presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
KYRGYZSPORT
Дүйнөнүн вице-чемпиону
Мекендешибиз Нурсултан Максатбеков Сербияда өтүп жаткан кадеттер арасындагы дүйнө биринчилигинде финалга чыкканга жетишти. 42 килограммдык салмакта күч сынашкан Максатбек башында АКШ, Азербайжан жана Казакстандын балбандары менен күрөшүп жатып чарчап калды окшойт, финалда украиналык Эмин Сафершаевге упай аркылуу уттуруп ийди. Биринчи этапты Эмир араң 0:1 эсебинде өзүнүн пайдасына чечсе, экинчисинде эсеп 4:4 менен тең чыгуу катталды. Ошентип 5:4 эсебинде бир упай айырма менен тиги шүмшүк чемпион болуп кетти. Ал эми Максатка чейин ушул эле биринчиликте биздикилерден Нузупбек Топчубаев (50 кг) менен Бексултан Махмудов (100 кг) күмүш медалдардын ээлери болушкан.

Жеңбей туруп коло тагынды
Учурда Кытайда өспүрүмдөр арасында Азия оюндары болуп атыр. Кыргызстандын куржунуна биринчи медалды таэквондочу Искендер Осмонов салды. Ал чүчүкулакты ийгиликтүү кармап, дароо эле жарым финалдан старт алды. Финалга чыгуу үчүн болгон беттешти уттуруп ийген мекендешибиз автоматтык түрдө 53 килограммдык салмакта коло медаль тагынды. Спортто кээде ушундай болуп турат. Бир салмакта эки эле спортчу болсо жеңилип калган адам күмүш таккан учурлар деле кездешет. Андыктан буга таң калыштын кереги жок. Ал эми бул салмакта таиланддык Рамнаронг Савикшахар чемпион болуп табылды. Бул жигит биздин мушкерди 19:6 эсебинде уткан эле.
Ушул эле Азия биринчилигинде 50 метрлик сууда сүзүүдө эркин стиль боюнча финалдык жарышка Станислав Карнаухов аттуу мекендешибиз өтүп кетти. Жакшылап аракеттенсе экинчи медалды Стастан күтсөк болот. Ал 24,12 секунд убакыт менен 3-орунда жарым финалдык бөлүктөн өткөн. Ал эми жарым финалдын жеңүүчүсүнүн убактысы 23.87 секундду түздү.

Алга, Кыргызстан!
Сергей Дворянков футбол боюнча өлкөнүн курама командасын жетектегенден бери эл аралык аренада жылышыбыз байкалды. Азыр ФИФАнын рейтингинде коңшу казактарды артта калтырганыбыз эле канча турат. Буга чейин Дворянковдун балдары анын кол астында 6 беттеш өткөрүп анын төртөөнү утуп, бирөөсүндө тең чыгып, бирөөсүн уттуруп ийишкен. 6 беттеште 8 гол согуп 4 голду кое беришкен биздин балдардын көрсөткүчү жаман эмес. Учурда Беларусь командасы менен болгон достук беттешке даярданышкан өлкөнүн курама командасы аныкталды:

Дарбазачылар - Павел Матяш, Максим Агапов ("Дордой")
Коргоочулар - Марат Аджиниязов, Даврон Аскаров, Адыл Бекболотов, Элайджа Арий ("Дордой"), Валерий Кичин ("Химик", Россия), Тахир Авчиев ("Абдыш-Ата"), Артур Муладжанов ("Алга")
Жарым коргоочулар - Турсунали Рустамов, Вадим Харченко ("Дордой"), Ахлетдин Исраилов("Динамо", Украина), Азиз Сыдыков ("Абдыш-Ата")
Чабуулчулар - Ильдар Амиров ("Абдыш-Ата"), Каюмжан Шарипов, Дэвид Тетте, Мирлан Мурзаев ("Дордой"). Кызыгы Сергей мырза учурда өлкө чемпионатында биринчи келе жаткан "Алай" командасынан бир да оюнчу албаганы элдин баарын таң калтырып жатат.

АКШдагы азаматтар!
Огайо штатынын Коламбус шаарында эркин күрөш боюнча эл аралык турнир болуп өттү. Ага АКШда жашаган кыргыздардын "Манас" спорт клубунун балбандары катышып командалык эсепте баш байгени жеңип кетишти. Жоон билек балбандардан Адилет Романов 66 килограммдык салмакта чемпион аталды. Ал эми Талант Жанагулов (140 кг), Дастан Мамбетов (84 кг), Салман Исаков (55 кг) жана Азиз Бешалиев (66 кг) өз салмактарынын вице чемпиондору аталышып күмүш медаль тагынышты. Ильямин Турдубаев (84 кг) болсо 3-орундун медалына шүгүр кылса, эң начар көрсөткүчтү 5-орунду алган Азиз Кокс деген мекендешибиз көрсөттү.

Теңди Теңирим сүйүптүр
Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда эки күн катары менен кыргыз-казак баскетболчуларынын достук беттеши өттү. П.Митрофанов жетектеген "Бишкек-Динамо" командасы А.Еропкин жетектеген Казакстандын жаштар курама командасы менен кездешти. Биринчи күнү казактар 93:100 эсебинде биз силерден 100 пайыз күчтүүбүз дегендей кылып утуп алышты. Экинчи күнү беттештин негизги убактысы 78:78 менен аяктап кошумча убакытта 93:87 менен биздикилер утуп алышты. Ошентип жалпы эсеп 1:1 болуп кыргыз-казак тең чыгышты.









??.??