presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Сот чечими соо койбойт
Боршайком өз милдетин аткарды
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 20-августтагы кезексиз отурумунда Жогорку соттун өкүмүнө таянып, "ата журтчу" Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду депутаттык мандатынан ажыратты. Саясатчылар муну саясый чечим катары баалашса, БШК бардыгы мыйзам чегинде жүргөнүн ырастоодо.

Боршайкомдун мүчөсү Рашид Бекбасаровдун айтымында, Жогорку сот өкүмүнөн кийин 30 күндүн аралыгында БШК чечим чыгарышы керек. "Жогорку соттун чечими 6-августта күчүнө киргендиктен, мөөнөт 4-сентябрда аяктамак. Бул өкүм күчүнө киргенден кийин аткарылышы керек болгон конституциялык ченем бар. Биз ошол милдетти аткардык, мыйзамды бузган жокпуз" дейт Бекбасаров. Журналисттердин экс-депутаттардын жактоочулары муну саясый буюртма деп баалап жатышат го деген суроосуна мындайча жооп берди: "Кандайча саясый буюртма? Ал жакта заказ кылчу эмне бар? Конституцияда өкүм күчүнө киргенден кийин түз таасир ченеми бар. Биз беренелерге таянганыбызды дагы бир жолу кайталап коеюн".
Мыйзамга ылайык, БШК токтому маалымат каражаттарына жарыялангандан кийин гана күчүнө кирет. Анын негизинде Жогорку Кеңешке маалымат берилет. Ошондон кийин үчөө экс-депутатка айланат.
ШКУ саммитинен кийин митингдер башталабы?
Садыр Жапаров менен Талант Мамытов эркин гезиттердин бири аркылуу БШК чечимине каршы пикирин жарыялашты. Жогорку сот юридикалык эмес, Ак үйдүн буюртма чечимин чыгарганына токтолгон Садыр Нургожоевич Боршайком да саясый тапшырманы аткарганын билдирди. "Түз жана туура көз караш менен караганда Жогорку соттун чечимин юридикалык эмес, саясый чечим деп атоого болот. Борбордук шайлоо комиссиясы да саясый тапшырманы аткарышат. Анткени алар Ак үйдөн көрсөтмө алышат" дейт Садыр мырза.
Сөзүн андан ары улаган "ата журтчу" бул чечимге карата пикет-митингдерди өткөрүү планда жоктугун баса белгиледи. Ал мунун себебин сентябрда борбор калаада өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) жыйыны тынч өтүшү керектиги менен түшүндүрдү. "Биздин артыбызда калдайган шайлоочулар бар. Ошолор күн сайын бизге кайрылышат. Анткени баары акыйкатсыздыкка ууланып калышты. Бүгүн эле чыга коюуга даяр экенин айтышууда. Бирок алдыбызда өтө чоң иш-чара - Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкек саммити турат. Бул саммит бир гана бийликке керек эмес. ШКУнун жыйыны болбой калса мамлекеттин эл аралык беделине катуу зыян тиет. Ошондуктан өзүбүздүн жактоочуларыбызды тынч нааразычылык акцияларын ушул саммит өтүп кеткенче өткөзбөй турууга чакырып жатабыз" деген Жапаров "шоу концерттер" ШКУ саммитинен кийин башталарын кыйытты. Мындан сырткары, укугун коргош үчүн керек болсо эл аралык сотко чейин барарын жашырган жок. Бирок эл аралык сотко качан кайрыларын ачыкка чыгарбаптыр.
Маекке жакшылап баам салган адам С.Жапаровдун саясаттан кетейин деген ою жоктугун, тескерисинче, мурдагыдан дагы радикалдуу кадамдарга баруудан кайра тартпастыгын байкайт. Ал эми Талант Турдумаматович бийлик аларды саясаттан четтетүү үчүн гана ушундай кадамга барганын божомолдойт. Ошондой эле президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев менен аппараттын сот органдарын тейлөө бөлүмүнүн башчысы Индира Жолдубаева Жогорку соттун соттук коллегиясына кысым көрсөткөндүктөн, ушундай чечим чыгарганын кошумчалайт.
Талант мырза партиялашы Жапаровго салыштырмалуу бир чындыкты айтыптыр. Ал БШК Жогорку соттун өкүмүнөн кийин депутаттык мандатты токтотушу керектигин, бул органдын андан бөлөк аргасы жоктугун ырастайт. Бирок бийлик убактылуу жеңишке жетишкени менен чыныгы күрөштөр алдыда экендигин, бул чечим кийин азыркы бийликтин башына түшкөн мүшкүл болушу ыктымал дейт. "Бизди депутаттык мандаттан ажыратуу менен, бийлик бизге жакшы шарт түзүп берди. Себеби эл колдогон саясатчыларды куугунтукка алуу менен адилетсиздикке жаны ачыган электоратыбыздын бир муштум болуп биригүүгө түртүп жатат. Мына ошол элдин атынан жүргөндөн кийин алар менен да кеңешип, кийинки кадамдарыбызды аныктайбыз. Саясый күрөш демек бүтө элек. Баары алдыда..." деген Талант мырза кебин жыйынтыктаган.
Бул айтылгандар соттолгон депутаттардын пикири. А чындыгында асман астын-үстүн түшкүдөй деле эч нерсе болгон жок. Болгону буга чейин кыргыз тарыхында парламентте отурган депутаттар соттолуп көрбөгөндүктөн кантип эле ушундай болсун дегендей жагдай болуп жатат. Анүстүндө демократиянын жаназасы окулуп калды деп кыйкырып жаткандар демократия үч депутаттын эле мандаты менен чектелбестигин эске албай жатышса керек. БШК эмне кылды, БШК болгону сот чечиминен кийин гана өз милдетин аткарды.




