presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Ошто "Сүйүү унаасы" жүрө баштады
Ош шаарында "Сүйүү унаасы" деген романтикалык кичиавтобус 21-августтан баштап сүйүшкөн жаштарга эшигин ачты. Бул өзгөчө идея ОшМУнун 20 жаштагы студенти Мамасадык уулу Акылбекке таандык. Аталган кичиавтобустун ичине жумшак диван, жүрөкчөлөр коюлуп, эки жаштын бири-бирине сүйүүлөрүн билдирүүгө толук шарттар түзүлгөн. Акылбек азыркы сүйүшкөндөр кафе-ресторан же түнкү клубдардан жолугушуп сүйүүнүн баркы кетип, романтика жоголуп баратат деген ойдо. Ал чыныгы романтикалуу сүйүүнү кайтаруу үчүн ушундай идеяны ишке ашырган. Демилгечинин айтымында, сүйүү автобусунун акысы анчалык кымбат эмес. Жакын арада "Сүйүүбус" үйлөнүү үлпөттөрдөгү чубалжыган кортеждерди да алмаштырышы ажеп эмес.


Зуура Сооронбаева
эскерилди
Кыргызга эле эмес, казак баурдастарга да атагы тараган жазуучу, журналист Зуура Сооронбаеванын Караколдогу үйүнө эстелик тактасы орнотулду. Зуура Сооронбаеваны эскерип, анын чыгармачылыктагы үзөңгүлөштөрү, ардагер жазуучулар, облустук бийлик өкүлдөрү жана окурмандары келишкен. Иш-чаранын жүрүшүндө жазуучунун чыгармалары менен зор эмгеги жөнүндө, анын инсан, эне катары үлгү боло турган мыкты адамкерчилик сапаттары жөнүндө эскеришти.


"Жымжырт" тасмасы Испанияда
Жаш кинорежиссер Наргиза Маматкулованын "Жымжырт" аттуу кыскаметраждуу тасмасы Испанияда өтүүчү кыскаметраждуу тасмалардын VI эл аралык "FIC Bueu - 2013" фестивалынын финалына өттү. Аталган фестивалда 56 өлкөдөн 670 тасма ат салышкан. Калыстардыны катаал элегинен кийин 25 гана тасма финалга өткөн. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 7-сентябрда Испаниянын Бузу шаарында өтөт. Наргиза буга чейин көптөгөн эл аралык фестивалдарда баш байгелерди багынткан.


Кыргызстандын 22 жылдыгына даярдык катуу
Эгемендик майрамы адаттагыдай эле Ала-Тоо аянтында концерттик программа менен башталат. Маданият министрлигинин маалыматына таянсак, майрамдык иш-чара 10:00дө старт алат. Бул күнү Ак-Кула ат майданында улакчылар президенттин кубогу үчүн ат салышмакчы. Негизи эгемендик майрамы коңшу өлкөлөрдө укмуштуудай шаан-шөкөт менен өтүп келсе, бизде көнгөн сценарий менен майрамдоо салтка айланып келет. Бишкек мэриясы эгемендик майрамын жок дегенде Оштогудай өткөрсө кана...


Атай "Тумар КР" менен "Даңк мүнөтүндө"
Москва шаарында өткөн "Даңк мүнөтү" долбоорунда бийчи Атай Өмүрзаков жана "Тумар КР" бий тобу ийгилик жаратты Бул тууралуу Атай "биз ийгиликтүү чыгып, "Минута славы" долбоорунун жарым финалына өттүк. Бизге олимпиада чемпиондорунан атайын белектерди тапшырышты. Иш-чаранын кийинки баскычтары сентябрда өтөт" деп кубанычын жашырган жок.


Жан Воинов бийди "эзип" жаткан убагы
11-августта Лас-Вегаста MTV каналы дүйнөлүк "Hip-Hop International" деген аталышта бий чемпионатын уюштурду. Аталган чемпионатта Ассоль Молдокматованын баласы Жан Воинов "Рopping" стилинде бийлеген бий чеберлеринин арасынан 2-орунга чыкты. Жетишкендик катары Жандын дүйнөдөгү эң мыкты делген 5 бийчинин катарына кирүүсүн айтсак болот. Жеңишке маарыган Жанга бий чемпионатынан кийин Жапония өлкөсүнөн атайын чакыруу келип түштү. Бийчи учурда Лос-Анжелесте окуп жатат.


Кыргыз бийчилери казак тасмасында
Тасмалардын акесин тааныткан казак режиссеру Даурен Камшибаев жаңы тасмасын эл сынына койду. Тасма жалаң кыймылдан турган сөзү жок, кыскаметраждуу кинолордун катарын толуктайт. 20 мүнөттүк бул кино бир жумада тартылып бүттү. Роль жараткан актер, актрисалар тасмага тартылуу учурунда күнүнө 2-3 сааттан гана укташканын айтышса, кино жаратуучулар 7 күндө тартып бүткөндүгүн айтып кубанып жүрүшөт. Тасмага Кыргызстандан Атай Өмүрзаковдун "Мен бийчи" студиясынын бийчилери жана "We'll Be", "I can" бий топтору тартылды.


"Чыгыш базарында" Курал Чокоев кайсыны ырдайт?
Украинанын Ялта шаарында өтүүчү "Чыгыш базары" эл аралык ыр сынагында Кыргызстандын намысын ырчы Курал Чокоев коргойт. Курал буга чейин бир катар эл аралык жана жергиликтүү конкурстарда байгелүү орундарды багынтып келген. "Чыгыш базары" 5-10-сентябрда өтөт. Ырчы аталган конкурста Рыспай Абдыкадыровдун "Биз экөөбүз", Асанкалый Керимбаевдин "Сулууга" жана "Ой тобо" атуу элдик ырды жаңыртат. Бул конкурста гран-прини алган конкурсант 5 миң доллар менен сыйланат.


Бишкекте кыргыз-корей концерт-батл болот
25-августта Бишкектин "Спартак" стадионунда Корея жана Кыргызстандын артисттеринин арасында концерт-батл болот. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу Өмүрбек Андарбеков кабарлады. Иш-чара "Эки өлкө - эки маданият. Бир окуя" деген ураан астында өтөт. Түштүк Кореядан Лижуно, Тиайпи, Хью Джун аттуу бийчилер жана ырчылардан Крэйзино, Ким Джи Хун, Honey Family катышат. Кыргызстандын атынан батлга ырчылар Омар, Арсен, Салтанат Аширова жана We'll Be, Let's Dance, Tэйсти Крью аттуу бий топтору чыгышат.


Бозүй баалана баштады
Тоңдун Кызыл-Туусунда ушу күндөрү "Кийиз дүйнө" эл аралык фестивалы өтүүдө. Кыргыздын кийизден жасалган улуттук буюм-тайымдарын даңазалаган "Кийиз дүйнө" фестивалы экинчи ирет өтүп жатат. Аталган иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Айдай Асангулова бозүйдү бренд катары алып чыгууну көздөп жатышканын айтат. Бул фестивалдын Кызыл-Тууда өтүшү тегин жерден болбосо керек. Анткени бул айыл өзүнүн көркөм бозүйлөрү менен Кыргызстанга эле эмес, дүйнө жүзүнө таанымал. Эркектери бозүйдүн жыгач-ташы менен алек болуп келсе, аялдары кийиздин катыгын колуна карматышат.


Даярдаган Руфат ЭРГЕШОВ, Нурсултан ТОКТОСУНОВ










??.??