям боюнча, теңирчиликти жактагандар мойнуна биртоп милдеттенмелерди алганда гана каттоодон өткөрүүгө болот. Алар башка диндегилерди мазактабайбыз, алардын ишенимин сыйлайбыз деп милдеттенме алышы керек. Болбосо буга чейин теңирчиликти жактагандар мусулмандардын ар-намысына шек келтирип, шылдыңдап келишкен. Алар Мухаммед пайгамбарга да акаарат келтиришип, исламды мазакташкан" деген оюн ортого салды.

Теңирчилик деген эмне?
Гумилевдун "Байыркы түрктөр" китебинде теңирчилик байыркы монголдор менен түрктөрдүн комплекстүү диний ишеними деп жазылат. Ушул эле эмгекте теңирчилердин Көкө Теңирге же асманга сыйынары камтылган.
"Дил мүрөгү" адеп-ахлак борборунун башчысы Өзбек ажы Чотонов теңирчиликти жактагандар Батыш өлкөлөрүнөн каржылык колдоо алып, атайын эле элди бузуп жатат деген ойду карманат. Чотонов же пайгамбары, же ыйык китеби жок болсо кандай дин болот деп, теңирчиликти түшүнүксүз нерсеге салыштырды: "Теңирчилик дин эмес да. Бул түшүнүксүз нерсе. Алар өздөрү деле эмне экенин жакшы билишпейт. Элдин башын калп эле айлантып жатышат. Теңирчилер Батыш өлкөлөрүнөн каржылык колдоо алышат. Алардын максаты - эл бузуу. Теңирчиликке берилгендик - караңгылык болуп саналат."
Теңирчиликти жактагандардын көч башында келаткан Дастан Сарыгулов теңирчилик дин катары катталса эч кандай бөлүнүп-жарылуу болбойт деген ишенимде. Сарыгулов азыркы убакта теңирчиликти ар ким ар кандай түшүнүп калды дейт. Теңирчиликти дин катары каттоону демилгелегендердин арасында жоктугун кыйыткан Сарыгулов: "Теңирчилик - эң байыркы дүйнө тааным. Ал убакта дин пайда боло элек болчу. Теңирчилик биздин ата-бабаларыбызга мүнөздүү ишеним. Дүйнөтаанымдын өзөгүн табият менен эриш-аркак жашоо образы түзөт. Биздин бабаларыбыз табиятка кымындай да зыян келтиришкен эмес" деп байыркы ишенимдин тарыхына токтолду. Теңирчилик дин катары катталып калса ислам дининдегилер менен карама-каршылыктар жаралбайбы деген суроого Дастан мырза исламдын өзүнүн ичиндеги эле бөлүнүп-жарылуу жетиштүү болот деп жооп узатты.
Ал эми дин таануучу Бакыт Мурзараимов теңирчиликти кыргыздын улуттук дини деп таңуулагандарга кошулбайт. Ал теңирчилик түшүнүгү түрк тилдүү элдердин баарына таандык экенине басым жасады. Мурзараимов: "Ислам келгенге чейин Теңир түшүнүгү бир эле кыргыздарда эмес, түрк тилдүү элдердин баарында эле болгон. Ошол ишенимдеги Теңир деген түшүнүктөн улам теңирчилик болуп калган. Менимче, Дин иштери боюнча мамкомиссиянын аны каттоодон өткөрбөгөнү эле туура" деди.
Убагында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияны башкарган депутат Каныбек Осмоналиев теңирчиликке өтө аяр мамиле кылыш керектигин айтат. "Теңирчиликти дин катары каттоо сунушунун келип чыгышын окумуштуулар, теологдор жакшылап изилдеп чыгышы керек. Мындай далалатка эмне себеп? Теңирчилик бир дагы өлкөдө дин катары кабыл алынган эмес. Диндин да өзүнчө иерархиясы, илимий аныктамасы болот" деди Осмоналиев.

Теңирчилер менен мусулмандар-дын тиреши
Теңирчиликти жактагандар менен мусулмандардын ортосундагы кармаш Кыргызстанда буга чейин да байма-бай болуп келген. Исламчылар Манасты намаз окуган момун мусулман болгон десе, теңирчилер Манастын теңирчи болгонуна ишенишет. Мусулмандар менен теңирчиликти жактагандардын ортосундагы кырдыбычак мамиле куралсыз көзгө деле даана көрүнөт. Буга мисал катары Дин иштери боюнча мамкомиссиянын юристи Жаныбек Ботоев менен баш теңирчи Анарбек Усупбаевдин сот отурумундагы кайым айтышуусун айтсак болгудай. Усупбаев мусулмандардын кыргыздын улуттук өзгөчөлүктөрүн унутуп, арабдашып баратканына жинденсе, Ботоев теңирчилерди шамандарга теңеген. Адистердин айтымында, акыркы убакта кыргыз коомунда радикал исламизмге баш ургандардын саны өсүп барат. Алар мунун далили катары Бангладеш сыяктуу өлкөлөргө диний окууга аттанып жаткан жаш балдардын, Сириядагы согушка бет алган жигиттердин, хиджаб кийген кыздардын жана селде оронгон молдолордун санынын көбөйүп жатканын белгилешет. Кыргызстандагы мечиттердин саны мектептен ашып баратканы да коомдун канчалык деңгээлде исламдашып баратканынан кабар берсе керек.
Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстан элинин 80 пайыздан ашыгын мусулмандар түзөт. Анткен менен коомчулукта, айрыкча интернет айдыңында, социалдык тармактарда динге берилгендер менен аларга каршылардын ортосунда кызыл чеке талаштар күн сайын орун алып келет. Айрым диндарлар жадагалса өз аты-жөнүн арабча жазып алып, намаз окубагандарды жектеп келсе, динден оолактар динди таңуулагандардын өздөрү сабатсыз экендиктерин жүйө кармап келишет. Ансыз да түндүк-түштүк, диндар-динсиз болуп бөлүнүп жаткан кыргыз эли эми мусулман-теңирчи деп бөлүнүп баштабаса эле болгону...

Нурсултан ТОКТОСУНОВ








??.??