presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Байлыгыңа байпагым
Декларациядагы "кедейлер"
өлкөдөгү олигархтар

(Уландысы. Башы өткөн санда)


Мамлекеттик кадр кызматынын (МКК) маалыматына таянсак, ЖоКедеги 24 депутаттын үйү, машинеси жок "кембагал" экен. Алардын айрымдары чындыгында айлыктан айлыкка жашап жүргөнүн билебиз. Бирок "ишкерликтин ичегисине кан куюп", азыр да жакындарынын бизнесин калкалап жүргөн депутаттардын "итке минип калганы" аргасыздан алакан жайдырып, кичине кудайды карашса боло дегенден бөлөктү айта албай калат экенсиң.



Саясый айдыңга жаңыдан башбакканына карабастан, дасыккан саясатчылардай каратып туруп кулакка кесме илгенди мыкты өздөштүргөн жаш депутаттар бар. Алардын көч башында КСДП фракциясынын мүчөсү Акылбек Султанов турат десек жаңылышпайбыз. Бу жигит 2011-жылы эле 1 млн. 800 миң сомдук жер тилкеси, 25 млн. 600 миң сомдук мүлкү бардыгын декларациясында ачык көрсөткөн болчу. Атүгүл ири компаниялардын бирин негиздеп, учурда дагы ошол компанияда 17 млн. 200 миң сомдук акцияга ээлик кыларын жакшы билебиз. Бир жылдан кийин эле кыймылдуу да, кыймылсыз да мүлкү жоктугуна, үй-жайсыз көчөдө калганына ким ишенет?
Эл өкүлүн жакындан тааныгандардын билдиришинче, А.Султанов Кытайга темир-тезек ташып байыган. Азыр деле темир-тезектерди ташыйт экен. Акылбек Шакировичтин Тажикстан, Өзбекстан, Кытайга оор жүк ташуучу машинелерди "калкалап", чочко фермаларын гүлдөтүп жатканын Кара-Суу районунун Ак-Жар айылындагы жердештери жокко чыгарбас. Чочко фермаларын, оор жүк ташыган машинелерин, компаниядагы акцияларын жашырса жашырсын, жок дегенде борбор калаадагы өзү жашаган особнягын декларациясына кошуп койгондо кичине болсо да абийирдүү экенин көрсөтмөк.

Беш жыл министр болгон Сулаймановдун үйү жок дегенге ким ишенет?
Башпрокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин (КЖК) 304-беренесинин 4-бөлүгүнүн ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") негизинде кылмыш иши козголгон соң жүрөгү ооруганын шылтоолоп Германияга сызып, учурда Россиянын борбору Москвада бөгүп жаткан "ата журтчу" Нурлан Сулайманов эң "кембагал" депутаттардын бири. Албетте, анын толтурган декларациясынан улам ушинтип тергеп жатабыз. Ал эми көзөмөлдөөчү органдын транспорт министри кезинде өлкө казынасына 249 млн. 675 миң сомдук зыян келтирген деген айыптоосун эске алсак, Сулаймановдун олигархтардын алдыңкы сабында турарын божомолдош иттен оңой.
2012-жылы мамлекеттен алган 781 миң 729 сомдук эмгек акысынан бөлөк мыдыры жоктугун билдирген Нурлан Чолпонбаевич Бишкек-Ош жолун курууга баштан аяк катышканы жамы журтка дайын. Ошондо жеке өзү 100 млн. долларлык кирешеге туйтунганын анын жакындары таңдайын такылдата айтып жүрүшөт. А Бакиевдин заманында беш жыл бою транспорт министрлигин калчап, түрк ишкеринин фирмасын техникалары менен кошо тартып алып, жакын тууганына каттатып койгону узак кеп. Баарынан дагы уул-кыздары иштетип жаткан борбордогу эки чоң ресторанын, Европадан өндүрүлгөн кийим-кечектерди сатуучу дүкөнү, курулуш иштерин долбоорлоочу фирмасын декларациясына жазбаганы таңкалычтуу. Башпрокуратуранын жана биздин суроолорубузга, балким Москвадан кайтканда жооп узатар…

