presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Ачыла элек сандыкта
Ырдын, сүйүүнүн кулу болуп өткөн

Эдит Пиаф


(Уландысы. Башы
өткөн санда)
Эдит Пиаф өз чыгармачылык жолунда үч жүздөй ырды ырдап чыккан. Эки-үч кинокартиналарга тартылган, бирок алар ырларындай атак-даңкын чыгарган эмес. Ыр жазган акындар анын репертуарын жакшы билип алышып, ошого жараша жаңы ырларды сунуш кылышчу. Ырлардын көпчүлүгү сүйүү, арман, жалгыздык, ишке ашпаган кыял, жетпей калган арзуу жөнүндө эле. Эдитке ырдын сөзү жагып калса, ошо замат өзүнүн достору - композиторлордун бирөө менен байланышып, экөөлөп музыкасын иштеп чыгышчу. Адатта ырдын автору, композитор, Эдит Пиафтын үйүнөн күнбү-түнбү, бир жумабы же үч айбы, иши кылып чыгарманын сөзү да музыкасы да кондицияга жетмейинче эч кимиси эч жакка чыкчу эмес. Эдит өз тегерегиндегилердин бардыгын ошо чыгармага байлап, бардыгы ошону менен гана жашап калышчу.
Мындай чыгармачыл лихорадка учурунда Эдит бардыгын кыйначу. Ырдын авторуна текстти өзгөрттүрүп, композиторго эмоцияны берүү же кульминациянын аккордун кайсы жерге коюу керек экендигин өзү билгендей айтып, кээде кыйнап жасатчу. Бардыгы тең чыгармачыл адамдар болгондуктан Эдиттин мындай эгоисттик үстөмдүгүн эч кимиси эрөөн-терөөн көрүшчү эмес. Себеби чыгарма акыркы формасына келгенде Эдиттин тандоодон жаңылбаган талантын алар даана көрүшчү. Ал чыгармаларды эле эмес, адамдардын талантын ача билүүдө да абдан көсөм эле. Француз маданиятынын легендаларына айланган Ив Монтан менен Шарль Азнавур Эдит Пиаф алардын талантын убагында ачкандан кийин гана белгилүү болушкан.
Ырдын сөзү менен музыкасы бүткөн соң аны сценага кандай алып чыгуу керек: жарык берүү, ырчынын өзүн кармашы, кийими, бардыгы каралчу. Ушунун бардыгы бүткөн соң гана кезектеги концерттик турда жаңы ыр көрүүчүлөргө тартууланчу. Албетте, аншлаг артынан аншлаг болуп, кайсы бир атактуу клуб менен бир айлык деп түзүлгөн келишимдер дароо жарым жылга узар-тылып, Эдиттин гонорарлары да дароо көбөйчү.
Гонорар демекчи, бир кездеги жакырчылык бүтүп, атак-даңк, миллиондогон гонорар түшүп турганда да Эдит жөнөкөй боюнча калып, анын миллиондорунун пайдасын башкалар көрүп келишкен. Миллиондоп тапкан менен анын кичинекей денесине жабышкан "мите курттар" көп эле. Эдит аларга эч ойлонбостон, эсептебей туруп акчаны кармата берчү. Ал өмүр бою мыкты отелдерде жашады. Бир-эки жолу чоң особняктарды да сатып алып жашап көргөн. Бирок жакпай калса аларды бат эле сатып жиберчү.
***
Түбү марокколук, белгилүү франциялык боксер Марсель Сердан Эдит Пиафтын бүтпөгөн сүйүүсү да, түгөнбөгөн арманы да болуп калган. Марсель Эдитке жолукканга чейин эле атактуу боксер, аялы, үч уулу бар үй-бүлөлүү адам эле. Экөө Америкадан табышат. Марсель боксер болгону менен ак көңүл, ишенчээк, баео эле. Анткен менен эркек кайсы иште иштесе ошону мыкты аткарыш керек деп эсептегендиктен, кезегинде дүйнө чемпиону болгон мыкты боксер болгон. Эдитти ырчы катары да, аял катары сүйүп калгандыктан экөө эл алдында ачык эле чогуу жүрүшчү. Бирок Марсель Эдиттин да, өзүнүн да намысына тийгендердин катыгын берчү.
