presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Элге кебин айтпаса, эрендерден не пайда?
Курманакун МАТЕНОВ, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, полковник:
"Делимитация жана демаркация толук бүтмөйүнчө, чек арадагы чыр-чатактар токтобойт"
КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, полковник Курманакун МАТЕНОВ "Жаңы Агым" гезитинин суроолоруна жооп берди.


- Курманакун мырза, мына түштүк жергесин түрө кыдырдыңыз. Эмнени көрдүңүз, кайсы маселе жүрөктү өйүп турат?
- Кызматыма киришип жатып адегенде жер-жерлерди байма-бай кыдырып, майда-чоң көйгөйлөрдү өз көзүм менен көрүп, ошондон кийин гана бир жаңсыл чечим кабыл алайын дедим. Жалпыга маалым, 2013-жылы чек арада биртоп окуялар, чыр-чатактар болду. Аларды дагы териштирдим. Чындыкты жашырып не, биздин чек арабызда жаңжал чыгып кете турган жагдайлар бар. Алардын баарын терең изилдеш керек. Ошолордун алдын алуу максатында чукул иш-чараларды күчөтүү абзел.
Албетте, проблемалардан куру эмеспиз. Ачыгын айтканда биздин чөлкөмдөгү чек араларды 1991-жылдан баштап 2000-жылга чейин эч ким кайтарган эмес. Мен кыргыз-кытай чек арасынан тышкары Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстан менен чек арабызды айтып жатам. Мунун себеби биринчиден, мамлекеттик атайын орган болгон эмес. Кыргызстандын чек арасынын тагдыры жергиликтүү бийлик жетекчилеринин гана колунда эле. Алар муну өз бетинче кырдаалга жараша чечип келишкен.
Жакшылап саресеп салсаңар, азыркы проблемалардын басымдуусу ошондон бери ырбап келатат. Анткени коңшу мамлекеттердин жарандары биздин жерлерди ижарага пайдаланышкан, атургай өздөштүрүп дагы алышкан. Мындан тышкары биздин жарандардын үйлөрүн жана жер үлүштөрүн тигилер сатып алышкан фактылар толтура. Анткени коңшу өлкөлөрдө калк жыш жайгашкан, демек жер абдан тартыш.
Ошентип баш ооруткан маселелер арбын. Бирок аларды чечүү үчүн тиешелүү эл аралык келишимдер бар. 1991-жылы 21-декабрда Советтер Союзу биротоло ыдыраганда Казакстандын Алматы шаарында Алматы декларациясы кабыл алынган. Ага Балтика мамлекеттеринен башка бардык өлкөлөрдүн президенттери кол коюшкан. Анда келишимге кол койгон ар бир мамлекет бири-биринин территориясынын бүтүндүгүн тааныйт деген бийик норма жазылган. Буга улай биздин Башмыйзамда "Кыргыз Республикасынын азыркы чек арасы бүтүн жана кол тийгис" деп жазылган. Ошондуктан чек араны толук кайтарууга жетиштүү нормативдик-укуктук келишимдер бар. Бирок ошол 1991-жылдагы линия менен кеткен административдик чек ара ошол бойдон калып, эми ошол чалкеш жерлерди кайтаруу биз үчүн кыйынга турууда. Анткени биздин коңшулар жайгашып, биротоло өздөштүрүп алышкан аянттар толтура. Ошондуктан бул маселени жалгыз эле Чек ара кызматы чече албайт.
Коңшу өлкөлөр менен чогуу-чаран мындай талаш-тартыштарга чукул арада чекит коюу абзел. Мен ошон үчүн түштүк жергесинде бардык чек ара тилкелерин жана аларга жанаша жайгашкан айыл-кыштактарды жергиликтүү бийлик жетекчилери менен чогуу кыдырдым. Сиздерге маалым, союз маалында чек араны чек арачылар менен бирге эл чогуу кайтарат деп айтылчу. Ошондуктан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен ар бир маселени тактайлы, ийиндеше иштешели деп сүйлөштүк. Чек арадагы коопсуздукту туруктуу камсыз эткенге силер да салым кошкула дедик.
Мындан тышкары чек арачыларыбыздын профессионалдык деңгээлин жогорулатып, биринчи кезекте тартипти күчөтүү керек. Дагы жүрөктү өйүткөнү, чек араны коррупция кыя өткөн жок. Бул өңүттө дагы анын тамырын кыркуу боюнча иш-чараларды жүргүзөбүз. Ириде бул кызматка жолу, колу таза адамдарды алып келгенге киришебиз. Жетекчиликтин милдети ошондой кыз-жигиттерди калк арасынан издеп таап, өзүбүзгө тартып, аларды чек арадагы жакшы кызматтарга көтөрмөлөө.
- Демек, сиздин баамыңызда түштүктө кырдаал чындап эле кооптуу экен да?