Алымбековдордун кенжетайы "кедей" экен
Соц-демчи Замирбек Алымбековго боорубуз ооруп туру. 2011-жылкы декларациясында көрсөткөн үйүн сатып жибергенби, айтор, күнү бүгүн жашаганга жайы, мингенге машинеси жок мамлекеттин көзүн карап, "кор" болуп жүрүптүр. Тамаша-чыны аралаш жазып жатсак бу Алымбеков чындап эле "кембагалбы" деп ойлобогула, эл өкүлү бөлөк кесиптештериндей байлыгын жашырганды мыкты өздөштүргөн. Өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн бизнес чөйрөсүнө арнаган. Маселен, 1997-1999-жылдары "Бакай" акционердик коомунун Жалал-Абад облусундагы жетекчиси, 1999-2000-жылдары "АйылБулак" ААКсынын, "Кыргызтамекиси" бөлүмүнүн төрага орунбасарлыгын, андан кийинки беш жылдыкта аталган мекемени жетектеген. 2005-жылдан тартып "ЖБИ-20" жабык акционердик коомунун аткаруучу директорлугун аркалаган адамдын кепедей болгон үй, калдыркан-шалдырканы чыккан унаа сатып алганга шаасы жетпеди дегенге акыл-эси жайында адам ишенбейт. Каратып туруп коомчулукту алдаган Замирбек Маданбековичке эмне дээрибизди билбей башыбыз катып жатат.

Офицер экен десек…
Парламенттеги "кембагал" депутаттардын катарын калыңдаткан "ар-намысчы" Нурлан Төрөбеков Ооган согушуна катышканы маалым. Ал ар бир маегинде убагында бизнес кылганын, оокат-ашы жетиштүү экенин айткандан тажачу эмес. Ал эми 2012-жылкы декларациясына кашайып "унутуп" калганбы же элди алдаса боло берет дегениби, башкасын мындай кой, жашап жаткан элиталык батирин, "Lexus GX470" үлгүсүндөгү кара темир тулпарын "меники эмес" деп кашайып танып жатпайбы! Андай болсо Төрөбековдун жеке менчигиндеги Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңеши жайгашкан көп кабаттуу имарат кимдики? Борбор калаадагы тамак-аш сатуучу соода комплекстери дагы кимдики? Нурлан мырза, же булар туура эмеспи?

ВИП городоктогу үч кабаттуу хансарай
Убагында Ош, Талас облустарында жана Бишкек шаарында прокурорлукту аркалап жүрүп 2010-жылкы парламенттик шайлоодо "Ар-намыс" партиясына кокусунан кошула калып жылдызы жанган Анарбек Калматовдун расмий бизнеси жок. Бирок анын жеке менчик үйгө ээ боло албай, машинем жок мамлекеттин унаасын минип жүрөм деп "ыйлактаганына" кошулбайбыз. Нургүл аттуу жеңекебиз менен Асанбай кичирайонуна жакын жердеги ВИП городоктогу үч кабаттуу хансарайда күн кечирип жатканын кантип танат? Же аны ижарага алганбы? Антейин десең, 30 миң сомдук айлыгынан бөлөк расмий киреше булагы жок адамдын үч кабаттуу особнякты ижарага алганга шаасы жетпеси калетсиз. Экинчиден, Жал кичирайонундагы заңкайган хансарайлардын бири дагы Анарбек мырзага караштуу. Мындан сырткары, эки "жипти" алмак-салмак тээп жүргөнүн дайыма көчөдөн көрөбүз.




