presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Саясый "сериал" башталды
Талап-тоноочулукка башка депутаттар да катышканбы?

"Жөжөнү күздө санайбыз" дегендей, күз жакындап, саясатчылар акырындап жандана баштагандай. Ачык болбосо да атаандаш партиялар бири биринин тамаркаларына таш ыргыта башташты. Өткөн аптада K-News маалымат агенттиги 2010-жылдагы мародерлукка байланыштуу ведомство аралык тергөө тобунунун эки видеосюжетин жарыялады.
Биринчи тасмада буга чейин "Республика" партиясы өз телеканалынан тынбай көрсөткөн Абдулла Юсупов, Азамат Шергазиев, Нурдин Султанмамытов жана Айсулуу Дүйшөнкуловалардын көрсөтмөлөрү камтылган. Булар 2010-жылы "Ата мекен" партиясынын лөктөрү менен бирге Бакиевдердин отузга жакын объектилерин кантип тазалашканын төкпөй-чачпай айтып беришкен. "Ата мекенчилер" азыркыга чейин муну караманча танып келатат. Тергөөчүлөрдүн айтымында, Бакиевдерден жыйналган мүлктөр Бакай-Ата жаңы конушундагы үйгө топтолгон. Тергөөдө ал үйдө жашаган Мирбек аттуу адам Нурдин Султанмамытов менен келген Абдулла Юсупов, Муса Төлөгөновдорду тааныган. Ушул эле тасманын экинчисинде Талап-тоноо боюнча тергөө тобунун жетекчиси Асылбек Чекиров, анын орунбасары Памир Асанов, курал менен кармалып кийин бошогон Дастан Оморов, таксист Мирбек Бабалиевдин көрсөтмөлөрү бар. Көрсөтмөлөрдө Муса Төлөгөнов талап-тоноого түздөн түз катышканы, курал алып жүргөнү, кийин мунун баарын жабыш үчүн Дастан Оморовго А.Юсуповду жок кылуу үчүн 15 миң доллар сунуштаганы фактылар менен келтирилген. Таксист Мирбек Бабалиев буга чейин бир эле объектиде болгом деген Райкан Төлөгөновду беш объектиден көргөнүн айтат.
Баарынан кызыгы, видеосюжеттин аягында талап-тоноо боюнча тергөө тобу ишти аяктап , материалдарды сотко өткөргөнү айтылат. Бирок тергөөчүлөр жакында ата-бала Төлөгөновдорго кошумча башка депутаттардын да мародерлукка катыштуу тасмалары чыгарын билдиришкен. Мына сага, кыргыз сериалы!





Сөздөн ишке өтсөңөр боло?
Тажикстан баарына эле макул

Жума башында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Тажикстанга иш сапары менен барып келди. Өкмөт башчы Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө тажик президенти Эмомали Рахмон жана өкмөт башчысы Акил Акилов менен жолукту. Өкмөт башчынын айтымында, жолугушууда экономикадан тарта чек арага чейинки маселелер козголуп, эки тарап алар боюнча бир пикирге келишкен.
Жолугушууда тажик президенти Эмомали Рахмон Дүйшөмбү транзиттик коридорду кеңейтүүгө жана Кытай-Кыргызстан-Тажикстан темир жолунун курулушуна кызыкдар экенин билдирген. Буга улай ал чек ара чатактарын болтурбас үчүн эки өлкөнүн ИИМ, Бажы, Чек ара кызматтары тыгыз иштешип, Согду менен Баткен, Чоң Алай менен Жергетал райондорунун достук кызматташуусун күчөтүүгө басым жасады. Сөз кезегинде Жантөрө Сатыбалдиев кыргыз тарап чек араларды тактоону тездетүүгө токтолуп, чек ара иши боюнча эки тараптын ар ай сайын жолугуп туруусун сунуштады. Ошондой эле өкмөт башчы иш сапардын жыйынтыгында 2014-жылы Дүйшөмбүдө мамлекет аралык кеңеш өтүп, президент Алмазбек Атамбаев Тажикстанга барары сүйлөшүлгөнүн кабарлады. Мындан сырткары бул күнү Орто Азия мамлекеттеринин суу кызматташтыгы боюнча декларация кабыл алынды. Анда өлкөлөр аралык сууларды туура, натыйжалуу пайдалануу каралган.





Кандуу түн
Бейкүнөө беш адам окко учту
20-август түнү Тажикстандын Исфара шаарынын Баткен облусу менен чектешкен талаасында карапайым тажик жаранынын беш үй-бүлө мүчөсүн бирөөлөр атып кеткен. Белгисиз бирөөлөрдөн ок жегендер, кыргыз чек арасынан үйү үч метр алыстыкта жайгашкан Абдукаххор Халоков, анын аялы, эки небереси жана анын бир тууганы.


Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орунбасары Бакир Жолчиевдин айтымында, окуя болгон жер эки өлкө ортосундагы тактала элек аймак. "Ошол себептен эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик органдары менен укук коргоо кызматкерлери элге дароо түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Буга улай Согду облусунун жетекчилери менен кылмышты ачуу пландарын талкууладык. Азыр эки тараптын чек арачылары, тартип сакчылары катуу иштеп жатат" дейт ал. Кыргыз тарап мындай деген менен бул кан төгүү эки эл ортосунда ар кандай ойлорду пайда кылган. Тажиктер кыргыз тараптан келгендер атып кетишти деген божомол чыгарышса, чек арага жакын жайгашкан кыргыз айылындагы аялдар бала-чакасы менен алыскы айылдарга чыгып кетишкен. Ар кандай шек саноолордон улам эки эл ортосунда жаңжал чыкпасы үчүн учурда Баткендин Самаркандек айылына атайын кошумча аскердик күч тартылган. Самаркандек айыл округ башчысы Кеңеш Салиховдун айтымында, азыр абал тынч. Аталган үй-бүлөнүн аман калган төрт мүчөсү азыр сурак берип жатат.
Ал ортодо тажик бийлиги кылмышкерди таап бергендерге 10 миң доллар сыйлык да коюп жиберген. Тергөөчүлөрдүн айтымында, окуя болгон жерден 15 ок табылган. Байлыгы же бизнеси жок карапайым үй-бүлөнүн минтип окко учушун бирөөлөр чагымчыл күчтөрдүн жасаганы дешсе, башкалар жакында Тажикстанда боло турган шайлоого байланыштырышат.