- Азыр Өзбекстан жана Тажикстан менен делимитация жана демаркация процессибиз оор өңүттө жүрүп жатат. Себептерин жогоруда айтып кетпедимби. Азыр эч ким бири-бирине өз позицияларын бергиси жок. Ушундан улам чек ара маселелеринин бир жаңсыл чечилиши дагы созулуп жатат. Делимитация жана демаркация толук бүтмөйүнчө чек арадагы терс окуялар, мындайча айтканда, чыр-чатактар кайталана берет. Маселени бир жаңсыл чечүү бир эле тараптын колунда эмес. Эки өлкө тең чечиши керек. Ошон үчүн сүйлөшүү процесси биртоп убакыт талап кылып жатат.
- Чек араларды кыдыруудан соң кайсы ишти биринчи колго алуу керек деп эсептейсиз?
- Жакынкы арада борбордук аппараттын офицерлери, өкмөттүн делимитация жана демаркация боюнча жооптуу кызматкерлери ар бир районго барып, ошол райондун жетекчилери менен бир күндүк укуктук иш жүргүзүүнү ылайык таптык. Бул боюнча губернаторлорго да катуу эскерттим. Азыр керектүү материалдарды даярдап жатабыз. Ошол эле эл аралык декларациядан баштап Конституцияда, башка мыйзамдарда кандай нормалар бар, алардын кандай укук-милдеттери бар, ошолорду топтоп, ар бир айыл өкмөттүн, ар бир айыл башчынын колуна карматабыз.
Кээде биздин жергиликтүү бийлик жетекчилер мындай кайтарыш керек, тигиндей кайтарыш керек деп чек ара саясатына ашкере киришип жатышат. Бул боюнча да биз пикир алмаштык. Менимче, биз бири-бирибизди түшүнүштүк өңдөнөт. Ошентип жергиликтүү бийлик бизге жакындан жардамдашмай болушту. Буга улай өзүбүздүн дагы биртоп көйгөйлөрүбүз бар. Маселен, материалдык-техникалык базабыз бир аз чабалыраак. Андан сырткары чек арачылардын жашоо шарттары айтпаса деле белгилүү.
Бишкекке кайтарым менен премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге жолуктум. Ал кишиге биртоп маселелерди кабыргасынан койдум эле, колдоду. Өкмөт башчысы Каржы министрин дароо чакырып, биргеликте биртоп маселени жеринде чечкенге мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ириде биздин материалдык-техникалык абалыбыз жакшы жагына чечилсе, ошончолук биздин оперативдик-тактикалык мүмкүнчүлүктөрүбүз кеңейет.
Жашырып не, биздин өзүбүздүн да ички потенциалдарыбыз толтура. Терең анализдеп көрсөм, чек арада башкаруу аппараты бир аз чоң экен. Аппаратты оптималдаштырып, бири-бирин кайталаган түзүмдөрдү кошуп, бошогон кызматкерлерибизди алыскы чек арага жөнөтөлү деген максат коюп жатабыз.
Ошентип алдыда пландар көп. Аны аткарууга убакыт гана керек. Жаңы идеяларды кесиптештериме жар салып, орунбасарларым менен кадимкидей кеңешип-таңашып жатам. Сапаттуу велосипеддерди сатып алалы деп жатабыз. Миң чакырымдап жөө жүргөндөн көрө түз жерде велосипед берип койсо жакшы эмеспи. Балким бул саамалык кимдир бирөөлөргө жакпастыр, бирок өнүккөн өлкөлөрдө бул тажрыйбаны колдонушат. Чек арачыларга жетиштүү күйүүчү майыбыз болбогондон кийин балдарды жөө ары-бери чуркаткандан көрө, велосипед мингизип койсок дурус болчудай.
Мындан сырткары ат сатып алалы деп жатабыз. Кыш келгенге чейин бизде 2,5 ай убакыт бар. Ошого чейин жок дегенде чек арачылардын жашоо шарттарын дурустап, тамак ичкен жайларын, мончолорун жаңылап берели деп атабыз.
- Кыргыз-өзбек чек арасындагы акыркы кырдаал боюнча эмнелерди айта аласыз? Эки мамлекет бул жаңжалды (кыргыз жараны Бакыт Тагаевдин өз мекени Кадамжайда өзбек чек арачылары тарабынан атылышы) өз алдынча иликтеп жатпады беле. Анын жыйынтыгы кантти экен?
