presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Бириң кайың, бириң тал…
Азыркысы атышуудан башталса кийинкиси эмне менен бүтөөр экен?
18-августта Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоо жүрүп жаткан маалда Кыргызстан социал-демократиялык жана "Өнүгүү" партияларынын өкүлдөрү өз ара чатакташып, акырында ортодо ок атылып, үч адам жапа чекти.

Кара-Суу шаарындагы Нурахунов көчөсүндө жайгашкан №5266 шайлоо чөлкөмүндөгү чатак мыйзамды одоно бузуудан улам тутанган.
- Шайлоо адеп башталганда эле КСДПнын лөкүйгөн спортсмен жигиттери саясый өнөктүктү өздөрү каалаган нукка буруп кетишти. Алар шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн, байкоочуларды жана милиция кызматкерлерин таптакыр көздөрүнө илишкен жок. Атүгүл эл көзүнчө билген намазын окуп жатышканда, буга чыдабаган "Өнүгүү" партиясынын өкүлдөрү тигил ээнбаштар менен өз ара чатакташа кетишти. Эки тарап адегенде жөн эле кыжыңдашып жатышкан, кийин массалык мушташууга өтүштү. Кудай бетин салбасын, акырында кадимкидей атышканга өтүштү. Анан биринчи тарап араздашкан экинчи тараптын бирөөсүн бычактап таштады, - дейт Оштогу бейөкмөт уюмдардын биринин байкоочусу Бектур Эркинаалы уулу.
Баса, өз ара чатакташкандардын үчөө катуу запкы жегендиги айтылууда. Жабырлангандардын экөө Кара-Суу аймактык ооруканасына жаткырылды.
- Бизге азырынча экөө гана кайрылды. Мунарбек Райымбеков 1988-жылы туулган. Ал урушта бөйрөгүнө эки-үч ирет бычак жеген. Мунарбекке дароо операция жасалып, учурда реанимацияда жатат. Эми гана эсине келди. Акыбалы алгачкысынан кыйла дурус. Ал эми Исламбек Каримов 1983-жылы туулган. Ал дарыгерлерге колума ок тийди деп өзү айтыптыр. Оң жак колунан жараланыптыр. Ооруканага жатпай суранып атып үйүнө кетиптир. Эми келсе дароо жаткырабыз, - дейт Кара-Суу аймактык ооруканасынын башдарыгери Каныбек Муратов.
Расмий маалыматтарга таянсак, запкы жеген Мунарбек Райымбеков КСДП, Исламбек Каримов "Мекен ынтымагы" партиясынан экен. Ал эми көкүрөгүнөн ок жеди деген Нурмухаммед аттуу жигит (фамилиясы азырынча белгисиз) "Өнүгүү" партиясынын мүчөсү болгон. Анын учурдагы акыбалы туурасында азырынча так маалымат жок.
Күбөлөр ырастагандай, окту адегенде КСДП партиясынын өкүлү биринчилерден болуп аткан. Муну Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов массалык маалым каражаттарына тараткан билдирүүсүндө дагы бышыктады.
- Биздеги маалыматтарга таянсак, КСДП менен "Өнүгүү" партиясынын жаштары өз ара урушуп, бири бычак жеп, экинчисине ок атылган деп атышат. Окуяны дагы такташтырып жатабыз, - дейт Жоробай Абдраимов.
Ал эми "Өнүгүү" партиясынын аймактагы өкүлү Тыныч Мамаев өз ара араздашуу маалында партиялашын КСДПнын өкүлү бычактап салгандыгын караманча четке какты. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков бул окуя териштирилип жаткандыгын, ошондуктан кийинчерээк өзүнчө маалымат таратышарын ачыктады.
Кара-Суу районунун акиминин биринчи орунбасары Мурадыл Тешебаев бул жаңжалдан ашкере трагедия жасоонун кажети жок деп эсептейт.
- Жергиликтүү бийлик чатакташуу ырбай электе чарасын көрдүк. №5266 шайлоо чөлкөмүнүн комиссиясынын төрагасы Нуриддин Исманов бизге телефон чалар замат жетип бардык. КСДП менен "Өнүгүү" партияларынын талапташтары өз ара талашып-тартышкандан чатак ырбаган. Окуяны укук коргоо органдары дыкаттык менен иликтеп жатышат. Жалпы жонунан Кара-Суу шаарында саясый өнөктүк тынч өтүп, ага шайлоочулардын дээрлик 72,5%ы катышты. Азыр дагы деле добуштарды эсептөө улантылууда. Жыйынтыгы эки-үч күндүн ичинде билинип калат го. Ошондо кайсы партия уткандыгы даана байкалат. Учурда райондо жана шаарда кырдаал тынч, туруктуу, - деди Мурадыл Тешебаев.
Кара-Суу шаары Ош облусундагы эң ири райборбор. Борбор Азиядагы абдан чоң Кара-Суу базары дал ушул калаада жайгашкан. Калаанын 9 миңдей шайлоочусу бар. Бул ирет жалпы жонунан шаарда алты шайлоо чөлкөмү уюштурулган. 31 депутаттык мандат үчүн жети партия - "Кыргыз ата", "Замандаш", "Бир бол", "Ата мекен", "Мекен ынтымагы", "Өнүгүү" жана КСДП саясый уюмдарынан бардыгы 325 талапкер ат салышты. Жаңыдан куралган шаардык кеңеш Кара-Суу шаарынын мөөнөтү бүткөн мэрин жаңыдан шайлашмакчы.