Рита КАРАСАТОВА, Коомдук анализ институту бирикмесинин жетекчиси:
"Жеке кирешесин жашырган-дарды ачык талкуулоо керек"
- Мамлекеттик кадр кызматы 24 депутаттын үстүндө үйү, астында машинеси жоктугун кабарлады. Бул депутаттардын элди каратып туруп алдаганын тастыктайт эмеспи. Дегеле мындай декларация толтуруунун зарылчылыгы барбы?
- Мындай көрүнүш болушу мүмкүн. Анткени менин деле жашаган үйүм күйөөмө катталган. Эң өкүнүчтүүсү, бул маалыматтардын баары кагаз түрүндө чогулуп, кандайдыр бир керекке жарабай калышы мүмкүн. Бул декларациянын эмне кереги бар деген суроого жооп издесек, ал биринчиден, бийликке болгон ишенимди арттырат. Экинчиден, ошол кирешелерге салык салындыбы же жокпу деген суроого жооп бериш керек. Тилеке каршы, бул эки максат тең каалаганына жетпейт. Себеби силер айткандай, бийликке ишеним жок болгондуктан, эл берилген маалыматтан күмөн санайт. Ошондой эле түшкөн кирешеден салык алынды беле деген суроого жооп алууга декларация тапшырганда гана мүмкүнчүлүк жаралат.
- Мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар байлыгын ачык көрсөтүшү үчүн мыйзам чегинде кандай чара колдонуш керек?
- Мыйзамда жазылган чараны эле колдонуш керек. Анан аты чыккан адамга ошол атты булгоо эң чоң суроону пайда кылат деп ойлойм. Ошондуктан жеке кирешесин жашырган мамлекеттик кызматкерлердин тизмесин ачык илип, ошону талкуулап, алардын ысымын атоо зарыл.




Текебаев байлык, мүлкү боюнча жооп берди

Макаланын биринчи бөлүгүндө "ата мекенчи" Өмүрбек Текебаевдин жана анын жакын туугандарынын үй-мүлкүн тизмектегенбиз. Өмүрбек Чиркешович өзү байланышка чыгып, декларациясы тууралуу кенен айтып берди.
- 20 жылдан бери саясатта жүрүп, адал эмгегим менен үй-бүлөмдү багып келе жатам. Менин элден жашыра турган эч нерсем жок, бардыгы тең мыйзамдуу. Маселен, былтыр 989 миң 324 сом киреше тапканымды, үй-бүлөмө таандык мүлктөрдү декларациямда ачык көрсөткөм. Учурда үй-бүлөм менен үч бөлмөлүү квартирада жашайм. Квартира жубайыма катталган. Мунун себебин түшүндүрүп берейин. Акаев, Бакиевдин тушунда позициямдан тайбай, оппозиция лидерлеринин бири катары бийликтин кемчиликтерин ачык сындап жүргөм. Саясатта ар кандай окуялар болушу ыктымал. Мага карата ар кандай чабуулдар жасалышы мүмкүн эле. Ушундан улам кеңешип, үч бөлмөлүү квартираны жубайыма каттатканбыз. Мындан сырткары, үй-бүлөлүк чакан бизнесибизди жубайым көзөмөлдөйт. Мунун бардыгы декларацияда ачык жазылган.
- Исанов-Фрунзе көчөсүнүн кесилишиндеги имараттар кимге таандык? Себеби бул имарат сизге караштуу деген кеп айтылып жүрөт…
- Сиз айтып жаткан жерде 7 сотых участогубуз бар эле. Ошол жерге тааныштардан карыздап жана жеке өзүбүздүн аракетибиздин аркасында 7-8 жылдын аралыгында үч чакан имарат курдук. Алардын биринде "Ата мекен" партиясынын штабы жайгашкан. Ал эми имараттардын ижара акысынан жылына 3 млн. 751 миң 60 сом киреше түшөрүн декларациямдан табасыздар. Демек, Текебаев өзүнүн, туугандарынын мүлкүн жаап-жашырат деген дооматтар негизсиз.
- Эмне үчүн үч чакан имарат салдыңар? Чоң эле имарат курсаңар болбойт беле?
- Болмок. Бирок биздин ага мүмкүнчүлүгүбүз жеткен эмес.










??.??