Эл аралык эмне кеп?
ШКУ саммити өзгөчө нукта өтөт

Кыргызстан 13-сентябрда Бишкекте боло турган ШКУ саммитине карата даярдыгын аяктап калды. Президенттик аппарат жетекчисинин орунбасары, аппараттын тышкы саясат бөлүм башчысы Сапар Исаковдун айтымында, бул жолу саммит башкача өңүттө өтүп, бир катар маанилүү маселелер талкууланат.
"Учурда ар бир мамлекетте коопсуздук маселеси өтө актуалдуу. Ошол себептен саммитте алгач Афганистандан АКШ аскеринин чыгышы менен региондо коопсуздук кандай болору талкууланат. Өлкө башчылары негизинен терроризм, сепаратизм, экстремизм, баңгизатын, куралдарды мыйзамсыз айландыруу жана чектеш аймактардагы уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүүгө маани беришет" дейт ал. Сапар мырзанын айтымында, бул саммитти уюуштурууда Кытай, Россия чоң жардам берген. Сапар Исаковдун сөзүнө таянсак, учурда ШКУнун кадыры артып, Иран, Пакистан, Индия сыяктуу өлкөлөр уюмга мүчө болууга кызыкдар болуп жатыптыр. "Атургай жакында Түркия ШКУ менен кызматташууга даяр экенин билдирип, сүйлөшүү боюнча өнөктөш катары кошулду. Бишкекте боло турган бул саммитке кайрадан шайланган Иран президенти катышат. Мунун өзү уюмдун натыйжасыз эмес экенин көрсөтүп турат" дейт С.Исаков. Буга улай ал бир мезгилде уюмдун өлкө башчыларынын кеңешинин жана өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны өткөрүлөрүн айтат.
Баарынан кызыгы, бул жолку саммитте уюмдун долбоордук ишмердүүлүгүн каржылоо максатында ШКУнун Өнүктүрүү фонду жана Өнүктүрүү банкын түзүү маселеси да каралмакчы. "Так ушул структуралар ар тараптуу долбоорлорду ишке ашыруучу каражаттарды кармап турат. Бул Бишкекте ийне-жибине чейин талкууланат го деп ойлойм" дейт "РИА Новостиге" интервью берген Сапар Исаков.





Жол кырсык
Акча деп алты адамды ала кетти

Быйыл жол кырсыгынан билинбей эле жүздөгөн адамдар мерт кетти. Алардын ичинен эң оору Көлдөгү 16 адамдын, Нарындагы беш өспүрүмдүн өмүрүн алган жол кырсыгы болгон эле. Бул унутула электе Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын тушунан жети адамдын өмүрүн алып кеткен автокырсык катталды.
ӨКМдин билдиргенине таянсак, 21-август күнү түнкү саат ондор чамасында Бишкек-Ош жолунун Капчыгай участогунда D 9456 E мамлекеттик номерлүү "Хонда Степвагон" машинеси Кара-Суу дарыясына кулаган. Натыйжада 7 адам каза болуп, бир аял аман калган. Өкүнүчтүүсү, каза болгондордун төртөө он гүлүнүн бири ачыла элек жаш балдар. Учурда төрт адамдын денеси Таш-Көмүр шаарындагы оорукананын өлүкканасына алынып келинген. Калган үчөөнүн денесин машинени чыгарып жатканда суу агызып кеткен. Азыр жыйырмадай куткаруучу денелерди издөө менен алек.
Куткаруучулардын маалымдашынча, машиненин айдоочусу 36 жаштагы Махмут Артыкбаев рулду башкара албай калып сууга кирип кеткен. Машинедегилердин ичинен 36 жаштагы Диларам Юсуржанова аман калып, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургундары 63 жаштагы Вадиат Батиков , 42 жаштагы Алтынай Руспиева , 12 жаштагы Насипа Юсупжанова , 7 жаштагы Элдияр Отобеков , 5 жаштагы Айдар Миташов , 3 жаштагы Мээрим Миташова , 36 жаштагы айдоочу Махмут Артыкбаев жол кырсыгынын курмандыгы болушкан.
Баса белгилей кетчү нерсе, учурда Бишкек-Ош жолунда каттаган оң рулдуу, жети-сегиз орундуу машинелер көп. Буга быйыл айрым депутаттар, МАИ кызматкерлери тыюу салуу демилгесин көтөрүп чыгышкан. Тилекке каршы, ал орундалбай оң рулдуу машинелер менен адам ташыгандар көбөйүп эле баратат. Бишкектеги "Чыгыш автовокзалы" мекемесинин жетекчисинин орунбасары Алмазбек Байсопиевдин айтымында, күнү-түнү уктабай адам ташыган жеке таксисттер да бар. Жакшы эс албаган, жайкы сезондо акча таап алайын деп жанталашкан таксисттер дагы канча адамдын өмүрүн кыйышаар экен?










??.??