Алишер ТОКСОНБАЕВ,
өз кабарчы, Кара-Суу шаары, сүрөттөр автордуку




Чек ара чыйкан
Койду го алдык, адамдарыбызды
ким кайтарат?

Кыргызстандык 8 жаран 11-июлдан бери Казакстанда камакта отурат. Түп районунун Корумду айылынын тургундарына айыл четиндеги жайытка мал жайууга уруксат берилбейт. Себеби ал жайыттан жергиликтүү эл кышкыга чөп камдап алышат. Ошол себептен учурда казак чек арасын мыйзамсыз бузган деп айыпталып жаткан сегиз адам чек арага жакын Көк-Көл жайлоосуна барып мал багууга мажбур болушкан.


Илгертен чабан болуп, учурда элден мал топтоп жайлоого чыгып жан баккан Үсөн Узаков быйыл экинчи жолу Көк-Көл жайлосуна чыккан. Келини Элвира Бабашованын айтымында, казак чек арачылары анын кайнатасын жана ага тамак жеткирип барган жолдошу Элдияр Узаковду кармап алышкан. "Былтыр деле кайнатам ал жерде малын баккан. Кандай эле быйыл ал жер казактардыкы болуп калганына түшүнбөй жатам. Ал жерге кайнатамдын агасынын 10-класстагы уулу да түшүп калды. Учурда элдин коюн багууга эч бир эркек киши жок абабыздын баласын суранып жибердик" дейт ал. Камакта жаткан кыргызстандык сегиз жарандын эң кенжеси 16 жаштагы Кутман Асанов. Анын атасы жылкычы Көчөрбай Узаков ооруп калып, өзү айылга түшүп, жайлоого уулун жиберген экен. Анын айтымында, уулу Кутмандын жанында шериги Ринат Талдыбаев да болгон. Уулу камалганын уккан атасы жергиликтүү бийликтин жардамы менен ошол жерге барып камактагы иниси Үсөн Узаковдун 846 коюн чыгарышкан.
Көчөрбай Узаковдун айтымында, камактагы кыргызстандыктардын иши тергелип жатат жана сот чечимине жараша бир жаңсыл болот. Каракол шаарындагы 2028-аскер бөлүгүнүн саркери Кыялбек Төлөнбаев май айында Түп районундагы бардык жайлоолорго барып, малчыларды 362-токтом менен тааныштырып кол койдуртканын айткан. Ал эми Көчөрбай Узаков токтомго кол койбогонун, бирок чек араны бузбагыла деген эскертмени айыл өкмөттөн укканын жашырбайт. Камалган сегиз кыргыз жаранынын бири Мирлан Бикировдун колунда мылтыгы болгон. Анын агасы Азимбек Бикиров быйыл карышкыр көп болгонуна байланыштуу иниси мылтыгын дайыма жанына алып жүргөн деп түшүндүрдү. "Биз тараптан тиешелүү иштер жүргүзүлдү. Эки тараптын чек арачылары менен сүйлөшүп, жарандарыбызды кайтарып берүүнү сурап жатабыз. Камалгандардын бири өткөн жумада бошотулду. Ал эми калган 8 жарандын иши боюнча казак тарап тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Аларга кандай жаза берилери тууралуу маалымат бере албайбыз" дейт Мамлекетик чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева. Гүлмира айымдын айтымында, Сары-Тологой айылынын Табылды жайлоосун жайлаган Жоомарт Жүзбеков өткөн жумада бошотулду. Эми калган сегиз жаран канча убакытта чыгары коңшу казак чек арачылардын тергөөсүнөн соң билинет.
Эске салсак, ушул эле Түп районун эки тургуну Каркыра жайлоосунан жоголгон бодо малын издеп чек араны бузгандыгы үчүн Казакстанда былтыр 6 ай камакта жатып чыгышкан.