- Бул сурооңузга так жоопту аскердик прокуратурадан алсаңыз жакшы болот. Акыркы кырдаал боюнча айтсам, албетте ар кандай маалымат тарап жатат. Өзбекстан өз версиясын, биз өзүбүздүкүн айттык. Бул маселе боюнча позициябыз чынында келишкен жок. Мен ошол эки жигит менен өзүм дагы жекеме-жеке сүйлөштүм. Алар мага болгонун болгондой айтып беришти. Биз кандай маалымат таратсак, эки жоокерибиз дагы так ошондой маалымат беришти. Алардын иш-аракеттеринде мыйзамсыз жагдайлар болду деп мен айта албайм. Себеби жаңжалды биринчи баштаган биздин коңшулардын чек арачылары болду. Биздин чек арачыларыбызга кол көтөрүп, атүгүл курал-жарагын тартып алганга аракет кылышкан. Буга улай коңшу чек арачылар биринчи болуп ок атышкан. Муну болтурбай коюуга деле болмок. Бирок биздин чек арачылар өз өмүрүн сактоо максатында аргасыздан ушундай кадамга барышты. Ошондуктан алардын аракети мыйзамсыз деп айта албайм. Анткени биздин чек ара кызматы тууралуу мыйзамда кандай убакта курал колдоно турганы тууралуу жоболор бар. Алардын аракети ошол мыйзамга дал келет.
- Айрым массалык маалымат каражаттары Курманакун Матенов 1999-жылдын 5-августунда Баткендин Зардалы чөлкөмүндө боевиктерге колго түшкөндүгүн байма-бай жазып жатышат. Анда ММКлар баса белгилегендей, колуңузда мамлекеттик жашыруун документтер жок беле?
- Мунун баары атайылап шөкөттөлүп таратылган айың кептер. 1999-жылы 5-августта биз Баткендин Зардалы кыштагына тик учак менен барганбыз. Ал жерде Баткендин ошол кездеги акими, ал кезде улуттук коопсуздук министрлиги деп койчу, ошонун райондук бөлүмүнүн башчысы, мен жана Коргоо министрлигинин дагы бир офицери болуп эл менен жолугуу үчүн учуп барганбыз. Зардалынын жанында Коргон деген айыл бар экен, ошол жакка барып калсак, өзүбүздүн жерибизде бизди барымтага алышкан. Биздин маалымат боюнча куралчан топ 15-20 чакырым алыс тоодо болчу. Жанымда эч кандай жашыруун деле документ жок болчу. Ойлоп көрсөңөр, мен тоого жашыруун документтер менен бармак белем. Экинчиден, эгер мен жашыруун документти жоготуп, же дагы башка алешемдик кетирсем, минтип экинчи жолу Чек ара кызматына төрага кылып алып келишмек беле? Мамлекет башчылары маалыматты так билишет да.
- 2010-жылы анда неге кызматыңыздан жөн эле кетип калдыңыз?
- Мен дайындалганда Чек ара кызматы өзүнчө түзүм, мындайча айтканда, орган эле. Аны үч айдан кийин эле таптакыр жоюп, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине кошуп ташташты. Ошондо мен буга каршы болгом. Экинчиден, жаңы орунга канчалык сунуш этишсе да принципке туруп барбайт болчумун. Анткени Мамлекеттик чек ара кызматы ириде бутуна бекем турушу үчүн өзүнчө мамлекеттик орган болушу кажет. Ушинтип бириктирип жана кайра өз алдынча түзүп атып Мамлекеттик чек ара кызматына, мен билгенден беш ирет эксперимент жасашты. Ошондо дагы УКМКга кошуп ташташып, менден бир ооз сурашкан жок. Мына эми көздөрү жеткенден кийин гана кайра өз алдынча орган катары түзүп отурушат.
- Өзүңүз туурасында кененирээк айтып бербейсизби? Буга чейин кайдан билим алгансыз, кайсы жерлерде иштегенсиз?
- Мен 1987-жылы Ташкентеги жогорку жалпы аскердик командачылык боюнча окуу жайды бүткөмүн. Андан кийин Орусияда 1992-жылга чейин кызмат өтөгөм. Союз ыдырагандан кийин баары өз мекенине кайта баштаганда Кыргызстанга жаңыдан уюшулган Улуттук гвардияга чакырышкан. Ал жерде ротанын биринчи командири болгом. Орусияда дагы үч жыл рота командири болгом. 1997-жылы Москвадагы Фрунзе атындагы академияны артыкчылык менен бүтүп келдим. Андан кийин Коргоо министрлигинин Ош бригадасында штаб башчысы, оперативдүү башкы башкармалыктын жетекчисинин орунбасары, аскердик чалгындоо башкы башкармалыктын башчысы, үч жылга чукул Кой-Таштагы бригаданын да командири болдум.
2003-жылы Чек ара кызматы өзүнчө тутум болуп түзүлгөндө күжүрмөн даярдык жана тарбия иштери боюнча башкармалыктын жетекчиси болуп бер деп суранышты. Мен ал жерде 6,5 жыл иштедим. 2010-жылы Стамбулдагы Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын академиясын артыкчылык менен аяктадым.

Кепке тарткан Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, сүрөттөр автордуку










??.??