Сатыбалдиев өкмөтү Кумтөр маселесин 11-сентябрга чейин чече алабы?
Кумтөр алтын кени боюнча кыргыз өкмөтү жана "Центерра Голд Инк." компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр өткөн ишемби күнү башталды. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалымдашынча, сүйлөшүүлөрдү башбакан Жантөрө Сатыбалдиев өзү жүргүзүп жатат. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр августтун этегинде аяктап, өкмөт 10-сентябрдан кийин парламентте отчет бериши керек. Эгер сүйлөшүүлөрдөн натыйжа чыкпаса, анда 2009-жылкы келишимден чыгуу сунушу каралат.

Кыргыз өкмөтүнүн сунушуна ылайык, эки тарап "Кумтор Оперейтинг Компани" ("КОК") жана "Кумтор Голд Компани" ("КГК") компаниясын бириктирип, Кыргызстанда каттала турган биргелешкен ишкана түзүлүшү зарыл. Жаңы ишкананын акциясынын 50%ы Кыргызстанга таандык болушу керек. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө дал ушул маселе талкууланарын "Кыргызалтын" ААКсынын вице-президенти Кылычбек Шакиров "Азаттык" радиосуна билдирген. Анын айтымында, кыргыз тарап үч вариантты сунуштайт экен. "Биргелешкен ишкананы сүйлөшөбүз, башка варианттарды да карайбыз. Биз үч вариантты иштеп чыкканбыз. Азыр кайсы бирин тандап аларыбызды сүйлөшүүлөр көрсөтөт. Азырынча кандайдыр бир чечим жок" дейт ал. Ошондой эле ал сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн "Центерранын" Ян Аткинсон, Фрэнк Херберт баштаган жетекчилери келгенин кошумчалады.
К.Шакиров сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыга электигин айтса, премьер Жантөрө Сатыбалдиев "КОК" менен "КГК" бириккенин ЭлТР коомдук каналынын ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда журналисттерге кабарлады. Анын билдиришинче, биргелешкен ишкананын директорлор кеңешинин жарымы биздин өкүлдөр болушу шарт. "Сентябрдын башында сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча өкмөттүн отчету Жогорку Кеңеште каралат. Биз "Кумтор Голд Компани" жана "Кумтор Оперейтинг Компани" эки операторунун биригүүсүнө жетиштик. Кыргызстанда бул эки компаниянын базасында түзүлгөн биргелешкен ишкана катталат. Директорлор кеңешинин тең жарымы биздин өкүлдөрдөн болот. Кумтөрдүн келечеги кең жана мындан ары да туруктуу иштейт деп ишенем. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында көп өзгөрүүлөр болот. Бул багытта толугураак маалыматты сентябрда беребиз" деген Сатыбалдиев парламенттеги "экзаменден" кулабай өтөрүн кыйытты.
Өкмөт башчысынын кандай иштегени жакында билинет
"Кыргызалтын" ААКсы сүйлө-шүүлөрдү жүргүзүүдө юридикалык кеңешчи катары "DLA Piper UK", "Pricewaterhouse Coopers" жана "AMEC Earth & Environmental UK Ltd" компаниясын жалдаганы белгилүү. Аталган компаниялардын юристтери, өкмөт өкүлдөрү 19-августта "Центерранын" президенти Ян Анкинсон, башкы юридикалык кеңешчиси Фрэнк Херберт баштаган өкүлдөр менен "Кумтөр" долбоору боюнча сүйлөшүүгө отурушту. Өкмөттүн басма сөз кызматынын тараткан маалыматына таянсак, "Центерранын" финансы маселелери боюнча кеңешчиси "Cormark Securities" компаниясы менен "DLA Piper UK" жана "Pricewaterhouse Coopers" эл аралык кеңешчилеринин биргелешкен ишин талкуулаптыр. "Конструктивдүү сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жакынкы күндөрдө Бишкекте кыргызстандык эл аралык кеңешчилер жана "Cormark Securities" компаниясынын катышуусунда серепчилердин деңгээлинде кеңеш берүү иши уланат. Бул иштин максаты - "Кумтөр" долбоорунун түзүмүн кайра кароодо тараптардын көз караштарын жакындатуу" делет маалыматта.
Мындан эки күн мурда өкмөт башчысы өзү "Центерранын" жетекчилиги менен бетме-бет отуруп, "Кумтөр" долбоорунун келечегин талкуулады. Анын жыйынтыгы кандай болгону тууралуу расмий маалымат жок. Ал эми өкмөттүн басма сөз кызматынын кабарлашынча, сүйлөшүү эки жуманын аралыгында жыйынтыкталышы абзел. Андан кийин ал Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлмөкчү. Мунусуна караганда, Сатыбалдиев өкмөтү парламент чегерген мөөнөткө - 10-сентябрга чейин сүйлөшүүнүн жыйынтыгын чыгарууну көздө-гөндөй. Өкмөттүн аракетинен кандай майнап чыгарын божомолдош кыйын. Анүстүнө канадалык инвесторлор сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө байланыштуу үн катыша элек. Өкмөттүн биргелешкен ишкана түзүү сунушу боюнча дагы "Центерранын" позициясы белгисиз. Үн катпай тургандарына караганда, алардын дагы бир билгени бар өңдөнөт…

Бетти даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ












??.??