Баладан чыккан балээ
Сотка үчүн Каныбекти соолуткан өспүрүм

4-августта Түп райондук ички иштер башкармалыгына 16 жаштагы өспүрүм 18 жаштагы баланы өлтүрдү деген кабар түшкөн. Бул окуянын чоо-жайын укканда үрөйүбүз учту. Дайынсыз жоголуп, он күндөн кийин өлүгү табылган 18 жаштагы Каныбек Асаналиевдин үйүнө бардык.
- Неберем Каныбектин апасы Орусияга иштеп кеткен, атасы болсо айылда. Ал 9-классты аяктаган соң окубай калган. Каргашалуу окуя болгон 25-июль күнү кечки саат сегиздер чамасында үй-бүлөбүз менен тамак ичип олтурганбыз. Аңгыча эле Каныбектин телефонуна кимдир бирөө чалып, ал эшикке чыгып кеткен. Ошол бойдон Каныбек таң атканга чейин үйгө келген жок. Улуу уулумдун баласы Каныбек менен теңтуш, алардын үйүнө барып түнөп калса керек деп койгом. Эртең менен улуу балам менен байланышып Каныбекти сурасам, көргөн жокпуз деди. Каныбекти теңтуш балдарынын үйлөрүнөн издеп таба албадык. Айлабыз кетип Каракол шаарынан сыналгы, үналгыларга жарнама берип, жергиликтүү элден неберемди табууга жардам сурадык. Неберемдин сүрөтүн көчөлөргө илдик. Бирок анын баары эч натыйжа бербеди. Эне жүрөгү баарыбир бир жамандыкты сезет экен. Неберемдин кылган кылык-жоруктарын эстеп ичим ачышып бир башкача болуп жүрдүм, - дейт каңырыгы түтөгөн чоң эне Гүлжамыш Асаналиева. - Эмнегедир айылдагы небереме кез-кезде келип калчу баланы милициянын көзөмөлүндө деп угуп, шек санап жаткам. Милиция кызматкерлерине кайрылып, ушул баладан шек санап жатам десем, алар эч себепсиз аны текшере албайбыз дешкен. Көрсө Каныбекти ошол бала үйүнө чакырып, телефонун тартып алып, андан соң өлтүрүп коюптур. Биринчи коколоптур, анан кекиртекке, жүрөккө бычак менен сайган экен, - деп көз жашын токтото албай Гүлжамыш апа.
- Үстүбүздөгү жылдын 3-августунда болжол менен саат 17:40 чамасында Түп РИИБнин кезмет бөлүмчөсүнө телефон аркылуу Түп айылынын Шиловец көчөсүнүн №234 үйүнүн жертөлөсүндө адамдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Денени карап 2013-жылдын 25-июлунда дайынсыз жоголуп кеткен Каныбек Асаналиев экенин аныктадык. Шектүү адам аны муунтуп, анан бычак сайып өлтүргөнүн моюнга алды. Анын жанынан Асаналиевге тиешелүү "Нокиа-6300" үлгүсүндөгү уюлдук телефон, үйүнөн маркумду сайган бычак табылды. Азыр тергөө жүрүп жатат дейт, - Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн ага тергөөчүсү Жумабек уулу Марлен.
Тергөөчү Жумабек уулу Марлендин андан аркы айтымында, бул ишке шектелип жаткан М.Д аттуу бала кылмышты мойнуна алганын, бирок муну кантип жасап жибергенин түшүнбөй жатыптыр. Ошол себептен аны психикалык экспертизага жөнөтүп жатабыз дейт.










??.??