Экөөнүн Америкадагы махабат идиллиясы биртопко созулуп кетип, бир ирет журналисттер Эдит менен Марселдин сүйүү мамилесин ачык талкууга алышат. Марсель журналисттердин бардыгы чогулганда эч тайманбай: "Силерди бир эле нерсе, менин Эдитти сүйөөрүм кызыктырат, туурабы? Эмесе ачык айтып коеюн, мен Эдитти сүйөм. Эгерде мурда үйлөнүп балдарым бар болбогондо Эдит менин аялым болмок. Кана эми, аялынын көзүнө чөп салбаган эркектер болсо, колуңарды көтөргүлөчү?!" Эч кимиси былк этпейт. Марсель: "Мен бул боюнча бардык суроолорго жооп бердим го дейм. Эми башка суроолорго өтөлү. Бирок эртең силердин кандай жентльмен экениңерди көрөм" дейт. Эртеси экөө жөнүндө эч нерсе жазылбай, Эдитке бир корзина гүлдү "жентльмендерден сүйгөн аялга!" деген жазуусу менен берип кетишет. Марсель интеллектуалдык жактан Эдитти жогору санап, ал эмне десе бардыгын аткарчу. Боксерлук таймаштарда күйөрмандары ал жеңсе да, жеңилсе да себебин Эдиттен көрүшчү. Эдит да аны абдан сүйгөндүктөн Марселди үй-бүлөсүнөн ажыратуу-ну ойлобогон. "Бала деген ыйык, аларды төрөгөн аялды сыйлоо керек, бирок Марсель мени гана сүйөт" дечү. Ошентип сүйүү алоолонуп турганы менен жашоо токтобойт эмес-пи. Эдит концерттик келишимдери менен Америкага жалгыз кетет. Он күндөн кийин артынан Марсель пароход менен бармак. Келээрине аз калганда Эдит Марселге "пароход кеч келет, самолет менен бат учуп келчи, сүйгөнүм" деп телефон чалат. Марсель "макул, эртең экөөбүз көрүшөбүз" деп эртеси самолетко отурат. Париж - Нью-Йорк каттамындагы ошол самолет бир аралга кулап, жүргүнчүлөрдүн баары каза болушат. Арасында Марсель Сердан да бар эле… Ошондон төрт-беш жылга чейин Эдит Марселдин өлүмүнө өзүн күнөөлөп, жоктоп жүрдү. Кийинчерээк Марселдин аялы менен жакын мамиледе болуп, үч уулуна да каралашып турду.
***
1951-жылы Эдит Пиаф автоаварияга учурап, мээси чайкалып, колу, эки кабыргасы сынат. Ооруну басыш үчүн Эдит морфийге көнө баштайт. Кийин ооруп келатса эле же ооруп атат деген шылтоо менен бара-бара морфийди өзү сайынып калат. Анын наркотикке көнүп алганын билген шылуундар ампуланы чоң суммага сата башташат. Наркоман экениңди журналисттерге айтабыз, болбосо момунча суммага сатып аласың деп шантаж кылууга чейин барышат…
Анүстүнө жарык дүйнөгө келер менен кызыл вино менен оозанган Эдит ичкиликтин да көңүлүн эзели калтырып көргөн эмес. Шылтоо да көп эле, жакшы ырдын премьерасы, ийгиликтүү турне, анүстүнө акча да көп, мунун баары ичкиликсиз өтчү эмес. Эдит өз кампаниясы менен кабак, ресторандарда күнү-түнү ичкен күндөрү көп болгон. Дегеле анын вино ичпеген күндөрү жок болгон десе болот. Ал чыгарманын үстүндө иштеп жатканда бир-эки рюмка виносуз эч нерсе кылчу эмес.
Атактуу ырчы наркомания оорусунан төрт жолу, эки жолу аракечтиктен дарыланган. Мындан сырткары Эдит Пиаф өз өмүрүндө төрт автокырсыкты, бир жолу өзүн-өзү өлтүрүүнү, үч жолу комада болуп, бир жолку акылынан айнууну, жети жолу операцияны, бир жолку өпкөсү шишип кетүүнү, акыры өпкө рагын баштан кечирген.
***
Эдит Пиаф 15-16 жашынан тарта эркектер менен мамиле күтө баштаган. Биринчи күйөөсү Луи аттуу жигиттин аты эле айтылганы болбосо, атактуу болгонго чейин эсеби жок эркектерди көргөн. Анүстүнө борделде жашап, сутенер эмне экенин билип калган жайы бар эмеспи.
Кийин атактуу болуп калганда Эдит сүйүүсүз жашай албай калат. Болгондо да ага эркектин сүйүүсү эмес, өзүнүн эркекке болгон сүйүүсү маанилүү эле. Бирөөнү сүйүп турган учурунда күнү-түнү чарчабай иштеп, ырлар да жеңил, жакшы жазылып, концерттер да дайыма аншлаг менен өтчү. Эдит үчүн эң маанилүүсү, өзү сүйүп калган эркекке ал сөзсүз жетчү. Болгондо да дайыма Эдиттен кичүү, узун бойлуу, келишкен жапжаш жигиттер Эдиттин сүйгөндөрү эле. Өзүнүн бир метр кырк жети сантиметр экенине карабай ал дайыма бою эки метрге жеткен, дене түзүлүшү Аполлондой эркектер менен жашап өттү. Эң кызыгы, Эдит кимди сүйүп калса аны кымбат дүкөнгө алпарып кийинтип, сөзсүз алтын запонка, Картьенин кымбат саатынан сатып берчү. Эдиттин сценадагы образына, бою кичинекей болсо да күчтүү үнүнө арбалып, тушалган жаш жигиттер ал эмне десе кыйшаюсуз аткарышчу. Эдит алардын үстүнөн толук үстөмдүк орнотуп өзү каалагандай жашачу. Особняктабы же отелде жашайбы, үй кызматчыларына кезектеги сүйгөнүн "силердин жаңы патронуңар" деп тааныштырчу. Эдиттин сүйүүсү бүткөндөн кийин тиги патрондон жөн эле доско айланып, кезектеги сүйүү объектисин издөө башталчу. Эдит ар бир чыгармасын сценада кандай берилип ырдаса, махабатта да күйүп-жанып, жанын берип сүйчү. Ал чечкинсиз, сентименталдуу эркектерди жактырчу эмес. Эркектин кучагы күчтүү болуш керек дечү. Эдит махабатка балкып турганда оозунан ак ит кирип, кара ит чыкканча айтышып, керек болсо мушташып эси оогондон кийин кучакташып махабатка чөмүлгөн төшөк оюндарын жакшы көрчү. Эмнегедир ушундай сүйүү бекем болот деп эсептечү. Эдитке эркек үйлөнгөнбү же бойдокпу, сүйүп калган соң баары бир болчу. Бардык эркектер анын үйүнө келип жашашчу.
Эдит биринчи күйөөсүнөн кийин эки жолу расмий нике кыйдырып турмушка чыккан. Биринчиси Жак Пилс аттуу америкалык акын, экинчиси Тео Сарапо аттуу өзүнөн жыйырма жаш кичүү, чачтарач болуп иштеген грек жигит болгон. Жак Пилске 37 жашында тийсе, Тео Сарапого 47 жашында, өлөрүнө бир жыл калганда тийген. Тео да башкалардай эле Эдиттин сахнадагы образына ашык болгон. Бирок ал Эдит аракечтиктин, наркотиктин азабынан ден соолугунан бүтүндөй ажырап, 47 жашка чыгып оорулуу кемпир болуп калган кезинде жолугат. Тео башкалардай болуп ыр да жазбайт эле. Ал Эдит аты эле калган атактуу кемпирдин чачын тарап берип, көчөгө жетелеп сейилге чыгарып, керебетке көтөрүп жаткызып, жаш балача оозуна тамак салып берип баккан. Ошо кезде көпчүлүк Тео Сарапо Эдит Пиафтын атак-даңкына, акчасына гана кызыгып жанында жүрөт дешкен. Оорунун азабын тарткан, кээде акылынан айнып, ырайы кеткен Эдит Теонун капкара тармал чачын, күйүп турган көздөрүн, келишимдүү келбетин көрүп туруп, "сен мендей майып кемпирге татыктуу эмессиң!" деп кыйкырчу. Ошентсе да экөө расмий никеге туруп бир жыл жашаган соң, 1963-жылы Эдит 48 жашында Теонун көз алдында толгон-токой оорудан каза болот. Эдит көз жумганда Париж, бүтүндөй Франция жоктогон. Эдит жашаган үйгө көңүл айткан телеграммалар, гүлдөр бир нече айлап келип, ага таазим кылгысы келгендердин аягы жумалап үзүлгөн эмес. Чындыгында бул кичинекей аялдын жеке жашоосун эске албаганда ал өмүр бою музага, француз ырларынын дүйнөгө тарашына гана кызмат кылып өткөн. Ошон үчүн француздар аны өзгөчө жакшы көрүшчү. Эдит Пиафтын дүйнөдөн өткөнүнө 50 жыл болсо да ушу күнгө чейин дүйнө эстутумунда жашап келет.
Эдит Пиаф өлгөндөн кийин анын 45 млн. франк карызы ачыкка чыгып, карызды Тео Сарапо төлөгөн. Ошондон жети жыл өткөн соң Тео автокырсыктан каза болуп, Эдит Пиафтын жанына, атактуу Пер-Лашез көрүстөнүнө коюлат.
***
Айтмакчы, аңгеменин башында Эдит Пиафтын Симона Берто (Момона) деген эки жаш кичүү, аталаш сиңдиси жөнүндө айтылбады беле. Момона өмүр бою Эдит менен бирге жашаган. Эдиттин жакырчылыгы, атак-даңкы, сүйүүсү менен көңүл калуусу, чыгармачыл триумфу менен трагедиясы анын көз алдында өткөн. Жакшы көрүп калган адамын Эдит биринчи кезекте Момонага сынатчу. Момона ырдаган эмес, бирок Эдит дүйнөдөн өткөндөн кийин анын эң сонун биографы болгон. Эдит Пиаф өлгөндөн алты жыл өткөн соң ак-карасы таасын көрсөтүлгөн, эч нерсеси жашырылбаган, шөкөттөлбөгөн Эдит Пиафтын өмүр баянын чагылдырган китеби жарыкка чыгып, анысы бестселлерге айланган.
Аскер САКЫБАЕВА











??.??